Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Сүйүү муздаган дүйнөдө достук өрчүтүү

Сүйүү муздаган дүйнөдө достук өрчүтүү

Сүйүү муздаган дүйнөдө достук өрчүтүү

«Буларды силерге бири-бириңерди сүйүшүңөр үчүн айтып жатам» (ЖКН. 15:17).

1. Исанын биринчи кылымдагы жолдоочулары эмне үчүн жакын достордон болушу керек эле?

ӨЛӨР алдындагы түнү Иса ишенимдүү шакирттерин бири-бири менен дос бойдон калууга үндөгөн. Ошол күнү кечинде ал жолдоочуларынын бири бирине болгон сүйүүсү алардын анын шакирттери экенин көрсөтөрүн айткан (Жкн. 13:35). Элчилер алдыдагы сыноолорду жеңип, Иса тапшыра турган ишти аягына чыгара алышы үчүн жакын достордон болушу керек эле. Исанын биринчи кылымдагы жолдоочулары, чынында эле, Кудайга жана бири бирине болгон берилгендиги менен белгилүү болушкан.

2. а) Биз эмне кылууга чечкиндүүбүз жана эмне үчүн? б) Кайсы суроолорду карап чыгабыз?

2 Бүгүнкү күндө Исанын биринчи кылымдагы жолдоочулары калтырган үлгүгө карманган бүткүл дүйнөлүк уюмдун мүчөсү болуу кандай гана жагымдуу! Биз Исанын буйругуна баш ийип, бири-бирибизге чын жүрөктөн сүйүү көрсөтүүгө чечкиндүүбүз. Бирок азыркы акыркы күндөрдө адамдардын басымдуу бөлүгү ишеничтүү эмес жана жакындарын сүйбөйт (2 Тим. 3:1—3). Алар түзгөн достук мамилелер, адатта, бекем болбойт жана өзүмчүлдүккө негизделет. Биз болсо Исанын чыныгы жолдоочулары экенибизди далилдеш үчүн достук өрчүтүүдө ишенимсиз, өзүмчүл болуудан качышыбыз керек. Келгиле анда, төмөнкү суроолорду карап чыгалы: бекем достук эмнеге негизделет? Жакшы досторду кантип таба алабыз? Кайсы учурда достукту үзүшүбүз керек? Канткенде досторубуз менен болгон мамилебизди чыңдай алабыз?

Бекем достук эмнеге негизделет?

3, 4. Бекем достук эмнеге негизделет жана эмне үчүн?

3 Бекем достук Жахабага болгон сүйүүгө негизделет. Сулайман падыша: «Эгерде кимдир бирөө жалгыз адамды жеңе ала турган болсо, анда экөө ага каршы тура алат. Үч катталган жип да оңой менен үзүлбөйт»,— деп жазган (Нас. 4:12). Жахаба достуктун үчүнчү жиби болсо, достук бекем, туруктуу болот.

4 Ооба, Жахабаны сүйбөгөндөр деле жакшы достук мамилелерди өрчүтө алышат. Бирок адамдарды Кудайга болгон сүйүү бириктирсе, алардын достугу чындап бекем болот. Түшүнбөстүктөр пайда болгон күндө да, чыныгы достор бири бирине Жахабага жаккыдай мамиле кылышат. Кудайдын элинин арасына бүлүк салууга аракет кылган душмандар Исанын чыныгы жолдоочуларынын ортосундагы достуктун кыйратылгыс экенин көрүшөт. Тарых бою Жахабанын кызматчылары бири-бирин саткыча, башын өлүмгө байлоого да даяр экенин далилдеп келишет (Оку: 1 Жакан 3:16).

5. Рут менен Нааминин достугу эмнеден улам абдан бекем болгон?

5 Жахабаны сүйгөн адамдар менен болгон достуктан гана чындап канааттануу ала аларыбыз күмөнсүз. Мисалга Рут менен Наамини алалы. Алар Ыйык Китепте жазылган кыйышпас достордун катарына кирет. Алардын достугу эмнеден улам абдан бекем болгон? Мунун себебин Руттун Наамиге айткан сөздөрүнөн билебиз. Ал: «Сенин элиң менин элим, сенин Кудайың менин Кудайым болот... Теңир мени жазаласын, катуу жазаласын. Мени сенден өлүм гана ажыратат»,— деген (Рут 1:16, 17). Ырас, Руттун да, Нааминин да Кудайга болгон сүйүүсү күчтүү болгон жана ал сүйүү алардын бири бирине жасаган мамилесине таасир эткен. Натыйжада Жахаба экөөнө тең батасын берген.

Жакшы досторду кантип табууга болот?

6—8. а) Достук бекем болушу үчүн, эмне кылуу талап? б) Дос табууда канткенде демилгени колго алган болосуң?

6 Рут менен Нааминин мисалынан көрүнүп тургандай, жакшы достук мамиле өзүнөн өзү эле пайда болбойт. Эки тараптын Жахабага болгон сүйүүсү андай достукка негиз салат. Бирок достук бекем жана туруктуу болушу үчүн, көп күч-аракет жумшоо жана жан аябастык көрсөтүү талап. Атүгүл Жахабага кызмат кылган бир ата-эненин балдары да ынак достордон болушу үчүн аракет кылышы зарыл. Анда сен кантип жакшы досторду таба аласың?

7 Демилгени колго ал. Элчи Пабыл Римдеги жыйналыштагы досторун «дайыма меймандос болууга» чакырган (Рим. 12:13). Демек, жакшы досторду табуу үчүн ар бир мүмкүнчүлүктү колдонуп, меймандостук көрсөтүшүбүз зарыл. Сен үчүн эч ким меймандостук көрсөтө албайт (Оку: Накыл сөздөр 3:27). Досторду табуунун бир жолу — жыйналыштагы ар кандай бир туугандарды чайга чакыруу. Жыйналышыңдагы бир туугандарга меймандостук көрсөтүүнү адатка айлантып алууга эмне үчүн болбосун?

8 Ар кайсы бир туугандарды кабар айтуу ишинде кызматташууга чакыруу менен да дос табууда демилгени колго алган болосуң. Кабар айтуу кызматында бир тууганыңдын үй ээсине Жахабага болгон сүйүүсү тууралуу чын жүрөктөн айтып жатканын көргөнүңдө ага ого бетер жакындайсың.

9, 10. Пабыл кандай үлгү калтырган жана биз аны кантип туурай алабыз?

9 Жүрөгүңдү кенен ач (Оку: 2 Корунттуктар 6:12, 13). Жыйналышта сага дос боло ала турган бирөө да жоктой сезилген учурлар болду беле? Ошондой болсо, сени менен дос боло ала тургандардын катарын чектеп жаткан жоксуңбу? Жүрөктү кенен ачуу жагынан элчи Пабыл эң сонун үлгү калтырган. Бир учурда ал жүйүт эместер менен дос болом деп ойлогон да эмес. Бирок кийин ал «башка элдерге жиберилген элчи» болгон (Рим. 11:13).

10 Андан тышкары, Пабыл өзү курактуулар менен гана дос болгон эмес. Маселен, Тиметей экөө, курагы, тек-тамыры ар башка болгонуна карабай, жан достордон болушкан. Бүгүнкү күндө да көптөгөн жаштар жыйналыштагы өзүнөн улуу бир туугандар менен болгон достугун жогору баалашат. «Менин 50дөн ашып калган аябай жакын досум бар,— дейт 20 жаштардагы Ванесса.— Ага өзүм менен тең досторума айткандардын баарын айта алам. Ал мага аябай кам көрөт». Алар кантип дос болуп калышкан? «Мен күтүп отура бербей, андай дос табууга көп күч-аракет жумшагам»,— дейт Ванесса. Сен да өзүңөн улуу же кичүүлөр менен дос болууга даярсыңбы? Кылган иш-аракеттериңе Жахаба сөзсүз батасын берет.

11. Жонатан менен Дөөтүнүн үлгүсүнөн эмнеге үйрөнө алабыз?

11 Ишенимдүү бол. «Дос ар дайым сүйөт, башыңа иш түшкөндө, ал бир тууганыңдай болуп келет»,— деп жазган Сулайман (Накыл 17:17). Бул сөздөрдү жазып жатканда Сулайман, балким, атасы Дөөтү менен Жонатандын достугун эстегендир (1 Шем. 18:1). Шабул падыша уулу Жонатандын Ысрайылдын тагына отурушун каалаган. Бирок Жонатан Жахабанын падыша катары Дөөтүнү тандаганын колдогон. Шабулдан айырмаланып, ал Дөөтүгө көрө албастык кылган эмес. Эл Дөөтүнү даңктаганда, анын ичи күйгөн эмес, ошондой эле атасынын Дөөтү жөнүндө айткан жалган айыптоосуна ишенген эмес (1 Шем. 20:24—34). Биз Жонатанды туурайбызбы? Досторубуз жыйналышта кандайдыр бир сыймыкка ээ болгондо, алар үчүн кубанабызбы? Алардын башына кыйынчылык түшкөндө, аларды сооротуп, колдойбузбу? Досубуз жөнүндө ушак уксак, дароо эле ишенип калабызбы? Же, Жонатандай болуп, досубузду ишенимдүүлүк менен коргойбузбу?

Достукту качан үзүшүбүз керек?

12—14. Айрым кызыгуучулар кандай кыйынчылыкка туш болушат жана биз аларга кантип жардам бере алабыз?

12 Ыйык Китепти изилдеп жаткан адам жашоосун өзгөртө баштаганда досторго байланыштуу кыйынчылыктарга кабылышы ыктымал. Анын өзүнө жаккан, бирок ыйык китептик принциптерге ылайык жашабаган достору болушу мүмкүн. Балким, ал мурда дайыма алар менен бирге убакыт өткөрүп жүргөндүр. Азыр болсо досторунун ага терс таасир тийгизиши ыктымал экенин түшүнүп, алар менен мамилелешүүнү токтотууну туура көрөт (1 Кор. 15:33). Бирок алар менен мамилемди үзүп койсом, аларга ишенимсиздик көрсөткөн болом деп ойлошу мүмкүн.

13 Эгер сен Ыйык Китепти изилдеп жатсаң жана ушундай кыйынчылыкка туш болуп жатсаң, чыныгы досуңдун сенин жакшы өзгөрүүлөрдү жасап жатканыңа кубанарын эсиңден чыгарба. Атүгүл ал, сага окшоп, Жахаба тууралуу билүүнү каалашы этимал. Ал эми жалган достор алар менен кошо «жаман иштерди жасабай калганың» үчүн, сени жамандайт (1 Пет. 4:3, 4). Чынында, сен аларга эмес, алар сага ишенимсиздик көрсөткөн болот.

14 Ыйык Китепти изилдеп жаткан адамды Кудайды сүйбөгөн мурдагы достору таштап кеткенде, жыйналыштагы бир туугандар анын достук мамилеге болгон муктаждыгын канааттандыра алышат (Гал. 6:10). Силердин жыйналышыңарга келип жаткан кызыгуучуларды жакшы билесиңби? Алар менен пикир алышып, бекемдөөгө мүмкүнчүлүк издейсиңби?

15, 16. а) Досубуз Жахабага кызмат кылганын токтотсо, буга кандай карашыбыз керек? б) Кудайга болгон сүйүүбүздү кантип далилдей алабыз?

15 Бирок чындыктагы досуң Жахабадан баш тартып кетсечи же жыйналыштан чыгарылсачы? Мындайда аябай оор болушу мүмкүн. Бир эже жакын досу Жахабага кызмат кылууну токтоткондо кандай сезимде болгону жөнүндө мындай дейт: «Жүрөгүм туз куйгандай ачышты. Досум чындыкта бекем эле жүрөт деп ойлогом, бирок андай эмес экен. Ал үй-бүлөсүнө жагыш үчүн эле Жахабага кызмат кылып жүргөнбү деген ой кетти. Ошондон кийин өзүмдүн ниеттеримди текшере баштадым. Жахабага туура ниет менен кызмат кылып жатамбы деп ойлондум». Ал эже кыйынчылыкты кантип көтөрүп кеткен? «Мен жүгүмдү Жахабага тапшырдым,— дейт ал.— Жахабаны мага уюмунун ичинен досторду таап бергени үчүн эле сүйбөөрүмдү далилдөөгө чечкиндүү болдум».

16 Биз дүйнө менен достошууну каалагандар менен жакын мамиледе болсок, Кудайдын досу боло албайбыз. Шакирт Жакып: «Дүйнө менен достошуу Кудайга душман болуу экенин билбейсиңерби? Андыктан ким дүйнө менен достошууну кааласа, ал Кудайга душман болот»,— деп жазган (Жкп. 4:4). Кудайга ишенимдүү болсок, анын бизге досубуз менен мамилебиз үзүлгөндөгү кайгыны көтөрүп кетүүгө жардам берерине ишенебиз. Муну менен ага болгон сүйүүбүздү далилдейбиз (Оку: Забур 30:24). Жогоруда айтылган ишенимдешибиз мындай деген: «Биз эч кимди Жахабаны же өзүбүздү сүйүүгө мажбурлай албай турганыбызды түшүндүм. Анткени бул ар бир адамдын жеке чечими». Анда жыйналыштагы ишенимдүү бир туугандарыбыз менен болгон достугубузду чыңдаш үчүн, эмне кылсак болот?

Достугубузду кантип чыңдай алабыз?

17. Жакшы достор бири-бири менен кандай сүйлөшүшөт?

17 Жакшы пикир алышуу достукту чыңдайт. Ыйык Китептен Рут менен Наами, Дөөтү менен Жонатан, Пабыл менен Тиметей тууралуу окуганыңда жакшы достордун бири-бири менен ачык, ошол эле учурда урмат-сый менен сүйлөшүшөрүн байкайсың. Пабыл башкаларга кандай сүйлөшүбүз керектигине байланыштуу: «Сөзүңөр туз менен татытылгандай, дайыма жагымдуу болсун, ар бир адамга жооп бере билгиле»,— деген. Ал бул жерде «сырттагыларга», башкача айтканда, ишенимдешибиз болбогондорго кандай сүйлөшүбүз керектигин айткан (Кол. 4:5, 6). Эгер ишенимдеш эместерге урмат-сый менен сүйлөгөнүбүз маанилүү болсо, анда жыйналыштагы досторубузга урмат-сый менен сүйлөгөнүбүз ого бетер маанилүү эмеспи?!

18, 19. Чындыктагы досубуздун берген кеңешине кандай карашыбыз керек жана Эфестеги аксакалдар бизге кандай үлгү калтырышкан?

18 Жакшы достор бири-биринин көз карашын сыйлашат, ошондуктан ачык жана сылык пикир алышышат. Даанышман Сулайман падыша: «Жыпар жыттуу майлоочу май жана түтөтүлүүчү зат жүрөктү кубантат, адамга досунун чын жүрөктөн берген кеңеши да ошондой жагымдуу»,— деп айткан (Накыл 27:9). Досуңдун берген кеңешин ушундай кабыл аласыңбы? (Оку: Забур 140:5). Эгер ал кайсы бир ишти кылып жатканыңа тынчсызданганын билдирсе, буга кандай карайсың? Сени жакшы көргөндүктөн ушинтип жатат деп кабыл аласыңбы же ага таарынасыңбы?

19 Элчи Пабыл Эфестеги жыйналыштын аксакалдары менен ынак болчу. Ал айрымдарын алар чындыкты тааныгандан тартып эле билсе керек. Анткен менен акыркы жолу жолукканда Пабыл аларга ачык эле кеңеш берген. Анын достору муну кандай кабыл алышкан? Алар ага таарынышкан эмес. Тескерисинче, алардын камын ойлогону үчүн Пабылга ыраазы болушкан, атүгүл аны кайрадан көрбөй турганын билишкенде ыйлашкан (Элч. 20:17, 29, 30, 36—38).

20. Жан шеригин чындап жакшы көргөн дос эмне кылат?

20 Жакшы достор даанышман кеңешти кабыл алгандан тышкары, өздөрү да кеңеш беришет. Албетте, кайсы учурда «өз ишибиз» менен алектенишибиз керектигин билишибиз зарыл (1 Тес. 4:11). Ошондой эле «ар бирибиз өзүбүз үчүн Кудай алдында жооп берерибизди» унутпашыбыз кажет (Рим. 14:12). Анткен менен жан шеригин чындап жакшы көргөн дос зарыл учурда ага Жахабанын нормаларын жумшактык менен эскертет (1 Кор. 7:39). Маселен, үй-бүлө кура элек досуңдун ишенимдеш эмес кишиге жакын боло баштаганын байкасаң, эмне кылат элең? Достугубузду бузуп алам деп корккондуктан, тынчсызданып жатканыңды билдирбей коёт белең? Же досуң сен берген кеңешти кабыл албай койсо, эмне кылмаксың? Жанга күйгөн дос туура эмес жолго түшкөн досуна жардам бериш үчүн мээримдүү аксакалдардан көмөк издейт. Бул кайраттуулукту талап кылат. Бирок андай иш-аракетиң Жахабага болгон сүйүүгө негизделген достукка эч кандай зыян алып келбейт.

21. Кээде баарыбыз эмне кылып алабыз, бирок жыйналыштагылар менен достугубузду чыңдаганыбыз эмне үчүн маанилүү?

21 Оку: Колосалыктар 3:13, 14. Кээде досторубуздун бизге «нааразы болушуна» себеп беребиз, алар да бизди сөздөрү же иштери менен кыжырдантышы мүмкүн. «Баарыбыз тең көп жаңылабыз»,— деп жазган Жакып (Жкп. 3:2). Бирок бекем достук достордун бири-бирин канчалык аз таарынтарынан эмес, бири-бирин канчалык кечире билеринен көз каранды. Андыктан достугубузду бекемдеп, ачык пикирлешкенибиз жана бири-бирибизди айкөлдүк менен кечире билгенибиз кандай гана маанилүү! Эгер ушундай сүйүү көрсөтсөк, ал бизди «жеткилең түрдө бириктирет».

Эмне деп жооп берет элеңер?

• Жакшы досторду кантип таба алабыз?

• Достукту качан үзүшүбүз керек?

• Достугубузду чыңдоо үчүн эмне кылышыбыз зарыл?

[Изилдөө суроолору]

[18-беттеги сүрөт]

Рут менен Нааминин бекем достугу эмнеге негизделген?

[19-беттеги сүрөт]

Сен дайыма меймандостук көрсөтөсүңбү?