Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Кулагы укпаган бир туугандарды бапестегиле!

Кулагы укпаган бир туугандарды бапестегиле!

Кулагы укпаган бир туугандарды бапестегиле!

БҮГҮНКҮ күндө Кудайдын эли рухий бир туугандардан турган чоң үй-бүлөнү түзөт. Ал үй-бүлөнүн тарыхы байыркы учурда жашаган Шемуел, Дөөтү, Шимшон, Рахап, Муса, Ыбрайым, Саара, Нух, Абыл сыяктуу эркек-аялдардан башталган. Жахабанын ишенимдүү кызматчыларынын арасында көптөгөн дүлөй кишилер да бар. Мисалы, Монголиядагы эң биринчи эки Күбө дүлөй жубайлар болгон. Орусиядагы кулагы укпаган ишенимдештерибиз актыгынан жазбагандыктан, биз Адам укуктары боюнча Европа сотунда жеңишке ээ болгонбуз.

Ушул тапта «ишенимдүү жана акылдуу кул» жаңдоо тилинде адабияттарды чыгарып, жыйналыштарды жана жыйындарды уюштурууда (Мт. 24:45). Булардан дүлөй кишилер зор пайда алып жатышат *. Бирок мындай чаралар караштырыла электе, аларга чыныгы Кудай тууралуу билүү жана чындыкта ийгилик жасоо канчалык кыйын болгонун элестетип көрдүң беле? Сен жашаган жердеги дүлөй кишилерге кантип жардам берсең болору жөнүндө ойлонуп көрдүң беле?

Чаралар караштырыла электе...

Эгер кулагы укпаган кары ишенимдештериңен Кудайды кантип тааныганы тууралуу сурасаң, эмне деп жооп бериши мүмкүн? Кудайдын ысмы бар экенин эң алгач укканда кандай сезимде болгонун, ушул бир эле чындык алардын жашоосун өзгөртүп, Жазмадагы чындыктарды тереңирээк түшүнүүгө көмөк кылган видео программалар же DVDлер жаңдоо тилинде чыккыча, аларды кандайча бекемдеп келгенин айтып бериши ыктымал. Ошондой эле жыйналыш жаңдоо тилинде өткөрүлө электе же ал тилге которула электе акыбал кандай болгонун баяндап бериши этимал. Балким, кимдир бирөө алардын жанына отуруп алып, айтылып жаткандарды кагазга жазып түшүндүрүп берүүгө аракет жасагандыр. Бир дүлөй бир тууган, жыйналышка жаңдоо тилине которгон котормочу келгиче, жети жыл бою ыйык китептик чындыктарды ушундай жол менен таанып-билген.

Жашы өтүп калган дүлөй Күбөлөр кулагы уккан кишилерге кабар айтуу кандай кыйынчылыктар менен коштолгонун эскеришет. Алар бир колуна жөнөкөй сунуштоо жазылган кичинекей карточканы, экинчи колуна «Күзөт мунарасы» жана «Ойгонгула!» журналдарынын акыркы сандарын кармап алып үймө-үй кабар айтышчу. Башка дүлөй киши менен кагаз жүзүнө басылган адабиятты колдонуп Ыйык Китепти изилдөө абдан оор болгон, анткени андай адабиятты экөө тең жакшы түшүнчү эмес. Жашы илгерилеп калган андай жарчылар рухий чындыктарды жакшы түшүнбөгөндүктөн, ал тууралуу көбүрөөк айтып бере албаганына ыза болгон учурларын эстешет. Алар Жахабаны терең сүйсө да, билгендерин иш жүзүндө ишенимдүү түрдө колдоно албай кыйналышчу. Эмне үчүн? Себеби кайсы бир нерсени туура түшүнгөнүнө шектенишчү.

Ушундай тоскоолдуктардын баарына карабай, кулагы укпаган ага-инилерибиз жана эже-карындаштарыбыз актыгында бек турууда (Аюб 2:3). Алар Жахабаны чыдамсыздык менен күтүп келишкен (Заб. 36:7). Эми Кудай аларга батасын алар күтпөгөндөн да мол төгүп жатат.

Кулагы укпаган бир ишенимдешибиздин, үй-бүлөнүн башчысынын, кандай иш-аракеттерди кылганын карап көрөлү. Жаңдоо тилинде видео программалар чыга электе эле ал үй-бүлөлүк изилдөөнү үзгүлтүксүз өткөрчү. Анын уулу мындай деп эскерет: «Атам үчүн үй-бүлөлүк изилдөө өткөрүү дайыма оор болчу, анткени бизди окутууда колдонгон адабияттардын баары кагаз жүзүндө эле. Көп учурда ал жазылган маалыматтарды толук түшүнчү эмес. Биз, балдар, жагдайды ого бетер оорлотчубуз. Кайсы бир нерсени туура эмес түшүндүрүп жатканда, биз аны дароо айта салчубуз. Ошого карабастан, ал үй-бүлөлүк изилдөөнү дайым өткөрчү. Ал өзүнүн англис тилин анча түшүнбөй кыйналып-кысталганына эмес, биздин Жахаба тууралуу билим алышыбызга маани берчү».

Бруклинде (Нью-Йорк, АКШ) жашаган кулагы укпаган жана көзү көрбөгөн 70тен ашып калган Ричард бир туугандын мисалына да токтололу. Ал жыйналыш жолугушууларын калтырбаганы менен белгилүү. Жыйналышка барыш үчүн өзү метрого түшүп, качан чыгышы керектигин билүү үчүн аялдамаларды санап отурчу. Бир жолу кыштын күнү катуу бурганак болгондуктан, жыйналыш жолугушуусу өткөрүлбөй турган болот. Бул жөнүндө жыйналыштагылардын баарына билдирилип, Ричард бир тууганга айтылбай калат. Бир туугандар бул тууралуу билип, аны издеп жөнөшөт. Алар Ричардды Падышалык залынын сыртында эшиктин ачылышын чыдамкайлык менен күтүп турган жеринен табышат. Андан эмне себептен бороонго карабай жыйналышка келгенин сурашканда, ал: «Мен Жахабаны жакшы көрөм»,— деп жооп берген.

Сен эмне кылсаң болот?

Сен турган аймакта дүлөй кишилер жашайбы? Алар менен сүйлөшүү үчүн жаңдоо тилин үйрөнө аласыңбы? Дүлөй кишилер башкаларды өздөрүнүн тилине үйрөтүүдө абдан сылык-сыпаа жана чыдамдуу келишет. Кызматта же башка иштериң менен жүрүп кулагы укпаган кишини жолуктуруп калсаң, эмне кылсаң болот? Пикир алышууга аракет кыл. Жаңсоолорду, сүрөттөрдү колдон, оюңду кагазга жазып, сүрөт тартып түшүндүр же ушуларды айкаштыр. Адам чындыкка кызыкпаса да, ал тууралуу дүлөй же жаңдоо тилин билген бир тууганга айт. Кабар жаңдоо тилинде айтылса, дүлөй кишинин кызыгуусун туудурушу ыктымал.

Мүмкүн, сен жаңдоо тилин үйрөнүп, ал тилде өткөрүлгөн жыйналышка катышып жаткандырсың. Анда канткенде дагы жакшыраак жаңсоого үйрөнүп, тилди тереңирээк түшүнө аласың? Жыйналышыңда кулагы уккан жарчылар бар болсо да, алар менен жаңдоо тилинде сүйлөшүүгө эмне үчүн болбосун? Бул сага жаңдоо тилинде ой жүгүртүүгө жардам берет. Кээде жаңсап отурбай, сүйлөп жибергиң келиши ыктымал. Бирок кайсы гана тилди үйрөнбө, анда эркин сүйлөш үчүн ар кандай кыйынчылыктарда туруктуу болушуң керек.

Жаңдоо тилинде сүйлөөгө талыкпай күч-аракет жумшоо менен кулагы укпаган бир туугандарыбызды сүйөрүбүздү жана ардактап-сыйлаарыбызды көрсөтөбүз. Дүлөй кишилердин күнүгө жумуштагы, мектептеги адамдарды түшүнө албай ичтен сызганын элестетсең. «Күн сайын айланамдагы адамдардын сүйлөп жатканын көрөм,— дейт кулагы укпаган бир ишенимдешибиз.— Көп учурда өзүмдү жалгыз, эч кимге керегим жоктой сезем. Мындай сезимдер ичиме топтоло берет. Ошондуктан капа болом, атүгүл ачууланам. Кээде кандай сезимде болорумду сөз менен толук жеткирүү мүмкүн эмес». Жыйналышыбыз кулагы укпаган бир туугандарыбыз үчүн рухий тамак алууга, жылуу пикир алышууга, достошууга мүмкүнчүлүк түзгөн жагымдуу жай болушу керек (Жкн. 13:34, 35).

Кадимки жыйналыштар менен бирге чогулуп турган кулагы укпаган бир туугандардын чакан топтору да бар. Аларга жолугушуулар которулуп берилет. Айтылып жаткандардын маанисин толук түшүнүү үчүн дүлөй бир туугандар Падышалык залынын алдыңкы орундарына отурушат. Бул аларга сүйлөп жаткан кишини да, котормочуну да эч тоскоолдуксуз көрүүгө өбөлгө түзөт. Тажрыйба көрсөтүп тургандай, жыйналыштын калган мүчөлөрү буга бат эле көнүп кетишет жана бул аларды алаксытпайт. Мындай чара жыйындарда да колдонулуп, программа жаңдоо тилине которулат. Арийне, маалыматты дүлөй киши айткандай, түшүнүктүү жана табигый, кылып которуп берүү үчүн күжүрмөн эмгектенип жаткан бир туугандар мактоого татырлык.

Балким, силердин жыйналыш жаңдоо тилиндеги топко кам көрөттүр же жыйналышта бир нече дүлөй кишилер бардыр жана программа аларга которулуп берилеттир. Кулагы укпаган андай бир туугандарга кантип жекече көңүл бурсаң болот? Аларды конокко чакыр. Мүмкүн болсо, бир нече жаңсоо үйрөнүп ал. Пикир алышууга тоскоол болгон нерселерден коркпо. Алар менен сүйлөшүүнүн эбин таба аласың. Сүйүүңдү ушундай жол менен көрсөтсөң, кийинкиге жагымдуу эскерүүлөр калат (1 Жкн. 4:8). Кулагы укпаган ишенимдештерибизден көп нерсеге үйрөнсөк болот. Алар сүйлөшкөндү жакшы көрүшөт, абдан кыраакы жана тамашакөй келишет. Атасы да, энеси да дүлөй бир ишенимдешибиз мындай дейт: «Мен өмүр бою дүлөй адамдар менен жашап келем. Алар мага ушунча көп нерсе беришти; алгандарымды эч качан актай албайм. Биз кулагы укпаган бир туугандарыбыздан көп нерсеге үйрөнсөк болот».

Жахаба өзүнүн ишенимдүү Күбөлөрүн, анын ичинде кулагы укпаган кызматчыларын абдан жакшы көрөт. Алар бекем ишеними жана туруктуулугу менен Жахабанын уюмунун көркүнө көрк кошушат. Андыктан кулагы укпаган бир туугандарыбызды бапестейли!

[Шилтемелер]

[31-беттеги сүрөт]

Падышалык жөнүндөгү кабар жаңдоо тилинде айтылса, дүлөй кишилерди көбүрөөк кызыктырышы мүмкүн

[32-беттеги сүрөт]

Жыйналышыбыз кулагы укпаган бир туугандарыбызды бекемдей турган жагымдуу жай болушу керек