Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Азыркы оор күндөрдө кубанычыңды сакта

Азыркы оор күндөрдө кубанычыңды сакта

Азыркы оор күндөрдө кубанычыңды сакта

«[Жахабага] таянгандардын бардыгы кубанычка бөлөнүп, түбөлүккө шаттанышат» (ЗАБ. 5:12).

1, 2. а) Эмнелер көптөрдү кайгыга салат? б) Исанын жолдоочулары адамзат тарткан азап-кайгыдан тышкары, эмнеге кабылышат?

АДАМЗАТ туш болуп жаткан кайгы-касыреттерге Жахабанын Күбөлөрү да кабылат. Кудайдын кызматчыларынын көбү кылмыштуулуктан, согуш-жаңжалдан, адилетсиздиктен жапа чегип келишет. Ошондой эле табигый кырсыктар, жакырчылык, оору-сыркоо жана өлүм-житим жүрөктү сыздатпай койбойт. Элчи Пабыл: «Биз жаратылгандын баары ушул убакка чейин бирге онтоп, бирге кыйналып жатканын билебиз»,— деп таамай айткан (Рим. 8:22). Биз өзүбүздүн жеткилеңсиздигибизден улам да кыйналып келебиз. Байыркы учурда жашаган Дөөтү падышадай болуп: «Мыйзамсыз иштерим башымдан ашып, оор жүк сыяктуу мага салмагын салып турат»,— деп айтышыбыз мүмкүн (Заб. 37:5).

2 Исанын чыныгы жолдоочулары жалпы адамзаттын башына түшкөн азапты тарткандан тышкары, каймана маанидеги жаза устунун көтөрүп жүрүшөт (Лк. 14:27). Ооба, алар, Исадай болуп, жек көрүндү болушат жана куугунтукталышат (Мт. 10:22, 23; Жкн. 15:20; 16:2). Андыктан жаңы дүйнөдө бериле турган баталарды күтүп жаткан Машаяктын жолдоочуларынан күчтүү эрк жана туруктуулук талап кылынат (Мт. 7:13, 14; Лк. 13:24).

3. Кудай кызматчыларынын кубанычсыз, бактысыз жашашын каалабай турганын кайдан билебиз?

3 Бул Исанын чыныгы жолдоочуларынын кубанычсыз, бактысыз жашашы керектигин билдиреби? Дүйнөнүн акыры келгиче жашообуз кайгы-капа менен эле коштолушу керекпи? Арийне, Жахаба анын убадаларынын аткарылышын күтүп жатканыбызда да бактылуу болушубузду каалайт. Ыйык Китепте көп ирет Кудайдын чыныгы кызматчылары бактылуу адамдар катары сүрөттөлөт (Оку: Ышайа 65:13, 14). «[Жахабага] таянгандардын бардыгы кубанычка бөлөнүп, түбөлүккө шаттанышат»,— делет Забур 5:12де. Ооба, азыркы коогалаңдуу заманда да шаттыкка бөлөнүүгө, жан дүйнө тынчтыгына ээ болууга жана канааттануу алууга болот. Келгиле, Ыйык Китеп сыноолорго кабылганыбызда кубанычыбызды сактоого кандайча жардам берерин карап көрөлү.

Жахаба — «бактылуу Кудай»

4. Бийлиги четке кагылганда Жахаба кандай сезимде болот?

4 Жахабанын үлгүсүнө токтололу. Кудурети күчтүү Кудай катары ал бүт ааламга бийлик кылат. Ал эч нерсеге, эч кимге муктаж эмес. Жахаба чексиз күчтүү болсо да, рухий уулдарынын бири козголоң чыгарып, Шайтан болуп калганда, ал аябай кейисе керек. Башка периштелердин да козголоңго кошулуп кеткени анын көңүлүн чөктүрбөй койгон эместир. Ошондой эле жердеги жаратуулардын эң өзгөчөсү Адам менен Обо Кудайдан баш тартып кеткенде, анын жүрөгү кандай сыздаганын ойлоп көрсөңөр. Ошондон тартып алардын миллиарддаган урпактары Жахабанын бийлигин четке кагып келишет (Рим. 3:23).

5. Жахабаны өзгөчө эмне кейитет?

5 Шайтандын козголоңу али күчүндө. Жахаба 6 000дей жылдан бери бурканга табынуучулукка, зордук-зомбулукка, киши өлтүрүүчүлүккө жана жийиркеничтүү жыныстык адеп-ахлаксыздыкка күбө болуп келет (Башт. 6:5, 6, 11, 12). Андан тышкары, ал жалган жана ага карата айтылган акарат сөздөрдү угуп келет. Жадагалса Кудайдын чыныгы кызматчылары да кээде аны капалантышат. Ыйык Китепте андай учурлардын бири мындайча сүрөттөлөт: «Аны канча жолу каардантышты! Эч ким жашабаган жерде Аны канча жолу ачуулантышты! Кудайды кайрадан сынашты, Ысрайылдын Ыйыгына акарат келтиришти» (Заб. 77:40, 41). Жахаба, кызматчылары андан баш тартып кеткенде, аябай кейийт (Жер. 3:1—10). Ооба, жер жүзүндө болуп жаткан жамандыкты көргөндө Жахаба абдан кайгырат (Оку: Ышайа 63:9, 10).

6. Кыйынчылыктар пайда болгондо Жахаба эмне кылат?

6 Ошентсе да Жахаба кайгыга, көңүл чөгөттүккө алдырып, иш-аракет кылбай койбойт. Кыйынчылыктар пайда болгондо ал алардын залакасын азайтыш үчүн дароо чара көргөн. Ошондой эле, акыр-аягы ой-ниети аткарылышы үчүн, кийин жүзөгө аша турган чараларды караштырган. Жахаба ушунун баарын эске алып, эгедерлигинин акталышын жана ишенимдүү кызматчыларынын бата алышын кубаныч менен күтүп жатат (Заб. 103:31). Жахабага тил тийгизип келишет, ошентсе да ал — «бактылуу Кудай» (1 Тим. 1:11; Заб. 15:11).

7, 8. Баары ойдогудай болбой жатканда Жахабаны кантип туурай алабыз?

7 Албетте, кыйынчылыктарды чечүү жагынан бизди Жахабага салыштырып болбойт. Анткен менен көйгөйлөр менен күрөшүүдө Жахабаны туурай алабыз. Баары ойдогудай болбой жатканда капа болуу табигый нерсе болсо да, биз кечке эле кайгырып жүрө бербешибиз керек. Жахабанын бейнеси боюнча жаратылгандыктан биз ой жүгүртүү жөндөмүнө жана акылмандыкка ээбиз. Бул кыйынчылыктарды талдоого жана мүмкүн болсо, тийиштүү иш-аракет кылууга шарт түзөт.

8 Жашоодогу кыйынчылыктар менен күрөшүүгө жардам бере турган маанилүү нерсе — айрым көйгөйлөрдү чечүү биздин колубуздан келбей турганын моюнга алуу. Алар тууралуу тынчсыздануу санаа тарттырып, чыныгы сыйынууга байланыштуу иштерден кубаныч алууга тоскоолдук кылат. Көйгөйдү чечүү үчүн колдон келген чараларды көргөндөн кийин көп тынчсыздана бербей, пайдалуу иштерге көңүл топтогонубуз дурус. Муну төмөнкү ыйык китептик билдирүүлөр тастыктап турат.

Акыл-эстүүлүк көрсөтүү маанилүү

9. Анна кантип акыл-эстүүлүк көрсөткөн?

9 Кийин Шемуел пайгамбардын энеси болгон Аннанын мисалын карап көрөлү. Ал балалуу боло албаганы үчүн кайгынын калыңына баткан. Ошондой эле мазакталып, шылдыңга алынган. Кээде ушунчалык көңүлү чөгүп, сары убайым тарткандыктан ал көз жашын төгүп, наар албай калчу (1 Шем. 1:2—7). Бир жолу Анна Жахабанын ыйык жайына барганда «кайгырып, көзүнүн жашын көл кылып ыйлап, Теңирге сыйынат» (1 Шем. 1:10). Анна көкүрөгүндөгүнүн баарын Жахабага төккөндөн кийин, башкы дин кызматчы Эйли ага келип: «Тынчтык менен бар, Ысрайылдын Кудайы сураганыңды берсин»,— деген (1 Шем. 1:17). Ошондо Анна колунан келгендин баарын кылганын түшүнгөн. Анын балалуу боло албай жатканы өз күчү менен чече ала турган көйгөй эмес болчу. Анна акыл-эстүүлүк көрсөткөн. Ыйык Китепте анын андан ары эмне кылганы жөнүндө мындай делет: «[Ал] өз жолуна түштү. Тамак ичти, жүзү мурдагыдай капалуу болбой калды» (1 Шем. 1:18).

10. Пабыл өзү чече албай турган кыйынчылыкка кабылганда кандай көз караш чагылдырган?

10 Элчи Пабыл кыйынчылыкка кабылганда ушу сыяктуу көз караш чагылдырган. Анын жанын кыйнаган бир көйгөйү бар болчу. Ал аны денесиндеги тикен деп атаган (2 Кор. 12:7). Ал эмне болгон көйгөй болбосун, Пабыл андан арылуу үчүн Жахабадан жардам сурап тиленген. Ошентип, ал колунан келгенин кылган. Пабыл ал туурасында Жахабага канча ирет жалынган? Үч ирет. Үчүнчү жолу кайрылгандан кийин, Кудай ага денесиндеги тикендин кереметтүү түрдө алынып салынбай турганын билдирген. Пабыл буга моюн сунуп, көңүлүн Жахабага толугу менен кызмат кылууга бурган (Оку: 2 Корунттуктар 12:8—10).

11. Кыйынчылыктар менен күрөшүүдө тиленүү жана жалынуу кандай роль ойнойт?

11 Бул мисалдар Жахабага жан кейиткен нерселер тууралуу тиленбешибиз керектигин билдирбейт (Заб. 85:7). Тескерисинче, Кудайдын Сөзү бизди: «Эч нерсеге тынчсызданбагыла, бардык өтүнүчүңөрдү тиленүү жана жалынуу аркылуу Кудайга ыраазычылык менен билдиргиле»,— деп чакырат. Ушинтип жалынып-жалбарганыбызга Жахаба кандайча жооп кайтарат? Ыйык Китепте: «Ошондо Кудайдын ар кандай ой-түшүнүктөрдөн жогору турган тынчтыгы жүрөгүңөр менен акылыңарды Машаяк Иса аркылуу сактайт»,— деп кошумчаланат (Флп. 4:6, 7). Ооба, Жахаба башыбызга түшкөн мүшкүлдөн арылтпашы мүмкүн, бирок акылыбызды сактоо менен тиленүүлөрүбүзгө жооп берет. Кыйынчылык тууралуу тиленгенибизден кийин өтө көп тынчсыздануунун зыяндуу экенин айкыныраак түшүнүшүбүз ыктымал.

Кудайдын эркин аткаруудан ырахат ал

12. Адамдын ындыны өчүп, капалуу жүрө бергени эмне себептен зыяндуу болушу мүмкүн?

12 «Эгерде сен башыңа мүшкүл түшкөн күнү алсыз экениңди сезсең, анда күчүң аз»,— делет Накыл сөздөр 24:10до. Ал эми башка накыл сөздө: «Жүрөктөгү кайгы көңүлдү чөгөрөт»,— деп айтылат (Накыл 15:13). Исанын айрым жолдоочулары ушунчалык көңүлү чөккөндүктөн Ыйык Китепти окубай, окугандары жөнүндө ой жүгүртпөй калышат. Тиленүүлөрү үстүртөн болуп калат жана алар ишенимдештеринен обочолонушу ыктымал. Ооба, адамдын ындыны өчүп, капалуу жүрө бергени зыян алып келиши мүмкүн (Накыл 18:1, «ЖД», 14).

13. Көңүл чөгөттүктөн арылууга жардам берип, кубаныч тартуулаган айрым иштер кайсылар?

13 Ал эми оң маанай сактоо жашообуздун кубаныч жана ырахат тартуулаган жактарына көңүл топтоого жардам берет. Дөөтү: «Оо, Кудайым, сенин эркиңди аткаруудан ырахат алам»,— деп жазган (Заб. 39:9, «ЖД» [40:8]). Жашоодо кыйынчылыктарга туш болгонубузда рухий иштерди аткаруунун жакшы тартибине карманууну токтотпошубуз керек. Чынында, көңүл чөгөттүктүн дарысы — кубаныч тартуулаган иштер менен алек болуу. Жахаба бизди анын Сөзүн окуудан жана үзгүлтүксүз изилдөөдөн ырахат, кубаныч ала аларыбызга ынандырат (Заб. 1:1, 2; Жкп. 1:25). Биз Ыйык Жазмадан жана жыйналыш жолугушууларынан дем-күч берип, жүрөгүбүздү шаттыкка бөлөгөн «жылуу сөздөрдү» угабыз (Накыл 12:25; 16:24).

14. Жахабанын кайсы ынандыруусу бизге азыр кубаныч берет?

14 Жадырап-жайнап жүрүшүбүз үчүн, Кудай көп нерселерди караштырат. Анын бизди куткарууга байланыштуу убадасы бактылуу болууга бекем негиз берет (Заб. 12:6). Азыр биз эмнелерге гана туш болбойлу, Кудайдын аны чын жүрөктөн издегендерди сыйлыксыз калтырбай турганын билебиз (Оку: Насаатчы 8:12). Хабакук пайгамбар мындан шек санабай турганын көркөм сөздөр менен чагылдырып, мындай деп жазган: «Анжыр гүлдөбөй калса да, жүзүм сабагы мөмө бербей калса да, зайтун дарагы жемиш бербей калса да, эгин талаасы аштык бербей калса да, короодо майда мал калбай калса да, акырларда байланган бодо мал калбай калса да, мен Теңирим менен кубанам, мени куткарган Кудайым менен шаттанам» (Хаб. 3:17, 18).

Кудайы Жахаба болгон эл бактылуу!

15, 16. Кудайдын бизге кубаныч тартуулаган айрым белектерин атагыла.

15 Жахаба бизге жаркын келечекти белендеп койгон жана биздин аны күтүшүбүздү эле эмес, учурда ал берип жаткан жакшы нерселерден кубаныч алышыбызды да каалайт. Ыйык Китепте мындай делет: «Адамга өз өмүрүндө кубануудан жана жакшылык кылуудан артык эч нерсе жок экенин түшүндүм. Эгерде адам ичип-жеп, ар бир ишинин үзүрүн көрүп жатса, анда бул — Кудайдын белеги» (Нас. 3:12, 13). «Жакшылык кылууга» башкалардын пайдасын ойлоп, жакшы иштерди кылуу кирет. Иса алганга караганда берген киши көбүрөөк бактылуу болорун айткан. Өмүрлүк жарыбызга, балдарыбызга, ата-энебизге жана башка туугандарыбызга жакшылык кылуу терең канааттануу берет (Накыл 3:27). Ошондой эле рухий бир туугандарыбызга мамиле кылууда назик, меймандос жана кечиримдүү болуу чоң кубаныч тартуулайт жана бул Жахабага жагат (Гал. 6:10; Кол. 3:12—14; 1 Пет. 4:8, 9). Жан аябастык менен кылган кызматыбыздын да пайдасы зор.

16 Насаатчы китебинен келтирилген жогорудагы аяттарда жеп-ичүү сыяктуу жанга ырахат тартуулаган жөнөкөй нерселер тууралуу айтылып өтөт. Ооба, жадагалса сыноолорду баштан кечирип жатканыбызда да Жахаба берип жаткан белектерден кубаныч тапсак болот. Андан тышкары, көз жоосун алган күндүн батышын, ажайып кооз жаратылышты, жаныбарлардын көңүл эргиткен кылык-жоруктарын жана табияттын башка кереметтерин бардык жерден көрүүгө болот. Алар кастарлоо сезимин туудуруп, кубаныч берет. Алар тууралуу ой жүгүртсөк, Жахабага болгон сүйүүбүз өсөт, анткени ал — бардык жакшы белектерди берүүчү Кудай.

17. Эмненин аркасында кыйынчылыктардан толугу менен арылабыз жана бизди бүгүнкү күндө эмне сооротот?

17 Кудайга болгон сүйүүбүздүн, анын осуяттарын аткарганыбыздын жана куткаруу курмандыгына ишеним көрсөткөнүбүздүн аркасында акыр-аягы жеткилеңсиз жашоонун кыйынчылыктарынан толугу менен арылып, түбөлүккө созула турган кубанычка бөлөнөбүз (1 Жкн. 5:3). Ал эми бүгүнкү күндө кайгыга салган нерселердин баары Жахабага маалым экенин билүү бизди сооротот. Дөөтү: «Сенин ырайымыңа кубанам да шаттанам, анткени менин башыма түшкөн мүшкүлдү көрдүң, жанымдын кыйналганын билдиң»,— деп жазган (Заб. 30:8). Жахаба сүйүүсүнөн улам бизди азап-кайгыдан арылтат (Заб. 33:20).

18. Эмне үчүн Кудайдын элинин арасында кубаныч өкүм сүрүшү керек?

18 Анын убадаларынын аткарылышын күтүп жатып Жахабаны, бактылуу Кудайды, туурайлы. Терс сезимдердин Кудайга кызмат кылууга жолтоо болушуна жол бербейли. Кыйынчылыктар пайда болгондо ой жүгүртүү жөндөмүн колдонуп, акылмандыкка жетектелели. Жахаба бизге сезимдерибизди башкара билүүгө жана оор кыйынчылыктардын эмоциялык жактан жабырката турган кесепеттеринен качууга жардам берет. Эмесе, келгиле, Жахаба берген рухий да, материалдык да белектерден кубаныч ала берели. Эгер Кудай менен жакын мамиледе болсок, дайыма кубанып-шаттанабыз, себеби Кудайы Жахаба болгон эл бактылуу! (Заб. 143:15).

Эмнелерди билдиңер?

• Кыйынчылыктар менен күрөшүүдө Жахабаны кантип туурай алабыз?

• Кыйынчылыктар менен күрөшүүгө акыл-эстүүлүк кандайча жардам берет?

• Оор учурларда кантип Кудайдын эркин аткаруудан ырахат ала алабыз?

[Изилдөө суроолору]

[16-беттеги сүрөт]

Жахаба болуп жаткан жамандыктарды көрүп кейийт

[16-беттеги сүрөт]

© G.M.B. Akash/Panos Pictures

[18-беттеги сүрөт]

Жахаба бизге кубанычыбызды сактоого өбөлгө түзгөн белектерди берип келет