Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Машаяк — Кудайдын куткаруу чарасы

Машаяк — Кудайдын куткаруу чарасы

Машаяк — Кудайдын куткаруу чарасы

«Адамдын айынан баары өлүмгө дуушар болуп жаткандай эле, Машаяк аркылуу баары өмүр алышат» (1 КОР. 15:22).

1, 2. а) Андрес менен Филип Исага жолуккандан кийин эмне кылышкан? б) Бизде Исанын Машаяк экенин көрсөткөн далилдер анын 1-кылымдагы жолдоочуларыныкынан көп деп эмне үчүн айта алабыз?

«БИЗ Машаякты таптык». Назареттик Исанын Кудайдын Майланганы экенине көзү жеткен Андрес бир тууганы Петирге ушинтип айткан. Буга ынанган Филип да досу Натанаелди издеп таап, ага: «Биз Мусанын Мыйзамында жана пайгамбарлардын жазууларында айтылган адамды — Жусуптун уулу назареттик Исаны — таптык»,— деген (Жкн. 1:40, 41, 45).

2 Сен Исанын убадаланган Машаяк — Жахаба тарабынан дайындалган куткарылуунун Башчысы — экенине толук ишенесиңби? (Эвр. 2:10). Бүгүнкү күндө бизде Исанын Кудайдын Майланганы экенин көрсөткөн далилдер анын биринчи кылымдагы жолдоочуларыныкына караганда алда канча көп. Кудай Сөзүндө Исанын төрөлгөнүнөн баштап тирилтилгенине чейин жашоосунда болгон окуялар жазылган. Алар анын Машаяк экенин толугу менен тастыктап турат (Оку: Жакан 20:30, 31). Ыйык Китепте көрсөтүлгөндөй, Иса өзүнүн Машаяк катары аткарган ролун асманда да аткара берет (Жкн. 6:40; оку: 1 Корунттуктар 15:22). Жазмадан алган билимиңдин негизинде, бүгүнкү күндө сен да: «Машаякты таптым»,— деп айта аласың. Бирок адегенде алгачкы шакирттердин Машаякты тапканына эмненин негизинде ынанышканын карап көрөлү.

Машаяк жөнүндөгү «ыйык сырдын» акырындык менен ачылышы

3, 4. а) Биринчи кылымдагы шакирттер Машаякты кантип таба алышкан? б) Убадаланган Машаяк жөнүндөгү пайгамбарлыктарды Иса гана аткара алган деп эмне үчүн айтууга болот?

3 Исанын биринчи кылымдагы жолдоочулары эмне себептен аны Машаяк деп толук ишеним менен айта алышкан? Жахаба пайгамбарлары аркылуу Машаякты жазбай аныктоого жардам берген маалыматтарды акырындык менен ачып бере берген. Бир ыйык китептик окумуштуу муну мрамордун майда бөлүктөрүн бириктирип статуя жасоого салыштырган. Бири-бири менен эч качан көрүшүп-сүйлөшпөгөн көп кишинин мрамордун бөлүктөрүн алып алып, бир бөлмөгө киргенин элестетсең. Алар ал бөлүктөрдү бириктирип, мыкты статуя жасашса, сен мунун артында башка бирөө турган окшойт, ал анын бөлүктөрүн жасап, ар бирине алдын ала таратып берсе керек деген тыянакка келмексиң. Статуянын бөлүктөрүндөй эле, Машаяк тууралуу айтылган ар бир пайгамбарлык ал жөнүндөгү маалыматтын маанилүү бөлүгүн түзмөк.

4 Машаяк жөнүндөгү пайгамбарлыктардын бардыгы бир кишинин үстүнөн кокусунан аткарылышы мүмкүн беле? Бир изилдөөчүнүн айтымында, Машаякка карата айтылган пайгамбарлыктардын бардыгын адамдын кокусунан аткарышынын ыктымалдыгы жокко эсе болгондуктан, андай болушу таптакыр мүмкүн эмес деп айтууга болот. «Тарыхта муну Иса, жалгыз гана Иса аткара алган»,— деп кошумчалаган ал.

5, 6. а) Шайтанга чыгарылган өкүм кантип ишке ашырылмак? б) Кудай убадаланган «тукумдун» кимден чыгарын кантип ачып берген?

5 Машаяк жөнүндөгү пайгамбарлыктар эбегейсиз зор мааниге ээ көп кырдуу «ыйык сырдын» өзөгүн түзөт (Кол. 1:26, 27; Башт. 3:15). Ал сыр өз ичине адамзатты күнөө менен өлүмгө моюн сундурган «байыркы жыланга», Шайтан Ибилиске, чыгарылган сот өкүмүнүн ишке ашырылышын да камтыган (Аян 12:9). Ал сот өкүмү кантип ишке ашырылмак? Жахаба «аялдын» тукумунун Шайтандын башын жанчый турганын алдын ала айткан. Убада кылынган «тукум» жыландын башын жанчып, козголоңчуну жана оору менен өлүмдү жок кылмак. Бирок адегенде Шайтан каймана мааниде аялдын «тукумунун» согончогун чакмак; Жахаба буга жол бермек.

6 Жахаба убадаланган «тукумдун» ким болорун бара-бара ачып берген. Кудай Ыбрайымга: «Сенин тукумуң аркылуу бүт жер жүзүнүн элдери бата алышат»,— деп ант берген (Башт. 22:18). Муса өзүнөн улук «пайгамбар» чыгарын алдын ала айткан (Мыйз. 18:18, 19). Дөөтүгө Машаяктын анын тукумунан чыгары жана анын тактысында түбөлүккө отурары айтылган; муну кийинчерээк пайгамбарлар да ырасташкан (2 Шем. 7:12, 16; Жер. 23:5, 6).

Убадаланган Машаяк — Иса

7. Иса кандай мааниде Кудайдын «аялынан» келген?

7 Кудай өзүнүн Уулун, биринчи жаратуусун, рухий жаратуулардан турган жана аялга салыштырылган асмандагы уюмунан жерге жиберген. Кудайдын Уулу убадаланган «тукум» болмок. Ан үчүн ал асмандагы «бардык нерсесин калтырып», жеткилең адам болуп төрөлүшү керек эле (Флп. 2:5—7; Жкн. 1:14). Мариямга ыйык рух түшмөк, ошондуктан төрөлө турган бала «Кудайдын Уулу, ыйык деп аталмак» (Лк. 1:35).

8. Иса сууга чөмүлтүлүү үчүн келгенде кандайча Машаяк тууралуу айтылган пайгамбарлыкты аткарган?

8 Машаяк тууралуу пайгамбарлыктарда анын кайсы жерде төрөлөрү жана качан келери айкын көрсөтүлгөн. Пайгамбарлыкта айтылгандай эле, Иса Бейт-Лехемде төрөлгөн (Мих. 5:2). Биринчи кылымда жүйүттөр Машаякты ана келет, мына келет деп, аябай күтүп жатышкан. Анын жакын арада келерин сезип жаткан айрым кишилер Чөмүлдүрүүчү Жакан тууралуу: «Бул Машаяк эмеспи?» — деп сурашкан. Бирок Жакан: «Менден күчтүү бирөө келатат»,— деп жооп берген (Лк. 3:15, 16). Иса биздин замандын 29-жылы күзүндө отуз жашында чөмүлтүлүү үчүн Жаканга келүү менен өзүнүн Машаяк экенин так белгиленген убакта көрсөткөн (Дан. 9:25). Анан: «Белгиленген убакыт келди. Кудайдын падышалыгы жакындап калды»,— деп айтып, жемиштүү кызматын баштаган (Мр. 1:14, 15).

9. Исанын шакирттери ал жөнүндө толук билишпесе да, эмнеге бекем ишенишкен?

9 Бирок адамдар Машаяктын ролун толук түшүнүшкөн эмес. Алардын Исаны Падыша катары тосуп алышканы туура эле болчу. Анткен менен ал келечекте жана асмандан башкармак жана бул кийинчерээк гана толугу менен түшүнүктүү болмок (Жкн. 12:12—16; 16:12, 13; Элч. 2:32—36). Ошентсе да Иса: «А силер мени ким деп эсептейсиңер?» — деп сураганда, Петир буйдалбастан: «Сен Машаяксың, тирүү Кудайдын Уулусуң»,— деп жооп берген (Мт. 16:13—16). Көптөр Исанын окутуусуна мүдүрүлүп, андан баш тартып кетишкенде да, Петир ушу сыяктуу сөздөрдү айткан (Оку: Жакан 6:68, 69).

Машаякты угуу

10. Жахаба эмне себептен Уулун угуу керектигин баса белгилеген?

10 Асманда Кудайдын жалгыз Уулу кубаттуу рухий жаратуу болгон. Ал эми жерде Атасынын өкүлү болгон (Жкн. 16:27, 28). Ал: «Менин окутуум меники эмес, мени жибергендики»,— деп айткан (Жкн. 7:16). Исанын кубулуусунда Жахаба анын Машаяк экенин тастыктап: «Аны уккула»,— деп буйруган (Лк. 9:35). Ооба, Тандалганды угуу же ага тил алуу керектиги айтылган. Ан үчүн ишеним көрсөтүү жана жакшы иштерди кылуу талап кылынат — экөө тең Кудайга жагуу жана түбөлүк өмүргө ээ болуу үчүн абдан маанилүү (Жкн. 3:16, 35, 36).

11, 12. а) Биринчи кылымдагы жүйүттөр кайсы себептерден улам Исаны Машаяк катары кабыл алышкан эмес? а) Исага кимдер ишенишкен?

11 Исанын Машаяк экенин көрсөткөн далилдер көп болсо да, биринчи кылымдагы жүйүттөрдүн салымдуу бөлүгү аны кабыл алган эмес. Эмне үчүн? Анткени алар Машаяк тууралуу ар кандай жаңылыш ой-пикирде болушкан. Маселен, аны жүйүттөрдү Рим империясынын эзүүсүнөн куткара турган саясий машаяк болот деп эсептешкен (Оку: Жакан 12:34). Ошентип, алар анын жек көрүндү болушу, адамдардын алдында кемсинтилиши, азап тартышы, оорунун эмне экенин билген адам болушу жана акыры өлүмгө кыйылышы керектигине байланыштуу пайгамбарлыктарды аткарган Машаякты кабыл алышкан эмес (Ыш. 53:3, 5). Исанын Ысрайылды Рим эзүүсүнөн куткарбай турганы белгилүү болгондо, жадагалса анын айрым ишенимдүү шакирттеринин да ындыны өчкөн. Бирок алар ишенимдүү бойдон калышкан, ошондуктан убакыттын өтүшү менен аларга так түшүнүк берилген (Лк. 24:21).

12 Адамдардын Исаны убадаланган Машаяк катары кабыл албаганынын дагы бир себеби анын окутуулары болгон; аларды көптөр четке каккан. Мисалы, Падышалыкка кирүү үчүн адамдан «өзүнөн баш тартуу», Исанын «денесин жеп, канын ичүү», «кайрадан төрөлүү», «дүйнөгө таандык болбоо» талап кылынган (Мр. 8:34; Жкн. 3:3; 6:53; 17:14, 16). Текебер, бай жана эки жүздүү кишилер ал талаптарды аткарууну өтө оор деп эсептешкен. Анткен менен момун жүйүттөр: «[Ал] чын эле дүйнөнүн куткаруучусу»,— деп айткан айрым самариялыктардай болуп, Исаны Машаяк катары кабыл алышкан (Жкн. 4:25, 26, 41, 42; 7:31).

13. Исанын согончогу каймана мааниде кандайча чагылган?

13 Иса жогорку дин кызматчылардын ага өкүм чыгарарын, башка улуттагы адамдардын аны устунга кадай турганын, бирок үчүнчү күнү тирилтилерин алдын ала айткан (Мт. 20:17—19). Ал синедриондо өзүнүн «Кудайдын Уулу Машаяк» экенин ырастаганда, анын сөздөрү Кудайга карата айтылган акарат катары кабыл алынган (Мт. 26:63—66). Пилат аны өлүм жазасына тарткыдай андан эч кандай күнөө тапкан эмес, бирок жүйүттөр көтөрүлүп, жаалдангандыктан, «Исаны, алар каалагандай, өлүм жазасына тартууга буйрук берген» (Лк. 23:13—15, 25). Ошентип, аны Кудай жибергенин тастыктаган көп сандаган далилдер болсо да, алар «өмүр Башчысынан» баш тартып, аны өлтүрүүдөн кайра тартышкан эмес (Элч. 3:13—15). Пайгамбарлыкта айтылгандай, Машаяк б.з. 33-жылы Пасах күнү устунга кадалып, «өлүм жазасына тартылган» (Дан. 9:26, 27; Элч. 2:22, 23). Ал мыкаачылык менен өлтүрүлгөндө, Башталыш 3:15те айтылгандай, анын «согончогу» чагылган.

Машаяк эмне үчүн өлүшү керек эле?

14, 15. а) Жахаба кайсы эки себептен улам Исанын өлүшүнө жол берген? б) Иса тирилтилгенден кийин эмне кылган?

14 Жахаба Исанын өлүшүнө эки маанилүү себептен улам жол берген. Биринчиден, Исанын өмүрүнүн акырына чейин ишенимдүү бойдон калганы «ыйык сырга» байланыштуу маанилүү маселени чечкен. Ал жеткилең адамдын «Кудайга берилгендигин» сактай аларын жана Шайтан жиберген оор сыноолорго карабай, Кудайдын эгедерлигин жактай аларын биротоло далилдеген (1 Тим. 3:16). Экинчиден, Иса айткандай, «Адам Уулу... көптөр үчүн жанын кун катары берүү үчүн келген» (Мт. 20:28). Бул «ылайыктуу кун» Адамдын урпактарына тукум кууп өткөн күнөө үчүн төлөнүп, Исаны Кудайдын куткаруу чарасы катары кабыл алгандардын баарына түбөлүк өмүргө ээ болууга жол ачкан (1 Тим. 2:5, 6).

15 Машаяк үч күн көрдө жаткандан кийин тирилтилген, анан өзүнүн тирүү экенин далилдеш үчүн жана кошумча көрсөтмөлөрдү бериш үчүн шакирттерине 40 күн бою көрүнүп турган (Элч. 1:3—5). Андан кийин ал асманга көтөрүлүп, кымбатка турган курмандыгынын баасын Жахабага тапшырган жана Кудайдын Падышалыгынын Падышасы катары бийлик кыла баштай турган белгиленген убакытты күтө баштаган. Ошол учурда да ал көп ишти аткарган.

Машаяктын өз ролун толугу менен аткарышы

16, 17. Исанын асманга баргандан кийин Машаяк катары аткарган жана аткара турган иштерин айтып бергиле.

16 Тирилтилгенден кийин Иса кылымдар бою анын жолдоочуларынын жыйналышынын үстүнөн Падыша катары бийлик кылып, ишенимдүүлүк менен көзөмөл жүргүзүп келген (Кол. 1:13). Белгиленген убакытта ал Кудайдын Падышалыгынын Падышасы катары бийликти колуна алмак. Ыйык китептик пайгамбарлыктар жана дүйнөдөгү окуялар көрсөтүп тургандай, анын Падыша катары катышуусу жана «дүйнө түзүлүшүнүн аягы» 1914-жылы башталган (Мт. 24:3; Аян 11:15). Ошондон көп өтпөй ал кубаттуу периштелерин жетектеп, Шайтанды жин-перилери менен кошо асмандан кууп түшүргөн (Аян 12:7—10).

17 Б.з. 29-жылы Иса баштаган кабар айтуу жана окутуу иши соңуна чыга турган убак жакындап калды. Жакын арада ал бардык адамдарды соттойт. Ошондо аны Жахабанын куткаруу чарасы катары кабыл алган кой мүнөздүү адамдарга: «Дүйнө негизделгенден бери силер үчүн даярдалган падышалыкты мурастагыла»,— деп айтат (Мт. 25:31—34, 41). Аны Падыша катары кабыл албагандарды болсо Иса асман аскерлери менен жамандыкты жок кылганы чыкканда ойрон кылат. Андан соң Шайтанды байлап, жин-перилери менен кошо «түпсүз туңгуюкка» ыргытат (Аян 19:11—14; 20:1—3).

18, 19. Машаяк катары өзүнүн ролун аткарууда Иса эмнелерди ишке ашырат жана мунун аркасында тил алчаак адамзат кандай баталарга ээ болот?

18 Миң жылдык башкаруусунун учурунда Иса толугу менен өзүнүн Кереметтүү кеңешчи, Күчтүү кудай, Түбөлүктүн атасы, Тынчтыктын төрөсү деген сыяктуу наамдарынын бардыгына ылайык иш кылат (Ыш. 9:6, 7). Ал Падыша катары башкарганда, адамдар, анын ичинде тирилтилгендер жеткилеңдикке жеткирилет (Жкн. 5:26—29). Машаяк тил алчаак адамдарды «өмүр суусунун башаттарына алып барат» жана аларга Жахаба менен жакшы мамиледе болуудан ырахат алууга шарт түзөт (Оку: Аян 7:16, 17). Акыркы сыноодон кийин козголоңчулардын баары, анын ичинде Шайтан жана анын жин-перилери «оттуу... көлгө ыргытылышат». Ошентип, «жыландын» башы жанчылат (Аян 20:10).

19 Машаяк катары Иса өзүнүн ролун кандай гана сонун аткарат! Бейишке айланган жер куткарылган, түбөлүккө чың ден соолукта жана бактылуу өмүр сүрө турган адамдарга толот. Жахабанын ыйык ысмы жалган жалаадан тазаланат жана анын эгедерлигинин адилеттүү экени толугу менен далилденет. Кудайдын Майланганына тил алгандардын бардыгын алдыда кандай гана чоң мурас күтүп турат!

Машаякты таптыңбы?

20, 21. Башкаларга Машаяк тууралуу айтып берүүгө сенде кандай себептер бар?

20 1914-жылдан бери биз Машаяктын катышуусунун (парусиа) учурунда жашап жатабыз. Анын Кудайдын Падышалыгынын Падышасы катары катышуусу көзгө көрүнбөсө да, пайгамбарлыктардын аткарылышынан айкын көрүнүп турат (Аян 6:2—8). Анткен менен, биринчи кылымдагы жүйүттөрдөй болуп, бүгүн көптөр Машаяктын катышуусунун далилдерин четке кагышат. Алар да саясий машаякты же жок эле дегенде, саясий башкаруучулар аркылуу иш жүргүзө турган бирөөнү күтүп келишет. Бирок сен Исанын Кудайдын Падышалыгынын Падышасы катары башкарып жатканын билесиң. Муну билгенде кубанган эмес белең? Ошондо биринчи кылымдагы шакирттерге окшоп, сен да: «Биз Машаякты таптык»,— деп жар салууга түрткү алгандырсың.

21 Ушул тапта башкаларга чындык жөнүндө айтканыңда Исанын Машаяк катары аткарган ролун баса белгилейсиңби? Ошентүү менен анын сен үчүн кылган, кылып жаткан жана кыла турган нерселерине болгон ыраазычылыгыңды арттырасың. Сенин да, Андрес менен Филиптей болуп, Машаяк тууралуу туугандарыңа жана досторуңа айтып жатканың шексиз. Кайрадан күйүп-жанып, аларга Исанын убадаланган Машаяк, Кудайдын куткаруу чарасы экенин көрсөтүп берүүгө эмне үчүн болбосун?

Түшүндүрө аласыңарбы?

• Биринчи кылымдагы шакирттер Машаякты кантип табышкан?

• Иса кайсы эки маанилүү себептен улам өлгөн?

• Машаяк катары Иса дагы эмнелерди кылат?

[Изилдөө суроолору]

[21-беттеги сүрөт]

Биринчи кылымдагы адамдар эмне себептен Исаны убадаланган Машаяк деп айта алышкан?

[23-беттеги сүрөт]

Кабар айтып жатканда Исанын Машаяк катары аткарган ролун баса белгилейсиңби?