Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

«Баланын рухий жактан өсүүгө болгон укугу»

«Баланын рухий жактан өсүүгө болгон укугу»

«Баланын рухий жактан өсүүгө болгон укугу»

БАЛАНЫН укугу боюнча швед академиясы 2008-жылы 9-декабрда «Баланын рухий жактан өсүүгө болгон укугу» деп аталган өзгөчө семинар өткөргөн. Аталган семинарда швед чиркөөсүнүн өкүлдөрү, христиан дүйнөсүнүн башка диндерин туткандар, мусулмандар, гуманизм философиясын жактагандар өздөрүнүн ой-пикирин ортого салышкан.

Сүйлөп чыккандардын арасындагы бир чиркөө кызматчысы: «Ыйык китептик билдирүүлөрдүн балдардын рухийлигине тийгизген таасиринин канчалык күчтүү экенин сөз менен айтып жеткирүү мүмкүн эмес»,— деген. Ыйык китептик билдирүүлөр балдардын рухий муктаждыгын кандайча канааттандырат?

«Андагы окуялар жана билдирүүлөр балдарга өз алдынча ой жүгүртүүгө жардам берет»,— деген чиркөө кызматчысы. Ал «Адам менен Обо, Кабыл менен Абыл, Дөөтү менен Голийат, Исанын төрөлүшү, салык жыйноочу Закай жөнүндөгү окуяларды жана адашкан уул, боорукер самариялык киши тууралуу аңгемелерди» санап өткөн. Анан алардын «[балага] чыккынчылык, кечиримдүүлүк, күнөөнү жуу, жек көрүүчүлүк, бузулгандык, элдешүү, бир туугандык жана жан аябас сүйүү көрсөтүү сыяктуу олуттуу нерселерде туура ой жүгүртүүгө түрткү берерин» айткан. Анан: «Андай билдирүүлөрдөн жашоодо колдонорлук, иш-аракет кылууга түрткү берерлик жана тажрыйбага ээ кыла турган сабактарды алууга болот»,— деп кошумчалаган.

Ооба, балдарды Ыйык Китепти окууга үндөгөн абдан жакшы. Бирок алар Жазмадан окугандары тууралуу «өз алдынча ой жүгүртүп», туура тыянакка келе алышабы?

Атүгүл чоң кишилерге да Ыйык Жазмада айтылгандарды түшүндүрүп берүү зарыл болот. Мисалы, Ыйык Китепте «өз алдынча ой жүгүртүп», рухий нерселерди түшүнө албай койгон бир киши жөнүндө айтылат. Ал киши эфиопиялык төрө эле. Ал Ышаянын пайгамбарлыгын окуп, бирок маанисин түшүнбөй жаткан. Ышаянын жазган кабарын түшүнгүсү келгендиктен ал Филиптин түшүндүрүп бергенин даярдуулук менен уккан (Элч. 8:26—40). Жазманын түшүндүрүлүп берилишине эфиопиялык төрө муктаж болгондой эле, буга бардык адамдар, өзгөчө, балдар муктаж.

Ыйык Китепте: «Өспүрүмдүн жүрөгүнө акылсыздык жабышат»,— деген эскертүү берилет (Накыл 22:15). Балдарга жетекчилик, багыт берүү керек. Андыктан ата-энелер Ыйык Китептин жана жыйналышта айтылгандардын негизинде аларга адеп-ахлактык, рухий билим берүүгө жооптуу. Балдар андай билим алууга укуктуу. Алар «түшүнүү жөндөмү иш жүзүндө колдонуунун аркасында жакшы менен жаманды айырмалай билүүгө үйрөтүлгөн» «жетилген адамдардан» болушу үчүн, кичинекей кезинен тартып рухий жактан өсүшүнө шарт түзгөн пайдубалга, ыйык китептик билимге, муктаж болушат (Эвр. 5:14).