Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Машаяктын чыныгы жолдоочусу экениңди далилде

Машаяктын чыныгы жолдоочусу экениңди далилде

Машаяктын чыныгы жолдоочусу экениңди далилде

«Ар бир жакшы дарак жакшы жемиш берет, жаман дарак болсо жаман жемиш берет» (МТ. 7:17).

1, 2. Машаяктын чыныгы жолдоочулары өзгөчө азыркы акыркы мезгилде аталымыш болгон жолдоочулардан эмнеси менен айырмаланышат?

ИСА анын жолун жолдойм деп жалган ырастагандарды анын чыныгы жолдоочуларынан алардын жемиштеринен — окутууларынан жана жүрүм-турумунан — айырмалап билүүгө болорун айткан (Мт. 7:15—17, 20). Чынында, адам акылы менен жүрөгүн эмнеге толтурса, ошолор ага сөзсүз таасир этет (Мт. 15:18, 19). Жалган нерселер менен азыктангандар «жаман жемиш» беришет, ал эми рухий чындыкка окутулгандар «жакшы жемиш» беришет.

2 Жемиштин ушул эки түрү азыркы акыркы мезгилде мурдагыдан да айкын болууда (Оку: Даниел 12:3, 10). Машаяктын жолдоочусу аталымыш болгондор Кудайга карата бурмаланган көз карашта болуп, өздөрүн Кудайга берилгендей кылып көрсөтүүгө аракет кылышат. Ал эми рухий түшүнүккө ээ болгондор Кудайга «рухтун жетеги менен жана чындыкка ылайык сыйынышат» (Жкн. 4:24; 2 Тим. 3:1—5). Алар Машаяктыкындай сапаттарды чагылдырууга умтулушат. Бирок жеке ар бирибиз жөнүндө эмне айтууга болот? Бул макалада Машаяктын чыныгы жолдоочуларын айырмалап турган беш белгини карап чыгабыз. Аларды изилдеп жатып: «Менин жүрүм-турумум жана окуткан нерселерим Кудай Сөзүнө чындап эле ылайык келеби? Чындыктын көркүнө көрк кошуп, аны издеп жүргөндөрдүн ага тартылышына өбөлгө түзүп жатамбы?» — деп ойлонуп көр.

Кудайдын Сөзү боюнча жаша

3. Жахабага эмне жагат жана аны Машаяктын чыныгы жолдоочулары кантип көрсөтүшөт?

3 «Мага: „Мырзам, Мырзам“,— деп кайрылгандардын баары эле асман падышалыгына кире бербейт, асмандагы Атамдын эркин аткаргандар гана кирет»,— деген Иса (Мт. 7:21). Ооба, Жахабага Исанын жолдоочусумун деп ырастоо эмес, аны иш жүзүндө көрсөтүү жагат. Андыктан Машаяктын чыныгы жолдоочулары бүтүндөй жашоосу менен анын жолун жолдоорун көрсөтүшөт. Бул алардын акчага, жумушка, көңүл ачууга, дүйнөлүк үрп-адаттар менен майрамдарга, никеге болгон көз карашына жана адамдар менен болгон башка алака-мамилелерине таасир этет. Ал эми Машаяктын жалган жолдоочулары ушул соңку күндөрдө барган сайын бузулуп бараткан дүйнөнүн ой жүгүртүүсүн сиңирип, иштерине иришип жатышат (Заб. 91:8).

4, 5. Жахабанын Малахия 3:18деги сөздөрүнүн биздин жашообузга кандай тиешеси бар?

4 Буга байланыштуу Малахия пайгамбар: «Адил адам менен мыйзамсыз адамдын, Кудайга кызмат кылган адам менен кызмат кылбаган адамдын ортосундагы айырманы кайрадан көрөсүңөр»,— деп жазган (Мал. 3:18). Ушул сөздөр тууралуу ой жүгүртүп, өзүңө мындай суроолорду берип көр: «Мен бул дүйнө менен жуурулушуп кеттимби же андан обочолонуп турамбы? Мектепте же жумушта болобу, дайыма дүйнөлүк адамдарга ылайыкташа беремби же ыйык китептик принциптерге бекем карманып, ыңгайы келгенде тайманбай кабар айтамбы?» (Оку: 1 Петир 3:16). Албетте, биз адилсинүүнү каалабайбыз, бирок Жахабаны сүйбөгөндөрдөн жана ага кызмат кылбагандардан айырмаланып турушубуз керек.

5 Эгер кайсы бир жагынан жакшырышың керектигин байкасаң, бул тууралуу тиленип, Ыйык Китепти үзгүлтүксүз изилдөөнүн, тиленүүнүн жана жыйналышка катышуунун аркасында рухий жактан чыйралууга аракет кыл. Кудай Сөзү жан дүйнөңдө канчалык терең орун алса, «жакшы жемишти», анын ичинде «[Кудайдын] ысмын жарыялаган ооздун жемишин» ошончолук көп алып келесиң (Эвр. 13:15).

Кудайдын Падышалыгын жакта

6, 7. Падышалыктын кабарын жарыялоого байланыштуу Исанын чыныгы жана жалган жолдоочуларынын ортосунда кандай айырма бар?

6 Иса: «Кудайдын падышалыгы жөнүндөгү жакшы кабарды башка шаарларга да жарыялашым керек, анткени мен ошол үчүн жиберилгем»,— деп айткан (Лк. 4:43). Иса эмне себептен негизинен Кудайдын Падышалыгы жөнүндө кабар айткан? Ал ошол Падышалыктын Падышасы катары өзүнүн тирилтилген, рухтан төрөлгөн бир туугандары менен бирге адамзатты азапка салган күнөөнү жана Ибилисти жок кыларын билген (Рим. 5:12; Аян 20:10). Ошондуктан өзүнүн жолдоочуларына дүйнө түзүлүшүнүн акырына чейин ошол Падышалык тууралуу жар салууну буйруган (Мт. 24:14). Машаяктын жолдоочуларыбыз деп жалган ырастагандар ал ишти аткарышпайт, чын-чынында, аткара да алышпайт. Эмне үчүн? Мунун, жок эле дегенде, үч себеби бар. Биринчиден, алар өздөрү түшүнбөгөн нерсени кабарлай алышпайт. Экинчиден, алардын көбүнө Падышалыктын кабарын жарыялоодо кабыла турган шылдыңга, каршылыкка туруштук берүүгө зарыл болгон момундук жана кайраттуулук жетишпейт (Мт. 24:9; 1 Пет. 2:23). Үчүнчүдөн, аларда Кудайдын руху жок (Жкн. 14:16, 17).

7 Алардан айырмаланып, Исанын чыныгы жолдоочулары Кудайдын Падышалыгы деген эмне экенин жана ал эмнелерди жүзөгө ашырарын жакшы билишет. Андан сырткары, алар Падышалыктын кызыкчылыктарын жашоосунда башкы орунга коюп, Жахабанын рухунун көмөгү менен ал жөнүндө ай-ааламга жар салып жатышат (Зах. 4:6). Сен да бул ишке үзгүлтүксүз катышып жатасыңбы? Падышалыктын жарчысы катары жакшырууга аракет кылуудасыңбы? Ан үчүн, балким, кабар айтууга көбүрөөк убакыт бөлүп же кызматта дагы да жемиштүүрөөк боло алаттырсың. Айрымдар Ыйык Китепти чебер колдонуу менен кызматынын сапатын жакшыртууга умтулууда. Дайыма Жазманын негизинде талкуу жүргүзгөн элчи Пабыл: «Кудайдын сөзү тирүү жана күчтүү»,— деп жазган (Эвр. 4:12; Элч. 17:2, 3).

8, 9. а) Кайсы окуялар кызматта Ыйык Китепти колдонуунун маанилүүлүгүн баса белгилеп турат? б) Кудай Сөзүн канткенде мурдагыдан да чебер колдоно алабыз?

8 Бир ишенимдешибиз үйдөн үйгө кабар айтып жүрүп, католик кишиге Даниел 2:44тү окуп, Кудайдын Падышалыгынын жер бетине чыныгы тынчтыкты жана коопсуздукту кандайча орноторун түшүндүрүп берген. Ал киши: «Мага оозеки эле айтып берип койбой, Ыйык Китептин өзүнөн окуп бергениңерге аябай баа бердим»,— деп айткан. Башка бир тууганыбыз православие динин туткан аялга аят окуп бергенде, ал кызыгып калып, бир нече суроо узаткан. Ошондо да ал бир тууганыбыз аялы менен анын суроолоруна Ыйык Китепти колдонуп жооп берген. Кийин ал аял: «Эмне үчүн силер менен маектешким келгенин билесиңерби? Силер Ыйык Китепти алып келип, анын өзүнөн окуп бердиңер»,— деген.

9 Албетте, биздин адабияттар абдан баалуу жана кабар айтууда таратылышы керек. Бирок биздин негизги куралыбыз — Ыйык Китеп. Андыктан аны кызматта дайыма колдонууну максат кылып алууга эмне үчүн болбосун? Балким, Кудайдын Падышалыгы деген эмне экенин жана анын аймагыңдагы адамдарды тынчсыздандырган көйгөйлөрдү кандайча чечерин көрсөткөн бир нече аят тандап алаттырсың. Анан үймө-үй кабар айтып жүргөндө ошол аяттарды окуп береттирсиң.

Кудайдын ысмын алып жүрүүнү сыймык катары көр

10, 11. Кудайдын ысмын колдонууга байланыштуу Иса менен анын жолун жолдойм деп ырастагандардын ортосунда кандай айырма бар?

10 Жахаба өзүнүн элине: «Менин күбөлөрүм болсо — силер... Мен Теңирмин»,— деп айткан (Ыш. 43:10, 11). Кудайдын теңдешсиз Күбөсү Иса Машаяк анын ысмын алып жүрүүнү жана ал жөнүндө башкаларга айтууну сыймык катары көргөн (Оку: Забур 82:19; Жакан 17:6; Эврейлер 2:12). Ооба, Иса Атасынын ысмын жарыялагандыктан, «Ишенимдүү Күбө» деп аталган (Аян 1:5; Мт. 6:9).

11 Өздөрүн Кудайдын жана анын Уулунун өкүлдөрүбүз деп ырастагандар Кудайдын ысмына сыйлабастык менен мамиле кылууда, атүгүл ал ысымды өздөрү колдонгон Ыйык Китептен алып салууда. Католик епископторунун акыркы көрсөтмөлөрүнүн биринде да ушундай көз караш чагылдырылып, сыйынуу учурунда «Кудайдын ысмынын тетраграмматон формасын (ЙХВХ) колдонууга да, жарыялоого да болбой турганы» айтылган *. Бул кандай гана туура эмес ой жүгүртүү!

12. Жахабанын кызматчылары 1931-жылы кандайча ага кызмат кылган эл катары мурдагыдан да көбүрөөк таанымал боло башташкан?

12 Машаяктын чыныгы жолдоочулары аны жана ага чейин жашаган «көп күбөлөрдү» туурап, Кудайдын ысмын сыймыктануу менен колдонушат (Эвр. 12:1). Чынында, 1931-жылы Кудайдын кызматчылары Жахабанын Күбөлөрү деген атты кабыл алганда Жахабага кызмат кылган эл катары мурдагыдан да көбүрөөк таанымал боло башташкан (Оку: Ышайа 43:10—12). Ошентип, Машаяктын чыныгы жолдоочулары «Кудайдын өз ысмы менен аталган» эл болуп калышкан (Элч. 15:14, 17).

13. Канткенде Кудай ыйгарган атыбызга татыктуу жашай алабыз?

13 Канткенде ар бирибиз Кудайдын ысмы менен аталганыбызга татыктуу жашай алабыз? Эң алды, Кудай жөнүндө ишенимдүүлүк менен күбөлөндүрүшүбүз зарыл. «Жахабанын ысмын чакырган ар бир адам куткарылат,— деп жазган Пабыл.— Бирок ага ишенбей туруп аны кантип чакырышат? Ал жөнүндө укпай туруп ага кантип ишенишет? Кабар айткан бирөө болбосо, кантип угушат? Эгер жөнөтүлүшпөсө, кантип кабар айтышат?» (Рим. 10:13—15). Ошондой эле биз Жаратканыбызга тил тийгизген диний окутуулардын, мисалы, сүйүүнүн Кудайын Ибилистей ырайымсыз кылып көрсөткөн тозок оту сыяктуу окутуулардын жалган экенин сылыктык менен ашкерелешибиз керек (Жер. 7:31; 1 Жкн. 4:8; салыштыр: Марк 9:17—27).

14. Кудайдын ысмын билгенде айрымдар кандай сезимде болушкан?

14 Асмандагы Атаңдын ысмын алып жүргөнүңө сыймыктанасыңбы? Башкаларга ал ыйык ысымды билүүгө жардам бересиңби? Парижде (Франция) бир аял Жахабанын Күбөлөрү Кудайдын ысмын билет деп уккан, ошондуктан ишенимдешибизге жолукканда өзүнүн Ыйык Китебинен ал ысымды көрсөтүп беришин суранган. Бир тууганыбыз Забур 82:19ду окуп бергенде, бул ал аялдын жан дүйнөсүн козгогон. Аны менен ыйык китептик изилдөө башталган, азыр болсо ал башка өлкөдө ишенимдүү кызмат кылып жатат. Австралияда жашаган католик аял Ыйык Жазмадан Кудайдын ысмын биринчи жолу көргөндө кубанганынан көзүнө жаш алган. Ал Жахабанын Күбөсү болуп, көптөгөн жылдардан бери жалпы пионер болуп кызмат кылууда. Жакында эле Ямайкадагы Күбө бир аялга анын Ыйык Китебинен Кудайдын ысмын көрсөтүп бергенде, ал да сүйүнгөнүнөн жашып кеткен. Андыктан Кудайдын ысмын алып жүргөнүңдү сыймык катары көр жана Исаны туурап, ал ардактуу ысым тууралуу баарына жарла.

«Дүйнөнү... сүйбөгүлө»

15, 16. Исанын чыныгы жолдоочулары дүйнөгө карата кандай көз карашта жана өзүбүзгө кандай суроолорду берип көрүшүбүз керек?

15 «Дүйнөнү да, дүйнөдөгү нерселерди да сүйбөгүлө. Ким дүйнөнү сүйсө, анда Атага болгон сүйүү жок» (1 Жкн. 2:15). Дүйнө жана анын денелик каалоолорго жетеленүүгө азгырган руху Жахабага жана анын ыйык рухуна карама-каршы келет. Ошондуктан Исанын чыныгы жолдоочулары дүйнөгө таандык болбоону каалап эле коюшпайт, алар аны жүрөгүндө четке кагышат. Анткени, шакирт Жакып жазгандай, «дүйнө менен достошуу Кудайга душман болуу» экенин билишет (Жкп. 4:4).

16 Сансыз азгырыктарды сунуш кылган дүйнөдө жашап жаткандыктан бизге Жакыптын сөздөрүнө ылайык иш кылуу оңойго турбайт (2 Тим. 4:10). Ошо себептен Иса өзүнүн жолдоочулары тууралуу: «Аларды дүйнөдөн алып кетишиңди эмес, Карөзгөйдөн коргошуңду өтүнөм. Мен дүйнөгө таандык болбогондой эле, алар да дүйнөгө таандык эмес»,— деп тиленген (Жкн. 17:15, 16). Өзүңө мындай суроолорду берип көр: «Дүйнөгө таандык болбоого аракет кыламбы? Башкалар Жазмага негизделбеген, ошондой эле жалган сыйынуудан тамыр албаса да, дүйнөнүн рухун ачык эле чагылдырган майрамдарга жана үрп-адаттарга болгон көз карашымды билишеби?» (2 Кор. 6:17; 1 Пет. 4:3, 4).

17. Ак ниет адамдарга Жахаба тарапты ээлөөгө эмне түрткү бериши мүмкүн?

17 Албетте, ыйык китептик нормаларга карманганыбыз үчүн дүйнө бизди жакшы көрүп калбайт, бирок бул ак ниет адамдардын кызыгуусун туудурушу мүмкүн. Ырас, андай кишилер ишенимибиздин Жазмага бекем негизделгенин жана анын жашообуздун бардык тармагына таасир этип жатканын көрүп, мындайча айтканда, майлангандарга: «Биз сени менен барабыз, анткени Кудай силер менен экенин уктук»,— дешет (Зах. 8:23).

Исанын жолдоочусу катары чыныгы сүйүү көрсөт

18. Жахабаны жана жакындарыбызды сүйүү деген эмнени билдирет?

18 Иса: «Жахаба Кудайыңды бүт жүрөгүң менен, бүт жаның менен, бүт акылың менен сүй»,— деген. Ошондой эле: «Жакыныңды өзүңдү сүйгөндөй сүй»,— деп айткан (Мт. 22:37, 39). Андай сүйүү (грекче агапи) жоопкерчилик сезимине, принциптерге жана адеп-ахлак нормаларына негизделет, бирок көбүнчө күчтүү сезимдер менен коштолот. Ал назик да, күчтүү да боло алат (1 Пет. 1:22). Ал өзүмчүлдүккө таптакыр карама-каршы келет, анткени ал бирөөнүн камын көздөп айтылган сөздөр, жасалган иштер менен көрсөтүлөт (Оку: 1 Корунттуктар 13:4—7).

19, 20. Исанын жолдоочуларынын сүйүүсүнүн кандай күчкө ээ экенин көрсөткөн айрым окуяларды айтып бергиле.

19 Сүйүү Кудайдын рухунун жемиши болгондуктан, Исанын чыныгы жолдоочуларына башкалар кыла албай турган нерселерди кылууга, айталы, расалык, маданий жана саясий тоскоолдуктарды жеңүүгө көмөк кылат (Оку: Жакан 13:34, 35; Гал. 5:22). Андай сүйүү кой мүнөздүү адамдарды кайдыгер калтырбайт. Мисалы, Израилде бир эврей жигит жыйналыш жолугушуусуна биринчи жолу барганда эврей жана араб бир туугандардын Жахабага биримдикте кызмат кылып жатканын көрүп, айран-таң калган. Натыйжада ал жолугушууларга үзбөй бара баштаган жана Ыйык Китепти изилдөөгө макул болгон. Сен да бир туугандарга чын жүрөгүңдөн ушундай тунук сүйүү көрсөтөсүңбү? Падышалык залына жаңы келгендерди, улутуна, өңү-түсүнө же коомдо ээлеген абалына карабай, жылуу тосуп алууга дайыма аракет кыласыңбы?

20 Исанын чыныгы жолдоочулары катары биз баарына сүйүү көрсөтүүгө умтулабыз. Сальвадордо бир жаш жарчы чиркөөсүнө кан-жаны менен берилген 87 жаштагы католик апа менен Ыйык Китепти изилдечү. Күндөрдүн биринде ал апа катуу ооруп, ооруканага жатып калат. Ал үйүнө чыгып келгенде, бир туугандарыбыз анын ал-жайын сурап, ага тамак-аш алып барып турушат. Ишенимдештерибиз ага бир айча ошентип кам көрүшөт. Ал эми анын чиркөөсүнөн ага бирөө да басып барган эмес. Апага бул кандай таасир эткен? Ал сүрөт-сөлөкөттөрүнүн баарынан арылып, чиркөөсүнөн чыккан жана Ыйык Китепти изилдөөнү уланткан. Ооба, Исанын жолдоочуларынын сүйүүсү зор күчкө ээ! Иш жүзүндө көрсөтүлгөн андай сүйүү эч бир сөз менен козгой алгыс жүрөктөрдү да козгой алат.

21. Канткенде коопсуз келечекке ээ боло алабыз?

21 Жакында Иса ага кызмат кылам деп жалган ырастагандардын баарына: «Мен силерди эч качан таанычу эмесмин! Кеткиле жанымдан, мыйзамсыз иш кылгандар!» — деп айтат (Мт. 7:23). Андыктан, келгиле, Атабызды да, анын Уулун да даңктаган жемиштерди алып келели. Иса: «Ушул сөздөрүмдү угуп, аткаргандардын баары үйүн аска таштын үстүнө курган акылдуу адамга окшош»,— деген (Мт. 7:24). Ырас, Машаяктын чыныгы жолдоочулары экенибизди далилдесек, Кудайдан ырайым табабыз жана келечегибиз аска-ташка негизделгендей коопсуз болот!

[Шилтемелер]

^ 11-абз. Англис тилинде жарык көргөн айрым заманбап католик адабияттарында, анын ичинде «Иерусалим Ыйык Китебинде» «Яхве» деген тетраграмматон кездешет.

Эсиңердеби?

• Машаяктын чыныгы жолдоочулары жалган жолдоочулардан эмнеси менен айырмаланышат?

• Машаяктын чыныгы жолдоочуларын айырмалап турган кээ бир «жемиштерди» атагыла.

• Исанын жолдоочусу катары жемиш берүүдө кандай максаттарды койсоң болот?

[Изилдөө суроолору]

[13-беттеги сүрөт]

Кызматта Ыйык Китепти дайыма колдоносуңбу?

[15-беттеги сүрөт]

Башкалар Жазмага негизделбеген майрамдарга кандай көз карашта экениңди билишеби?