Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Балдарыңарга кыйынчылыктары менен күрөшүүгө жардам бергиле

Балдарыңарга кыйынчылыктары менен күрөшүүгө жардам бергиле

Балдарыңарга кыйынчылыктары менен күрөшүүгө жардам бергиле

БҮГҮНКҮ күндө балдарыбыз ар тараптан катуу кысымга алынууда. Аларга Шайтандын бузулган дүйнөсүнүн таасири жана «жаштыкка мүнөздүү каалоолор» менен күрөшүүгө туура келүүдө (2 Тим. 2:22; 1 Жкн. 5:19). Мындан тышкары, алар жаш кезинен Жаратканын эсинен чыгарбоого умтулгандыктан, ишенимине каршылык көрсөткөндөр тарабынан шылдыңга алынышат, атүгүл кордук көрүшөт (Нас. 12:1). Бала чагын эскерип Винсент деген бир тууган мындай дейт: «Бир бала, Жахабанын Күбөсү болгонум үчүн, мени дайыма кордочу, коркутчу, айтор, мушташканга эле себеп издеп турчу. Көп учурда ушунчалык катуу кысым көрсөтүлгөндүктөн, мектепке баргым келчү эмес» *.

Дүйнөнүн кысымына кабылгандан тышкары, улан-кыздардын көбү теңтуштарындай болгусу келип, ошол каалоосу менен күрөшүп келишет. «Элден башкача болуу оңой эмес»,— дейт 16 жаштагы Катлин. Ал эми Алэн аттуу жаш бир тууганыбыз: «Классташтарым дем алыш күндөрү чогуу убакыт өткөрүүгө көп чакырышчу, мен аябай баргым келчү»,— дейт. Жаштар мектептеги спорттук мелдештерге катышууну да абдан каалашат. Бирок мунун аркасында алар жаман чөйрөгө тартылып кетиши мүмкүн. «Мен спортту жакшы көрөм,— дейт 19 жаштагы Таня.— Мектеп машыктыруучулары мени командада ойноого кайра-кайра үндөшөр эле. Аларга „жок“ деп айтуу кыйынга турчу».

Балдарыңарга алардын көптөгөн кыйынчылыктарын көтөрүп кетүүгө кантип жардам бере аласыңар? Жахаба ата-энелерге уул-кыздарына жетекчилик берүүнү буйруган (Накыл 22:6; Эф. 6:4). Кудайдан корккон ата-энелер балдарынын жүрөгүндө Жахабага тил алууга болгон каалоо өрчүтүүгө умтулушу керек (Накыл 6:20—23). Ошондо алар, ата-энесинин көзү жокто да, дүйнөнүн кысымына каршы турууга түрткү алышат.

Ата-энелерге бир эле учурда үй-бүлөсүн багуу, балдарын тарбиялап-чоңойтуу жана рухий иштерди аткаруу оңойго турбайт. Айрымдарга буларды жалгыз бой же чындыкта болбогон жубайынын каршылыктарына карабай аткарууга туура келет. Ошентсе да Жахаба ата-энелерден балдарын окутуп-үйрөтүп, аларга колдоо көрсөтүшүн талап кылат. Анда балдарыңарга күнүгө кездешип жаткан кыйынчылыктарга: курбу-курдаштарынын кысымына, азгырыктарга жана кордукка туруштук берүүгө кантип жардам көрсөтө аласыңар?

Жахаба менен жекече мамиле түзүү

Баарынан мурда жаштарыбыз Жахабаны тирүү Кудай катары таанып-билиши керек. Аларга «Көрүнбөгөндү көрүүгө» жардам берүү абзел (Эвр. 11:27). Жогоруда айтылып өткөн Винсент ата-энесинин ага Жахаба менен жекече мамиле түзүүгө кантип жардам бергенин эскерип, мындай дейт: «Алар тиленүүнүн маанилүү экенин баса белгилешчү. Кичинекей кезимен эле күнүгө кечинде жатарда Жахабага тиленер элем. Жахаба мен үчүн реалдуу болчу». Балдарыңар менен чогуу тиленесиңерби? Алардын жекече тиленүүлөрүндө Жахабага эмнелерди айтарын угууга эмне үчүн болбосун? Алар окшош сөздөрдү эле кайталай беришеби? Же тиленүүлөрүндө Жахабага болгон сезимдерин билдиришеби? Балдарыңардын тиленүүлөрүнө кулак төшөө менен алардын рухий жактан канчалык өсүп жатканын баамдай аласыңар.

Жаш жеткинчектерибизге Жахабага жакындоого көмөк кылган дагы бир маанилүү нерсе — Кудай Сөзүн өз алдынча окуу. Жогоруда айтылып өткөн Катлин мындай деп ой бөлүшөт: «Ыйык Китепти башынан аягына чейин окуу жаштайыман эле мага жардам берип келет. Бул, адамдар мага каршы болсо да, Жахабанын мени дайыма колдооруна ынандырат». Балдарыңардын Ыйык Китепти өз алдынча окуу графиги барбы? (Заб. 1:1—3; 76:13).

Ооба, балдар ата-эненин тарбиясына ар кандай жооп кайтарышат. Алардын рухий жактан өсүшү курагынан да көз каранды болушу мүмкүн. Бирок балдарга жетекчилик берилбесе, аларга Жахабаны реалдуу Кудай катары таанып-билүү кыйын болуп калат. Ата-энелер, балдары Кудайдын кайсы бир нерсеге болгон көз карашын билиши үчүн, аларга бардык жерде анын сөздөрүн кайра-кайра айтып үйрөтүшү керек (Мыйз. 6:6—9). Балдарыңар Жахабанын аларга жекече кам көрөрүнө ишениши зарыл.

Пикир алышууну кантип маңыздуу кылууга болот?

Пикир алышуу — балдарыңарга жардам көрсөтүүнүн дагы бир маанилүү жолу. Жакшы пикир алышуу аларга бир нерсени айтууну эле билдирбейт. Бул суроолорду берүүнү жана жоопторун, алар силер күткөндөй болбосо да, чыдамдуулук менен угууну камтыйт. «Мен балдарымдын эмне деп ой жүгүртүп жана жашоосунда эмнелерге туш болуп жатканын билмейинче суроолорду берем»,— дейт эки уулдун энеси Анна. Балдарыңар аларды кунт коюп угуп жатканыңарды сезишеби? Жогоруда сөздөрү келтирилген Таня мындай дейт: «Ата-энем мени көңүл коюп угуп, эмне жөнүндө сүйлөшкөндөрүбүздү эстеп калышчу. Алар менин классташтарымдын аттарын билишчү. Атам менен апам алар жөнүндө жана мурда сүйлөшкөндөрүбүз тууралуу сурап турар эле». Ырас, ыклас коюп угуу жана эстеп калуу — жакшы пикир алышуунун ачкычы.

Көптөгөн үй-бүлөлөр тамак ичүү маалынын маңыздуу баарлашууга өбөлгө түзөрүн байкашкан. «Үй-бүлөбүздө чогуу тамактанууга өзгөчө маани бериле турган,— дейт Винсент.— Мүмкүнчүлүк болгон сайын биз үй-бүлөбүз менен дасторкон үстүндө чогулуп турар элек. Тамак учурунда телевизор көрүүгө, радио угууга же окууга уруксат берилчү эмес. Биз көбүнчө ээн-эркин, жайдары пикир алышчубуз. Андай маек учурундагы бейкуттук мага күнүгө мектептеги баш аламандыкка жана кысымга туруштук берүүгө жардам берчү». Ал мындай деп кошумчалайт: «Тамак учурунда ата-энем менен сүйлөшүүгө көнүп калгандыктан, олуттуу маселелерди чечүү үчүн жардамга муктаж болгонумда аларга оңой кайрыла алчумун».

«Үй-бүлөбүз менен жуманын ичинде канча жолу чогуу тамактанабыз?» — деп ойлонуп көргүлө. Балдарыңар менен дагы көбүрөөк жана жакшыраак маектешүү үчүн кандайдыр бир өзгөрүүлөрдү жасай аласыңарбы?

Жагдайларды сахналаштыруу эмнеси менен пайдалуу?

Жума сайын өткөрүлгөн үй-бүлө менен сыйынуу кечи да ачык пикир алышууга шарт түзүп, балдарга кездешкен кыйынчылыктары менен күрөшүүгө жардам берет. Жогоруда кеп кылынган Алэн мындай дейт: «Ата-энем үй-бүлөлүк изилдөө маалын бизди сөзгө тартып, ой-сезимдерибизди билүү үчүн колдонушчу. Алар талкуулоого биз кабылган жагдайларга ылайык келген темаларды тандашчу». Алэндин апасы мындай деп ой бөлүшөт: «Биз изилдөө учурунда жагдайларды сахналаштырууга да убакыт бөлчүбүз. Мындай көнүгүүлөрдүн аркасында балдарыбыз ишенимин коргоого жана ишенген нерселеринин чындык экенин далилдөөгө үйрөнө алышты. Бул аларга кабылып жаткан кыйынчылыктарын чече аларына ишенимдүүлүк берди».

Чынында, теңтуштарынын кысымына кабылганда балдардын «жок» деп айтып, кетип калганы жетишсиз. Алар «эмне үчүн?» жана «эмне үчүн болбойт?» деген сыяктуу суроолорго жооп бере алгыдай болушу керек. Ошондой эле ишеними үчүн шылдыңга алынганда эмне кылуу керектигин жакшы билиши зарыл. Эгер ишенимин коргой албаса, аларга кайраттуулук менен чыныгы сыйынууну жактоо кыйынга туруп калат. Жагдайларды сахналаштыруу балдарга өздөрүн ишенимдүү сезүүгө жардам берет.

18-беттеги кутучада үй-бүлө менен сыйынуу кечинде сахналаштырса боло турган айрым жагдайлар көрсөтүлдү. Балдарыңардын жоопторун талашка салып, андай көнүгүүлөрдү чындыкка кооштуруп өткөргүлө. Көнүгүүлөр менен бирге Ыйык Китептеги мисалдардан эмнелерге үйрөнүүгө болорун карап чыккыла. Балдарды үйдөн ушундай жол менен окутуп-тарбиялоо аларга мектепте жана башка жерде кездешкен кыйынчылыктарды жеңүүгө өбөлгө түзөт.

Үйүңөр тынчтык өкүм сүргөн жайбы?

Үйүңөр балдарыңар күнүгө мектептен тезирээк келүүгө куштар болгон жайбы? Эгер үйдө жан сергиткен жагымдуу маанай өкүм сүрсө, уул-кыздарыңар күнүмдүк кыйынчылыктарын оңой көтөрүп кете алышат. Учурда Бейтелде кызмат кылып жаткан бир эже мындай дейт: «Кичинекей чагымда мен үчүн үйүбүздүн коопсуз, бейкут жай болгону абдан маанилүү болчу. Мектепте жагдай канчалык оор болбосун, үйгө барганымда, баары жайында болорун билчүмүн». Үйүңөрдөгү маанайды кандай деп сыпаттоого болот? Анда «ачууга алдыруу, уруш-талаш, бөлүнүүчүлүк» боло жүргөн нерсеби же «сүйүү, кубаныч, тынчтык» өкүм сүрөбү? (Гал. 5:19—23). Эгер коломтоңордо ынтымак өксүсө, үйүңөр балдарыңар үчүн калканч болушу үчүн, эмнелерди өзгөртсө болорун аныктай аласыңарбы?

Балдарыңарга бекемдээрлик пикир алышууга шарт түзүп берүү менен да аларга кыйынчылыктарды жеңүүгө көмөктөшө аласыңар. Мисалы, үй-бүлөңөр менен чогуу эс алууга жыйналыштагы рухий максаттарды көздөгөн бир туугандарды чакыра аласыңарбы? Кыдыруучу көзөмөлчүнү же толук убакытта кызмат кылган башка бир туугандарды чайга чакыра аласыңарбы? Балдарыңар менен дос боло ала турган миссионерлерди же бейтелдиктерди билесиңерби? Балким, алар ал бир туугандар менен кат, электрондук почта аркылуу же мезгил-мезгили менен телефон чалышып достук өрчүтө алышаттыр. Мындай мамилелер балдарыңарга туура багыт алууга жана рухий максаттарды коюуга жардам берет. Элчи Пабылдын жаш Тиметейге жакшы таасир тийгизгени тууралуу ойлонуп көрсөңөр (2 Тим. 1:13; 3:10). Пабыл менен ынак мамиледе болгону Тиметейге рухий максаттарга көңүл топтоого жардам берген (1 Кор. 4:17).

Балдарыңарды мактагыла

Шайтандын дүйнөсү кыстаганына карабай, жаштардын туура нерсеге бек карманып жатканы Жахабаны сүйүнтөт (Заб. 146:11; Накыл 27:11). Алардын ак жолду тандаганын көрүп, силердин да кубанарыңар шексиз (Накыл 10:1). Балдарыңарга сезимдериңерди билдирүүдөн тартынбагыла жана аларды дайыма мактап тургула. Жахаба ата-энелерге сонун үлгү көрсөткөн. Иса чөмүлтүлгөндө, Жахаба: «Сен менин сүйүктүү Уулумсуң. Мен сени колдойм»,— деген (Мр. 1:11). Атасынын жылуу сөздөрү Исаны абдан кайраттандырып, алдыдагы көптөгөн кыйынчылыктар менен күрөшүүгө бир топ жардам берсе керек. Ошо сыяктуу эле, силер да балдарыңарга аларды жакшы көрөрүңөрдү жана кылып жаткан иштерин баалай турганыңарды билдиргиле.

Балдарыңарды кысымдан, кордуктан жана шылдыңдан толугу менен калкалай албасаңар да, аларга көп жагынан колдоо көрсөтө аласыңар. Кандайча? Аларга Жахаба менен өз ара мамиле түзүүгө жардам бергиле. Ачык, жагымдуу пикир алышууга шарт түзгүлө. Үй-бүлө менен сыйынуу кечин иш жүзүндө колдонорлук кылып өткөрүп, үйүңөрдү тынчтык, коопсуздук өкүм сүргөн жай кылгыла. Булар балдарыңарга көптөгөн кыйынчылыктары менен күрөшүүгө көмөк кылат.

[Шилтемелер]

^ 2-абз. Бул макаладагы айрым ысымдар өзгөртүлүп берилди.

[18-беттеги сүрөт]

ЖАГДАЙЛАРДЫ САХНАЛАШТЫРУУ

Төмөндө жаш бир туугандарыбыз кездеше турган айрым жагдайлар келтирилди. Үй-бүлөлүк сыйынуу кечинде ушул жагдайлардын айрымдарын сахналаштырып көрсөңөр кандай?

▸ Машыктыруучу кызыңардан мектептин спорт командасына кошулууну суранат.

▸ Балаңар мектептен келатканда, ага тамеки тартып көрүүнү сунуш кылышат.

▸ Балдар уулуңарды кабар айтып жүргөнүн дагы көрүшсө, сабайбыз деп коркутушат.

▸ Кызыңар үйдөн үйгө кабар айтып жүргөндө, эшикти классташы ачып калат.

▸ Мугалим кызыңардан бүт класстын алдында эмне себептен желекке таазим этпей турганын түшүндүрүшүн суранат.

▸ Бир бала уулуңарды Жахабанын Күбөсү болгону үчүн дайыма шылдыңдайт.

[17-беттеги сүрөт]

Балдарыңардын Ыйык Китепти өз алдынча окуу графиги барбы?

[19-беттеги сүрөт]

Үй-бүлөңөр менен эс алууга рухий максаттарды көздөгөн бир туугандарды чакырасыңарбы?