Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Ыйык Китепти изилдөөгө атайын убакыт бөлүп жатасыңбы?

Ыйык Китепти изилдөөгө атайын убакыт бөлүп жатасыңбы?

Ыйык Китепти изилдөөгө атайын убакыт бөлүп жатасыңбы?

БЫЛТЫР Жетектөөчү Кеңеш, Ыйык Китепти үй-бүлөбүз менен чогуу изилдеп-талкуулоого көбүрөөк убакыт бөлө алышыбыз үчүн, жыйналыш жолугушууларынын графигине өзгөртүүлөрдү киргизгенин кулактандырган. Эгер үй-бүлөнүн башчысы болсоң, ал убакытты пайдаланып, жубайың жана балдарың менен ыйык китептик изилдөөнү үзгүлтүксүз жана маңыздуу өткөрүп жатканыңа ынангыдай бол. Балдары жок жубайлардын ал убакытты Ыйык Китепти чогуу изилдөөгө жумшаганы дурус. Ал эми үй-бүлө кура элек бир туугандар аны өздүк изилдөөгө арноо менен көп пайда ала алышат.

Көптөр үй-бүлө менен сыйынуу кечи караштырылганына абдан ыраазы экенин билдирүүдө. Алсак, аксакал болуп кызмат кылган Кевин мындай деп жазат: «Жыйналыштагы бир туугандардын канчалык ыраазы экенин билдирүү үчүн „ырахмат“ деп айтып коюу жетишсиз. Биз аксакалдар болуп бошоп калган кечти канткенде так Жетектөөчү Кеңеш айткандай, үй-бүлөлөрүбүз менен чогуу изилдөө үчүн, колдоно аларыбызды талкуулаганбыз».

Жолдошу аксакал болгон Жоди мындай дейт: «Биздин 15, 11 жана 2 жаштагы үч кызыбыз бар. Жакында эле биз жаңдоо тилиндеги жыйналышка которулдук. Жолугушуулардын баарына даярдануу үчүн көп убакыт жана күч-аракет талап кылынат. Азыр, бул өзгөртүү киргизилгенден тартып, үй-бүлөбүз менен чогуу сыйынууга дагы бир кечибиз бошоду».

Пионер болуп кызмат кылган жубайлар Жон менен Жоан мындай дейт: «Үй-бүлөлүк изилдөөбүз бирде өткөрүлсө, бирде өткөрүлчү эмес, себеби биз аны ар кандай рухий иштерден колубуз бошой калганда, ара-чолодо өткөрө калчубуз. Бул жаңы өзгөртүү рухий жактан сергиткен Жахабанын белеги болду. Бирок ал бизди сергитиши үчүн, убакытты туура, максатка ылайык пайдаланышыбыз керек экен».

25 жаштардагы Тони деген бойдок бир тууган өздүк изилдөө өткөрүү үчүн шейшемби күндүн кечин тандап алган. Ал эми жуманын башка күндөрүндө ал жыйналышка даярданат. Бирок Тони: «Мен шейшемби күндү чыдамсыздык менен күтөм»,— дейт. Эмне себептен? «Ал кеч — Жахаба менен өткөргөн өзгөчө убактым,— деп түшүндүрөт ал.— Эки сааттай Жахаба менен болгон мамилемди бекемдей турган нерселер тууралуу изилдейм. Изилдөөгө көп убакыт болгону мага ыйык китептик аяттардын үстүнөн тереңирээк ой жүгүртүүгө мүмкүнчүлүк берет». Мунун натыйжасы кандай болууда? «Жахабанын кеңештери жүрөгүмөн мурдагыдан да терең орун алууда»,— дейт Тони. Ал буга байланыштуу бир мисал келтирип, мындай дейт: «„Жазманы түшүнүү“ китебинен Дөөтү менен Жонатандын достугу тууралуу окуп, Жонатандын жан аябастыгы жөнүндө аябай көптү билдим. Анын үлгүсү чыныгы дос болуу деген эмне экенин айкыныраак түшүнүүгө жардам берди. Мен дагы да көптөгөн рухий берметтерди табуу үчүн шейшемби күндүн кечин күн санап күтөм!»

Арийне, Жахабанын бардык кызматчылары Ыйык Китепти тереңирээк изилдөө үчүн жана үй-бүлө менен сыйынуу үчүн караштырылган кошумча убакытты туура пайдалануу менен көп пайда алары шексиз.