Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Тиленүүлөрүң сен жөнүндө эмнени айтып турат?

Тиленүүлөрүң сен жөнүндө эмнени айтып турат?

Тиленүүлөрүң сен жөнүндө эмнени айтып турат?

«Сен сыйынууну угасың, ар бир адам Сага чуркайт» (ЗАБ. 64:3).

1, 2. Эмне себептен Жахабанын кызматчылары ага бекем ишеним менен кайрыла алышат?

ЖАХАБА ишенимдүү кызматчыларынын өтүнүчтөрүн ар дайым угат. Анын бизди угарына кымындай да шектенбесек болот. Атүгүл миллиондогон Жахабанын Күбөлөрү бир убакта тиленсе да, Кудай алардын ар бирин угат.

2 Забурчу Дөөтү Кудайдын анын тиленүүлөрүн угарына күмөн санабагандыктан: «Сен сыйынууну угасың, ар бир адам Сага чуркайт»,— деп ырдаган (Заб. 64:3). Анын тиленүүлөрү жоопсуз калган эмес, себеби ал Жахабанын берилген кызматчысы болчу. Андыктан өзүбүзгө: «Тиленүүлөрүм Жахабага таянарымды жана таза сыйынуу жашоомдо негизги орунда турарын көрсөтүп турабы? Алар мен жөнүндө эмнени айтып турат?» — деген суроолорду берип көрүшүбүз абзел.

Жахабага момундук менен тиленүү

3, 4. а) Кудайга кандай маанай менен тиленишибиз керек? б) Олуттуу күнөө кетиргендиктен тынчыбызды алган ойлордон улам кыйналып жатсак эмне кылуу зарыл?

3 Эгер Кудайдын тиленүүлөрүбүздү угушун кааласак, ага момундук менен кайрылышыбыз керек (Заб. 137:6). Биз Жахабадан, Дөөтүдөй болуп, бизди сынашын сурап тиленишибиз зарыл. Ал: «Кудайым, мени сынап, жүрөгүмдү бил; мени сынап, ойлорумду бил. Кара, мен коркунучтуу жолдо эмесминби, мени түбөлүктүү жолдо жетектеп жүр»,— деп суранган (Заб. 138:23, 24). Келгиле, тиленип эле койбой, Кудайга бизди текшеришине жол берип, анын Сөзүндөгү кеңештерге кулак кагалы. Ошондо Жахаба бизди «түбөлүктүү жолдо» жетектейт, башкача айтканда, түбөлүк өмүргө алып бара турган жолдо жүрүүгө жардам берет.

4 Олуттуу күнөө кетиргендиктен, тынчыбызды алган ойлордон улам кыйналып жатсакчы? (Оку: Забур 32:1—5). Жемелеп жаткан абийирди басып салууга аракеттенүү, жайдын аптабы бакты соолуткандай, алдан-күчтөн тайдырат. Дөөтү күнөөсүнүн айынан кубанычын жоготкон, ооруп да калса керек. Бирок ал күнөөсүн Кудайга ачык айтканда кандай гана жеңилдей түшкөн! Жахабанын анын «мыйзамсыз иштерин» кечиргенин сезгенде Дөөтүнүн канчалык кубанганын элестетсеңер. Күнөө кетирген киши күнөөлөрүн Кудайга ачык айтканда жеңилдеп калат. Аксакалдардын жардамы да ага рухий ден соолугу калыбына келтирүүгө көмөк кылат (Накыл 28:13; Жкп. 5:13—16).

Кудайга жалынуу жана ыраазычылык билдирүү

5. Жахабага жалынуу деген эмнени билдирет?

5 Кандайдыр бир себептерден улам аябай тынчсызданып жатсак, Пабылдын: «Эч нерсеге тынчсызданбагыла, бардык өтүнүчүңөрдү тиленүү жана жалынуу аркылуу Кудайга ыраазычылык менен билдиргиле»,— деген кеңешин колдонушубуз зарыл (Флп. 4:6). «Жалынуу» «момундук менен жалбаруу, өтүнүү» деген маанини берет. Биз, өзгөчө, кандайдыр бир коркунуч туулганда же куугунтукталганыбызда жалынып-жалбарып Жахабадан жардам жана жетекчилик сураганыбыз маанилүү.

6, 7. Эмне себептен тиленгенде ыраазычылык билдиришибиз зарыл?

6 Бирок бир нерсеге муктаж болгондо эле тиленсек, бул ниетибиздин кандай экенин көрсөтмөк? Пабыл өтүнүчтөрүбүздү Кудайга «ыраазычылык менен билдиришибиз» керектигин айткан. Дөөтүдөй болуп, Кудайга ыраазычылык билдирүүгө бизде көптөгөн себептер бар. Ал мындай деген: «Теңир, улуулук да, кудуреттүүлүк да, даңк да, жеңиш да, урмат-сый да Сага таандык, жердеги менен асмандагынын баары Сеники! Теңир, падышачылык бийлик да Сеники! Бардыгынын Эгедери Сенсиң, бир Өзүң бардыгынан жогорусуң!.. Теңир, даңазалап, улуу ысымыңды мактап жатабыз!» (1 Жылн. 29:11—13).

7 Иса тамак үчүн жана Эскерүү кечесинде колдонулган нан менен шарап үчүн Кудайга ыраазычылык билдирген (Мт. 15:36; Лк. 22:18, 19). Ушу сыяктуу нерселерге ыраазычылык билдиргенден тышкары, биз Жахабага «адам баласына көрсөткөн керемет иштери», «адилет өкүмдөрү» жана анын Сөзү, Ыйык Китепте камтылган кабары, үчүн ыраазычылык билдиришибиз зарыл (Заб. 106:15; 118:62, 105).

Башкалар үчүн тиленүү

8, 9. Эмне себептен ишенимдештерибиз үчүн тиленишибиз керек?

8 Өзүбүз үчүн тиленерибиз турган иш, бирок башкалар үчүн да, атүгүл тааныбаган ишенимдештерибиз үчүн да тиленишибиз абзел. Элчи Пабыл Колосадагы ишенимдештеринин баарын тааныбаса керек. Ошентсе да ал мындай деп жазган: «Силер үчүн тиленгенибизде Кудайга, Мырзабыз Иса Машаяктын Атасына, ар дайым ыраазычылык айтабыз. Анткени Машаяк Исага болгон ишенимиңер жана бардык ыйыктарга болгон сүйүүңөр жөнүндө укканбыз» (Кол. 1:3, 4). Пабыл Исанын Тесалоникадагы жолдоочулары үчүн да тиленген (2 Тес. 1:11, 12). Мындай тиленүүлөр биз тууралуу жана ишенимдештерибизге карата кандай көз карашта экенибиз тууралуу көптү айтып турат.

9 Исанын майланган жолдоочулары жана алардын шериктери «башка койлор» үчүн тиленгенибиз Кудайдын уюмунун кызыкчылыгын ойлорубузду айгинелейт (Жкн. 10:16). Пабыл, ага «сүйлөө жөндөмдүүлүгү берилип, жакшы кабардын ыйык сырын сүйлөө эркиндиги менен айта алгыдай болушу» үчүн, ишенимдештеринен тиленишин суранган (Эф. 6:17—20). Биз да ишенимдештерибиз үчүн тиленебизби?

10. Башкалар үчүн тиленүү бизге кандай таасир этиши мүмкүн?

10 Башкалар үчүн тиленүү аларга болгон көз карашыбызды өзгөртүшү мүмкүн. Анча жактыра бербеген адам үчүн тиленсек, ал жөнүндө кантип жаман ойдо болмок элек? (1 Жкн. 4:20, 21). Ушу сыяктуу тиленүүлөр бир туугандарыбыз менен болгон мамилебизди бекемдеп, биримдикке өбөлгө түзөт. Андан тышкары, андай тиленүүлөр Машаяктыкындай сүйүүнү чагылдырып жатканыбызды көрсөтөт (Жкн. 13:34, 35). Сүйүү Кудайдын рухунун жемишине кирет. Ар бирибиз Жахабадан ыйык рух сурап тиленип, анын жемишин: сүйүүнү, кубанычты, тынчтыкты, чыдамкайлыкты, боорукердикти, жакшылык кылуучулукту, ишенимди, жумшактыкты, өзүн өзү кармай билүүнү чагылдырууга жардам сурайбызбы? (Лк. 11:13; Гал. 5:22, 23). Ошентсек, сөздөрүбүздөн жана иштерибизден рухтун жетеги менен жүрүп, анын жетеги менен жашап жатканыбыз айкын болот (Оку: Галатиялыктар 5:16, 25).

11. Башкалардан биз үчүн тиленишин суранганыбыз орундуу деп эмне үчүн айта алабыз?

11 Эгер балдарыбыздын мектепте текшерүү ишин же экзаменди чынчылдык менен тапшырбай жатканын байкасак, алар үчүн тиленишибиз жана Ыйык Китепти колдонуп чынчыл болууга, туура эмес иш кылбоого жардам көрсөтүшүбүз абзел. Пабыл Корунттагы ишенимдештерине: «Эч кандай жаман иш кылбашыңар үчүн, Кудайдан тиленебиз»,— деген (2 Кор. 13:7). Момундук менен айтылган ушундай тиленүүлөр Жахабага жагат жана биздин жакшы адам экенибизди көрсөтөт (Оку: Накыл сөздөр 15:8). Элчи Пабылдай болуп, башкалардан биз үчүн тиленишин сурансак болот. «Биз үчүн тиленгиле,— деп жазган ал,— анткени бардык жагынан чынчыл болууну каалагандыктан биз абийирибиздин таза экенине бекем ишенебиз» (Эвр. 13:18).

Тиленүүлөрүбүз биз тууралуу дагы эмнени айтып турат?

12. Биринчи кезекте эмнелер тууралуу тиленишибиз керек?

12 Тиленүүлөрүбүз биздин Жахабанын бактылуу жана ынталуу Күбөлөрү экенибизди айгинелеп турабы? Өтүнүчтөрүбүз Кудайдын эркине ылайык келип, Падышалык жөнүндө кабар айтуу, Жахабанын эгедерлигинин акталышы жана анын ысмынын ыйыкталышы биз үчүн абдан маанилүү экенин далилдеп турабы? Исанын үлгү катары айткан тиленүүсү биринчи кезекте мына ушулар тууралуу тиленишибиз керектигин көрсөтүп турат. Ал тиленүү мындай сөздөр менен башталат: «Асмандагы Атабыз, ысмың ыйыкталсын. Падышалыгың келсин. Сенин эркиң, асмандагыдай эле, жерде да аткарылсын» (Мт. 6:9, 10).

13, 14. Тиленүүлөрүбүз эмнени көрсөтүп турат?

13 Тиленүүлөрүбүз ниетибиздин, кызыкчылыктарыбыздын жана каалоолорубуздун кандай экенин айкын кылат. Жахаба ички дүйнөбүздү жакшы билет. Накыл сөздөр 17:3тө: «Эритүүчү меш күмүш үчүн, көрүктүн очогу алтын үчүн, ал эми жүрөктөрдү Теңир сынайт»,— деп айтылган. Кудай жүрөгүбүздө эмне бар экенин көрүп турат (1 Шем. 16:7). Жыйналыш жолугушууларына, кызматыбызга, ишенимдештерибизге карата кандай көз карашта экенибиз ага белгилүү. Жахабага Машаяктын «биртуугандарына» карата кандай ойдо экенибиз да маалым (Мт. 25:40). Ал, сурап жаткан нерсебизди чын эле каалап жатабызбы же жөн эле окшош сөздөрдү кайталап жатабызбы, билет. Иса мындай деген: «Тиленгенде, дүйнөнүн адамдарындай болуп, окшош эле нерселерди кайра-кайра кайталай бербе, себеби алар көп сөздөрдү айтканда тиленүүлөрү угулат деп [жаңылыш] ойлошот» (Мт. 6:7).

14 Тиленип жатканда айткан сөздөрүбүз Кудайга канчалык таянарыбызды да айгинелейт. «Сен [Жахаба] менин баш калкалар жайымсың, Сен менин душмандан коргогон бекем мунарамсың. Мен Сенин үйүңдө түбөлүк жашайын, Сенин канатыңдын астында тынч алайын»,— деп айткан Дөөтү (Заб. 60:4, 5). Кудай каймана мааниде үстүбүзгө «чатырын жайганда», коопсуз болуп, анын камкордук менен бизди коргогонун сезебиз (Аян 7:15). Ишенимибиз сыналып жатканда Жахабага тиленүү аркылуу жакындоо жана анын биз менен экенин билүү кандай жубатат! (Оку: Забур 117:5—9).

15, 16. Тиленүү жыйналыштагы жоопкерчиликтерге ээ болууга болгон каалообузду текшерүүгө кандайча жардам берет?

15 Жахабага өзүбүздүн ниеттерибиз тууралуу чынчылдык менен тиленүү аларды текшерүүгө жардам берет. Мисалы, эмнеден улам Кудайдын элинин арасында көзөмөлчү болуп кызмат кылууга умтулабыз? Момундук менен башкаларга жардам берүүнү жана Падышалыктын кызыкчылыктарын алга жылдырууну каалагандыктанбы? Же «биринчи болууну», атүгүл башкаларга «үстөмдүк кылууну» самагандыктанбы? Жахабанын элинин арасында мындай болбошу керек (Оку: 3 Жакан 9, 10; Лука 22:24—27). Эгер туура эмес каалоолорубуз болсо, Жахаба Кудайга чынчылдык менен тиленүү аларды ачыкка чыгарууга жана бекем тамырлай электе, толугу менен жок кылууга жардам берет.

16 Исаны жолдогон зайыптар күйөөсүнүн кызмат жардамчысы, балким, бара-бара көзөмөлчү же аксакал болуп кызмат кылышын аябай каалайттыр. Ал эжелердин жеке тиленүүлөрүнө ылайык иш кылып, өздөрүн үлгүлүү алып жүрүүгө умтулганы да маанилүү. Себеби алардын жана балдарынын сүйлөгөн сөздөрү жана жүрүм-туруму үй-бүлө башчысынын жыйналыштагы аброюна таасир этет.

Эл алдында тиленүү

17. Жекече тиленип жатканда эмне үчүн жалгыз болгонубуз жакшы?

17 Иса көп учурда топ адамдардын арасынан кетип, Атасына жекече тилене турган (Мт. 14:13; Лк. 5:16; 6:12). Биз да жалгыз болуп турууга муктажбыз. Тынч жерде жайма-жай тиленүү Жахабага жаккан жана рухий жактан бекем болууга өбөлгө түзгөн чечимдерди чыгарууга жардам берет. Бирок Иса эл алдында да тиленген. Анда эл алдында кантип туура тиленүүгө болорун билип алалы.

18. Эркек бир туугандар жыйналыштын атынан тиленип жатканда эмнелерди эске алышы керек?

18 Жолугушууларыбызда ишенимдүү эркек бир туугандар жыйналыштын атынан тиленишет (1 Тим. 2:8). Тиленүүнүн аягында ишенимдештер «оомийин», башкача айтканда, «ушундай болсун» деп айта алгыдай болушу керек. Бирок ан үчүн алар айтылгандарга кошулушу зарыл. Исанын үлгү иретинде айткан тиленүүсүндө таң калтырарлык же орунсуз эч нерсе жок (Лк. 11:2—4). Андан тышкары, ал угуучуларынын ар биринин муктаждыктарын жана көйгөйлөрүн санап өткөн эмес. Жеке тынчсызданууларды эл алдында эмес, өз алдынча тиленгенде айтуу орундуу. Ошондой эле эл алдында тиленип жатканда купуя маалыматтарды айтып алуудан сак болуу керек.

19. Жыйналышта тиленүү учурунда өзүбүздү кандай алып жүрүшүбүз керек?

19 Эл алдында тиленип жатканда «Кудайдан коркуу», ага болгон кастарлоо сезимин чагылдырышыбыз керек (1 Пет. 2:17). Жыйналыш жолугушуулары өткөрүлүп жаткан маалда кээ бир нерселерди кылуу орунсуз болмок (Нас. 3:1). Мисалы, кимдир бирөө жыйналыштагылардын баарынын тиленүү учурунда кол кармашып турушун каалайт деп коёлу. Бул айрымдарды, алардын ичинде ишенимдешибиз болбогондорду оңтойсуз абалга калтырышы же таң калтырышы мүмкүн. Жыйналышта тиленүү учурунда кээ бир жубайлар кол кармашып алышаттыр, бирок кучакташып алышса, муну байкагандар мүдүрүлүп калышы ыктымал. Алар ал жубайлар Жахабага урмат-сый көрсөткөндүн ордуна, бири-бирине болгон сезимдерине көбүрөөк маани берет окшойт деген ойдо калышы мүмкүн. Жахабаны терең урматтагандыктан, келгиле, «баарын Кудайды даңкташ үчүн кылып», башкаларды алаксыта, таң калтыра же мүдүрүлтө турган жүрүм-турумдан качалы (1 Кор. 10:31, 32; 2 Кор. 6:3).

Эмне жөнүндө тиленүү керек?

20. Римдиктер 8:26, 27-аяттарды кантип түшүндүрүп берет элеңер?

20 Кээде өз алдынча тиленгенде эмнени айтыш керектигин билбей калышыбыз ыктымал. «Зарыл учурда эмне жөнүндө тиленүү керектигин билбей калабыз,— деп жазган Пабыл,— бирок сөз менен айтып жеткире албай онтогонубузда, [ыйык] рух биз үчүн арачылык кылат. Жүрөктөрдү изилдеген Кудай рухтун эмне жөнүндө күбөлөндүрүп жатканын билет» (Рим. 8:26, 27). Жахаба Ыйык Жазмага көптөгөн тиленүүлөрдү жаздырып койгон. Ал рухтун жетеги менен жазылган андай тиленүүлөрдү биз айтып жаткандай кабыл алат, ошондуктан аларга жооп берет. Кудай бизди жана рухтун жетеги менен Ыйык Китептин жазуучулары аркылуу айттырган сөздөрдүн маанисин билет. Рух биз үчүн «арачылык кылганда», Жахаба тиленүүлөрүбүзгө жооп берет. Бирок Ыйык Китепти жакшы билсек, эмне жөнүндө тиленишибиз керектиги дароо эле эсибизге түшөт.

21. Кийинки макалада эмнени карап чыгабыз?

21 Жогоруда белгиленгендей, тиленүүлөрүбүз биз жөнүндө көптү айтып турат. Алсак, алар Жахаба менен канчалык тыгыз мамиледе экенибизди жана анын Сөзүн канчалык жакшы билерибизди көрсөтөт (Жкп. 4:8). Кийинки макалада Ыйык Китепте жазылган айрым тиленүүлөрдү карап чыгабыз. Жазмадагы андай билдирүүлөрдү карап чыгуу тиленүүлөрүбүзгө кандай таасир этиши мүмкүн?

Эмне деп жооп берет элеңер?

• Жахабага кандай маанай менен тиленишибиз керек?

• Эмне себептен ишенимдештерибиз үчүн тиленишибиз зарыл?

• Тиленүүлөрүбүз өзүбүз жана ниетибиз тууралуу эмнени айтып турат?

• Жыйналышта тиленүү учурунда өзүбүздү кандай алып турушубуз керек?

[Изилдөө суроолору]

[4-беттеги сүрөт]

Жахабаны дайыма даңктап, ага ыраазычылык билдиресиңби?

[6-беттеги сүрөт]

Жыйналышта тиленүү учурунда өзүбүздү кандай алып турганыбыз дайыма Жахабага даңк алып келиши керек