Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Бир туугандык сүйүүңөрдү өстүрө бергиле

Бир туугандык сүйүүңөрдү өстүрө бергиле

Бир туугандык сүйүүңөрдү өстүрө бергиле

«Машаяк силерди [сүйгөндөй]... силер да сүйүү жолунда жүргүлө» (ЭФ. 5:2).

1. Иса айтканына ылайык, анын жолдоочуларын эмне айырмалап турушу керек эле?

ЖАХАБАНЫН КҮБӨЛӨРҮ Кудайдын Падышалыгы тууралуу кабарды үймө-үй таратканы менен белгилүү. Анткен менен Машаяк Иса анын чыныгы жолдоочуларын башка нерсе айырмалап турарын айткан. Ал мындай деген: «Силерге жаңы осуят берем: бири-бириңерди сүйгүлө. Мен силерди сүйгөндөй, силер да бири-бириңерди сүйгүлө. Эгерде бири-бириңерди сүйсөңөр, баары силердин менин шакирттерим экениңерди билишет» (Жкн. 13:34, 35).

2, 3. Бир туугандык сүйүүбүз жыйналышка келгендерге кандай таасир этет?

2 Исанын чыныгы жолдоочуларынын ортосундагыдай бир туугандык сүйүү эч кимде жок. Магнит темирди өзүнө тартып тургандай, сүйүү Жахабанын кызматчыларын бириктирип, ак ниет адамдарды чыныгы сыйынууга тартып турат. Бир мисал алып көрөлү. Камерундагы Марселино аттуу бир кишинин жумушунан кокустук болуп, көзү көрбөй калган. Ошол кырсыктан кийин ал бакшы болгондуктан сокур болуп калды деген ушак тарап кеткен. Ал барган чиркөөнүн пастору жана башка мүчөлөрү аны жубаткандын ордуна, чиркөөдөн чыгарып салышкан. Жахабанын Күбөлөрүнүн бири Марселинону жыйналышка чакырганда, ал жактан да кагуу жеп каламбы деп түпөйүлдөнгөндүктөн баргысы келген эмес.

3 Бирок Марселино Падышалык залына барганда аябай таң калган. Ал жерден аны жылуу тосуп алышкан, ошондой эле жолугушууда айтылган ыйык китептик чындыктар аны соороткон. Ошентип, ал жыйналыш жолугушууларынын баарына катыша баштаган жана Ыйык Китепти изилдөөдө ийгилик кылып, 2006-жылы чөмүлтүлгөн. Учурда ал чындык тууралуу үй-бүлөсүнө, кошуналарына айтып берет жана бир нече ыйык китептик изилдөө өткөрөт. Марселино аны менен Ыйык Китепти изилдеп жаткан кишилердин да, ага окшоп, Кудайдын элинин арасындагы сүйүүнү сезип-көрүшүн каалайт.

4. Эмне себептен Пабылдын «сүйүү жолунда жүрүүгө» байланыштуу кеңешине карманышыбыз керек?

4 Бир туугандык сүйүүгө бөлөнүү баарыбызга жагымдуу, бирок аны муздатпаш үчүн ар бирибиз күч-аракет жумшашыбыз керек. Кыштын кычыраган суугунда меште дүркүрөп күйүп жаткан отту элестетсеңер. Анын илеби үйдүн ичин мемиретип, кимди болбосун өзүнө тартып турат. Бирок отун салып турбаса, от өчүп, табы кайтат. Анын сыңарындай, бизди бириктирип турган сүйүү түйүнү бошоп кетпеши үчүн, аны ар бирибиз чыңдап турушубуз зарыл. Аны кантип чыңдай алабыз? Буга элчи Пабыл мындай деп жооп берет: «Машаяк силерди сүйүп, өзүн силер үчүн Кудайга жыты жагымдуу тартуу жана курмандык катары бергендей, силер да сүйүү жолунда жүргүлө» (Эф. 5:2). Анда канткенде ар бирибиз сүйүү жолунда жүрө алабыз?

«Силер да жүрөгүңөрдү кенен ачкыла»

5, 6. Пабыл эмне себептен Корунттагы ишенимдештерин жүрөгүн кенен ачууга үндөгөн?

5 Элчи Пабыл Исанын байыркы Корунттагы жолдоочуларына мындай деп жазган: «Корунттуктар, биз силерге ачык сүйлөдүк, жүрөгүбүздү кенен ачтык. Биздин жүрөгүбүздө силер үчүн орун көп, силердин жүрөгүңөрдө болсо орун жок. Силерди балдарымдай көрүп айтып жатам: биздин мамилеге жооп кайтарып, силер да жүрөгүңөрдү кенен ачкыла» (2 Кор. 6:11—13). Пабыл эмне себептен корунттуктарды жүрөгүн кенен ачууга чакырган?

6 Байыркы Корунттагы жыйналыштын кандайча негизделгенин карап көрөлү. Пабыл ал шаарга б.з. 50-жылы аяк басып калганда барган. Анын кабар айтуу иши кыйынчылыктар менен коштолсо да, ал багынган эмес. Кыска мөөнөттүн ичинде эле ошол шаардагы көптөгөн кишилер жакшы кабарга ишенип калышкан. Пабыл «бир жыл алты ай» бою жаңы уюшулган жыйналышты окутуп, бекемдеш үчүн жан-жигерин төшөп кызмат кылган. Арийне, Пабыл Корунттагы ишенимдештерин жанындай жакшы көргөн (Элч. 18:5, 6, 9—11). Андыктан аларда аны сүйүүгө жана урматтап-сыйлоого көптөгөн себептер бар болчу. Бирок жыйналыштагылардын айрымдары андан баш тартып кетишкен. Балким, кээ бирлерине анын ачык-айкын айткан кеңеши жаккан эместир (1 Кор. 5:1—5; 6:1—10). Башкалары «мыкты» элчилердин карандай жалаасына ишенгендир (2 Кор. 11:5, 6). Пабыл бардык бир туугандарынын ага чын ыкластан сүйүү көрсөтүшүн каалагандыктан, аларды ага жана башка ишенимдештерине ынак болуп, жүрөгүн кенен ачууга үндөгөн.

7. Бир туугандык сүйүү көрсөтүүдө кантип жүрөгүбүздү кенен ача алабыз?

7 Ал эми биз жөнүндө эмне айтууга болот? Бир туугандык сүйүү көрсөтүүдө кантип жүрөгүбүздү кенен ача алабыз? Адамдарга өзү теңдүүлөргө, өзүнүн улутундагыларга сүйүү көрсөтүү кыйын деле болбошу мүмкүн. Андан тышкары, көңүл ачуу жагынан каалоолору төп келишкендер, адатта, көп убакытты чогуу өткөрүшөт. Бирок кызыкчылыктары биздикиндей болгон бир туугандар менен эле убакыт өткөрүп, башкалардан бөлүнүп жатсак, анда жүрөгүбүздү кенен ачышыбыз керек. Өзүбүзгө төмөнкү суроолорду берип көргөнүбүз акылдуулукка жатат: «Көбүнчө жакын адамдарым менен гана кызматташып, алар менен эле эс ала бербеймби? Жыйналышка жаңы келе баштагандар адегенде мени менен дос болууга татыктуу болсун, анан көрө жатармын деп ойлоп, алар менен мамиле түзүүдөн качпаймынбы? Жыйналыштан улуулар менен да, кичүүлөр менен да учурашамбы?»

8, 9. Пабылдын Римдиктер 15:7деги кеңеши бир туугандык сүйүүбүздү өрчүтүүгө кандайча жардам берет?

8 Пабыл римдиктерге ишенимдештерин кабыл алууга байланыштуу кеңеш берген. Анын кеңеши бизге да бир туугандарыбызга карата туура көз караш өрчүтүүгө жардам берет (Оку: Римдиктер 15:7). Бул жердеги «жылуу кабыл алуу» деп берилген грек сөзү «жылуу тосуп алууну же меймандостук көрсөтүүнү, кимдир бирөө менен жакын мамиледе болууну, достошууну» билдирет. Байыркы учурда меймандос кожоюн үйүнө келген досторуна аларды көргөнүнө абдан кубанычта экенин билдирчү. Машаяк бизди жыйналышына кубаныч менен кабыл алган, ошондуктан биз да ишенимдештерибизди жылуу кабыл алуу жагынан аны тууроого чакырылабыз.

9 Падышалык залында же башка жерлерде ишенимдештерибиз менен жолукканыбызда, көптөн бери көрө элек же сүйлөшө элек бир туугандарга көңүл бурсак болот. Алар менен пикирлешүүгө бир нече мүнөт бөлүүгө эмне үчүн болбосун? Кийинки жолугушууга барганыбызда ушинтип көрсөк кандай? Аз убакыттын ичинде эле бир туугандардын дээрлик баары менен жакшы маек кура алабыз. Эгер бир күндө жыйналыштагылардын ар бири менен сүйлөшө албай калсак, тынчсызданбай эле койсок болот. Кимдир бирөө менен ар жолугушуу сайын учураша албай калсак, ал таарынбашы керек.

10. Жыйналыштагылардын баарында кандай баа жеткис мүмкүнчүлүк бар жана аны кантип толук колдоно алабыз?

10 Башкалар менен учурашуу аларды жылуу кабыл алууда жасаган биринчи кадамыбыз болот. Бул кадам жагымдуу пикир алышууга жана узакка созулган достук мамиле түзүүгө жол ачат. Алсак, жыйындан таанышып, сүйлөшүп калган бир туугандар бири-бирин кайрадан көрүүгө куштар болот. Падышалык залын курууга салым кошкон ыктыярдуу кызматчылар, ошондой эле жабыр тарткандарга жардам берүү ишине катышкандар чогуу эмгектенип бири-биринин жакшы сапаттарын байкагандыктан, ынак достордон болуп калышат. Жахабанын уюмунда бекем достук өрчүтүүгө көптөгөн мүмкүнчүлүктөр бар. Эгер жүрөгүбүздү кенен ачсак, досторубуз көбөйөт жана чыныгы сыйынууда бизди бириктирип турган сүйүү түйүнү чыйралат.

Башкаларга убакыт бөлгүлө

11. Марк 10:13—16-аяттарда көрсөтүлгөндөй, Иса кандай үлгү калтырган?

11 Исанын жолдоочуларынын баары, андан үлгү алып, башкаларга көңүл бөлүү үчүн дайыма убакыт табууга аракет кылышы абзел. Шакирттер ата-энелерге балдарын Исага алып келүүгө тоскоолдук кылышканда, анын эмне кылганын карап көрөлү. «Балдарды мага коё бергиле,— деген ал,— аларга тоскоолдук кылбагыла, анткени Кудайдын падышалыгы ушуларга окшогондорго таандык». «Анан балдарды кучактап, алардын үстүнө колун коюп, батасын берген» (Мр. 10:13—16). Улуу окутуучу ошол кичинекей балдарга сүйүү көрсөтүп, көңүл бурганда, алардын кандай гана сүйүнгөнүн элестетсеңер!

12. Башкалардын бизге оңой кайрылышына эмнелер тоскоолдук кылышы мүмкүн?

12 Исанын ар бир жолдоочусу: «Башкалар мага оңой эле кайрыла алышабы же дайыма эле бош эместей көрүнөмбү?» — деп ойлонуп көрүшү керек. Эч жаман деле жери жок адаттар кээде пикир алышууга тоскоол болушу мүмкүн. Мисалы, жаныбыздагыларга көңүл бурбай уюлдук телефонубузду кайра-кайра эле чукулап же кулагыбызга кулакчындарды тагып алып бир нерселерди угуп отура берсек, алар менен пикир алмашкыбыз келбей жаткандай көрүнүшүбүз этимал. Же болбосо башкалар биздин чөнтөк компьютерибизден көзүбүздү албай отурганыбызды көп көрсө, биз менен сүйлөшкүсү жок деп ойлоп калышы ыктымал. Албетте, «унчукпай турган убак бар». Бирок жаныбызда бирөөлөр турганда, көбүнчө «сүйлөй турган убак» болот (Нас. 3:7). Айрымдар «жалгыз болгум келип жатат» же «эртең менен эч ким менен сүйлөшкүм келбейт» деши мүмкүн. Анткен менен сүйлөшкүбүз келбей жатканда да достук маанайда пикир алышсак, «өз кызыкчылыгын көздөбөгөн» сүйүү көрсөткөн болобуз (1 Кор. 13:5).

13. Пабыл Тиметейди ишенимдештерине карата кандай көз карашта болууга үндөгөн?

13 Пабыл жаш Тиметейди жыйналыштын бардык мүчөлөрүн урматтап-сыйлоого үндөгөн (Оку: 1 Тиметей 5:1, 2). Биз да улуураак ишенимдештерибизди энебиздей, атабыздай, жаштарды уялаш бир туугандарыбыздай көрүшүбүз керек. Ушундай көз карашта болсок, сүйүктүү бир туугандарыбыздын бирөө да биздин жаныбызда өзүн чоочун сезбейт.

14. Башкалар менен бекемдээрлик пикир алышуудан кандай пайда аласың?

14 Башкаларды сөзгө тартып, бекемдээрлик маек курганыбызда алардын рухий жана эмоциялык саламаттыгынын жакшы болушуна өбөлгө түзөбүз. Филиалда кызмат кылган бир ишенимдешибиз Бейтелге жаңы келгенде аны менен пикир алышууга дайыма убакыт бөлгөн өзүнөн улуу бир туугандарды жылуу сезим менен эскерет. Алардын кайраттандырарлык сөздөрү ага чынында эле Бейтел үй-бүлөсүнүн мүчөсү экенин сезүүгө жардам берген. Азыр ал, алардан үлгү алып, башка бейтелдиктер менен пикирлешүүгө аракет кылат.

Момундук ынтымакты сактоого жардам берет

15. Бизде да кээде пикир келишпестиктер болорун эмне көрсөтүп турат?

15 Байыркы Филипиде жашаган Эйдия менен Синтихе атуу ишенимдештерге ортодо пайда болгон пикир келишпестикти чечүү кыйынга турган көрүнөт (Флп. 4:2, 3). Пабыл менен Барнабанын катуу талашып-тартышканы жалпыга маалым болгон жана алар убактылуу эки жакка бөлүнүп кетишкен (Элч. 15:37—39). Бул билдирүүлөр кээде Кудайдын чыныгы кызматчыларынын ортосунда да пикир келишпестиктер болорун көрсөтүп турат. Бактыга жараша, Жахаба бизге келишпестиктерди чечүүгө жана досторубуз менен кайрадан жакшы мамиледе болууга жардам берет. Бирок ал бизден бир нерсе талап кылат.

16, 17. а) Өз ара келишпестиктерди чечүүдө момундук канчалык маанилүү? б) Жакыптын Эйсап менен жолукканы жөнүндөгү билдирүү момундуктун баалуулугун кандайча көрсөтүп турат?

16 Досуң экөөң машине менен бир жакка жол тартканы жатасыңар дейли. Сапарга аттанар алдында силер машиненин ачкычын алып, аны от алдырышыңар керек. Өз ара келишпестиктерди чечүү үчүн да, эң алды, ачкыч талап кылынат. Ал ачкыч — момундук (Оку: Жакып 4:10). Төмөнкү мисалдан көрүнүп тургандай, ал ачкыч таарыныша кеткендерге ыйык китептик принциптерди колдонууга түрткү берет.

17 Эйсаптын туңгучтугунан айрылып калганы үчүн эгизи Жакыпка каарданып, анын көзүн тазалагысы келип жүргөнүнө жыйырма жылдын жүзү болгон. Ошончо убакыттан бери жүз көрүшпөй жүргөн эгиздер эми жолукканы турган. Ошондо «Жакып абдан коркуп, тынчы кеткен». Ал бир тууганы Эйсап ага кол салгандан артка тартпайт деп ойлогон. Бирок алар жолугушканда, Жакып Эйсап күтпөгөн нерсени кылган: бир тууганына жакын баргыча «жерге чейин башын ийип таазим эткен». Анан эмне болгон? «Эйсап ага утурлай чуркап, аны мойнунан кучактап өпкүлөгөн», «анан экөө тең ыйлашкан». Ошентип, уруш-жаңжал алдын алынган. Жакыптын момундугу Эйсаптын жүрөгүндөгү жек көрүү сезимин жоюуга жардам берген (Башт. 27:41; 32:3—8; 33:3, 4).

18, 19. а) Келишпестиктер пайда болгондо, эмне үчүн ыйык китептик кеңештерди биринчи болуп колдонуу маанилүү? б) Кимдир бирөө биздин элдешүү үчүн жасаган аракетибизге дароо жооп кайтарбаса, эмне үчүн багынбашыбыз керек?

18 Ыйык Китепте пикир келишпестиктерди чечүүгө байланыштуу эң сонун кеңештер камтылат * (Мт. 5:23, 24; 18:15—17; Эф. 4:26, 27). Бирок момун болуп, ал кеңештерди колдонбосок, ынтымакты сактоо кыйынга турат. Колубузда ачкыч болуп туруп, бирибиз экинчибизден момундук көрсөтүшүн күтүп отура берсек, маселе чечилбейт.

19 Кимдир бирөө менен ынтымакка келүүгө болгон аракетибизден дароо майнап чыкпай жаткандай сезилсе, үмүтүбүздү үзбөшүбүз керек. Балким, ага ойлонуп, көңүлүн жайына келтирүүгө убакыт керектир. Жусупту өзүнүн эле бир туугандары сатып кетишкен. Алар Мисирде премьер-министр болуп турган Жусупка жолугушканда, арадан бир топ убакыт өткөн эле. Ошончо убакыт аралыгында жүрөгү өзгөргөндүктөн, алар андан кечирим сурап жалбарышкан. Ошондо Жусуп бир туугандарын кечирген жана Жакыптын уулдары Жахабанын ысмын алып жүрүү сыймыгына ээ эл болгон (Башт. 50:15—21). Бир туугандарыбыз менен дайыма ынтымакта болсок, жыйналышта биримдик жана кубаныч өкүм сүрүшүнө салым кошобуз (Оку: Колосалыктар 3:12—14).

«Ишибиз менен, чын жүрөктөн сүйөлү»

20, 21. Исанын элчилеринин бутун жууганынан эмнеге үйрөнсөк болот?

20 Өлөрүнө аз калганда Иса элчилерине: «Мен силерге эмне кылсам, силер да ошону кылышыңар үчүн, силерге үлгү калтырдым»,— деп айткан (Жкн. 13:15). Ал жаңы эле 12 элчисинин бутун жууп бүткөн. Исанын бул иш-аракети кандайдыр бир каада же тек гана бир жакшы иш болгон эмес. Жакан бул окуя тууралуу айтардан мурун: «Ал бул дүйнөдөгү өз шакирттерин сүйдү, аларды акырына чейин сүйдү»,— деп жазган (Жкн. 13:1). Шакирттерине болгон сүйүүсү Исага адатта кулдар кылышы керек болгон ишти аткарууга түрткү берген. Эми алар да момун болуп, бири-бирине жакшылык кылышы керек эле. Ооба, чын жүрөктөн чыккан бир туугандык сүйүү бизге ишенимдештерибиздин камын ойлоого түрткү бериши зарыл.

21 Кудайдын Уулу элчи Петирдин да бутун жууган жана Петир анын иш-аракетинин маанисин терең түшүнгөн. Ал: «Чындыкка баш ийүү менен силер тазарып, чыныгы биртуугандык сүйүүгө ээ болдуңар. Андыктан бири-бириңерди жан-дилиңер менен, чын жүрөктөн сүйгүлө»,— деп жазган (1 Пет. 1:22). Иса Машаяк элчилеринин бутун жууганда, Жакан да бар болчу. Ал: «Балдарым, бири-бирибизди сөзүбүз же тилибиз менен эле эмес, ишибиз менен, чын жүрөктөн сүйөлү»,— деп айткан (1 Жкн. 3:18). Эмесе келгиле, бир туугандык сүйүүбүздү иш жүзүндө көрсөтө берели!

[Шилтемелер]

^ 18-абз. «Жахабанын эркин аткаруу үчүн уюшулганбыз» китебинин 144—150-беттерин карагыла.

Эсиңердеби?

• Бири-бирибизге сүйүү көрсөтүүдө кантип жүрөгүбүздү кенен ача алабыз?

• Башкаларга убакыт бөлүүгө эмне жардам берет?

• Ынтымакты сактоодо момундук канчалык маанилүү?

• Ишенимдештерибиздин камын ойлоого эмне түрткү бериши керек?

[Изилдөө суроолору]

[21-беттеги сүрөт]

Бир туугандарды жылуу тосуп ал

[23-беттеги сүрөт]

Башкаларга убакыт бөлүүгө мүмкүнчүлүк түзүлгөндө, аны колдон чыгарба