Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Кудайдын кызматчылары катары сылык-сыпаа болгула

Кудайдын кызматчылары катары сылык-сыпаа болгула

Кудайдын кызматчылары катары сылык-сыпаа болгула

«Кудайды туурагыла» (ЭФ. 5:1).

1, 2. а) Сылык-сыпаа болуу эмне үчүн маанилүү? б) Бул макалада эмнелер талкууланат?

СЬЮ ФОКС аттуу жазуучу адептүү жүрүм-турумга байланыштуу: «Сыпайгерчилик эч качан орунсуз болбойт. Кичи пейил болуу бардык жерде, бардык учурда пайдалуу»,— деп жазган. Эгер адам дайыма сылык-сыпаа болсо, башкалар менен болгон мамилесинде кыйынчылыктары аз болот, атүгүл болбошу деле мүмкүн. Ал эми башкаларга орой мамиле кылуу чыр-чатакка, таарынычка жана көңүл чөгөттүккө алып келет.

2 Исанын чыныгы жолдоочуларынын жыйналышындагы адамдар жалпы жонунан сыпайы келишет. Бирок биз бул дүйнөдөгү адамдардын оройлугун жана адепсиздигин жугузуп алуудан сак болушубуз керек. Келгиле анда, адептүүлүккө жаткан адаттарга байланыштуу ыйык китептик принциптер кандайча бизди коргоорун жана адамдарды чыныгы сыйынууга тартарын карап көрөлү. Сылык-сыпаа болуу деген эмнени билдирерин түшүнүү үчүн Жахаба Кудайдын жана анын Уулунун үлгүсүнө токтололу.

Жахабанын жана анын Уулунун үлгүсү

3. Жахаба Кудай сылык-сыпаа болуу жагынан кандай үлгү көрсөтөт?

3 Жахаба Кудай сылык-сыпаа болуу жагынан эң сонун үлгү көрсөтөт. Ал Ааламдын Эгедери катары эң жогорку абалды ээлесе да, адамдарга жылуу-жумшак жана урмат-сый менен мамиле кылат. Ыйык Китептин түп нускасында жазылгандай, Жахаба Ыбрайымга жана Мусага кайрылганда буйрукту сылык өтүнүчкө айландырган эврей сөзүн колдонгон (Башт. 13:14; Чыг. 4:6). Кызматчылары ката кетиргенде, ал аларга кайрымдуулук, ырайымдуулук, чыдамдуулук, боорукердик жана адилеттүүлүк менен мамиле кылат (Заб. 85:15). Жахаба, айрым адамдардай болуп, кимдир бирөө кайсы бир нерсени оюндагыдай кылбай калса, жаалданып заарын чачып кирбейт.

4. Башкалар бизге сүйлөп жатканда, Жахабаны кантип туурай алабыз?

4 Кудайдын кичи-пейилдиги адамдарды кандайча угарынан да айкын көрүнүп турат. Мисалы, Ыбрайым Содомдогу адамдар тууралуу бир катар суроолорду бергенде, Жахаба ар бирине чыдамдуулук менен жооп берген (Башт. 18:23—32). Ал Ыбрайымдын тынчсызданууларын анын убактысын алган нерсе катары көргөн эмес. Жахаба кызматчыларынын тиленүүсүн жана өкүнгөн күнөөкөрлөрдүн жалынып-жалбарганын угат (Оку: Забур 50:13, 19). Биз да, Жахабаны туурап, башкалар бизге сүйлөп жатканда, көңүл коюп угушубуз керек эмеспи?

5. Исаны туурап, кичи пейил болуу башкалар менен болгон мамилебизди кандайча жакшыртат?

5 Иса Машаяк Атасынан көп нерсеге, анын ичинде кичи пейилдикке үйрөнгөн. Айрым учурда анын кызматы көп убакытты жана күч-кубатты талап кылса да, ал дайыма чыдамдуу жана боорукер болгон. Ал кайыр сурап жан багууга мажбур болгон пес оорулууларга, сокур кишилерге жана жардамга муктаж башка адамдарга жардам берүүгө дилгир болгон. Алдын ала айтпай туруп келишсе да, Иса аларды четке каккан эмес. Атүгүл кылып жаткан ишин таштай салып, кыйналып айласы кеткен кишиге жардам берчү. Иса ага ишеним көрсөткөндөргө ушунчалык жылуу, аяр мамиле кыла турган (Мр. 5:30—34; Лк. 18:35—41). Исанын жолдоочулары катары биз анын үлгүсүнө карманып, жумшак жана жардам берүүгө ынтызар болобуз. Мындай жүрүм-турумубуз тууган-туушкандарыбыздын, кошуна-колоңдорубуздун жана башкалардын көз жаздымында калбайт. Андан да маанилүүсү, андай жүрүм-турум Жахабага даңк алып келип, бизге бакыт тартуулайт.

6. Иса башкаларга жылуу, достук мамиле кылуу жагынан кандай үлгү калтырган?

6 Иса адамдарга алардын атынан кайрылуу менен да урматтап-сыйлаарын көрсөтчү. Ал эми жүйүт диний жетекчилери тууралуу ушуну айтууга болобу? Кайдан. Алар Мыйзамды билбегендерди «каргышка калган» эл деп эсептеп, киши катары көрчү эмес (Жкн. 7:49). Кудайдын Уулу башкаларга эч качан андай мамиле кылган эмес. Ал Мартага, Мариямга, Закайга жана башка көптөгөн кишилерге алардын ысмынан кайрылган (Лк. 10:41, 42; 19:5). Бүгүнкү күндө башкаларга кантип кайрыларыбыз маданиятыбыздан жана жагдай-шартыбыздан көз каранды болсо да, биз Жахабанын кызматчылары катары бардыгына жылуу мамиле кылабыз *. Ишенимдештерибиздин жана башка адамдардын коомдогу ээлеген абалынын аларга сый-урмат көрсөтүшүбүзгө тоскоол болушуна жол бербейбиз (Оку: Жакып 2:1—4).

7. Кайсы жерде болбойлу, адамдарга кичи пейилдик менен мамиле кылуу үчүн ыйык китептик принциптерди колдонуу бизге кандайча жардам берет?

7 Кудайдын жана анын Уулунун бардык элдерге жана этностук топторго айкөлдүк, кичи пейилдик менен мамиле кылганы аларды урматтап-сыйлаарын көрсөтүп турат. Ошонун аркасында ак ниет кишилер чындыкка тартылууда. Албетте, адептүүлүккө жаткан жакшы адаттар ар кайсы жерде ар кандай болот. Ошондуктан биз бул жагынан катуу эрежелерге карманбайбыз. Тескерисинче, кайсы жерде болбойлу, адамдардын кадыр-баркын сыйлоодо ыйык китептик принциптерди колдонуунун аркасында ийилчээктик көрсөтөбүз. Келгиле, адамдарга сыпайы мамиле кылуу кызматыбызды жемиштүү кылууга кандайча жардам берерин карап көрөлү.

Адамдар менен учурашуу жана пикир алышуу

8, 9. а) Кандай адаттар адепсиздикке жатышы мүмкүн? б) Адамдар менен мамилелешүүдө эмне себептен Исанын Матай 5:47деги сөздөрүн эске алышыбыз керек?

8 Бүгүнкү күндө көп жерлерде жашоо агымы аябай тез болгондуктан, адамдар көбүнчө бири-бири менен учурашпай эле өтүп кетишет. Албетте, көчөдө кетип бараткандардын ар бири менен учураш деп эч ким талап кылбайт. Бирок башка көптөгөн жагдайларда учурашуу орундуу жана дурус. Башкалар менен дайыма учурашасыңбы? Же көп учурда жылмайбай, жылуу сөз айтпай эле өтүп кетесиңби? Адам жаман ою жок эле чын-чынында адептүүлүккө жатпаган адаттарды өрчүтүп алышы мүмкүн.

9 Иса бизге эскертүү берип: «Биртуугандарыңар менен гана учурашсаңар, кандай өзгөчө иш кылган болосуңар? Башка элдер деле ошентишет эмеспи»,— деген (Мт. 5:47). Буга байланыштуу консультант Дональд Уейс мындай деп жазган: «Адамдар, башкалар аларды көрмөксөнгө салып өтүп кеткенде, кыжырданышат. Чынында эле, кимдир бирөөнү билмексенге салган кишини эч нерсе менен актай албайсың. Көйгөйдү чечүүнүн жолу эң жөнөкөй: адамдар менен учураш, алар менен сүйлөш». Эгер башкалар менен мамилешүүдө салкын же кайдыгер болуудан качсак, жакшы натыйжага жетебиз.

10. Сыпайгерчиликке жаткан адаттар кызматыбызды жемиштүү кылууга кандайча жардам берет? («Жылуу жылмаюудан башта» деген кутучаны карагыла.)

10 Түндүк Американын ири шаарында жашаган жубайлар Том менен Кэролдун мисалын карап көрөлү. Алар жолуккан адамдар менен жагымдуу пикир алышууну кызматынын бир бөлүгү кылып алышкан. Кандайча? Том бир тууган Жакып 3:18ге шилтеме кылып, мындай дейт: «Биз адамдар менен достук маанайда сүйлөшөбүз жана алар менен ынтымакта болууга аракет кылабыз. Үйүнүн сыртында жүргөндөргө же короосунда иштеп жаткандарга басып барабыз да, жылмайып, учурашабыз. Биз аларды кызыктырган нерселер тууралуу: балдары, ити, үй-жайы, жумушу жөнүндө кобурашабыз. Убакыттын өтүшү менен алар бизди досторундай көрүп калышат». Кэрол мындай деп кошумчалайт: «Кийинки барганыбызда атыбызды айтып, алардыкын сурайбыз. Анан бул аймакта эмне кылып жүргөнүбүз тууралуу кыскача айтып беребиз. Ошентип, акыр-аягы күбөлөндүрүү бере алабыз». Том менен Кэрол өздөрү жашаган жердеги көптөгөн адамдардын ишенимине ээ болушту. Алардан Ыйык Китепке негизделген адабияттарды алып тургандардын саны арбын, ал эми айрымдар чындыкка терең кызыгуу көрсөтүүдө.

Кыйын жагдайларда сылык-сыпаа болуу

11, 12. Кабар айтып жүрүп жаман мамилеге кабыларыбызга эмне үчүн таң калбайбыз жана ага кандай жооп кайтарышыбыз зарыл?

11 Кээде жакшы кабар айтып жүрүп орой мамилеге кабылабыз. Буга таң калбайбыз, себеби Машаяк Иса жолдоочуларын алдын ала: «Эгер мени куугунтукташса, силерди да куугунтукташат»,— деп эскерткен (Жкн. 15:20). Бирок суук сөзгө суук сөз менен жооп берүү эч жакшы натыйжага алып келбейт. Анда кандай жооп кайтарышыбыз керек? Элчи Петир мындай деп жазган: «Машаякты Мырза катары жүрөгүңөрдө ыйык туткула. Үмүтүңөр жөнүндө сураган ар бир адамдын алдында жумшактык жана терең урмат-сый менен коргонууга дайым даяр болгула» (1 Пет. 3:15). Сылык-сыпаа болгонубуз, башкача айтканда, урмат-сый менен жылуу-жумшак жооп кайтарганыбыз бизди кемсинткен адамдардын көңүлүн жибитиши мүмкүн (Тит 2:7, 8).

12 Жаман сөздөрдү укканда өзүбүздү Кудайга жаккыдай алып жүрүүгө кантип даяр боло алабыз? Пабыл: «Сөзүңөр дайыма жагымдуу, туз менен татытылгандай болсун, ошондо ар бир адамга кантип жооп берүү керектигин билесиңер»,— деген кеңеш берет (Кол. 4:6). Эгер үй-бүлөбүздөгүлөргө, чогуу окугандарга, чогуу иштешкендерге, жыйналыштагыларга жана кошуналарга сылык-сыпаа мамиле кылууну адат кылып алсак, бизди шылдыңдап, кемсинткенде, өзүбүздү Исанын жолдоочусундай алып жүрүүгө даяр болобуз (Оку: Римдиктер 12:17—21).

13. Сылык-сыпаа болуу каршылаштардын көңүлүн жибитерин көрсөткөн мисал айтып бергиле.

13 Кыйын жагдайларда да сылык-сыпаа болуунун натыйжасы жакшы болот. Маселен, Жапониядагы бир Күбөнү үй ээси да, анын мейманы да шылдыңга алган. Бирок ал бир тууган сылык коштошуп, кетип калган. Аймакта андан ары кабар айтып жүрүп ал ошол меймандын аны анча алыс эмес жерден карап турганын байкаган. Ишенимдешибиз ага барганда, ал киши мындай деген: «Мен сизден кечирим сурайм. Сизге жаман нерселерди айтып жатсак да, байкашымча, жылмайып гана турдуңуз. Мен да сиздей болушум үчүн эмне кылышым керек?» Көрсө, ал киши жумушунан айрылгандыктан жана жакында эле энеси каза болгондуктан, бакыттан таптакыр үмүтүн үзүп коюптур. Бир тууганыбыз ыйык китептик изилдөө сунуштаганда, ал макул болгон. Көп өтпөй жумасына эки жолу изилдей баштаган.

Сыпайгерчиликке үйрөнүүнүн мыкты жолу

14, 15. Байыркы учурда Жахабанын кызматчылары балдарына кандай тарбия беришкен?

14 Байыркы учурда Кудайдан корккон ата-энелер балдарынын сылык-сыпаа болууга байланыштуу негизги нерселерди үйдөн үйрөнүшүнө кам көрүшчү. Башталыш 22:7-аятты окуп, Ыбрайым менен анын уулу Ыскактын бири-бирине сылык кайрылганына көңүл бурсаңар. Жусуп жөнүндөгү билдирүүлөрдөн көрүнүп тургандай, ал да ата-энесинен жакшы таалим-тарбия алган. Камакка алынганда ал атүгүл өзү менен бирге отургандарга да кичи пейилдик менен мамиле кылган (Башт. 40:8, 14, «ЖД»). Анын фараонго айткан сөздөрүнөн бийликтеги кишиге кантип тийиштүү түрдө кайрылыш керектигин билгенин көрүүгө болот (Башт. 41:16, 33, 34).

15 Ысрайыл уулдарына берилген Он осуятта: «Кудай-Теңириң берип жаткан жерде өмүрүң узун болсун десең, ата-энеңди сыйла»,— деген осуят бар болчу (Чыг. 20:12). Балдар ата-энесин сыйлаарын, мисалы, үйдөн өздөрүн адептүү алып жүрүү менен көрсөтүшкөн. Иптахтын кызы да, аябай оор болгонуна карабай, атасынын убадасына ылайык иш кылуу менен аны терең кадырлап-сыйлаарын айгинелеген (Башк. 11:35—40).

16—18. а) Балдарды адептүү болууга үйрөтүү үчүн эмне кылса болот? б) Балдарды жүрүм-турумдун адебине үйрөтүүнүн кандай пайдалары бар?

16 Балдарыбызды адептүү болууга үйрөткөнүбүз абдан маанилүү. Чоңдордой эле, жаштар да үйгө келген кишилерди жылуу тосуп алууга, телефонго сылык жооп берүүгө жана башкалар менен чогуу тамактанганда өздөрүн адептүү алып отурууга үйрөнүшү керек. Аларга башкаларга эшикти ачып бериши, кары кишилерге, оорулууларга боорукердик көрсөтүшү жана оор жүк көтөрүп келаткандарга жардамын сунуш кылышы эмне үчүн маанилүү экенин түшүндүрүп берүү керек. Балдар сылык өтүнүүнүн, кечирим суроонун, чын ыкластан «ырахмат», «эч нерсе эмес», «жардам берейинби?» деп айтуунун маанилүүлүгүн түшүнүшү зарыл.

17 Балдарды сылык-сыпаа болууга үйрөтүү аябай деле кыйын эмес. Мунун мыкты жолу — аларга жакшы үлгү болуу. Жыйырма беш жаштагы Курт өзүнүн жана үч бир тууганынын кичи пейил болууга кантип үйрөнүшкөнүн айтып, мындай дейт: «Биз апам менен атамдын бири-бирине сылык сүйлөгөнүн жана башкаларга чыдамдуулук, сый-сыпат менен мамиле кылганын көрчүбүз. Падышалык залынан атам мени жанына алып алып, жолугушууга чейин жана андан кийин жашы улуураак бир туугандар менен пикир алышар эле. Мен атамдын алар менен кантип учурашып жатканын жана аларды урматтап-сыйлаарын көрчүмүн». Курт сөзүн улап: «Бара-бара анын жакшы адаттары менин кан-жаныма сиңип, мен үчүн адамдарга сылык мамиле кылуу көнүмүш эле нерсеге айланды. Милдеттүү болгондуктан эмес, өзүң каалагандыктан ошентип калат экенсиң»,— дейт.

18 Ата-энелер балдарын жүрүм-турумдун адебине үйрөтүшсө, натыйжасы кандай болот? Балдар досторду таба алышат, башкалар менен жакшы мамиледе болушат. Ошондой эле жумуш берүүчүсү, чогуу иштешкендери менен тил табышып, жакшы иштешип кете алышат. Ал эле эмес, адептүү, сыпайы жана түз жүргөн балдар ата-энесине кубаныч жана канааттануу тартуулашат (Оку: Накыл сөздөр 23:24, 25).

Адептүүлүгүбүз бизди башкалардан айырмалайт

19, 20. Эмне себептен сылык-сыпаа Кудайыбызды жана анын Уулун тууроого чечкиндүү болушубуз керек?

19 «Кудайды туурагыла, анткени силер анын сүйүктүү балдарысыңар»,— деп жазган Пабыл (Эф. 5:1). Жахаба Кудайды жана анын Уулун тууроо үчүн бул макалада каралган ыйык китептик принциптерди да иш жүзүндө колдонуу керек. Ошентсек, жогорку абалды ээлеген адамдарга жагыныш үчүн же кандайдыр бир пайда көрүш үчүн эле эки жүздүүлөнүп сылыктык көрсөтпөйбүз (Жүй. 16).

20 Өзүнүн каардуу башкаруусунун акыркы күндөрүндө Шайтан сый-сыпат жүрүм-турумга байланыштуу Жахаба бекиткен нормаларды жоюуга аракет кылууда. Бирок Ибилистин аракетинен эч майнап чыкпайт: ал Исанын чыныгы жолдоочуларынын кичи-пейилдикке жаткан жакшы адаттарын жок кыла албайт. Келгиле, ар бирибиз сылык-сыпаа Кудайыбызды жана анын Уулун тууроого чечкиндүү бололу. Ошондо сүйлөгөн сөзүбүз жана жүрүм-турумубуз адепсиз адамдардыкынан ар дайым айырмаланып турат. Ошондой эле сылык-сыпаа болуу менен бул жагынан эң мыкты үлгү калтырган Кудайыбыз Жахабанын ысмына даңк алып келебиз жана жүрөгү таза адамдардын чыныгы сыйынууга тартылышына өбөлгө түзөбүз.

[Шилтемелер]

^ 6-абз. Айрым маданияттарда улуу кишиге, эгер өзү суранбаса, атынан кайрылуу адепсиздикке жатат. Исанын жолдоочуларынын андай салттарды урматтаганы дурус.

Эсиңердеби?

• Сылык-сыпаа болуу жагынан Жахабадан жана анын Уулунан эмнеге үйрөнө алабыз?

• Исанын жолдоочулары эмне себептен башкалар менен жылуу учурашышы абзел?

• Сыпайгерчилик кызматыбыздын жемиштүү болушуна кандайча өбөлгө түзөт?

• Балдарды адептүү болууга үйрөтүүдө ата-энелердин ролу кандай?

[Изилдөө суроолору]

Жылуу жылмаюудан башта

Көптөр бейтааныш адамдар менен сөз баштоодон жазганышат. Анткен менен Жахабанын Күбөлөрү Кудайды жана жакындарын сүйгөндүктөн, адамдарга Ыйык Китептеги чындыктарды жеткирүү үчүн сөз баштоого үйрөнүүгө чын дилден аракет жасашат. Бул жагынан жакшырууга сага эмне жардам берет?

Филипиликтер 2:4тө: «Өзүңөрдүн эле эмес, башкалардын да кызыкчылыктарын ойлогула»,— деген баалуу принцип жазылган. Ушул аяттагы сөздөр тууралуу ойлонуп көрсөң. Эгер кимдир бирөө сени мурун жолуктурбаса, ал сени чоочун киши катары көрөт. Ал өзүн эркин сезиши үчүн, эмне кылсаң болот? Буга жылуу жылмаюу жана достук маанайда учурашуу жардам бериши мүмкүн. Бирок дагы эске алчу нерсе бар.

Кимдир бирөө менен сөз баштоого аракет жасаганыңда анын оюн бөлүп коюшуң ыктымал. Эгер анын эмне жөнүндө ойлонуп келатканын эске албай, өзүңдүн оюңдагы нерселер тууралуу айта берсең, ал сени менен сүйлөшпөй коюшу мүмкүн. Андыктан анын эмне жөнүндө ойлонуп келатканын болжолдоп баамдай алсаң, ошол тууралуу сөз баштоого эмне үчүн болбосун? Иса Самариядагы кудуктун жанынан бир аял менен маегин так ушинтип баштаган (Жкн. 4:7—26). Ал аял суу алуу тууралуу ойлонуп келаткан. Иса аны менен ошонун негизинде сөз баштап, анан сөздү рухий темага бурган. Натыйжада, жакшы талкуу жүргөн.

[26-беттеги сүрөт]

Адамдарга жылуу-жумшак мамиле кылуу жакшы күбөлөндүрүү берүүгө өбөлгө түзүшү мүмкүн

[28-беттеги сүрөт]

Сылык-сыпаа болуу ар дайым орундуу