Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Окурмандардын суроолору

Окурмандардын суроолору

Окурмандардын суроолору

Жыйналыш жолугушууларында жана жыйындарда ыйык китептик баяндамаларды жаңдоо тилине которуп берген эже-карындаш баш кийим кийиши керекпи?

Негизи, Исанын жолун жолдогон аял жолдошу же жыйналыштагы эркек бир тууган аткара турган жоопкерчиликтерди аткарса, баш кийим кийип алышы керек. Бул элчи Пабыл айткан принципке ылайык келет. Ал белгилегендей, «жылаңбаш тиленген же пайгамбарлык кылган ар бир аял өз башын уятка калтырат», анткени «аялдын башчысы эркек» (1 Кор. 11:3—10). Андай жагдайларда эже-карындаш жөнөкөй, ылайыктуу баш кийим кийүү менен жыйналыш жолугушууларындагы теократиялык тартипке баш иерин көрсөтөт * (1 Тим. 2:11, 12).

Бирок эже-карындаш жаңдоо тилине эркек бир тууган айткан баяндаманы которуп берсечи? Ооба, ал жыйналыштагыларга тек гана баяндамачынын ойлорун жеткирет. Мындайча айтканда, окутуучунун ролун которуп берип жаткан эже-карындаш эмес, баяндама сүйлөп жаткан эркек бир тууган аткарат. Анткен менен жаңдоо тилине которуу кадимки тилге которуудан бир топ айырмаланат. Кадимки тилге которууда угуучулар котормочуну угуп жатып баяндамачыга көңүл топтой алышат. Жаңдоо тилине которуудан айырмаланып, кадимки тилге которууда эже-карындаштар угуучулардын көңүлүнүн борборунда деле болушпайт. Кээде алар которуп жатканда отуруп алууну же туруп турган болсо, угуучуларды эмес, баяндамачыны карап алууну чечиши мүмкүн. Андыктан кадимки тилге которуп берип жаткан эже-карындаштар баш кийим кийбей деле койсо болот.

Андан тышкары, баяндаманы жаңдоо тилине которууда заманбап техника колдонулгандыктан, котормочунун ролу жогорураак көрүнүшү ыктымал. Жаңдоо тилине которуп жаткан эже-карындаш, адатта, чоң экран аркылуу көрсөтүлөт, ал эми баяндамачы башкаларга атүгүл көрүнбөшү деле мүмкүн. Ушуларды эске алганда, жаңдоо тилине которуп жаткан эже-карындаштын өзүнүн негизги ролду ойнобой турганын көрсөтүп, баш кийим кийип алганы орундуу болоттур.

Теократиялык кызмат мектебинин бөлүктөрүн, демонстрацияларды, ошондой эле Жыйналыштын Ыйык Китеп изилдөөсүндө, кызмат жолугушуусунда жана «Күзөт мунарасын» изилдөөдө берилген комментарийлерди которуп берүүдө бул жаңы көрсөтмөнү кантип колдонсо болот? Эже-карындаш мындай учурларда да баш кийим кийиши керекпи? Айрым учурларда, жыйналыштагылардын бардыгына жолугушууну чынында ал алып барып жатпаганы түшүнүктүү болсо, эже-карындаш баш кийим кийбей деле койсо болот. Мисалы, андай жагдайларга жыйналыштагылардын жоопторун, демонстрацияларды, эже-карындаштар алып чыккан тапшырмаларды которуу кирет. Бирок ал жолугушуулардын бөлүктөрүн, «Күзөт мунарасын», Жыйналыштын Ыйык Китеп изилдөөсүн алып барган эркек бир тууганды которгондо же ыр ырдоодо жетекчилик кылганда анын баш кийим кийиши талап. Жолугушуу учурунда ага эркек бир туугандарды, эже-карындаштарды, балдарды жана аксакалдарды которуп берүүгө туура келиши мүмкүн. Муну эске алганда, анын жыйналыштын башынан аягына чейин баш кийимчен болгону ыңгайлуу болоттур.

[Шилтеме]

^ 3-абз. Исанын жолун жолдогон аялдын кайсы учурда баш кийим кийиши керектиги тууралуу көбүрөөк билүү үчүн «Кудайдын сүйүүсүнөн айрылбоого умтулгула» деген китептин 209—212-беттерин карагыла.