Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Жахабанын башкаруусу даңазаланууда!

Жахабанын башкаруусу даңазаланууда!

Жахабанын башкаруусу даңазаланууда!

«Адамзат падышачылыгына Бардыгынан Жогору Турган бийлик кылат» (ДАН. 4:22).

1, 2. Кайсы себептерден улам адамдардын башкаруусу ийгиликке жетпей келет?

АДАМДАРДЫН башкаруусу ийгиликке жеткен жок! Муну эч ким тана албайт. Анын негизги себеби адамдарда ийгиликтүү башкаруу үчүн зарыл болгон акылмандык жок. Көптөгөн бийлик башындагылар «өзүн өзү сүйүүчү, акчаны сүйүүчү, кекирейген, бой көтөргөн,.. ишенимсиз,.. эпке-сөзгө келбеген, ушакчы, өзүн өзү кармай албаган, ырайымсыз, жакшылык кылгысы келбеген, саткын,.. текебер» болгондуктан, адам баласынын бийлиги эч качан ийгиликке жетпеси айкын болууда (2 Тим. 3:2—4).

2 Тээ алмустакта эле түпкү ата-энебиз Кудайдын башкаруусун четке каккан. Ошондо алар көз карандысыздыкка ээ болдук деп ойлошсо керек. Бирок, чынында, алар Шайтандын бийлигине моюн сунушкан. Адамдардын «бул дүйнөнүн төрөсү» Шайтандын күчтүү таасири алдында жүргүзгөн залакалуу башкаруусуна алты миң жылдын жүзү болду. Ал башкаруу адамзатты тарыхтагы эң эле начар абалга алып келип такады (Жкн. 12:31). Бир тарыхый эмгекте адамзаттын бүгүнкү күндөгү абалы сүрөттөлүп, «жеткилең дүйнөнү издөө» майнапсыз экени белгиленген. Ал эмгекте: «Аны табуу мүмкүн эмес. Ал эми аны жаратууга аракет кылуу каргашага, тоталитаризмге, андан да жаманы, согушка алып келет»,— деп түшүндүрүлөт («The Oxford History of the Twentieth Century»). Ооба, бул сөздөрдө адам баласынын башкаруусу ийгиликке жетпей турганы ачыктан-ачык баса белгиленген!

3. Адам менен Обо күнөө кетирбесе, Кудайдын башкаруусу кандай болмок деп айта алабыз?

3 Түпкү ата-энебиздин телегейи тегиз жашоо бере турган жападан-жалгыз башкарууну — Кудайдын башкаруусун — четке какканы кандай кейиштүү! Адам менен Обо берилгендигинен жазбаса, Жахаба бийлигин жер үстүнөн кандайча жүргүзмөктүгүн так билбейбиз дечи. Ошентсе да Кудайдын бардык адамдар баш ийген башкаруусу сүйүү жана калыстык менен жүргүзүлмөк (Элч. 10:34; 1 Жкн. 4:8). Жахабанын теңдешсиз акылман экенин эске алганда, адамзат анын бийлигине баш ийсе, адамдардын башкаруусун жактагандар кетирген каталардын баарынан качууга мүмкүн болмок деп ишенимдүү түрдө айта алабыз. Кудайдын бийлиги, теократия, бардык тирүү жандардын каалоосун орундатмак (Заб. 144:16). Бир сөз менен айтканда, ал жеткилең башкаруу болмок (Мыйз. 32:4). Адамдардын ал башкаруудан баш тартканы кандай гана өкүнүчтүү!

4. Шайтанга канчалык деңгээлде бийлик кылууга жол берилген?

4 Бирок биз бир нерсени унутпашыбыз абзел: Жахаба адамдарга өз алдынча бийлик кылууга жол берсе да, өзүнүн жаратууларын башкарууга болгон укугунан эч качан баш тарткан эмес. Атүгүл Бабылдын күчтүү падышасы да «адамзат падышачылыгына Бардыгынан Жогору Турган бийлик кыларын» моюнга алууга аргасыз болгон (Дан. 4:22). Акыр-аягы, Кудайдын Падышалыгы Анын эркин толугу менен аткарат (Мт. 6:10). Ооба, Шайтан көтөргөн талаш маселе биротоло чечилиши үчүн, Жахаба ал каршылашына «бул дүйнөнүн төрөсү» болууга убактылуу жол берген (2 Кор. 4:4; 1 Жкн. 5:19). Ошентсе да Шайтан Жахаба койгон чектен эч качан чыга алган эмес (2 Жылн. 20:6; салыштыр: Аюб 1:11, 12; 2:3—6). Ошондой эле Кудайдын башкы Душманы бийлеп жаткан дүйнөдө жашашса да, Кудайга баш ийгиси келген кишилер дайыма болуп келген.

Кудайдын Ысрайылды башкаруусу

5. Ысрайыл эли Кудайдын алдында кандай милдеттенме алган?

5 Абыл жашаган убактан тартып ысрайыл эли түзүлгөн убакка дейре Жахабага сыйынып, анын осуяттарын аткарган ишенимдүү адамдар болгон (Эвр. 11:4—22). Мусанын убагында Жахаба уруу башчысы Жакыптын тукуму менен келишим түзгөн. Ошондо алар ысрайыл эли болуп калышкан. Б.з.ч. 1513-жылы ысрайылдыктар: «Теңир эмнени айтса, ошонун баарын аткарабыз»,— деп айтып, өздөрү да, урпактары да Жахабаны Башкаруучусу катары кабыл алууга милдеттенме алышкан (Чыг. 19:8).

6, 7. Жахабанын ысрайыл элин башкаруусун кандай сүрөттөөгө болот?

6 Жахаба ысрайылдыктарды өзүнүн эли кылып белгилүү бир максат менен тандап алган (Оку: Мыйзам 7:7, 8). Ал ысрайылдыктарды алардын жыргалчылыгын көздөгөндүктөн эле эмес, андан да маанилүү себептен улам — ысмы ыйыкталып, эгедерлиги акталышы үчүн — тандап алган. Ысрайыл эли Жахабанын жападан-жалгыз чыныгы Кудай экенин күбөлөндүрүшү керек эле (Ыш. 43:10; 44:6—8). Ошондуктан Жахаба ал элге: «Сен Кудай-Теңириңдин ыйык элисиң. Сени Теңир жер үстүндөгү бардык элдердин ичинен Өз эли болушуң үчүн тандап алган»,— деп айткан (Мыйз. 14:2).

7 Кудай ысрайылдыктарды башкарууда алардын жеткилең эмес экенин эске алган. Ошол эле учурда анын мыйзамдары жеткилең болчу жана алар мыйзам Берүүчүнүн сапаттарын чагылдырган. Жахабанын Муса аркылуу берген осуяттарында Кудайдын ыйыктыгы, адилеттикке болгон сүйүүсү, кечирүүгө даярдуулугу жана чыдамдуулугу баса көрсөтүлгөн. Кийин Жашыянын күндөрүндө ысрайыл эли Жахабанын осуяттарын аткарган, ошондо эл тынчтыкка бөлөнүп, рухий баталарды алган (Жаш. 24:21, 22, 31). Ысрайылдын тарыхындагы ошол доор Жахабанын башкаруусунун ийгиликтүү экенин көрсөткөн.

Адамдардын башкаруусу залакалуу

8, 9. Ысрайылдыктар акылсыздык кылып эмнени талап кылышкан жана анын натыйжасы кандай болгон?

8 Бирок убакыттын өтүшү менен ысрайылдыктар Жахабанын бийлигинен кайра-кайра баш тартышкан жана анын коргоосунан айрылып, азап чегишкен. Акыр-аягы, ысрайыл эли Шемуел пайгамбар аркылуу Кудайдан көзгө көрүнгөн падышаны, башкача айтканда, адамды падыша кылып шайлап берүүнү талап кылышкан. Жахаба Шемуелге алардын талабын орундатууну буйруган. Бирок: «Алар сенден баш тартышкан жок, Мен падыша болбошум үчүн, Менден баш тартышты»,— деп кошумчалаган (1 Шем. 8:7). Жахаба ысрайылдыктарга өздөрүнө падыша шайлап алууга жол берсе да, адамдардын башкаруусунун залакалуу болорун эскерткен (Оку: 1 Шемуел 8:9—18).

9 Тарых Жахабанын эскертүүсүнүн калетсиз экенин далилдеди. Адамдын падышалык кылганы, өзгөчө, ишенимсиз падышанын бийлик жүргүзгөнү ысрайылдыктарды чоң кыйынчылыктарга дуушар кылган. Ысрайылдын тарыхын эске алганда, кылымдардан бери Жахабаны билбеген адамдар башкарган бир да өкмөттүн узакка созулуучу пайда алып келе албаганы таң калыштуу эмес. Ырас, айрым саясатчылар Кудайдан тынчтык жана коопсуздук орнотууга кылган аракеттерине батасын беришин сурашат, бирок Кудай анын бийлигине баш ийбегендерге кантип батасын берет? (Заб. 2:10—12).

Кудайдын бийлиги алдындагы жаңы эл

10. Кудай эмне себептен ысрайыл элинин ордуна башка элди тандап алган?

10 Ысрайыл эли Жахабага ишенимдүү кызмат кылууну каалабасын көрсөткөн. Акыры, алар Кудай дайындаган Машаякты кабыл албай коюшканда, Жахаба аларды четке кагып, алардын ордуна жаңы элди түзүүнү ниет кылган. Натыйжада б.з. 33-жылы Жахабага кызмат кылган майланган жолдоочулардан турган жыйналыш пайда болгон. Ал жыйналыш, чынында, Жахабанын бийлиги алдындагы жаңы эл болгон. Пабыл ал элди «Кудайдын Ысрайылы» деп атаган (Гал. 6:16).

11, 12. Башкарууга байланыштуу ысрайыл эли менен «Кудайдын Ысрайылынын» ортосунда кандай окшоштуктар бар?

11 Алгачкы Ысрайыл менен «Кудайдын Ысрайылы» деп аталган жаңы элдин ортосунда айырмачылыктар да, окшоштуктар да бар. Байыркы Ысрайылдан айырмаланып, Исанын жолдоочуларынын жыйналышында адам бийлик кылбайт жана күнөөлөрдүн кечирилиши үчүн жаныбарларды курмандыкка чалуу талап кылынбайт. Ал эми бир окшоштугу: ысрайыл элинде да аксакалдар болгон, Исанын жолдоочуларынын жыйналышында да аксакалдар бар (Чыг. 19:3—8). Жыйналыштагы аксакалдар оторго үстөмдүк кылышпайт. Тескерисинче, жыйналышты кайтарышат жана рухий иштерди аткарууда жетекчиликти колго алып, талыкпай эмгектенишет. Алар жыйналыштагы ар бир кишиге урмат көрсөтүп, кадыр-баркын сыйлап, сүйүү менен мамиле кылышат (2 Кор. 1:24; 1 Пет. 5:2, 3).

12 «Кудайдын Ысрайылынын» мүчөлөрү жана алардын шериктери «башка койлор» Жахабанын ысрайыл элине жасаган мамилеси жөнүндө ой жүгүртүү менен Ага жана Анын башкаруу жолуна болгон ыраазычылыгын арттыра алышат (Жкн. 10:16). Тарых көрсөтүп тургандай, Ысрайылдын падышалары бийлиги алдындагыларга жакшы же жаман жакка күчтүү таасир этишкен. Муну Исанын жолдоочуларынын арасында жетекчиликти колго алгандар да эске алышат. Байыркы падышалардыкындай абалды ээлебесе да, алар ишеним көрсөтүү жагынан дайыма үлгү болушу керек (Эвр. 13:7).

Жахаба бүгүнкү күндө кантип башкарат?

13. 1914-жылы кандай өзгөчө доор башталган?

13 Исанын жолдоочулары бүгүнкү күндө бүт дүйнөгө адамдардын башкаруусу кыйрай турган учур жакындап калганын жар салууда. 1914-жылы Жахаба асманга өзүнүн Падышалыгын орнотуп, анын Падышасы кылып Иса Машаякты дайындаган. Ошондо ал Исага «жеңиш артынан жеңишке ээ болуп, акыркы жеңишке жетиши» үчүн бийлик берген (Аян 6:2). Жахаба жаңы дайындалган Падышага: «Душмандарыңдын арасында бийлик жүргүз»,— деп айткан (Заб. 109:2). Кейиштүүсү, элдер Жахабанын бийлигине баш ийүүдөн баш тартып келишет. Алар, «Кудай жок» болгонсуп, жаман иштерди жасашат (Заб. 13:1).

14, 15. а) Кудайдын Падышалыгы бүгүн бизди кандайча башкарат жана буга байланыштуу өзүбүзгө кандай суроолорду берип көрүшүбүз керек? б) Кудайдын башкаруусунун эң мыкты экени эмнеден көрүнүп турат?

14 «Кудайдын Ысрайылынын» майланган мүчөлөрүнүн айрымдары азыр деле бар жана Исанын бир туугандары катары алар «Машаяктын атынан жиберилген падышалыктын элчилери» болуп кызмат кылышууда (2 Кор. 5:20). Алар ишенимдүү жана акылдуу кул тобу катары майлангандарга жана жер бетинде түбөлүк жашоого үмүттөнгөн, күн санап өсүп жаткан Исанын миллиондогон жолдоочуларына кам көрүүгө, рухий тамак менен камсыз кылууга дайындалышкан (Мт. 24:45—47; Аян 7:9—15). Бүгүнкү күндө Жахабага сыйынгандардын рухий жактан гүлдөп жатканы анын ал чарага батасын берип жатканын көрсөтүп турат.

15 Ар бирибиз өзүбүзгө төмөнкү суроолорду берип көргөнүбүз дурус: «Жыйналышта аткарышым керек болгон жоопкерчиликтерге олуттуу караймынбы? Жахабанын башкаруусун тийиштүү түрдө колдоп жатамбы? Жахабанын бийлик жүргүзүп жаткан Падышалыгынын жараны болгонума сыймыктанамбы? Кудайдын Падышалыгы жөнүндө башкаларга колумдан келишинче айтууга чечкиндүүмүнбү?» Топ катары биз Жетектөөчү Кеңештин жетекчилигине даярдуулук менен баш иебиз жана жыйналыштарда дайындалган аксакалдар менен кызматташабыз. Ошентүү менен Кудайдын башкаруусуна баш иерибизди көрсөтөбүз (Оку: Эврейлер 13:17). Даярдуулук менен баш ийгенибиз ыркы кеткен бул дүйнөдө кездешпеген бүткүл дүйнөлүк биримдикке шарт түзөт. Ошондой эле бул тынчтыктын, адилдиктин өркүндөшүнө өбөлгө түзүп, Жахабанын башкаруусунун эң мыкты экенин көрсөтөт жана Ага даңк алып келет.

Жахабанын башкаруусунун даңазаланышы

16. Бүгүн ар бир киши кандай чечим чыгарышы керек?

16 Эйденде көтөрүлгөн талаш маселенин чечилер убакыт-сааты тездик менен жакындап келатат. Ошондуктан азыр адамдар үчүн чечим чыгарчу убак. Ар бир киши Жахабанын башкаруусун кабыл алабы же адамдардыкын тандайбы, чечиши керек. Биз момун адамдарга туура чечим чыгарууга жардам берүү сыймыгына ээбиз. Жакында, Армагедондо, Жахабанын башкаруусу Шайтандын таасири алдындагы адамдык өкмөттөрдү толугу менен кыйратат (Дан. 2:44; Аян 16:16). Адам баласынын башкаруусунун күнү бүтөт, ал эми Кудайдын Падышалыгы бүт жер жүзүнө ээлик кылат. Сөздүн толук маанисинде, Жахабанын башкаруусу акталып-даңазаланат (Оку: Аян 21:3—5).

17. Момун адамдарга кайсы башкарууну тандоого байланыштуу туура чечим чыгарууга эмнелерди билүү жардам берет?

17 Жахаба тарапты ээлөөнү чече электер Кудайдын башкаруусу адамзатка кандай баталарды алып келери жөнүндө тиленүү менен ой жүгүртүшү керек. Адамдардын башкаруусу кылмыштуулукка, анын ичинде террорчулукка бөгөт коё алган жок, ал эми Кудайдын башкаруусу жер бетин бүт жамандыктан тазалайт (Заб. 36:1, 2, 9). Адам баласынын башкаруусу улам бир жерде согуш отун тутантып келет, бирок Кудайдын башкаруусу «жер жүзүндөгү согуштарды токтотот» (Заб. 45:10). Ал эле эмес, Кудайдын башкаруусу адамдар менен жаныбарлардын тынчтыкта жашашын шарттайт (Ыш. 11:6—9). Жакырчылык менен ачарчылык адамдардын башкаруусунун ажырагыс бөлүгү болуп калды, Кудайдын башкаруусу болсо аларды түп-орду менен жоёт (Ыш. 65:21). Бийлик башындагылар оору менен өлүмдү жок кылууну чын ниеттен каалашса да, бул алардын колунан келген жок, ал эми Кудайдын бийлиги алдында улгайгандар жаш чагына кайрылып келишет, оорулуулар айыгышат (Аюб 33:25; Ыш. 35:5, 6). Ооба, жер бейишке айланып, анда атүгүл өлгөндөр да тирилтилет (Лк. 23:43; Элч. 24:15).

18. Кудайдын башкаруусу эң мыкты экенине ишенерибизди кантип көрсөтсөк болот?

18 Ырас, Кудайдын башкаруусу Шайтандын түпкү ата-энебизди Жаратканынан баш тарттыргандан тартып тийгизип келген бүт залалын жоёт. Айта кетчү нерсе, Шайтандын 6 000дей жылдан бери тийгизген бардык залакасын Жахаба Машаяк аркылуу 1 000 жылдын ичинде жоёт! Бул Кудайдын башкаруусунун эң мыкты экенинин төгүндөлгүс далили эмеспи?! Кудайыбыздын Күбөлөрү катары биз аны Башкаруучубуз катары кабыл алабыз. Андыктан, келгиле, өмүрүбүздүн ар бир күнүндө, атүгүл ар бир саатында Жахабанын кызматчылары, Падышалыктын жарандары экенибизди далилдеп, анын Күбөлөрү болгонубузга сыймыктаналы. Ошондой эле кулак төшөгөн ар бир кишиге Жахабанын башкаруусу эң мыкты экенин айтуу үчүн ар бир мүмкүнчүлүктү пайдаланалы.

Төмөнкү аяттардан Кудайдын башкаруусуна байланыштуу эмнелерди билдик?

Мыйзам 7:7, 8

1 Шемуел 8:9—18

Эврейлер 13:17

Аян 21:3—5.

[Изилдөө суроолору]

[29-беттеги сүрөт]

Жахаба өзүнүн башкаруусун дайыма жүргүзүп келген

[31-беттеги сүрөт]

Жахабанын бийлигине даярдуулук менен баш ийүү бүткүл дүйнөлүк биримдикке шарт түзөт