Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

«Терең тамырлап», «пайдубалдын үстүндө бекемделдиңби»?

«Терең тамырлап», «пайдубалдын үстүндө бекемделдиңби»?

«Терең тамырлап», «пайдубалдын үстүндө бекемделдиңби»?

АРКЫРАГАН катуу шамалдын чоң бакты омкоруп жиберчүдөй жулкулдатканын көрсөңөр керек. Шамал аёосуз сокку урса да, бак ага туруштук берет. Эмне үчүн? Себеби ал жерге бекем тамыр жайган. Биз да ошол бактай боло алабыз. Эгер «терең тамырлап», «пайдубалдын үстүндө бекемделсек», жашоодогу кыйынчылыктардын бороон-чапкынына туруштук бере алабыз (Эф. 3:14—17). Ал эмне болгон пайдубал?

Кудай Сөзүндө Исанын жолдоочуларынан турган жыйналыштын пайдубалынын «бурчуна коюлган негизги таш — Машаяк Иса» экени айтылат (Эф. 2:20; 1 Кор. 3:11). Бизге, Исанын жолдоочуларына: «Аны менен биримдикте болгула... анда тамырлап, бекемделе бергиле, ишенимиңерди бекем сактагыла»,— деген кеңеш берилет. Эгер ошентсек, ишенимибизге каршы жасалган бардык чабуулдарга, анын ичинде адамдардын «курулай калпка» негизделген «ынандырарлык сөздөрүнө» туруштук беребиз (Кол. 2:4—8).

Чындыктын кеңдиги, узундугу, бийиктиги жана тереңдиги

Бирок биз кантип «тамырлап», ишенимибизди «бекем сактай» алабыз? Терең тамырлоонун маанилүү бир жолу — рухтун жетеги менен жазылган Кудайдын Сөзүн ынтызарлык менен изилдөө. Жахаба «бардык ыйыктар менен бирге чындыктын кеңдигин, узундугун, бийиктигин жана тереңдигин толук түшүнүшүбүздү» каалайт (Эф. 3:18). Андыктан Исанын бир да жолдоочусу үстүртөн алган билими менен чектелбеши, Кудайдын Сөзүндөгү «баштапкы окууларды» билгенине эле ыраазы болбошу керек (Эвр. 5:12; 6:1). Тескерисинче, ар бирибиз Ыйык Китептеги чындыктарды ого бетер терең түшүнүүгө дилгир болушубуз зарыл (Накыл 2:1—5).

Албетте, чындыкта «терең тамырлап», бекемделиш үчүн көп билим алып коюу эле жетишсиз. Ыйык Китепте эмне жазылганын Шайтан деле билет. Ооба, билимден да башка нерсе талап кылынат. Биз «Машаяктын билимден жогору турган сүйүүсүн таанып-билишибиз» зарыл (Эф. 3:19). Жахабага жана чындыкка болгон сүйүүбүздөн улам Кудай Сөзүн окуп-изилдей берсек, алган так билимибиз көбөйөт, натыйжада ишенимибиз бекемделет (Кол. 2:2).

Түшүнүгүңдү текшер

Азыр Ыйык Китептеги айрым маанилүү чындыктарды канчалык терең түшүнөрүңдү текшерип көрсөң болот. Бул сага Ыйык Китепти өз алдыңча мурдагыдан да кылдат изилдөөгө түрткү берет. Мисалы, элчи Пабылдын Эфестиктерге жазган катынын баштапкы аяттарын окуп көр. («Эфестиктерге» деген кутучаны кара.) Ал аяттарды окугандан кийин, өзүңдөн: «Кутучадагы ыйык китептик үзүндүнүн жантайыңкы арип менен жазылган сөздөрүнүн маанисин түшүнөмбү?» — деп сурап көр. Кел анда, аларды өз-өзүнчө карап чыгалы.

«Дүйнө негизделгенге чейин» алдын ала белгиленишкен

Пабыл ишенимдештерине: «[Кудай] бизди Иса Машаяк аркылуу уулдары катары асырап алууну алдын ала белгилеп койгон»,— деп жазган. Ырас, Жахаба айрым адамдарды өзүнүн асмандагы жеткилең үй-бүлөсүнө асырап алууну ниет кылган. Кудайдын асырап алган ал уулдары Машаяк менен бирге падышалар жана дин кызматчылар катары бийлик жүргүзүшөт (Рим. 8:19—23; Аян 5:9, 10). Башында Шайтан Жахабанын эгедерлигин талашка салганда адамдар кемтиги менен жаратылган деп айткысы келген. Ошондуктан Жахабанын ааламды бардык жамандыктан тазалоо үчүн, анын ичинде жамандыктын булагы Шайтан Ибилисти жок кылуу үчүн ошол эле адамдарды тандаганы кандай гана орундуу болгон! Бирок Жахаба уулдары катары асырап ала тургандардын ар бирин алдын ала аныктап койгон эмес. Ал Машаяк менен асмандан бийлик жүргүзө турган адамдардын тобу же классы болорун алдын ала белгилеген (Аян 14:3, 4).

Пабыл ишенимдештерине алардын «дүйнө негизделгенге чейин эле» тандалып алынганын жазганда кайсы «дүйнө» тууралуу сөз кылган? Ал жер же адамзат жаратылганга чейинки убакыт жөнүндө айткан эмес. Себеби бул адилеттүүлүккө карама-каршы келип калмак. Эгер Кудай Адам менен Обону жаратканга чейин эле алардын күнөө кетирерин алдын ала белгилеп койсо, аларды кылган иши үчүн жоопко тартат беле? Анда Адам менен Обо Шайтанга кошулуп, эгедерликке каршы чыкканда көтөрүлгөн маселени кандайча чечерин Жахаба качан аныктады эле? Ал аны, түпкү ата-энебиз козголоң чыгаргандан кийин, бирок куткарылууга муктаж жеткилеңсиз адамзат дүйнөсү пайда боло электе, аныктаган.

«Кудайдын мол ырайымынан улам...»

Эмне себептен Пабыл Эфестиктерге жазган катынын башында айтылып өткөн чаралардын «Кудайдын мол ырайымынан улам» караштырылганын айтып өткөн? Ал муну Жахаба күнөөкөр адамзатты куткарууга милдеттүү эмес экенин баса көрсөтүш үчүн айткан.

Чындап келгенде, бирибиз да куткарылууга татыктуу боло албайбыз. Анткен менен Жахаба адамзатка болгон күчтүү сүйүүсүнөн улам бизди куткаруу үчүн атайын чараларды караштырган. Жеткилеңсиздигибизди, күнөөкөр экенибизди эске алганда, биздин куткарылуубуз, Пабыл айткандай, чынында эле, Кудайдын ырайымы.

Кудайдын ой-ниетине байланышкан ыйык сыр

Кудай башында Шайтан келтирген залаканы кандайча жок кыларын ачып берген эмес. Ал «ыйык сыр» болчу (Эф. 3:4, 5). Бирок кийинчерээк, Исанын жолдоочуларынын жыйналышы негизделгенде, Жахаба адамзатка жана жерге байланышкан баштапкы ой-ниетин кантип жүзөгө ашырарын майда-чүйдөсүнө чейин ачып берген. Пабыл түшүндүргөндөй, «белгиленген мезгилдердин соңунда» Кудай «иш башкаруусун», тагыраак айтканда, аң-сезимдүү жаратуулардын баарын бириктире турган бир катар иштерди жүргүзө баштаган.

Ал бириктирүүнүн биринчи баскычы б.з. 33-жылы Элүүнчү күн майрамында, Жахаба асманда Машаяк менен бирге башкара тургандарды чогулта баштаганда, башталган (Элч. 1:13—15; 2:1—4). Ал эми экинчи баскычында Машаяк башкарган Падышалыктын бийлиги астында бейишке айланган жерде жашай тургандар чогултулуп бүтөт (Аян 7:14—17; 21:1—5). «Иш башкаруу» деген сөздөр Кудайдын Падышалыгына карата айтылган эмес, себеби ал Падышалык 1914-жылы гана орнотулган. Ал сөздөр Кудайдын ааламга кайрадан биримдик орнотууга байланыштуу ой-ниетин жүзөгө ашыруу үчүн иш алпаруусун билдирет.

«Ой жүгүртүү жагынан жетилүү»

Арийне, жакшы өздүк изилдөө өткөрүү адаты сага «чындыктын кеңдигин, узундугун, бийиктигин жана тереңдигин толук түшүнүүгө» көмөк кылат. Бирок Шайтан бүгүнкү күндөгү жашоо агымынын шар болгонунан пайдаланып, оңой эле изилдөөбүздү үзгүлтүккө учуратышы, атүгүл таптакыр токтотуп салышы мүмкүн. Буга жол бербе. «Ой жүгүртүү жагынан жетилүү» үчүн Кудай берген акылды колдон (1 Жкн. 5:20; 1 Кор. 14:20). Ишенген нерселериңе эмне үчүн ишенериңди түшүнгүдөй бол жана дайым үмүтүңдү коргоого даяр бол (1 Пет. 3:15).

Өзүңдүн Эфесте Пабылдын каты биринчи жолу окулуп жатканын угуп отурганыңды элестетсең. Бул сага «Кудайдын Уулу жөнүндөгү так билимиңди» тереңдетүүгө түрткү бербейт беле? (Эф. 4:13, 14). Албетте, түрткү бермек! Андыктан Пабылдын рухтун жетеги менен жазган сөздөрү сага бүгүнкү күндө билимиңди көбөйтө берүүгө түрткү берсин. Жахабага болгон күчтүү сүйүү жана анын Сөзүнөн алган так билим сага Машаякта «терең тамырлап», «пайдубалдын үстүндө бекемделе» берүүгө жардам берет. Ошондо, бул бузулган дүйнө толугу менен жок болгуча Шайтан сага кандай сокку урбасын, туруктуу бойдон кала аласың (Заб. 1:1—3; Жер. 17:7, 8).

[27-беттеги кутуча]

«Эфестиктерге»

«Машаяктын шакирттери болгонубуз үчүн бизге асман чөйрөсүндө ар кандай рухий баталарды бергендиктен Мырзабыз Иса Машаяктын Кудайы жана Атасы даңкталсын. Машаяк менен биримдикте болуп, сүйүү көрсөтүү менен Кудайдын алдында ыйык, кемтиксиз болушубуз үчүн, Ал бизди дүйнө негизделгенге чейин эле тандап алган. Анткени өзүнүн каалоосу жана эрки боюнча бизди Иса Машаяк аркылуу уулдары катары асырап алууну алдын ала белгилеп койгон. Ошондуктан ал бизге сүйүктүү Уулу аркылуу айкөлдүк менен көрсөткөн даңктуу ырайымы үчүн даңазалансын. Кудайдын мол ырайымынан улам Машаяк аркылуу, анын канынын негизинде төлөнгөн кун аркылуу боштондукка чыгышыбызга, ооба, күнөөлөрүбүздүн кечирилишине жол ачылган. Кудай бизге толук акылмандык, түшүнүк берип, мол ырайым көрсөттү жана өзүнүн эркине байланышкан ыйык сырды ачып берди. Ал сыр анын каалоосуна, ой-ниетине шайкеш келет. Ага ылайык, Кудай белгиленген мезгилдердин соңундагы иш башкаруусу аркылуу асмандагы менен жердегинин баарын кайрадан Машаяктын башчылыгы астында бириктирет» (Эф. 1:3—10).