Шайтандын башкаруусу эч качан ийгиликке жетпейт
Шайтандын башкаруусу эч качан ийгиликке жетпейт
«Мыйзамсыз адам жакшылык көрбөйт» (НАС. 8:13).
1. Мыйзамсыздардын жоопко тартылары эмне себептен жубатарлык кабар болуп эсептелет?
ЭРТЕДИР-КЕЧТИР ыймансыздар жоопко тартылып, кылган иштери үчүн тийиштүү жазасын алышат (Накыл 5:22; Нас. 8:12, 13). Бул адамдар үчүн, өзгөчө, адилдикти сүйгөндөр жана мыйзамсыздардын адилетсиз, жаман мамилесине дуушар болуп жаткандар үчүн жубатарлык кабар болуп эсептелет. Адилеттүү түрдө соттоло турган ыймансыздардын эң башкысы — мыйзамсыздыктын атасы Шайтан Ибилис (Жкн. 8:44).
2. Эйденде көтөрүлгөн талаш маселе чечилиши үчүн эмне себептен убакыт талап кылынган?
2 Шайтан өзү жөнүндө жогору ойдо болуп, менменсинип кеткендиктен тээ Эйденде эле адамзатты Жахабанын бийлигин четке кагууга түрткөн. Натыйжада түпкү ата-энебиз Жахабанын адилеттүү бийлигине шек келтирген Шайтандын козголоңуна кошулуп, күнөөгө баткан (Рим. 5:12—14). Албетте, Жахаба алардын козголоңу, анын бийлигин урматтабаганы эмнеге алып барарын билген. Бирок анын кесепети кандай болорун бүт аң-сезимдүү жаратуулар да көрүшү керек эле. Ошондуктан талаш маселе чечилиши үчүн жана козголоңчулардын кылганы таптакыр туура эмес болгону далилдениши үчүн, убакыт талап кылынган.
3. Биз адамдардын бийлигине кандай карайбыз?
3 Жахабанын бийлигин четке кагышкандыктан адамдар эми өздөрүнүн башкаруу системасын түзүшү керек эле. Элчи Пабыл Римдеги ишенимдештерине жазган катында адамдардын башкаруу системасын «жогорку бийликтер» деп атаган. Пабылдын күндөрүндө жогорку бийлик болуп, негизинен, б.з. 54—68-жылдары император Нерон башкарган Рим өкмөтү эсептелген. Пабыл андай жогорку бийликтердин баары «Кудай белгилеген орундарды ээлеп турарын» айткан (Оку: Римдиктер 13:1, 2). Муну менен ал Кудайдын адамдар башкарган өкмөттөр аркылуу бийлик жүргүзөрүн айткысы келгенби? Албетте, жок. Ал тек гана Жахаба азырынча адамдардын бийлик кылышына жол берип жаткандыктан, Исанын жолдоочулары «Кудай бекиткен тартипти» урматтап, андай башкаруучуларга баш ийиши керектигин айткан.
Каргашага алып барган жол
4. Эмне себептен адамдардын башкаруусу ийгиликке жетпейт? Түшүндүргүлө.
4 Бирок Шайтандын таасири астындагы адамдардын башкаруусу эч жакшы натыйжа алып келген жок. Эмне үчүн? Биринчиден, ал Кудайдын акылмандыгына негизделген эмес. Бир гана Жахаба жеткилең акылмандыкка ээ. Андыктан ал гана бизге туура жетекчилик берип, ийгиликтүү башкара алат (Жер. 8:9; Рим. 16:27). Бир нерсеге өздөрүнүн каталарынан үйрөнгөн адамдардан айырмаланып, Жахаба кандай кылганда туура болорун эң жакшы билет. Ошондуктан анын жетекчилигине ылайык келбеген башкаруу жолу эч качан ийгиликтүү болбойт. Мына ушундан улам Шайтандын адамдардын башкаруусу аркылуу жүргүзгөн бийлиги жакшылыкка алып барбай турганы башында эле айкын болгон. Андан сырткары, Шайтан адамдарды Жахабадан көз карандысыз болууга арам ой-ниет менен азгырган. Ошо себептен да адам баласынын башкаруусу ийгиликке жетпейт.
5, 6. Шайтандын Жахабага каршы чыгышына эмне себеп болгон?
5 Акыл-эстүү киши, адатта, кайсы бир иштен майнап чыкпай турганына көзү жетсе, Накыл сөздөр 21:30). Шайтан менменсингендиктен, текебердиктен улам сокур болуп, Жахабага каршы чыгууга батынган. Ошентип, ал билип туруп каргашага алып бара турган жолго түшкөн.
ал ишке киришпейт. Эгер ал болбой эле ошол ишти жасай турган болсо, кийин катасын моюнга алууга аргасыз болот. Адамзаттын тарыхында кудурети күчтүү Жаратканга каршы чыгуу акылсыздык экенин тастыктаган далилдер арбын (Оку:6 Кийинчерээк Шайтандын бой көтөрүүчүлүгүн Бабыл башкаруучусу чагылдырган. Ал ооз көптүрө мындай деген: «Асманга чыгып, тагымды Кудайдын жылдыздарынан жогору коём, тоодо, сансыз кудайлардын арасында, түндүктүн четинде отурам. Булуттардын үстүнө чыгам. Бардыгынан Жогору Тургандын өзүнө окшоп калам» (Ыш. 14:13—15). Ал башкаруучунун акылга сыйбаган ою ойрон болуп, Бабыл династиясы кыйроого учурап, маскара болгон. Ошол сыңары, Шайтан менен анын дүйнөсү да жакында толугу менен жок болот.
Эмне үчүн жол берген?
7, 8. Жахабанын жамандыктын болушуна убактылуу жол бергени кандай пайда алып келди?
7 Айрымдар: «Жахаба адамдарга Шайтан тарапты ээлөөгө жана акыры каргаша менен бүтө турган башкаруу жолун тандоого эмне үчүн жол берген?» — деп ойлошу мүмкүн. Кудурети күчтүү Кудай болгондуктан ал буга жол бербей деле коё алмак (Чыг. 6:3). Бирок анткен эмес. Себеби чексиз акылман болгондуктан ал адамдардын козголоңуна убактылуу кийлигишпегени акыр-түбү жакшы натыйжага алып келерин көрө билген. Акыр-аягы, Жахабанын адилеттүү жана мээримдүү Башкаруучу экени далилденмек, ошондой эле ишенимдүү адамдар анын чыгарган чечиминен пайда алышмак.
8 Эгер адамдар Шайтандын сунушун четке кагып, Кудайдан көз каранды болууга умтулбаса, адамзат үй-бүлөсү канчалаган азап-кайгыдан кача алмак! Бирок Жахабанын адамдарга убактылуу өзүн өзү башкарууга жол бергени пайда алып келүүдө. Ал жүрөгү таза адамдарга Кудайга тил алуу жана ага таянуу акылдуулукка жатарын терең түшүнүүгө жардам берип келет. Кылымдардан бери адам баласы көптөгөн башкаруу формасын колдонуп көрдү, бирок алардын бири да жыргаткан жок. Бул болсо Кудайдын кызматчыларын Жахабанын башкаруусунун эң эле мыкты экенине ого бетер ынандырып келет. Жахабанын Шайтандын ырайымсыз башкаруусуна жол бергени бардык адамдарды, анын ичинде Кудайдын ишенимдүү кызматчыларын азапка салганы чын. Анткен менен жамандыктын болушуна убактылуу жол
берилгени ал ишенимдүү кызматчыларга пайда да алып келди.Жахабага даңк алып келген козголоң
9, 10. Шайтандын башкаруусу Жахабага кандайча даңк алып келгенин түшүндүргүлө.
9 Шайтанга адамзатка таасир этүүгө жана адамдарга өз алдынча бийлик жүргүзүүгө жол берилгени Жахабанын башкаруусунун зоболосун кымындай да түшүргөн эмес. Тескерисинче, тарых Жеремиянын рухтун жетеги менен жазган сөздөрүнүн калетсиздигин — адам баласынын өзүн башкарууга кудурети жетпей турганын — тастыктап турат (Оку: Жеремия 10:23). Ошондой эле Шайтандын козголоңу Жахабага өзүнүн сонун сапаттарын мурдагыдан да айкын көрсөтүүгө мүмкүнчүлүк берген. Кандайча?
10 Шайтандын башкаруусунун залалдуу болгону Жахабанын жеткилең сапаттарын даана ачып берүүдө. Ошентип, Жахаба аны сүйгөндөрдүн көз алдында даңазаланууда. Бул таң калыштуу болушу мүмкүн, бирок Шайтандын башкаруусу, чынында, Кудайдын даңкталышына шарт түзгөн. Мындан Жахабанын анын эгедерлигине байланыштуу маселени эң сонун чечкендиги айкын көрүнүп турат. Муну түшүнүү үчүн, келгиле, Жахабанын кээ бир сапаттарын карап чыгалы жана Шайтандын мыйзамсыз башкаруусу Кудайга ошол сапаттарын дагы башкача жол менен көрсөтүшүнө кандайча себеп болгонун билели.
11. Жахаба сүйүүсүн кантип көрсөткөн?
11 Сүйүүсү. Жазмада: «Кудай — сүйүү»,— деп айтылат (1 Жкн. 4:8). Адамдардын жаратылганы, эң алды, Кудайдын сүйүүсүн айгинелейт. Биздин таң каларлык жана кереметтүү жаратылганыбыз да Кудайдын сүйүүсүн далилдеп турат. Ошондой эле Жахаба сүйүүсүнөн улам адамдарга бактылуу болууга өбөлгө түзгөн нерселердин баары бар ажайып кооз үй берген (Башт. 1:29—31; 2:8, 9; Заб. 138:14—16). Бирок биринчи түгөй күнөө кетиргенде, Жахаба сүйүүсүн өзгөчө жол менен көрсөткөн. Кандайча? «Кудай бул дүйнөнү ушунчалык сүйгөндүктөн, өзүнүн жалгыз Уулун ага ишенген ар бир адам өлбөй, түбөлүк өмүргө ээ болсун деп берди»,— деген Иса (Жкн. 3:16). Ырас, Кудай күнөөкөр адамдарды куткаруу үчүн өзүнүн жалгыз Уулун жерге жиберүү менен зор сүйүүсүн көрсөткөн. Ал сүйүүсүн мындан мыкты жол менен көрсөтө алат беле? (Жкн. 15:13). Мындай күчтүү сүйүү адамдарга, Исадай болуп, Кудайдын жан аябастык менен көрсөтүлгөн сүйүүсүн чагылдырууга түрткү берет (Жкн. 17:25, 26).
12. Жахаба күчүн кантип көрсөткөн?
12 Күчү. Кудуреттүү Кудай гана өмүр бере алат (Аян 11:17; Заб. 35:10). Төрөлгөндө адам актай барактай болот, ал эми өлгөндө ал барак аны инсан катары калыптаган чечимдерге, иш-аракеттерге жана өмүрлүк тажрыйбага толот. Ал маалыматтын баары Жахабанын эс-тутумунда. Өз убагы келгенде Жахаба ал адамдын өзүнө гана таандык бардык өзгөчөлүктөрү менен тирилте алат (Жкн. 5:28, 29). Ошентип, өлүм Кудайдын алгачкы ой-ниетине кирбесе да, ага атүгүл өлгөндөрдү тирилтүүгө кудуреттүү экенин көрсөтүүгө мүмкүндүк берген. Чынында эле, Жахаба — кудуреттүү Кудай.
13. Исанын курмандыгы кандайча Жахабанын жеткилең адилеттүүлүгүн чагылдырган?
Мыйз. 32:4; Тит 1:2). Ал дайыма, атүгүл өзүнө ыңгайсыз болгондо да, чындыктын жана адилеттүүлүктүн бийик нормаларына карманат (Рим. 8:32). Сүйүктүү Уулунун Кудайга акарат келтирүүчү катары жаза устунунда өлгөнүн көрүү Жахабага кандай оор болгон! Бирок жеткилеңсиз адамдарга болгон сүйүүсүнөн улам ал адилеттүүлүктүн жеткилең нормасын бузбаш үчүн буга жол берген (Оку: Римдиктер 5:18—21). Ошентип, адилетсиздикке толгон дүйнө Жахабага өзүнүн теңдешсиз адилеттүү экенин көрсөтүүгө мүмкүндүк берген.
13 Адилеттүүлүгү. Жахаба эч качан жалган сүйлөбөйт, адилетсиздик да кылбайт (14, 15. Жахаба чексиз акылмандыгын жана чыдамдуулугун кандай жолдор менен көрсөтүп келет?
14 Акылмандыгы. Адам ата менен Обо эне күнөө кетирер замат, Жахаба алардын козголоңунун бардык залалын кантип жоёрун ачып берген (Башт. 3:15). Ошентип дароо чара көргөнү жана кызматчыларына өзүнүн ой-максатын акырындык менен ачып бергени Жахабанын чексиз акылмандыгын баса белгилеп турат (Рим. 11:33). Кудайга бул жагдайды ийгиликтүү чечүүгө эч нерсе тоскоолдук кыла албайт болчу. Адеп-ахлаксыздык, согуш-жаңжал кеңири таралып, акылсыздык, тил албастык, ырайымсыздык, бет карамалык, эки жүздүүлүк үстөмдүк кылган дүйнөдө Жахабага жаратууларына чыныгы акылмандык деген эмне экенин көрсөтүүгө шарт түзүлгөн. Шакирт Жакып мындай деген: «Жогорудан келген акылмандык баарынан мурда таза, андан кийин тынчтыкты сүйүүчү, эстүү, баш ийүүгө даяр, кайрымдуулук менен жакшы жемиштерге бай, калыс, эки жүздүү эмес» (Жкп. 3:17).
15 Чыдамдуулугу жана сабырдуулугу. Эгер Жахаба жеткилеңсиз, күнөөкөр, көп жаңылган адамдар менен мамилелешпесе, анын канчалык чыдамдуу, сабырдуу экени биз үчүн мынчалык деңгээлде айкын болмок эместир. Жахабанын миңдеген жылдардан бери даярдуулук менен ошондой мамиле кылып келгени анын ушул сонун сапаттарды жеткилең түрдө чагылдырарын көрсөтүүдө. Биз буга абдан ыраазы болушубуз керек. Элчи Петир: «Теңирибиздин чыдамдуулугун куткарылуу катары эсептегиле»,— деп таамай айткан (2 Пет. 3:9, 15).
16. Жахабанын кечирүүгө даярдуулугу эмне үчүн зор кубаныч тартуулайт?
16 Кечирүүгө даярдуулугу. Баарыбыз күнөөкөр пендебиз жана көп жаңылабыз (Жкп. 3:2; 1 Жкн. 1:8, 9). Андыктан Жахабанын бизди айкөлдүк менен кечирүүгө даяр болгонуна кандай гана ыраазы болушубуз керек! (Ыш. 55:7). Ошондой эле биз жеткилеңсиз, күнөөкөр болуп төрөлгөндүктөн, Кудай каталарыбызды кечиргенде, канчалык кубанарыбызды ойлоп көрсөң (Заб. 50:7, 11, 19). Жахаба өзүнүн жүрөк козгоорлук сапаттарын жеке бизге көрсөткөндө, ага болгон сүйүүбүз тереңдеп, башкалар менен мамилелешүүдө аны тууроого түрткү алабыз (Оку: Колосалыктар 3:13).
Дүйнө эмне үчүн «ооруп» жатат?
17, 18. Шайтандын башкаруусунун ийгиликсиз экенин эмне көрсөтүп турат?
17 Шайтан башкарып жаткан бүтүндөй дүйнө түзүлүшүнүн ийгиликсиз экени кылымдар бою кайра-кайра тастыкталып келет. 1991-жылы «Юропиэн» гезитинде: «Дүйнө ооруп жатабы? Ооба, чынында эле, ооруп жатат, бирок... дүйнө Кудайдын эмес, анда жашаган адамдардын айынан дартка чалдыкты»,— деп жазылган. Бул сөздөр кандай гана таасын айтылган! Түпкү ата-энебиз Шайтандын таасирине алдырып, Жахабанын башкаруусун четке кагып, адамдардын башкаруусун тандап алышкан. Ошентип, алар ара жолдо кала турган башкарууну тандашкан. Дүйнө жүзүндөгү адамдардын азап-кайгыдан арылбай кыйналып жатканы адам баласынын башкаруусунун өтө коркунучтуу «илдетке» чалдыкканынан кабар берип турат.
18 Шайтандын башкаруусу өзүмчүлдүккө негизделип, башкаларды өзүмчүл болууга түртөт. Бирок өзүмчүлдүк Жахабанын башкаруусунун негизинде жаткан сүйүүнү эч качан жеңе албайт. Шайтандын бийлиги коопсуздук, бакыт, тынчтык алып келе алган жок. Ал эми Жахабанын башкаруусу акталып-даңкталууда! Бүгүнкү күндө буга далилдер барбы? Ооба, бул тууралуу кийинки макалада сөз жүрөт.
Төмөнкү аяттардан башкарууга байланыштуу эмнелерди билдик?
[Изилдөө суроолору]
[25-беттеги сүрөт]
Шайтандын башкаруусу адамдарга эч пайда алып келген жок
[25-беттеги сүрөт]
U.S. Army photo WHO photo by P. Almasy
[26-беттеги сүрөт]
Жахаба өлгөндөрдү тирилтүү менен да өз күчүн көрсөтөт
[27-беттеги сүрөт]
Өз Уулун курмандыкка берүү менен Жахаба сүйүүсүн жана адилеттүүлүгүн чагылдырган