Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Жашоонун эң мыкты жолуна түшкүлө!

Жашоонун эң мыкты жолуна түшкүлө!

Жашоонун эң мыкты жолуна түшкүлө!

«Жашасак да, өлсөк да, Жахабага таандыкпыз» (РИМ. 14:8).

1. Иса жашоонун эң мыкты жолу тууралуу эмнелерге окуткан?

ЖАХАБА биздин жашоонун эң мыкты жолу менен жүрүп, кубаныч алышыбызды каалайт. Адамдар жашоонун ар кандай жолдорун тандашы мүмкүн, бирок алардын бирөө гана эң мыкты. Кудайдын Сөзүнө ылайык жашап, анын Уулунан, Иса Машаяктан, үйрөнүүдөн өтөр жол жок. Иса өзүнүн жолдоочуларын Кудайга рухтун жетеги менен жана чындыкка ылайык сыйынуу керектигине окуткан жана аларга шакирт даярдоону буйруган (Мт. 28:19, 20; Жкн. 4:24). Анын көрсөтмөлөрүнө ылайык жашоо менен биз Жахабаны кубантабыз жана анын баталарына ээ болобуз.

2. 1-кылымда көптөр Падышалыктын кабарына кандай жооп кайтарышкан жана «Жолдо жүрүү» деген эмнени билдирген?

2 «Түбөлүк өмүргө карата туура көзкарашта болгондор» чындыкты таанып-билип, чөмүлтүлүшкөндө, аларга: «Жашоонун эң мыкты жолуна түшүшүң менен!» — деп айтууга бизде толук негиз бар (Элч. 13:48). Б.з. 1-кылымында ар кыл улуттагы миң-миңдеген кишилер чындыкты кабыл алышкан жана чөмүлтүлүү менен Кудайга арналганын жалпыга маалым кылышкан (Элч. 2:41). Ошол алгачкы шакирттер «Жолдо жүргөндөр» деп аталышкан (Элч. 9:2; 19:23). Исанын жолдоочуларына карата ушул сөз айкашынын колдонулганы абдан орундуу болгон, себеби алар Иса Машаякка ишеним артып, анын үлгүсүнө карманып жашашкан (1 Пет. 2:21).

3. Жахабанын кызматчылары эмне үчүн чөмүлтүлүшөт жана акыркы он жылда канча киши чөмүлтүлгөн?

3 Шакирт даярдоо иши азыркы акыркы күндөрдө кеңири кулач жайып, 230дан көп өлкөдө жана аймакта жүргүзүлүүдө. Акыркы он жылдыкта 2 700 000ден ашуун киши Жахабага кызмат кылууну чечип, ага арналганын чөмүлтүлүү менен көрсөтүшкөн. Демек, жума сайын орто эсеп менен 5000ден ашык киши чөмүлтүлгөн! Алар Кудайды сүйгөндүктөн, Жазмадан билим алгандыктан жана окуп-билгендерине ишенгендиктен чөмүлтүлүүнү чечишкен. Чөмүлтүлүү — жашообуздагы абдан маанилүү учур, анткени биз ошондон тартып Жахаба менен ынак мамиле өрчүтө баштайбыз. Ошондой эле чөмүлтүлүү менен Жахабанын, байыркы убакта анын жолунда жүргөндөргө жардам бергендей эле, бизге да берилгендик менен кызмат кылууга жардам берерине ишенерибизди далилдейбиз (Ыш. 30:21).

Эмне үчүн чөмүлтүлүү керек?

4, 5. Чөмүлтүлүү кандай баталарга ээ кылат жана кандай пайдаларды алып келет?

4 Балким, сен Кудай жөнүндө билим алып, жашооңдо кандайдыр бир өзгөрүүлөрдү жасап, учурда чөмүлтүлбөгөн жарчы болуп кызмат кылып жаткандырсың. Мындай ийгиликтерди кылганың мактоого татырлык. Бирок тиленүү аркылуу Кудайга арналып, чөмүлтүлөйүн деп жатасыңбы? Ыйык Китепти изилдөөнүн аркасында жашооңдо өзүңө жакканды кылуу же байлык топтоо эмес, Жахабаны даңктап-мактоо алгачкы орунда турушу керектигин билген чыгарсың (Оку: Забур 148:11—13; Лк. 12:15). Анда чөмүлтүлүү менен кандай баталарга ээ болосуң жана кандай пайдаларды аласың?

5 Исанын арналган жолдоочусу болуу жашооңду маңызга толтурат. Кудайдын эркин аткарып жатканың үчүн өзүңдү бактылуу сезесиң (Рим. 12:1, 2). Жахабанын ыйык руху сага тынчтык жана ишеним сыяктуу ага жаккан сапаттарды өрчүтүүгө жардам берет (Гал. 5:22, 23). Кудай тиленүүлөрүңө жооп берет жана анын Сөзүнө ылайык жашоо үчүн кылган аракетиңе батасын берет. Кызматың сага кубаныч тартуулайт жана Кудайга жаккан жол менен жүргөнүң түбөлүк өмүргө болгон үмүтүңдү бекемдейт. Андан тышкары, арналып, чөмүлтүлгөнүң Жахабанын Күбөсү болууну чындап каалаарыңды айгинелейт (Ыш. 43:10—12).

6. Чөмүлтүлүү менен эмнени көрсөтөбүз?

6 Жахаба Кудайга өзүбүздү арнап, чөмүлтүлүү менен ага таандык экенибизди айкын кылабыз. «Эч кимибиз өзүбүз үчүн эле жашап, өзүбүз үчүн эле өлбөйбүз,— деп жазган Пабыл.— Жашасак, Жахаба үчүн жашайбыз, өлсөк, Жахаба үчүн өлөбүз. Ошондуктан жашасак да, өлсөк да, Жахабага таандыкпыз» (Рим. 14:7, 8). Бизге өз алдынча чечим чыгаруу эркиндигин берүү менен Кудай ар бирибизди баалаарын көрсөткөн. Кудайга болгон сүйүүбүздөн улам чечкиндүүлүк менен ушул өмүр жолун тандаганыбыз анын жүрөгүн кубантат (Накыл 27:11). Чөмүлтүлгөнүбүз Кудайга арналганыбызды жана аны Башкаруучубуз катары тандаганыбызды эл алдында айгинелейт. Бул эгедерликке байланыштуу талаш маселеде анын тарабын ээлегенибизди көрсөтөт (Элч. 5:29, 32). Ошондо Жахаба биз тарапта болот (Оку: Забур 117:6). Андан тышкары, чөмүлтүлүү бүгүн да, келечекте да башка көптөгөн рухий баталарды алууга жол ачат.

Сүйүүгө бөлөнгөн бир туугандыкка ээ болуу

7—9. а) Иса бардык нерсесин таштап, анын жолун жолдогондорго кандай убада берген? б) Исанын Марк 10:29, 30да жазылган убадасы кандайча аткарылууда?

7 Элчи Петир Исага: «Мына, биз баарын таштап, сенин артыңдан ээрчидик. Бул үчүн биз эмне алабыз?» — деген (Мт. 19:27). Петир өзүнүн жана Исанын башка шакирттеринин эртеңки күнү кандай болорун билгиси келген. Өздөрүн Падышалык жөнүндө кабар айтуу ишине толугу менен арноо үчүн алар чоң курмандыктарга барышкан (Мт. 4:18—22). Иса аларга кандай убада берген?

8 Марктын ушул окуя тууралуу билдирүүсүнө ылайык, Иса шакирттеринин рухий бир туугандыктын мүчөсү болорун айткан. Ал мындай деген: «Ким мен үчүн жана жакшы кабар үчүн үй-жайын, ага-инилерин же эже-карындаштарын, энесин же атасын, балдарын же жерин калтырса, ал азыр, ушул убакта, куугунтуктоолор менен бирге жүз эсе көп үй-жайга, ага-иниге, эже-карындашка, энеге, балага жана жерге, ал эми келечектеги дүйнө түзүлүшүндө түбөлүк өмүргө ээ болот» (Мр. 10:29, 30). Исанын биринчи кылымдагы Лидия, Акила, Прискила жана Гай деген жолдоочулары, Иса убадалагандай, ишенимдештерин «үй-жай» менен камсыз кылышкан жана аларга ага-ини, эже-карындаш, эне болуп беришкен (Элч. 16:14, 15; 18:2—4; 3 Жкн. 1, 5—8).

9 Исанын айткандары бүгүнкү күндө чоң масштабда аткарылууда. Анын жолдоочулары калтырган «жер» көптөрдүн, анын ичинде миссионерлердин, Бейтел үй-бүлөсүнүн мүчөлөрүнүн, эл аралык кызматчылардын жана башка бир туугандардын ар кайсы өлкөлөрдө Падышалыктын кызыкчылыктарын алдыга жылдыруу үчүн даярдуулук менен баш тарткан жашоо каражаттарын билдирет. Көптөгөн бир туугандар жашоосун жөнөкөйлөтүү максатында үй-жайын калтырышкан. Жахабанын аларга кантип кам көргөндүгү, кызматы аларды кандайча бактылуу кылып жатканы жөнүндө угуу бизге кубаныч тартуулайт (Элч. 20:35). Жахабанын чөмүлтүлгөн кызматчыларынын баары бүткүл дүйнөлүк бир туугандыктын мүчөсү катары «биринчи кезекте Кудайдын падышалыгын жана адилдигин издөөнүн» аркасында келген баталарды ала алышат (Мт. 6:33).

«Жашыруун жайдан» коргонуч табуу

10, 11. «Эң Жогорку Кудайдын жашыруун жайы» деген эмне жана ага кантип кире алабыз?

10 Арналуу жана чөмүлтүлүү менен дагы бир батага — «Эң Жогорку Кудайдын жашыруун жайында жашоо» сыймыгына — ээ болобуз (Оку: Забур 90:1 *). Ал — бизди рухий жактан коргогон, бейкуттук жана коопсуздук өкүм сүргөн каймана маанидеги жай. Ал «жашыруун жай» делген, себеби аны Кудайга таянбаган, рухий түшүнүгү жок адамдар баамдай алышпайт. Арналуубузга ылайык жашоо менен жана Жахабага толук таянуу менен биз, мындайча айтканда: «Мен таянган Кудай менин баш калкалаар жайым, менин чебим!» — деген болобуз (Заб. 90:2). Ошондо Жахаба Кудай биздин коопсуз баш калкалаар жайыбыз болот (Заб. 90:9). Мындан коопсуз жай барбы?!

11 Жахабанын «жашыруун жайына» кирүү аны менен жекече мамиле өрчүтүү сыймыгына ээ болууну да билдирет. Арналып, чөмүлтүлгөндөн кийин гана ал жайга кире алабыз. Андан соң Ыйык Китепти изилдөө, чын жүрөктөн тиленүү жана Кудайга толук баш ийүү менен ага жакындап, аны менен болгон мамилебизди чыңдайбыз (Жкп. 4:8). Эч ким Жахабага Исадай жакын болгон эмес, ал Жараткандын аны колдооруна эч шектенген эмес (Жкн. 8:29). Ошондуктан Жахабанын бизге арналганда берген убадабызга ылайык жашоого жардам бергиси келерине жана жардам берүүгө кудурети жетерине эч качан күмөн санабайлы (Нас. 5:3). Кудайдын өз эли үчүн караштырган рухий чаралары анын бизди чындап сүйөрүн жана ага кызмат кылууда ийгиликке жетишибизди каалаарын тастыктап турат.

Рухий бейишти жогору баалагыла

12, 13. а) Рухий бейиш деген эмне? б) Жаңыларга кантип жардам бере алабыз?

12 Арналуу жана чөмүлтүлүү мол баталар төгүлгөн рухий бейиште жашоого эшикти кенен ачат. Рухий бейиш — Жахаба Кудай менен жана бири-бири менен тынчтыкта болгон ишенимдештердин ортосундагы теңдеши жок рухий чөйрө (Заб. 28:11; Ыш. 54:13). Дүйнөдө биздин рухий бейишке салыштырууга боло турган эч бир жер жок. Бул, өзгөчө, эл аралык жыйындарда айкын көрүнөт. Ал жерде ар кайсы улуттагы, тилдеги, этностук топтогу ишенимдештерибиз ынтымакта, биримдикте болуп, бири бирине бир туугандык сүйүү көрсөтүшөт.

13 Биз ырахат алып жаткан рухий бейиш дүйнөдөгү бүгүнкү кейиштүү абалдан кандай гана айырмаланат! (Оку: Ышайа 65:13, 14). Падышалык жөнүндөгү кабарды жарыялоо менен биз башкаларды ошол рухий бейишке чакыруу сыймыгына ээ болобуз. Жыйналышка жаңы келе баштагандарга жардам берип, аларды окутуп-үйрөтүү да бата болуп эсептелет. Акила менен Прискила Аполоско «Кудайдын жолун тагыраак түшүндүрүп беришкендей» эле, биз да аксакалдардын көрсөтмөсү боюнча жаңыларга көмөк көрсөтүү сыймыгына ээ болушубуз мүмкүн (Элч. 18:24—26).

Исадан үйрөнө бергиле

14, 15. Исадан үйрөнө берүүгө бизде кандай орчундуу себептер бар?

14 Исадан үйрөнө берүүгө бизде орчундуу себептер бар. Жерге келгенге чейин ал сан-эсепсиз кылымдар бою Атасы менен бирге эмгектенген (Накыл 8:22, 30). Ал Кудайга кызмат кылууну жана чындык жөнүндө күбөлөндүрүүнү биринчи орунга коюп жашоо эң мыкты өмүр жолу экенин билген (Жкн. 18:37). Андан башка жолду тандоо өзүмчүлдүккө, акылсыздыкка жатары ага белгилүү болгон. Ал оор сыноолорго туш болуп, өлүмгө кыйыларын билген (Мт. 20:18, 19; Эвр. 4:15). Бизге үлгү болгон Исадан актыгыбызды сактоого байланыштуу көп нерсеге үйрөнө алабыз.

15 Исанын чөмүлтүлгөнүнөн көп өтпөй Шайтан аны жашоонун эң мыкты жолунан баш тартууга азгырган. Бирок анын иш-аракети оңунан чыккан эмес (Мт. 4:1—11). Мындан көрүнүп тургандай, Шайтан кандай гана сыноо жибербесин, биз актыгыбызды сактай алабыз. Ал чөмүлтүлөйүн деп жаткандарды, ошондой эле жаңы чөмүлтүлгөндөрдү олжо кылгысы келет (1 Пет. 5:8). Аларга үй-бүлө мүчөлөрү жакшы эле ниет менен каршылык көрсөтүшү ыктымал. Анын себеби алардын Жахабанын Күбөлөрү жөнүндө туура эмес маалымат алганында болушу мүмкүн. Анткен менен андай сыноолор бизге суроолорго жооп берүүдө жана күбөлөндүрүүдө Исанын жолдоочуларына мүнөздүү урмат-сый, сылыктык сыяктуу сонун сапаттарды көрсөтүүгө мүмкүнчүлүк берет (1 Пет. 3:15). Бул болсо бизди угуп жаткандарга жакшы таасир калтырат (1 Тим. 4:16).

Жашоонун эң мыкты жолунан чыкпагыла!

16, 17. а) Мыйзам 30:19, 20-аяттарда өмүр алуу үчүн кайсы үч негизги талап камтылган? б) Иса, Жакан жана Пабыл Мусанын жазгандарын кандайча баса белгилешкен?

16 Исанын жерге келгенинен 1500 жылдай мурун Муса ысрайылдыктарды жашоонун мыкты жолун тандоого үндөгөн. Ал мындай деген: «Бүгүн силердин алдыңарда асман менен жерди күбөгө тартам. Мен сага өмүр менен өлүмдү, алкыш менен каргышты сунуш кылдым. Өзүң жана укум-тукумуң өмүр сүрүшү үчүн, өмүрдү тандап ал. Кудай-Теңириңди сүй, Аны ук, Ага жабыш» (Мыйз. 30:19, 20). Ысрайыл эли Кудайга берилгендигин сактаган эмес, бирок өмүр алуу үчүн коюлган Муса айткан үч негизги талап өзгөргөн жок. Ал талаптарды Иса жана башка кишилер да баса белгилешкен.

17 Биринчиден, биз Жахаба Кудайды сүйүшүбүз керек. Аны сүйөрүбүздү анын адил нормаларына ылайык иш кылуу менен көрсөтөбүз (Мт. 22:37). Экинчиден, Кудай Сөзүн изилдөө жана осуяттарын аткаруу менен аны угушубуз керек (1 Жкн. 5:3). Ан үчүн Ыйык Китеп талкууланган жерге, жыйналыш жолугушууларына, үзгүлтүксүз баруу талап (Эвр. 10:23—25). Үчүнчүдөн, биз Жахабага «жабышышыбыз» керек. Кандай гана кыйынчылыктарга туш болбойбу, келгиле, дайыма Кудайга таянып, анын Уулунун жолун жолдойлу (2 Кор. 4:16—18).

18. а) Чындык 1914-жылы «Күзөт мунарасында» кандай сүрөттөлгөн? б) Бүгүнкү күндө биз чындыктын жарыгы үчүн кандай сезимде болушубуз керек?

18 Ыйык китептик чындыкка ылайык жашоо кандай гана зор бата! 1914-жылы «Күзөт мунарасында» төмөнкү маанилүү ойлор жазылган: «Биз Кудайдын батасы тийген, бактылуу эл эмеспизби? Кудайыбыз ишенимдүү эмеспи? Эгер кимдир бирөө мындан жакшыны билсе, аны кабыл алсын. Эгер араңардан бирөө мындан жакшыны тапса, бизге да айтарсыңар. Кудайдын Сөзүнөн тапкан нерселерибизден жакшы болгон же, жок эле дегенде, жарым-жартылай жакшыраак нерсени билбейбиз... Чыныгы Кудай жөнүндөгү так билим жүрөгүбүзгө жана жашообузга орноткон тынчтыкты, берген кубанычты, ээ кылган баталарды бир да тил менен айтып, бир да калем менен жазып жеткирүү мүмкүн эмес. Кудайдын акылмандыгы, адилеттүүлүгү, күчү жана сүйүүсү жөнүндөгү билим акылыбызды жана жүрөгүбүздү сугарып, канааттандырат. Биз мындан ары башка нерсеге умтулбайбыз. Кудай жөнүндөгү сонун билимди тереңирээк түшүнүүдөн башка эч нерсени самабайбыз» («Күзөт мунарасы», 1914-жыл, 15-декабрь, 377, 378-бет, англ.). Биз рухий жарыкка жана чындыкка дагы деле ошончолук ыраазыбыз. Арийне, бүгүнкү күндө бизде «Теңирдин жарыгында жүргөнүбүз» үчүн сүйүнүүгө мурдагыдан да көп себептер бар (Ыш. 2:5; Заб. 42:3; Накыл 4:18).

19. Чөмүлтүлүү үчүн коюлган талаптарга жооп бергендер эмне себептен бул кадамды создуктурбай жасашы керек?

19 Эгер сен «Теңирдин жарыгында жүрүүнү» кааласаң, бирок Исанын арналган, чөмүлтүлгөн жолдоочусу боло элек болсоң, анда создуктурба. Кудайга жана Машаякка алардын бизге кылган бардык жакшылыктарына ыраазычылык билдирүүнүн жолу — чөмүлтүлүү. Андыктан чөмүлтүлүү үчүн коюлган ыйык китептик талаптарга жооп берүү үчүн колуңан келгендин баарын кыл. Жахабага баарынан баалуу нерсеңди, өмүрүңдү, арна. Кудайдын эркин аткарууну каалаарыңды анын Уулунун жолун жолдоо менен көрсөт (2 Кор. 5:14, 15). Чынында эле, бул — жашоонун эң мыкты жолу!

[Шилтемелер]

^ 10-абз. Забур 90:1 («ЖД» [91:1]): «Эң Жогорку Кудайдын жашыруун жайында жашаган адам Кудурети Күчтүүнүн көлөкөсүнөн жай табат».

Эмне деп жооп берет элеңер?

• Чөмүлтүлүү менен эмнени көрсөтөбүз?

• Кудайга арналуу жана чөмүлтүлүү кандай баталарды алып келет?

• Исадан үйрөнүү эмне үчүн абдан маанилүү?

• Жашоонун эң мыкты жолунан чыкпоого эмне жардам берет?

[Изилдөө суроолору]

[25-беттеги сүрөт]

Чөмүлтүлүүң жашоонун эң мыкты жолун тандаганыңды көрсөтөт

[26-беттеги сүрөт]

«Жашыруун жайдан» коргонуч таптыңбы?