Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Кубаныч менен чын жүрөктөн берүү

Кубаныч менен чын жүрөктөн берүү

Кубаныч менен чын жүрөктөн берүү

ЭЛЧИ Пабыл берүүгө байланыштуу: «Ар бир адам кыйылып же аргасыздан эмес, жүрөгүндө кандай чечсе, ошого жараша иш кылсын, анткени Кудай кубаныч менен бергендерди жакшы көрөт»,— деп жазган (2 Кор. 9:7). Жахаба чыныгы сыйынууну колдоого эч кимди мажбурлабайт. Ал кызматчыларынын тартууларды өз ыктыяры менен, чын жүрөктөн берип, ага болгон берилгендигин көрсөтүшүн каалайт. Тарых бою анын эли чыныгы сыйынууну колдоого байланыштуу чакырыкка чын ыкластан жооп кайтарып келген. Үч мисал карап көрөлү.

Ысрайылдыктарды Мисирден алып чыккандан кийин Жахаба аларга жыйын чатырын курууну буйруган. Аны курууга материалдык каражаттар талап кылынгандыктан, ысрайыл эли тартуу кылууга чакырылган. Ошондо «жүрөгү тарткандардын бардыгы» алтын, күмүш, асыл таштарды жана башка материалдарды алып келишкен. Алар ушунчалык берешен болгондуктан, тартууларды алып келүүнү токтотуу керектиги айтылган (Чыг. 35:5, 21; 36:6, 7).

Бир канча кылым өткөндөн кийин, ибадаткана куруу керек болгондо Кудайдын элине дагы бир ирет таза сыйынууну колдоого мүмкүнчүлүк түзүлгөн. Дөөтү падыша ал куруу ишине көп тартуу алып келип, башкаларды да өз салымын кошууга чакырган. Алар даярдуулук менен беришкен. Тартуу кылынган алтын менен күмүштүн эле баасы бүгүнкү эсеп менен 100 миллиард АКШ долларын түзгөн! Ысрайыл эли Жахабага өз ыктыярдуу тартууларды берүүдөн чоң кубаныч алган (1 Жылн. 29:3—9; 2 Жылн. 5:1).

Исанын биринчи кылымдагы жолдоочулары да чын көңүлдөн беришкен. Б.з. 33-жылы Элүүнчү күн майрамында 3 000дей киши чөмүлтүлгөн. Алардын көбү Иерусалимде жашачу эмес. Андыктан алардын арасындагы колунда жок адамдар ошол шаарда калып, жаңы кабыл алган ишеними жөнүндө көбүрөөк биле алышы үчүн, убактылуу каржылоо фонду уюштурулган. Шакирттер муктаж болгондорго жардам берүү үчүн мүлкүн сатып, түшкөн акчаны элчилерге алып келишкен. Жахаба ишенимди жана сүйүүнү чагылдырган мындай иштерди көргөндө кандай гана кубанса керек! (Элч. 2:41—47).

Бүгүнкү күндө Исанын жолдоочулары өздөрүнүн убактысын, күчүн жана акча-каражатын таза сыйынууну колдоо үчүн берешендик жана кубаныч менен берип жатышат. Тартуу кылуунун айрым жолдорун төмөнкү кутучадан билүүгө болот.

[18, 19-беттеги кутуча]

ТАРТУУ КЫЛУУНУН АЙРЫМ ЖОЛДОРУ

БҮТКҮЛ ДҮЙНӨЛҮК ИШКЕ ЫКТЫЯРДУУ ТАРТУУ КЫЛУУ

Көптөр атайын белгилүү бир суммада акча бөлүп, «Бүткүл дүйнөлүк иш үчүн» деген кутучага салышат.

Жыйналыштар ал кутучага түшкөн ыктыярдуу тартууларды ай сайын Жахабанын Күбөлөрүнүн жергиликтүү офисине жөнөтүп турушат. Андан тышкары, акчалай тартууну түздөн-түз Жахабанын Күбөлөрүнүн Кыргызстандагы филиалына (720080, Бишкек, Бородин көчөсү, 1) же силер жашаган өлкөдөгү филиалга жиберсеңер болот. (Төмөндө көрсөтүлгөн ыктыярдуу тартууларды да Жахабанын Күбөлөрүнүн жергиликтүү филиалына жиберсе болот.) Ошондой эле зергер буюмдарды же башка баалуу буюмдарды тартуу кылууга болот. Андайда тартуу менен бирге анын ыктыярдуу тартуу экенин тастыктаган кыскача кат жиберүү зарыл.

Шарттуу тартуу

Акчалай тартууну Жахабанын Күбөлөрүнүн уюмуна бүткүл дүйнөлүк ишке колдонулушу үчүн ишеним кат аркылуу тапшырууга болот. Бирок тартуу кылган киши суранса, акча кайра кайрылып берилет. Көбүрөөк маалымат алуу үчүн филиалга жогоруда көрсөтүлгөн дарек боюнча кат аркылуу же (0312) 65-60-20 номуру боюнча телефон аркылуу кайрылгыла.

ТАРТУУ КЫЛУУНУН БАШКА ЖОЛДОРУ

Акчалай тартуу кылуудан тышкары, бүткүл дүйнөлүк кабар айтуу ишин башка жолдор менен да колдоого болот. Төмөндө алардын айрымдары көрсөтүлдү.

Банк эсептери. Адам, жергиликтүү банктын талаптарына ылайык, банк эсептерин, депозиттик сертификаттарды же жеке пенсия эсептерин Жахабанын Күбөлөрүнүн уюмуна өткөрүп берсе болот же уюмга аларды көзү өтүп кеткенден кийин колдонуу укугун бере алат.

Акциялар жана баалуу кагаздар. Акциялардын жана баалуу кагаздардын ээси аларды Жахабанын Күбөлөрүнүн уюмуна тартуу катары же көзү өткөндөн кийин уюмга өтө тургандай кылып бере алат.

Кыймылсыз мүлк. Сатууга жарактуу кыймылсыз мүлктү тартуу катары берсе болот же көзү тирүү кезинде мүлкүн колдонууга болгон укугу сакталып, көзү өткөндөн кийин уюмга өтө тургандай кылып тартуу кылса да болот. Менчик мүлктү тартуу катары берүү үчүн документтерди каттатардан мурун филиал менен байланышышыңарды өтүнөбүз.

Керээз кат. Уюмга мүлктү же акча-каражатты мыйзамдуу түрдө бекитилген керээз кат аркылуу мурас катары калтырса болот.

Көбүрөөк маалымат алуу үчүн Кыргызстандагы же силер жашаган өлкөдөгү Жахабанын Күбөлөрүнүн филиалына телефон чалсаңар же кат жазсаңар болот.

Ай сайын тартуу кылуу. Ыйык Китепте: «Теңириңе мал-мүлкүң менен, алгачкы кирешең менен урмат көрсөт»,— деп айтылган (Накыл 3:9). Иштегендер же өз ишин жүргүзгөндөр ай сайын белгилүү бир суммада акча бөлүп, «Бүткүл дүйнөлүк иш үчүн» деген кутучага салса болот.