Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Жахабаны Атаңдай көрөсүңбү?

Жахабаны Атаңдай көрөсүңбү?

Жахабаны Атаңдай көрөсүңбү?

«МЫРЗАМ,.. бизге тиленгенди үйрөтчү». Исанын шакирттеринин бири ушинтип суранганда, ал: «Тиленип жатканыңарда: „Атабыз, сенин ысмың ыйыкталсын“,— деп айткыла»,— деген (Лк. 11:1, 2). Иса Жахабага «Кудуреттүү Кудай», «Жараткан», «Улуу Насаатчы», «Күндөрү Байыркы», «Түбөлүктүктүн Падышасы» деген сыяктуу таасирдүү наамдарын колдонуп кайрылууга үндөсө деле болмок (Башт. 49:25; Аюб 36:3; Ыш. 30:20, «ЖД»; Дан. 7:9; 1 Тим. 1:17). Бирок ал «Ата» деген сөздү тандаган. Эмне үчүн? Ал биздин ааламдагы эң жогорку Кудайга өзүнүн мээримдүү атасына момундук менен кайрылган кичинекей баладай болуп кайрылышыбызды кааласа керек.

Бирок айрымдарга Кудайды өзүнүн атасындай көрүү оңойго турбайт. Атсюко * деген ишенимдешибиз: «Чөмүлтүлгөнүмдөн кийин көп жыл бою мага Жахабага жакындоо жана аны Атамдай көрүп тиленүү кыйынга турду»,— дейт. Анын себебин: «Менин атам мага сүйүү көрсөтчү деле эмес»,— деп түшүндүрөт.

Азыркы акыркы өзгөчө оор күндөрдө «жакындарына» сүйүү көрсөтпөгөн аталар аз эмес (2 Тим. 3:1, 3). Андыктан айрымдардын Атсюкодой сезимде болгону таң калыштуу эмес. Ошентсе да көңүлүбүздү чөгөрбөйлү, себеби бизде Жахабаны мээрман Атабыздай көрүүгө орчундуу себептер бар.

Жахаба — мээримдүү, камкор Ата

Эгер Жахабаны Атабыздай көрүүнү кааласак, аны жакшы таанып-билишибиз керек. «Уулун Атасынан башка эч ким толук билбейт, ошондой эле Атасын Уулунан жана Уулу кимдерге ачып бергиси келсе, ошолордон башка эч ким толук билбейт»,— деген Иса (Мт. 11:27). Исанын чыныгы Кудай тууралуу ачып бергендери жөнүндө ой жүгүртүү — Жахабаны эмне үчүн Атага салыштырууга болорун билүүнүн мыкты жолу. Иса Атасы тууралуу эмнелерди ачып берген?

Иса өмүрүнүн Булагы Жахаба экенин айтып: «Мен ал аркылуу жашайм»,— деген (Жкн. 6:57). Биз да жашап жатканыбыз үчүн Жахаба Атабызга милдеттүүбүз (Заб. 35:10; Элч. 17:28). Бизге өмүр берүүгө ага эмне түрткү берген? Сүйүү. Ушундай белек үчүн асмандагы Атабызга ыраазы болуп, аны жакшы көрүшүбүз керек эмеспи?

Исанын куткаруу курмандыгы — Кудайдын адамзатка болгон сүйүүсүнүн эң чоң далили. Сүйүү менен караштырылган ал чара күнөөкөр адамзатка Жахаба менен анын сүйүктүү Уулу аркылуу ынак мамиледе болууга жол ачкан (Рим. 5:12; 1 Жкн. 4:9, 10). Андан сырткары, асмандагы Атабыз убадаларын аткаруучу Кудай болгондуктан, аны жакшы көргөндөрдүн жана ага тил алгандардын баары акыр-аягы «Кудайдын уулдары болуп», «даңктуу эркиндикке чыгышат» (Рим. 8:21).

Ошондой эле асмандагы Атабыз ар күнү бизге күнүн тийгизет (Мт. 5:45). Күндүн чыгышын сурап эч кимибиз деле тиленбейттирбиз. Бирок анын жылуу нурлары биз үчүн кандай гана зарыл! Алар бизге кандай гана зор кубаныч тартуулайт! Атабыз — абдан камкор Кудай, ал эмнеге муктаж экенибизди сурай элегибизде эле билет. Андыктан асмандагы Атабыздын өзүнүн жаратууларына кантип кам көрүп жатканына назар салып, ошол жөнүндө ыраазычылык менен ой жүгүртүүгө убакыт бөлүшүбүз керек эмеспи? (Мт. 6:8, 26).

Атабыз — «назик коргоочу»

Ышая пайгамбар Кудайдын байыркы элин кайраттандырган мындай пайгамбарлык айткан: «„Тоолор жылат, адырлар солкулдайт, бирок менин достугум сенден алынбайт, менин тынчтык келишимим бузулбайт“,— дейт сенин назик коргоочуң Жахаба» (Ыш. 54:10, «Тирүү англис тилиндеги Ыйык Китеп»). Исанын жердеги жашоосунун акыркы түнүндө айткан тиленүүсү ушул ойду баса белгилеп, Жахабанын, чынында эле, «назик коргоочу» экенин көрсөтүп турат. Иса шакирттери жөнүндө: «Алар болсо дүйнөдө болушат. Мен сага баратам. Ыйык Ата, мага берген өзүңдүн ысмың үчүн аларды коргой жүр»,— деп тиленген (Жкн. 17:11, 14). Ооба, Жахаба Исанын жолдоочуларына көз кырын салып, аларды коргоп келет.

Кудай бүгүнкү күндө «ишенимдүү жана акылдуу кул» аркылуу өз убагында рухий тамак берүү менен да бизди Шайтандын айла-амалдарынан коргойт (Мт. 24:45). Ал рухий тамак «Кудай берген бардык курал-жарактар менен куралданышыбыз» үчүн абдан маанилүү. Мисалга «Карөзгөйдүн оттуу жебелерин өчүрүүгө» жардам берген «чоң ишеним калканын» алалы (Эф. 6:11, 16). Ишенимибиз бизди рухийлигибизге доо кетире турган нерселерден коргойт жана Атабыздын бизди коргоого кудуреттүү экенине шек санабасыбызды айгинелейт.

Кудайдын Уулунун жерде жүргөндө кылган иштерин кылдат карап чыгуу менен асмандагы Атабыздын назиктиги жөнүндө көптү биле алабыз. Марк 10:13—16-аяттарда жазылган билдирүүгө көңүл бурсаңар. Ал жакта Исанын шакирттерине: «Балдарды мага коё бергиле»,— деген сөздөрү келтирилет. Иса аны тегеректеп алган кичинекей балдарды назик кучактап, аларга батасын берген. Ошондо алардын жүзүнөн кубанычтын нуру чачырап, кудуңдап сүйүнүшсө керек. Иса: «Мени көргөн адам Атамды да көрдү»,— деген. Демек, чыныгы Кудай биздин аны менен тыгыз мамиледе болушубузду каалайт (Жкн. 14:9).

Жахаба — сүйүүнүн соолгус Булагы, абдан камкор Кудай жана теңдешсиз Коргоочу. Ал биздин ага жакындашыбызды каалайт (Жкп. 4:8). Ооба, Жахаба кандай сонун Ата!

Кандай пайда алабыз?

Жахабаны мээримдүү, назик Атабыздай көрүп, ага таянсак, зор пайда алабыз (Накыл 3:5, 6). Иса Атасына толугу менен таянгандыктан көп пайда алган. «Мен жалгыз эмесмин,— деген ал шакирттерине.— Мени жиберген Атам дайыма мени менен» (Жкн. 8:16). Ал Жахабанын колдооруна эч качан шектенген эмес. Чөмүлтүлгөндө Иса Атасынын аны жакшы көрөрүн көрсөткөн сөздөрүн уккан. Атасы: «Бул — менин сүйүктүү Уулум, мен аны колдойм»,— деп айткан (Мт. 3:15—17). Өлөр алдында Иса үнүн бийик чыгарып: «Ата, жанымды сенин колуңа тапшырам»,— деген (Лк. 23:46). Ырас, Иса Атасына ар убак таянып келгендей эле, ошондо да ага толугу менен таянган.

Биз да ошенте алабыз. Жахаба биз тарапта болсо, эмнеден коркушубуз керек? (Заб. 117:6). Жогоруда айтылып өткөн Атсюко мурда кыйынчылыктарды өз күчүнө таянып чечүүгө аракет кылчу. Бирок ал Исанын жашоосу жана кызматы жөнүндө, өзгөчө, асмандагы Атасы менен болгон тыгыз мамилеси тууралуу изилдөө жүргүзгөн. Анын натыйжасы кандай болгон? «Мен Аталуу болуу жана ага таянуу деген эмне экенин жакшы түшүндүм»,— дейт Атсюко. Анан мындай деп кошумчалайт: «Жан дүйнө бейкуттугуна ээ болуп, өзүмдү чындап бактылуу сезип калдым. Чынында эле, ар нерсеге тынчсыздана берүүгө бизде эч кандай себеп жок».

Жахабаны Атабыздай көрүүдөн дагы кандай пайда алабыз? Балдар, адатта, ата-энесин жакшы көрүшөт, ошондуктан алардын көңүлүн оорутууну каалашпайт. Кудайдын Уулу Атасын сүйгөндүктөн, ар дайым ага жакканды кылган (Жкн. 8:29). Ошо сыяктуу эле, асмандагы Атабызга болгон сүйүү бизге акылдуулук менен иш кылууга жана аны «эл алдында даңктоого» түрткү берет (Мт. 11:25; Жкн. 5:19).

Атабыз оң колубуздан кармап турат

Асмандагы Атабыз бизге «жардамчыны» — өзүнүн ыйык рухун — берет. «Чындыкты толук түшүнүшүңөр үчүн, ал силерди жетектейт»,— деген Иса (Жкн. 14:15—17; 16:12, 13). Ыйык рух Атабызды жакшы таанып-билүүгө жардам берет. Ошондой эле ал бизге «чептерди талкалоого», башкача айтканда, калыс эмес пикирлерди, туура эмес ой-түшүнүктөрдү, бурмаланган көз караштарды жоюуга көмөк кылат. Мунун аркасында биз «бардык ойлорду Машаякка баш ийдирүү үчүн туткундайбыз» (2 Кор. 10:4, 5). Андыктан, келгиле, асмандагы Атабыздын «өзүнөн сурагандарга ыйык рухун берерине» эч шектенбей, убада кылынган «жардамчыны» беришин сурап тиленели (Лк. 11:13). Жахабага жакындашыбыз үчүн да ыйык рух сурап тиленгенибиз орундуу.

Кичинекей бала атасынын колун кармап басканда коркпой, өзүн ишенимдүү, коопсуз сезет. Эгер Жахабаны чынында эле Атаңдай көрсөң, анын: «Мен сенин Кудай-Теңириңмин. Сени оң колуңдан кармап, сага мындай дейм: „Коркпогун, Мен сага жардам берем“»,— деген жубатарлык сөздөрүнө толук ишенсең болот (Ыш. 41:13). Сен баа жеткис сыймыкка — түбөлүккө Кудай менен жүрүү сыймыгына — ээ боло аласың (Мих. 6:8). Жахабанын эркин аткарууну улантып, ар дайым аны Атаңдай көр. Ошондо сүйүүгө, кубанычка бөлөнүп, өзүңдү коопсуз сезесиң.

[Шилтемелер]

^ 3-абз. Ысмы өзгөртүлүп берилди.