Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Жахабага таандык болгонубуз — анын Ырайымы

Жахабага таандык болгонубуз — анын Ырайымы

Жахабага таандык болгонубуз — анын Ырайымы

«Жахабага таандыкпыз» (РИМ. 14:8).

1, 2. а) Биз кандай сыймыкка ээбиз? б) Кайсы суроолорду карап чыгабыз?

ЖАХАБА ысрайыл элине: «Менин келишимимди сактасаңар, анда бүт элдердин ичинен силер Менин энчим болосуңар»,— деп айтып, аларга баа жеткис сыймык ыйгарган (Чыг. 19:5). Учурда Исанын жолдоочулары да Жахабага таандык болуу артыкчылыгына ээ (1 Пет. 2:9; Аян 7:9, 14, 15). Андай сыймыкка ээ болгонубуз бизге түбөлүккө пайда алып келет.

2 Жахабага таандык болуу — зор сыймык, бирок ошол эле учурда ал жоопкерчилик артат. Айрымдар: «Жахаба менден күткөн нерселерди аткара аламбы? Күнөө кетирип алсам, ал мени четке кагып салбайбы? Жахабага таандык болгонум эркиндигимен ажыратпайбы?» — деп тынчсызданышы мүмкүн. Бул суроолорго жооп алганыбыз маанилүү. Бирок алгач: «Жахабага таандык болуунун кандай пайдасы бар?» — деген суроону кылдат талдап чыгалы.

Жахабага таандык болуу бактылуу кылат

3. Рахап Жахабага кызмат кылууну тандагандыктан кандай пайда алган?

3 Адамдар Жахабага таандык болуудан пайда алышабы? Мисалга байыркы Жериходо жашаган сойку аял Рахапты алалы. Анын жаш чагынан Канаан кудайларына табынып, ыпылас сыйынууга иришкени күмөнсүз. Бирок ал Жахабанын ысрайылдыктарга берген жеңиштери тууралуу укканда анын чыныгы Кудай экенине көзү жеткен. Ошондуктан Кудайдын кишилерин коргоо үчүн өз өмүрүн тобокелге салып, келечегин алардын колуна тапшырган. Ыйык Китепте: «Бузулган аял Рахап да чалгынчыларга меймандостук көрсөтүп жана аларды башка жол менен узатып, иштеринин негизинде адил деп жарыяланган эмес беле?» — деп айтылган (Жкп. 2:25). Рахаптын Кудайдын таза элине, сүйүүгө жана адилеттүүлүккө негизделген Мыйзамга окутулган элге, кошулганда кандай пайда алганын ойлоп көрсөң. Жаман жолунан бурулганына ал абдан кубанса керек! Рахап ысрайылдык кишиге турмушка чыгып, уулу Буузду, Кудайдын көрүнүктүү кызматчысын, тарбиялап-чоңойткон (Жаш. 6:25; Рут 2:4—12; Мт. 1:5, 6).

4. Рут Жахабага кызмат кылууну чечкендиктен кандай пайда алган?

4 Мааптык Рут да Жахабага кызмат кылууну чечкен. Бала кезинде ал, кыязы, Кемошко жана башка Маап кудайларына сыйынган. Бирок кийин чыныгы Кудай Жахабаны таанып-билип, анын мекенинде баш калкалаган ысрайылдык кишиге турмушка чыккан (Оку: Рут 1:1—6). Кийин Рут жана абысыны Орпа кайненеси Наами менен Бейт-Лехемге жол тартышканда, Наами эки келинин үйлөрүнө кайтууга үндөгөн. Аларга Ысрайыл жергесинде жайланышып, тиричилик кылып кетүү оңой болмок эмес. Орпа «өз элине, өз кудайларына кайткан», ал эми Рут кайткан эмес. Ал ишеним менен иш кылган жана кимге таандык болгусу келгенин билген. Ал Наамиге мындай деген: «Сени таштап, кайтып кетүүгө мени мажбурлаба. Сен кайда барсаң, мен да ошол жакка барам; сен кайсы жерде жашасаң, мен да ошол жерде жашайм. Сенин элиң менин элим, сенин Кудайың менин Кудайым болот» (Рут 1:15, 16). Жахабага кызмат кылууну чечкендиктен Рут жесирлер, кедей-кембагалдар жана үлүшү жоктор үчүн Кудайдын Мыйзамында атайын караштырылган чаралардан пайда алган. Ал Жахабанын канатынын астында бакыт, коргонуч таап, өзүн коопсуз сезген.

5. Жахабага ишенимдүү кызмат кылып келаткан бир туугандардын жашоосунан эмнени байкайсың?

5 Сен Жахабага өзүн арнап, ага ондогон жылдардан бери ишенимдүүлүк менен кызмат кылып келаткан бир туугандарды билет чыгарсың. Алардан Жахабага кызмат кылуунун аркасында кандай пайда алганын сурап көр. Ооба, кыйынчылык-көйгөйлөр эч кимди кыя өтпөйт. Ошентсе да забурчунун: «Кайсы элдин Теңири Кудай [«Жахаба», «ЖД»] болсо, ошол эл бактылуу»,— деген сөздөрүнүн калетсиз экенин ырастап турган далилдер арбын (Заб. 143:15).

Жахаба колубуздан келбегенди талап кылбайт

6. Жахаба талап кылган нерселерди аткара албайбыз деп эмне үчүн коркпошубуз керек?

6 Балким, сен Жахаба талап кылган нерселерди аткара алар бекем деп кабатыр болоттурсуң. Ооба, Кудайдын кызматчысы болуу, анын мыйзамдары боюнча жашоо жана анын атынан сүйлөө тууралуу ойлогондо чочулап, кайратыбызды жоготушубуз ыктымал. Алсак, Муса ысрайыл элинин жана Мисир падышасынын алдында сүйлөөгө жиберилгенде тапшырманы аткарууга өзүн жөндөмсүз сезген. Бирок Кудай Мусадан анын колунан келбей турган нерсени талап кылган эмес. Ал ага «эмне кылууну үйрөтүп турган» (Оку: Чыгуу 3:11; 4:1, 10, 13—15). Муса Кудайдын жардамын кабыл алгандыктан, анын эркин ишке ашыруудан кубаныч тапкан. Жахаба бизден да кудуретибиз жетпей турган нерселерди талап кылбайт. Ал жеткилеңсиз табиятыбызды эске алат жана бизге көмөк көрсөтүүнү каалайт (Заб. 102:14). Кудайга Исанын жолдоочусу катары кызмат кылуу жанды кыйнабайт, тескерисинче, сергитет, себеби бул башкаларга пайда алып келет жана Жахабанын жүрөгүн кубантат. Иса: «Мага келгиле. Мен силерди сергитем. Менин моюнтуругумду алып, менден үйрөнгүлө, анткени мен жумшакмын жана жүрөгүм момун»,— деген (Мт. 11:28, 29).

7. Жахабанын сенден талап кылган нерселерин аткарууга көмөк көрсөтөрүнө эмне үчүн шектенбесең болот?

7 Эгер Жахабанын күчүнө таянсак, ал бизди ар дайым колдоп-бекемдеп турат. Мисалга Жеремияны алалы. Ал табиятынан сөзгө чоркок болсо керек. Ошондуктан ал, Жахаба аны өзүнүн пайгамбары кылып тандаганда: «Оо Кудай-Теңир! Мен сөз сүйлөгөндү билбейм, анткени өтө эле жашмын»,— деген. Кийинчерээк атүгүл: «Мындан ары Анын атынан сүйлөбөйм»,— деп айткан (Жер. 1:6; 20:9). Анткен менен Жеремия Жахабанын колдоосу менен эч ким капарына илгиси келбеген кабарды 40 жыл бою жарыялаган. Жахаба аны: «Сени куткарыш үчүн, Мен сени мененмин»,— деген сөздөр менен кайраттандырып турган (Жер. 1:8, 19; 15:20).

8. Жахабага таянарыбызды кантип көрсөтөбүз?

8 Жахаба Муса менен Жеремияга күч-кайрат берип тургандай эле, бизге да Исанын жолдоочуларынан талап кылынган нерселерди аткарууга жардам берет. Эң негизгиси, ага таянышыбыз керек. Ыйык Китепте: «Бүт жүрөгүң менен Теңирден үмүттөн, өз акылыңа таянба. Бардык жолдоруңда Кудайды таанып бил, ошондо Ал сенин жолдоруңду багыттайт»,— делет (Накыл 3:5, 6). Биз Жахабанын өзүнүн Сөзү жана жыйналышы аркылуу берген жардамын кабыл алуу менен ага таянарыбызды көрсөтөбүз. Эгер Жахабага өмүр жолунда шилтеген кадамыбызга багыт берүүгө жол берсек, ага ишенимдүү бойдон калууга эч нерсе бөгөт болбойт.

Жахаба ар бир кызматчысына жекече кам көрөт

9, 10. 90-забурда кандай коргоого байланыштуу убада берилет?

9 Жахабага өз өмүрүн арноону ойлонуштуруп жатып айрымдар күнөө кетирип алуудан, татыксыз болуп калуудан жана анын ырайымынан ажырап калуудан коркушу этимал. Бирок, бактыга жараша, Жахаба аны менен болгон баа жеткис мамилебизди бекем сактоого бардык жагынан жардам берет. Келгиле, мунун 90-забурда кандайча сүрөттөлгөнүн карап көрөлү.

10 Ал забур минтип башталат: «Бардыгынан жогору турган Кудайдын үйүндө жашаган, кудуреттүү Кудайды далдаа кылган адам Теңирге: „Мен таянган Кудай менин баш калкалаар жайым, менин чебим!“ — дейт. Ал сени аңчынын торунан... куткарат» (Заб. 90:1—3). Кудайдын аны сүйгөн жана ага таянган адамдарды коргоону убадалаганына көңүл бурсаңар (Оку: Забур 90:9, 14). Ал кандайча коргойт? Ооба, Жахаба илгерки убактагы айрым кызматчыларын түзмө-түз коргогон. Маселен, ал кээ бир учурларда өзү кийлигишип, убадаланган Машаяк чыга турган тукумдун жок болуп кетпешине кам көргөн. Бирок көптөгөн ишенимдүү кишилер Шайтандын тукуругу менен түрмөгө камалышкан, кыйноого алынышкан жана мыкаачылык менен өлтүрүлүшкөн. Мунун баары аларды Кудайдын алдында ишенимдүүлүгүнөн тайдыруу максатында жасалган (Эвр. 11:34—39). Алар ушул сыноолордун баарын көтөрүп кете алышкан, анткени Жахаба аларга актыгынан жазбоого жардам берип, рухий жактан коргогон. Ошол себептен 90-забурду рухий жактан коргоого байланыштуу берилген убада катары кабыл алууга болот.

11. «Бардыгынан жогору турган Кудайдын үйү» деген эмне жана Кудай анда кимди калкалайт?

11 Демек, забурчу сөз кылган «Бардыгынан жогору турган Кудайдын үйү» рухий жактан коргой турган каймана маанидеги жай болуп эсептелет. Кудайдын коногу болуп ал жайда жашагандардын Ага болгон ишенимине жана сүйүүсүнө эч нерсе, эч ким доо кетире албайт (Заб. 14:1, 2; 120:5). Ал — жашыруун жай, анткени аны Кудайга ишенбегендер байкай алышпайт. Ал жайда Жахаба ага таянгандарды, мындайча айтканда: «Мен таянган Кудайсың»,— деп айткандарды калкалайт. Эгер дайыма ошол баш калкалоочу жайда болсок, Шайтандын, «аңчынын», торуна түшүп, Кудайдын ырайымынан айрылып калабыз деп кооптонбойбуз.

12. Кудай менен болгон мамилебизге эмнелер коркунуч туудурат?

12 Кудай менен болгон баа жеткис мамилебизге эмнелер коркунуч туудурат? Забурчу айрым кооптуу нерселерди, анын ичинде «караңгылыкта жүргөн каргаша» жана «чак түштө кырган жугуштуу оору» жөнүндө айтып өткөн (Заб. 90:5, 6). «Аңчы» көптөрдү алардын көз карандысыздыкка болгон өзүмчүл каалоосун колдонуп, кылтагына түшүрүп келет (2 Кор. 11:3). Башкаларды болсо ач көздүккө, текебер болууга жана дүнүйөкорлукка азгырып колго түшүрөт. Дагы бирөөлөрдү патриотизм, эволюция сыяктуу философияны жана жалган динди колдонуп адаштырат (Кол. 2:8). Ал эми канчалагандар жыныстык адеп-ахлаксыздыктын тузагына илинүүдө. Рухий жактан залакалуу мындай нерселер, жугуштуу оору сыяктуу, миллиондогондордун жүрөгүндөгү Кудайга болгон сүйүүнү өчүрүүдө (Оку: Забур 90:7—10; Мт. 24:12).

Кудайга болгон сүйүүңдү корго

13. Жахаба бизди рухий саламаттыгыбызга зыян келтире турган нерселерден кантип коргойт?

13 Жахаба өз элин рухий жактан коркунуч туудурган нерселерден кантип коргойт? Забурда: «Ал Өз периштелерине сени бардык жолдоруңда коргоп жүрүүнү буйруйт»,— делет (Заб. 90:11). Асмандагы периштелер, жакшы кабарды жарыялашыбыз үчүн, бизди жетектеп, коргойт (Аян 14:6). Периштелерден сырткары, жыйналыш аксакалдары окутууда Жазмага бек кармануу менен бизди жалган түшүнүктөргө алданып калуудан коргошот. Алар дүйнөнүн таасирине алдырбаш үчүн күрөшүп жаткандарга жекече жардам беришет (Тит 1:9; 1 Пет. 5:2). Ошондой эле «ишенимдүү жана акылдуу кул» бизди эволюция окутуусунан, адеп-ахлаксыз каалоолордун азгырыгынан, байлыкка, атак-даңкка умтулуудан жана башка көптөгөн зыяндуу каалоолор менен таасирлерден коргой турган рухий тамак менен камсыз кылып келет (Мт. 24:45). Мындай зыяндуу нерселерге каршы турууга сага эмне жардам берүүдө?

14. Кудайдын бизди коргош үчүн караштырган чараларынан канткенде пайда алабыз?

14 Дайыма «Кудайдын үйүндө» корголошубуз үчүн эмне кылышыбыз керек? Биз кооптуу нерселерден, мисалы, кырсык-касиреттен, кылмыштуулуктан, жугуштуу оорулардан ар дайым сактанганыбыздай эле, өзүбүздү рухий жактан коркунуч туудурган нерселерден коргош үчүн тынымсыз күч-аракет жумшашыбыз талап. Андыктан Жахабанын адабияттар, жыйналыш жолугушуулары жана жыйындар аркылуу берген жетекчилигине ар убак баш ийишибиз керек. Аксакалдардын кеңешине да кулак кагышыбыз абзел. Андан тышкары, бир туугандарыбыздын ар кыл сапаттарды чагылдырганы да бизге жардам болот. Ырас, жыйналыштын кучагында болуу бизге акылдуу болууга көмөк кылат (Накыл 13:20; оку: 1 Петир 4:10).

15. Жахабанын сени анын ырайымынан айрылта турган нерселердин баарынан коргой аларына эмне үчүн шектенбесең болот?

15 Жахабанын бизди анын ырайымынан айрылта турган нерселердин баарынан коргой аларына эч шектенбесек болот (Рим. 8:38, 39). Ал жыйналышты колунда бийлиги бар диний жана саясий душмандардан коргоп келген; көбүнесе ал душмандар бизди өлтүрүүнү эмес, ыйык Кудайыбыздан ажыратууну көздөшөт. Бирок биз Жахабанын: «Сага каршы жасалган бир да курал сени жеңе албайт»,— деген убадасын аткарып жатканына күбө болуп келебиз (Ыш. 54:17).

Бизге эркиндикти ким берет?

16. Эмне үчүн дүйнө бизге эркиндик бере албайт?

16 Жахабага таандык болгонубуз бизди эркиндигибизден ажыратабы? Жок. Тескерисинче, дүйнөгө таандык болсок, эркиндигибизден ажырамакпыз. Бул дүйнө Жахабадан алыстап кеткен; ал адамдарды кул кылып алган ырайымсыз кудайдын бийлиги алдында жатат (Жкн. 14:30). Мисалы, Шайтандын түзүлүшү экономикалык кыйынчылыкты колдонуп, адамдарды эркиндигинен ажыратат (Салыштыр: Аян 13:16, 17). Күнөө да адамдарды азгырып, кулга айландырып ала турган күчкө ээ (Жкн. 8:34; Эвр. 3:13). Андыктан Кудайга ишенбеген адамдар Анын окутууларына карама-каршы келген жашоо мүнөзүн таңуулап, эркиндикти убадалашканы менен, чын-чынында, аларга ишенгендер көз ирмемде кулга айланышат: күнөөнүн сазына батып, адамды буза турган жолго түшүп калышат (Рим. 1:24—32).

17. Жахаба бизге кандай эркиндик берет?

17 Ал эми Жахаба, өзүбүздү анын колуна тапшырсак, бизге зыян келтире турган нерселердин баарынан арылтат. Биздин жагдай кандайдыр бир мааниде өзүн өмүрүнө коркунуч туудурган дарттан арылта ала турган мыкты хирургдун колуна тапшырган адамдыкына окшош. Баарыбыздын өмүрүбүзгө коркунуч туудурган дартыбыз бар. Ал — тукум кууп өткөн күнөө. Өзүбүздү Жахабага тапшырганыбызда гана Машаяктын курмандыгынын негизинде күнөөнүн кесепеттеринен арылып, түбөлүк өмүр сүрүүгө үмүттөнө алабыз (Жкн. 3:36). Хирургдун жакшы атка ээ экенине ынанган сайын, ага болгон ишенимибиз арткандай эле, Жахаба жөнүндө канчалык көп билген сайын, ага болгон ишенимибиз ошончолук өсөт. Андыктан Кудайдын Сөзүн кылдат изилдейли. Себеби бул ага болгон сүйүүбүздү жалындатып, ага таандык болуудан кымындай да коркпоого жардам берет (1 Жкн. 4:18).

18. Жахабага таандык болгондор кандай пайда алышат?

18 Жахаба бардык адамдарга тандоо эркиндигин берген. Анын Сөзүндө: «Өзүң жана укум-тукумуң өмүр сүрүшү үчүн, өмүрдү тандап ал. Кудай-Теңириңди сүй»,— деп айтылат (Мыйз. 30:19, 20). Кудай ага кызмат кылууга өз алдынча чечим чыгаруу менен ага болгон сүйүүбүздү көрсөтүшүбүздү каалайт. Сүйүктүү Кудайыбызга таандык болуу бизди эркиндигибизден ажыратпайт, тескерисинче, бакытка бөлөйт.

19. Жахабага таандык болгонубуз анын ырайымы деп эмне үчүн айта алабыз?

19 Күнөөкөр болгондуктан биз жеткилең Кудайга таандык болууга татыктуу эмеспиз. Мындай сыймыкка Кудайдын ырайымынын аркасында гана ээ болуудабыз (2 Тим. 1:9). Ошо себептен Пабыл: «Жашасак, Жахаба үчүн жашайбыз, өлсөк, Жахаба үчүн өлөбүз. Ошондуктан жашасак да, өлсөк да, Жахабага таандыкпыз»,— деп жазган (Рим. 14:8). Арийне, Жахабага таандык болууну чечкенибиз үчүн биз эч качан өкүттө калбайбыз.

Эмне деп жооп берет элеңер?

• Жахабага таандык болуу кандай пайда алып келет?

• Кудай талап кылган нерселерди аткара алабыз деп эмне үчүн айтууга болот?

• Жахаба өзүнүн кызматчыларын кантип коргойт?

[Изилдөө суроолору]

[8-беттеги сүрөт]

Башкалардан Жахабага таандык болуудан кандай пайда алып келишкенин сура

[10-беттеги сүрөт]

Жахаба бизди кандай жолдор менен коргойт?