Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Жыйналыштагы ордуңду жогору баала

Жыйналыштагы ордуңду жогору баала

Жыйналыштагы ордуңду жогору баала

«Кудай ар бир мүчөнү денеге өзү каалагандай кылып жайгаштырган» (1 КОР. 12:18).

1, 2. а) Жыйналыштын ар бир мүчөсүнүн орду баалуу экенин эмне көрсөтүп турат? б) Бул макалада кайсы суроолор каралат?

БАЙЫРКЫ Ысрайылдын күндөрүнөн тартып эле жыйналыш Жахабанын өз элин рухий жактан азыктандырып, көрсөтмөлөрдү берүү үчүн караштырган чарасы болуп келген. Маселен, ысрайылдыктар Ай шаарынын таш-талканын чыгаргандан кийин, Жашыя «бүткүл Ысрайыл элинин алдында» «мыйзам китепте жазылган мыйзам сөздөрүн, бата менен каргышты окуган» (Жаш. 8:34, 35).

2 Биздин замандын 1-кылымында элчи Пабыл аксакал болуп кызмат кылган Тиметейге жыйналыштын «Кудайдын үйү», «чындыктын түркүгү жана тиреги» экенин айткан (1 Тим. 3:15). Бүгүнкү күндө «Кудайдын үйү» болуп Исанын чыныгы жолдоочуларынын бүткүл дүйнөлүк бир туугандыгы эсептелет. Рухтун жетеги менен корунттуктарга жазган биринчи катында Пабыл жыйналышты адамдын денесине салыштырган. Ал ар бир мүчө ар кандай милдетти аткарса да, бардыгы маанилүү экенин айткан. «Кудай ар бир мүчөнү денеге өзү каалагандай кылып жайгаштырган»— деп жазган Пабыл. Ошондой эле: «Анча маанилүү эместей көрүнгөн бөлүктөрүнө көбүрөөк кам көрөбүз»,— деп белгилеген (1 Кор. 12:18, 23). Демек, Кудайдын үйүндөгү ишенимдүү кызматчыларынын аткарган ролу бири-бириникинен жогору да, төмөн да эмес. Тек гана ар башка. Анда канткенде Кудайдын уюмунда өз ордубузду таап, аны жогору баалап, ардактаган болобуз? Кандай орунду ээлерибиз эмнелерден көз каранды болот? Канткенде ийгилигибизди баарына айкын кыла алабыз? (1 Тим. 4:15).

Ордубузду баалаарыбызды кантип көрсөтөбүз?

3. Жыйналышта өз ордубузду табуунун жана аны баалаарыбызды көрсөтүүнүн бир жолу кайсы?

3 Жыйналышта өз ордубузду табуунун, аны баалаарыбызды көрсөтүүнүн бир жолу — «ишенимдүү жана акылдуу кул» жана анын өкүлү Жетектөөчү Кеңеш менен кызматташуу (Оку: Матай 24:45—47). Биз кул тобунан алган көрсөтмөлөргө кандай жооп кайтарып жатканыбызды текшерип көрүшүбүз зарыл. Мисалы, көптөгөн жылдардан бери эле кийимге, сырткы көрүнүшкө, көңүл ачууга жана Интернетти туура колдонууга байланыштуу ачык-айкын көрсөтмөлөрдү алып келебиз. Рухийлигибизди коргош үчүн ал даанышман кеңештерге так карманып жатабызбы? Үй-бүлөлүк сыйынууну үзгүлтүксүз өткөрүүгө байланыштуу чакырык жөнүндө эмне айтууга болот? Ал кеңешти көңүлүбүзгө түйүп, ал үчүн атайын кеч бөлүп койдукпу? Бойдок болсок, Жазманы өз алдынча изилдөөгө убакыт таап жатабызбы? Кул тобунун жетекчилигине баш ийсек, Жахаба ар бирибизге жана үй-бүлөбүзгө батасын берет.

4. Жеке чечим чыгарарда эмнелерди эске алышыбыз керек?

4 Айрымдар көңүл ачуу, кийим жана сырткы көрүнүш сыяктуу нерселерге байланыштуу чечимдерди чыгаруу ар бир адамдын өз иши деп эсептеши мүмкүн. Анткен менен жыйналыштагы ордун кастарлаган Исанын ишенимдүү жолдоочусу чечим чыгарууда жеке өзүнүн оюн эле эске албашы керек. Эң оболу, Жахабанын Ыйык Китеп аркылуу ачылып берилген көз карашын эске алуу зарыл. Анын Сөзү бутубузга шам, жолубузга жарык болушу абзел (Заб. 118:105). Андан сырткары, жеке чечим чыгарарда анын кызматыбызга, жыйналыштагыларга жана башкаларга кандай таасир этерин эске алганыбыз акылдуулукка жатат (Оку: 2 Корунттуктар 6:3, 4).

5. Эмне себептен көз карандысыздык рухун өрчүтүп алуудан сак болушубуз керек?

5 «Азыр тил албаган адамдарга таасир этип жаткан рух» биз дем алган аба сыяктуу бардык жерге тараган (Эф. 2:2). Ал рухтун таасиринен улам Жахабанын уюмунан келген жетекчиликке муктаж эмеспиз деп ойлоп калышыбыз мүмкүн. Арийне, элчи Жаканга урмат-сый көрсөтпөгөн, андан эч нерсе кабыл албаган Диотрефтей болуп калгыбыз келбейт (3 Жкн. 9, 10). Биз көз карандысыздык рухун өрчүтүп алуудан сак болушубуз керек. Андыктан сөзүбүз же ишибиз менен Жахаба бүгүнкү күндө өз элине жетекчилик бериш үчүн колдонуп жаткан каналга эч качан баш ийбестик көрсөтпөйлү (Сан. 16:1—3). Тескерисинче, кул тобу менен кызматташуу сыймыгын жогору баалайлы. Ошондой эле жыйналышыбызда жетекчиликти колго алган бир туугандарга тил алып, баш ийүүгө умтулалы (Оку: Эврейлер 13:7, 17).

6. Эмне үчүн жагдай-шартыбызды карап чыкканыбыз маанилүү?

6 Жагдай-шартыбызды кылдат карап чыгып, кызматыбызды жана Жахабаны даңкташ үчүн бардык мүмкүнчүлүгүбүздү колдонуу менен да жыйналыштагы ордубузду баалаарыбызды көрсөтөбүз (Рим. 11:13). Айрымдар жалпы пионер болуп кызмат кылууда. Башкалары болсо миссионер, кыдыруучу көзөмөлчү же дүйнөнүн чар тарабындагы Бейтел үй-бүлөлөрүнүн мүчөсү катары толук убакыттуу кызматты аркалоодо. Көп сандаган бир туугандар Падышалык залдарын курууга жардам берип жатышат. Жахабанын элинин салымдуу бөлүгү өздөрүнүн үй-бүлөсүнүн рухийлигине кам көрүү үчүн жана апта сайын кызматка толук кандуу катышуу үчүн колунан келгендин баарын кылып жатышат (Оку: Колосалыктар 3:23, 24). Ооба, өзүбүздү Кудайга кызмат кылууга толугу менен арнап, ага жан-дилибиз менен кызмат кылууга бүт күчүбүздү жумшасак, анын уюмунда бизге дайыма орун болот деп толук ишеним менен айта алабыз.

Кандай орунду ээлерибиз эмнелерден көз каранды?

7. Жыйналышта кандай орунду ээлерибиз кандайча жагдай-шартыбыздан көз каранды болорун түшүндүргүлө.

7 Жагдай-шартыбызды талдап чыкканыбыз маанилүү, себеби жыйналышта кандай орунду ээлерибиз кандайдыр бир деңгээлде эмне кыла аларыбыздан көз каранды. Алсак, ага-инилердин жыйналыштагы ролу айрым жактардан эже-карындаштардыкынан айырмаланат. Жахабага кызмат кылууда эмнелерди кыла аларыбыз курагыбызга, ден соолугубузга жана башка нерселерге да байланыштуу болот. «Жаштардын атак-даңкы — алардын күчү, ал эми карылардын сөөлөтү — алардын ак чачы»,— делет Накыл сөздөр 20:29да. Жыйналыштагы жаштар күч-кубатка толуп тургандыктан, күч талап кылган иштерди кыла алса, улгайган бир туугандар акылмандыгын жана тажрыйбасын колдонуп жыйналышка пайда алып келе алышат. Жахабанын уюмунда эмне кыла аларыбыз анын ырайымынан көз каранды экенинин да эстен чыгарбашыбыз зарыл (Элч. 14:26; Рим. 12:6—8).

8. Жыйналышта кандай орунду ээлерибиз каалоодон канчалык көз каранды?

8 Жаш эже-сиңдинин мисалы жыйналышта кандай орунду ээлерибиз дагы эмнеден көз каранды болорун көрсөтүп турат. Экөө тең орто мектепти бүтүрүшөт. Алардын жагдай-шарты бирдей. Ата-энеси экөөнү тең мектепти бүтүргөндөн кийин жалпы пионер болуп кызмат кылууга үндөп келишкен. Мектепти аяктагандан кийин алардын бирөө пионердик кызматка киришет, ал эми экинчиси дүйнөлүк жумушта толук убакытта иштей баштайт. Эмнеден улам алар эки башка чечим чыгарышкан? Каалоодон. Анткени ар кимиси акыры өзү каалаганын кылган. Көбүбүз менен эле ушундай болот, чынбы? Кудайга кызмат кылууда эмнелерди кылууну каалаарыбыз жөнүндө жакшылап ойлонуп көрүшүбүз зарыл. Жагдай-шартыбызды өзгөртүүгө туура келсе да, кызматыбызды кеңейте алабызбы? (2 Кор. 9:7).

9, 10. Жахабага көбүрөөк кызмат кылууга каалообуз жок болуп жатса, эмне кылышыбыз керек?

9 Эгер Жахабага көбүрөөк кызмат кылууга каалообуз жок болуп, жыйналыштын иштерин көп деле көңүлдөнбөй аткарууга жакын болсокчу? Филипиликтерге жазган катында Пабыл: «Кудай, өзүнүн эркине ылайык, силерде каалоо пайда кылып, иш-аракет кылууга түрткү берет»,— деп айткан. Ооба, Жахаба жүрөгүбүздү козгоп, эркибизге же каалообузга таасир эте алат (Флп. 2:13; 4:13).

10 Ошондуктан Жахабадан анын эркин аткарууга болгон каалообузду өрчүтүшүн сурап тиленишибиз керек. Байыркы Ысрайыл падышасы Дөөтү дал ушундай кылган. Ал: «Теңир, мага Өз жолуңду көрсөт, Өз жолуңда жүргөндү үйрөт. Мени Өз чындыгыңа багытта, үйрөт, анткени Сен мени куткарган Кудайсың. Ар күнү Сенден үмүттөнөм»,— деп тиленген (Заб. 24:4, 5). Биз да Жахабага ага жаккан нерселерди кылууга дилгир болууга жардам беришин сурап тиленсек болот. Жахабанын жана анын Уулунун алардын кызыкчылыгы үчүн кылган кызматыбызга кандай карары тууралуу ой жүгүрткөнүбүздө, жүрөгүбүз аларга болгон ыраазычылыкка толот (Мт. 26:6—10; Лк. 21:1—4). Мындай ыраазычылык сезим бизге Жахабадан рухий жактан ийгилик кылууга жардам беришин сурап тиленүүгө түрткү бериши мүмкүн. Ышая пайгамбар кандай маанай өрчүтүшүбүз керектигине байланыштуу бизге үлгү калтырган. Жахабанын: «Кимди жиберейин? Биз үчүн ким барат?» — деп айтканын укканда ал: «Мына мен, мени жибер»,— деген (Ыш. 6:8).

Кантип ийгилик кылсак болот?

11. а) Уюмда жетекчиликти колго ала турган ага-инилерге кандай муктаждык бар? б) Канткенде эркек бир тууган кызматта сыймыктуу жоопкерчиликтерге ээ боло алат?

11 2008-кызмат жылында дүйнө жүзү боюнча 289 678 киши чөмүлтүлгөндүктөн, жетекчиликти колго ала турган эркек бир туугандарга болгон муктаждык аябагандай чоң болуп турат. Ага-инилер бул муктаждыкты канааттандырууга кантип жардам көрсөтө алышат? Бир сөз менен айтканда, кызмат жардамчыларга жана аксакалдарга коюлган Жазмадагы талаптарга жооп берүүгө аракет жасоо менен (1 Тим. 3:1—10, 12, 13; Тит 1:5—9). Канткенде эркек бир тууган Жазмадагы талаптарга жооп берүүгө умтулган болот? Ал кызматка ынталуу катышуу, жыйналыштагы тапшырмаларын жакшы аткаруу, жолугушууларда берген комментарийлеринин сапатын жогорулатууга аракет кылуу жана ишенимдештерине жекече көңүл буруу менен ошол максатты көздөп жатканын көрсөтүшөт. Муну менен ал жыйналыштагы ордун кадырлаарын айгинелейт.

12. Жаштар чындык болгон ынталуулугун кантип көрсөтө алышат?

12 Жигиттер, өзгөчө, өспүрүм курактагы инилер жыйналышта ийгиликке жетүү үчүн эмне кылса болот? Алар Жазмадан билим алуунун аркасында акылмандыгын арттырып, рухий түшүнүгүн тереңдетүүгө аракет кылса болот (Кол. 1:9). Бул максатка жетүүгө Кудайдын Сөзүн кылдат изилдөө жана жыйналыш жолугушууларына активдүү катышуу жардам берет. Андан тышкары, алар толук убакыттуу кызматтын ар кандай түрлөрүнө кенен ачылган эшикке кирүү үчүн талап кылынган нерселерге жооп берүүгө күч жумшаса болот (1 Кор. 16:9). Жахабага кызмат кылууда ийгиликке умтулуу жашоону маңыздуу кылып, мол баталарга ээ кылат (Оку: Насаатчы 12:1).

13, 14. Эже-карындаштар жыйналыштагы ордун баалаарын кантип көрсөтүшөт?

13 Ал эми эже-карындаштар Забур 67:12-аяттагы сөздөрдүн аткарылышына катышуу менен сыймыктуу ордун баалаарын көрсөтө алышат. Ал жерден: «Теңир сөз айтат, аны көп адамдар [«аялдар», «ЖД»] жар салат»,— дегенди окуйбуз. Алар өзүнүн жыйналыштагы ордун ардактаарын, эң алды, шакирт даярдоо ишине катышуу менен айгинелешет (Мт. 28:19, 20). Демек, эже-карындаштар кызматка толук катышып, ошондой эле бул иш үчүн даярдуулук менен курмандыктарга барып, жыйналыштагы ролун баалаарын далилдешет.

14 Пабыл Титке мындай деп жазган: «Улгайган аялдар өздөрүн Кудайдан коркуу менен алып жүрүшсүн,.. башкаларды жакшылыкка үйрөтүшсүн. Алар кыз-келиндерге акыл-насаат айтып, күйөөсүн, балдарын сүйүүгө, акыл-эстүү, таза болууга, үйүнө кам көрүүгө, жакшылык кылууга, күйөөсүнө баш ийүүгө үйрөтүшсүн. Кудайдын сөзүнө тил тийбеши үчүн ошентишсин» (Тит 2:3—5). Ырас, рухий жактан жетилген эже-карындаштар жыйналышка зор пайда алып келе алышат! Алар жетекчиликти колго алган бир туугандарды урматтап-сыйлоо менен жана кийим, сырткы көрүнүш, көңүл ачуу сыяктуу нерселерге байланыштуу акылдуу чечимдерди чыгаруу менен да башкаларга мыкты үлгү калтырып, өздөрүнүн жыйналыштагы ордун жогору баалаарын көрсөтүшөт.

15. Жалгыз бой эже-карындаштар жалгыздык менен кантип күрөшсө болот?

15 Айрым учурларда жалгыз бой эже-карындаштарга жыйналышта өз ордун табуу кыйын болушу мүмкүн. Муну башынан өткөрүп жаткан бир эже: «Өмүрлүк жарың жок болгондуктан, кээде өзүңдү аябай жалгыз сезесиң»,— деп айткан. Андан ал кыйынчылык менен кантип күрөшөрүн сурашканда, ал мындай деген: «Тиленүү жана изилдөө мага кайрадан өз ордумду табууга көмөк кылат. Мен Жахабанын мага карата кандай көз карашта экени тууралуу изилдейм. Анан жыйналыштагыларга көбүрөөк жардам берүүгө аракет кылам. Бул өзүмдүн эмес, башкалардын камын ойлоого жардам берет». Забур 31:8де Жахабанын Дөөтүгө: «Менин көзүм сенин үстүңдө»,— деп айткан сөздөрү жазылат. Ооба, Жахаба өзүнүн ар бир кызматчысына, анын ичинде жалгыз бой эже-карындаштарга жекече көңүл бурат жана жыйналышта өз ордун табууга жардам берет.

Өз ордуңду сакта!

16, 17. а) Жахабанын анын уюмунун мүчөсү болууга байланыштуу чакырыгын кабыл алганыбыз эмне себептен эң мыкты чечим болгон? б) Жахабанын уюмундагы ордубузду кантип сактай алабыз?

16 Жахаба ар бир кызматчысына сүйүүсүн көрсөтүп, өзүнө жакындаткан. Иса: «Мени жиберген Атам жакындатпаса, мага эч ким келе албайт»,— деген (Жкн. 6:44). Жер жүзүндөгү миллиарддаган адамдардын ичинен Жахаба ар бирибизди өзүнүн бүгүнкү күндөгү жыйналышынын мүчөсү болууга чакырган. Ал чакырыкты кабыл алганда биз эң мыкты чечим чыгарганбыз. Бул жашообузду маңызга толтуруп, максаттуу кылды. Жыйналышта өз ордубузду тапканыбыз бизге кандай гана чоң кубаныч жана канааттануу тартуулайт!

17 Забурчу: «Теңирим! Мен Сенин үйүңдү... сүйөм»,— деген. Ошондой эле ал: «Менин бутум түз жолдо турат. Жыйындарда Теңирди даңктайм»,— деп ырдаган (Заб. 25:8, 12). Чыныгы Кудай ар бирибизге өзүнүн уюмунда орун берген. Теократиялык көрсөтмөлөргө кармана берсек жана ар дайым Кудайга кызмат кылуу менен алек болсок, Жахабанын уюмундагы асыл ордубузду сактай алабыз.

Эсиңердеби?

• Эмне үчүн Исанын бардык жолдоочуларынын жыйналышта өз орду бар деп айтууга болот?

• Кудайдын уюмундагы ордубузду баалаарыбызды кантип көрсөтөбүз?

• Жыйналышта кандай орунду ээлерибиз эмнелерден көз каранды болот?

• Исанын жолун жолдогон жаштар жана чоңдор Кудайдын уюмундагы ордун кастарлаарын кантип көрсөтө алышат?

[Изилдөө суроолору]

[16-беттеги сүрөт]

Ага-инилер канткенде жыйналышта сыймыктуу жоопкерчиликтерге ээ боло алышат?

[17-беттеги сүрөт]

Эже-карындаштар жыйналыштагы ордун баалаарын кантип көрсөтө алышат?