Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Үй-бүлөлүк сыйынуу куткарылуу үчүн абдан маанилүү!

Үй-бүлөлүк сыйынуу куткарылуу үчүн абдан маанилүү!

Үй-бүлөлүк сыйынуу куткарылуу үчүн абдан маанилүү!

«КУДУРЕТТҮҮ Кудайдын улуу күнүндө боло турган согуштун» кандай гана коркунучтуу болорун элестетсеңер! (Аян 16:14). Михей пайгамбар каймана мааниде айтылган күчтүү сөздөр менен: «Тоолор отто эриген момдой эрийт, өрөөндөр кырдан түшкөн суулардай болуп бөлүнөт»,— деп жазган (Мих. 1:4). Ал алааматта Жахабага кызмат кылбагандар эмне болот? Кудайдын Сөзүндө: «Ошол күнү Теңир өлтүргөн адамдар жердин бир кыйырынан экинчи кыйырына чейин жатат»,— делет (Жер. 25:33).

Үй-бүлө башчылары, алардын көбү жалгыз бой ата-энелер, ушундай эскертүүлөрдү эске алып, эс тартып калган балдары тууралуу: «Менин балдарым ал алааматтан аман калабы?» — деп ойлонуп көргөнү дурус. Ыйык Китепте көрсөтүлгөндөй, эгер алар, ал күн келгенде, өз курагына жараша рухий жактан сергек жана бекем болушса, аман калышат (Мт. 24:21).

Үй-бүлөлүк сыйынууга убакыт бөлүүнүн маанилүүлүгү

Ата-энелер, балдарыңарга «Жахабанын ой жүгүртүүсүн өздөштүрүүгө жардам берип, анын акыл-насааты менен тарбиялоого» бүт күчүңөрдү жумшап жатканыңарга ынангыдай болгула (Эф. 6:4). Ыйык Китепти балдарыңар менен чогуу изилдегениңер абдан маанилүү. Биз жаштарыбыздын Исанын Филипидеги жолдоочуларындай болушун каалайбыз. Пабыл аларды Жахабага даярдуулук менен тил алгандыгы үчүн мактап, мындай деп жазган: «Сүйүктүү биртуугандарым, силер дайыма тил алганыңардай эле, араңарда болгонумда эле эмес, азыр араңарда жок болгонумда да, ого бетер даярдуулук менен тил алып жатканыңардай эле, куткарылууңарга коркуу жана титирөө менен жеткиле» (Флп. 2:12).

Балдарыңар Жахабанын мыйзамдарына силер жокто да карманышабы? Ал эми мектепте жүрүшкөндөчү? Алар силер жокто да Жахабанын мыйзамдарына баш ийиши үчүн, ал мыйзамдарга кармануу акылдуулукка жатарын түшүнүүгө кантип жардам бере аласыңар?

Үй-бүлөлүк сыйынуу балаңардын ишенимин бекемдеп, Жахабага өз алдынча тил алууга жардам берет. Ошондуктан, келгиле, үй-бүлөлүк изилдөөнү ийгиликтүү өткөрүүгө өбөлгө түзгөн үч маанилүү нерсени карап чыгалы.

Үзгүлтүккө учуратпагыла

Ыйык Китептин түп нускасында Аюб 1:6-аяттагы «бир күнү» деп берилген сөз айкашы Кудайдын өз уулдарын белгиленген убакытта чогултканын көрсөтүп турат. Силер да ошенткиле. Үй-бүлө менен сыйынуу кечине белгилүү бир күндү жана убакытты белгилеп, ошого бекем кармангыла. Андан тышкары, күтүлбөгөн жагдайлар болуп кетиши мүмкүн экенин эске алып, башка да убакытты караштырып койгула.

Бара-бара изилдөөгө карата өтсө өттүк, өтпөсөк жок дегендей көз караш өрчүтүп албагыла. Силер менен Ыйык Китепти изилдеген эң эле маанилүү адам балаңар экенин эсиңерден чыгарбагыла. Шайтан балдарыңарды олжо кылгысы келет (1 Пет. 5:8). Эгер үй-бүлө менен сыйынуу кечине арналган убакытты телевизор көрүп же башка анча маанилүү эмес иштер менен алек болуп өткөрсөңөр, Шайтан жеңишке жетет (Эф. 5:15, 16; 6:12; Флп. 1:10).

Иш жүзүндө колдонорлук кылып өткөргүлө

Үй-бүлө менен сыйынуу кечи кайсы бир маалыматты билүү максатында эле өткөрүлбөшү керек. Аны иш жүзүндө колдонорлук кылып өткөрүүгө аракеттенгиле. Муну кантип кылууга болот? Мезгил-мезгили менен балаңар жакын арада кездешиши мүмкүн болгон жагдайларга байланыштуу темаларды талкуулап тургула. Мисалы, кызматта боло турган жагдайларды сахналаштырууга эмне үчүн болбосун? Жаштар жакшы билген нерселерин жасаганды аябай жакшы көрүшөт. Сунуштоолорду кайталап көнүгүү жана каршылыктарды кантип жеңсе болору тууралуу чогуу ойлонуу аларга кабар айтуу кызматынын ар кайсы түрүнө катышууда өздөрүн ишенимдүү сезүүгө жардам берет (2 Тим. 2:15).

Балдарыңарга курдаштардын кысымына туруштук берүүгө жардам берүү үчүн кайсы бир жагдайларды сахналаштырсаңар болот. Мисалы, «Жаштардын суроолору. Иш жүзүндө колдонорлук кеңештер» (2-том, ор.) деген китептин 15-бөлүмүн үй-бүлөлүк талкууга негиз катары колдоно аласыңар. Анын 132, 133-беттериндеги «Кысым көрсөтүлгөндөгү иш-аракетим» деген схемада ар кандай сунуштар камтылат жана ал балаңарга өзүнө ылайыктуу жоопторду ойлонуштурууга көмөк көрсөтөт. 133-беттин ылдый жагында жаштарга: «Жоопторуңду ата-энең же жетилген досуң менен кайталап көнүк»,— деген кеңеш берилет. Үй-бүлө менен сыйынуу кечине анда-санда андай көнүгүүлөрдү кошуп турууга эмне үчүн болбосун?

Үй-бүлөлүк сыйынуу ата-энелерге рухий максаттарды көздөө кандай пайда алып келерин баса белгилөөгө мүмкүнчүлүк берет. «Жаштардын суроолору» (2-том) китебинин «Өмүрүмдү эмнеге арнасам?» деп аталган 38-бөлүмүндө буга байланыштуу эң сонун маалымат камтылат. Ал бөлүмдү талкуулап жатканда балаңарга Жахабага кызмат кылууну биринчи орунга коюу жашоодо эң мыкты жол экенин түшүнүүгө жардам бергиле. Анын пионер болууга, Бейтелде кызмат кылууга, Кызматка окутуу мектебинен билим алууга же толук убакыттуу кызматтын башка түрүн аркалоого болгон каалоосун өрчүткүлө.

Бирок сак болбосо, айрым ата-энелер жакшы эле ниет менен балдарынан күткөн нерселерине өтө эле маани бере берип, ага чейин алардын эмнелерге жетишкенин көз жаздымында калтырып коюшат. Албетте, балдарыңарды Бейтелде кызмат кылууга, миссионер болууга жана башка ушу сыяктуу максаттарга умтулууга үндөгөнүңөр жакшы. Анткен менен алардан күткөн нерселериңер менен аны кыжырдантып, көңүлүн чөгөрүп албагыла (Кол. 3:21). Кызыңар же балаңар Жахабаны силердин жүрөгүңөр менен эмес, өзүнүн жүрөгү менен сүйүшү керек экенин унутпагыла (Мт. 22:37). Ошондуктан балаңарды жакшы иштери үчүн мактоого мүмкүнчүлүк издегиле жана алар кыла элек нерселерге көңүл топтоодон качкыла. Жахабанын кылган жакшылыктарынын баарына ыраазычылыгын арттыргыла, анан жүрөгүнөн чыккан ыраазычылыгын билдирүүгө түрткү бергиле.

Жагымдуу кылып өткөргүлө

Үй-бүлө менен сыйынуу кечин ийгиликтүү өткөрүүнүн үчүнчү жолу — аны жагымдуу кылып өткөрүү. Муну кантип кылсаңар болот? Балким, кээде аудио драмалардын бирин уксаңар же Жахабанын Күбөлөрү чыгарган кайсы бир видео тасманы көрүп, талкууласаңар болоттур. Же болбосо Ыйык Китептен бир үзүндүнү үй-бүлөнүн ар бир мүчөсүнө бөлүштүрүп, чогуу окуйттурсуңар.

«Күзөт мунарасы» жана «Ойгонгула!» журналдарында үй-бүлөлүк талкууга негиз боло турган сонун рубрикалар бар. Алсак, «Ойгонгула!» журналынын 31-бетинде жайгашкан «Эмне деп жооп берет элеңер?» аттуу викторинаны колдонсоңор болот. «Күзөт мунарасынын» жалпыга арналган басылышына «Жаш окурмандарыбыз үчүн» деген рубрика чыгып турат. Кичинекей балдар менен «Балдарыңарды үйрөткүлө» деген рубриканы талкуулоого болот.

«Ойгонгула!» журналынын «Жаштардын суроолору» сериясындагы макалалар жана «Жаштардын суроолору» (2-том, ор.) китеби өспүрүм балдары бар ата-энелерге өзгөчө кызыктуу болот. Ал китепти колдонуп жатканда ар бир бөлүмдүн соңундагы «Кандай деп ойлойсуң?» деген кутучага да көңүл бургула. Ал кутуча кайталоого эле арналган эмес. Андагы суроолорду үй-бүлөлүк талкуунун планы катары колдонсо болот.

Бирок үй-бүлөлүк изилдөөнү суракка айлантып ийүүдөн сак болгула. Мисалы, балаңардан китептин «Менин күндөлүгүм» деген бетине же жеке оюн билдире турган бөлүктөрүнө жазгандарын окуп беришин талап кылбагыла. Ал китептин «Ата-энелер эске алчу нерселер» деген кириш сөзүнүн 3-бетинде мындай делет: «Өспүрүм балдарыңар китебине ойлорун ачык жаза алышы үчүн, алардан сурабай туруп китебин карабагыла. Кийинчерээк алар силерге жазгандары тууралуу өздөрү айтып бериши мүмкүн».

Үй-бүлөлүк сыйынууну үзгүлтүккө учуратпай, иш жүзүндө колдонорлук жана жагымдуу кылып өткөрө берсеңер, Жахаба аракетиңерге батасын мол берет. Үй-бүлөңөр менен чогуу өткөргөн бул өзгөчө убакыт сүйүктүү жакындарыңардын рухий жактан сергек жана бекем болушуна шарт түзөт.

[31-беттеги кутуча]

Чыгармачыл болгула

«Кичинекей кыздарыбыз менен чогуу изилдегенибизде жолдошум экөөбүз жыйналышта өтүлө турган материалды талкуулачубуз, анан кыздарыбыз үйрөнгөндөрүн жыйынтыктай турган сүрөттөрдү тартышчу. Айрым учурда ыйык китептик окуяларды же кабар айтуудагы сунуштоолорду сахналаштырчубуз. Изилдөөнү алардын курагына жараша, кызыктуу, пайдалуу жана көңүлдүү кылып өткөрчүбүз» (Ж. М., АКШ).

«Мени менен Ыйык Китепти изилдеген бир кишинин баласына байыркы убакта түрмөктү колдонуу кандай болгонун түшүнүүгө жардам бериш үчүн Ышайа китебин, андагы бөлүмдөрдүн жана аяттардын номурларын алып салып, кагазга чыгардык. Анан барактарды бирине-бирин улап чаптап, түрмөк жасадык. Андан кийин ал бала Исанын Назареттеги синагогада кылганын туураганга аракет жасады. Лука 4:16—21-аяттарда Исанын Ышая пайгамбардын түрмөгүн ачып, өзүнө керектүү жерди тапканы айтылган (Ыш. 61:1, 2). Бирок ал балага бөлүмдөрдүн жана аяттардын номурлары жок узун түрмөктөн Ышайанын 61-бөлүмүн табуу кыйынга турду. Исанын түрмөктөрдү чебер колдоно билгенине таң калып ал: „Иса укмуш болгон турбайбы!“ — деди» (Й. Т., Жапония).

[30-беттеги сүрөт]

Жагдайларды сахналаштыруу балдарыңарга курбуларынын кысымына туруштук берүүгө жардам берет

[31-беттеги сүрөт]

Үй-бүлө менен сыйынуу кечин жагымдуу өткөрүүгө аракет кылгыла