Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Жаштарга Жаратканын эстен чыгарбоого жардам берген китеп

Жаштарга Жаратканын эстен чыгарбоого жардам берген китеп

Жаштарга Жаратканын эстен чыгарбоого жардам берген китеп

АКЫЛМАН Сулайман падыша 3000 жылдай мурун: «Жаш кезиңде Жаратканыңды эсиңден чыгарба»,— деп жазган (Нас. 12:1). Бүгүнкү күндө Исанын жолун жолдогон жаштарга ушул кеңешке ылайык иш кылууга жардам берген китеп бар. Ал китеп «Жаштардын суроолору. Иш жүзүндө колдонорлук кеңештер» (2-том, ор.) деп аталат. Анын чыкканы тууралуу Жахабанын Күбөлөрүнүн 2008-жылдын май айынан тартып 2009-жылдын январь айына чейин бүт дүйнө жүзүндө өткөрүлгөн «Кудайдын рухуна жетектелебиз» аттуу облустук жыйындарда кулактандырылган.

Китепти ачары менен эле Жетектөөчү Кеңештин жаштарга жазган катын көрүүгө болот. Ал катта мындай сөздөр бар: «Бул китептеги кеңештер силерге туш болуп жаткан кыйынчылыктарды жеңүүгө, азгырыктарга каршы турууга жана чечимдерди Кудайдын эркине ылайык чыгарууга жардам беришин сурап тиленебиз».

Ата-энелер балдарына «Жахабанын ой жүгүртүүсүн өздөштүрүүгө жардам берип», аларды «анын акыл-насааты менен тарбиялоону» каалашат (Эф. 6:4). Жаштар, адатта, өспүрүм куракка келгенде көп нерсеге тынчсызданып, жетекчиликке абдан муктаж болушат. Силердин да өспүрүм балдарыңар бар болсо, аларга ушул китептен мүмкүн болушунча көбүрөөк пайда алууга кантип жардам бере аласыңар? Буга байланыштуу төмөндө бир нече кеңеш берилди.

Китеп менен өзүңөр да жакшылап таанышып чыккыла. Китепти жөн гана маалымат катары окуп коюу жетишсиз. Андагы ойлор кандайча берилгенине көңүл бургула. Китеп эмне туура, эмне туура эмес экенин айтып эле койбостон, жаштарга «түшүнүү жөндөмүн» өрчүтүүгө жардам берет (Эвр. 5:14). Ошондой эле жаштардын канткенде туура иштерди кылууга чечкиндүү боло алышары айтылат. Маселен, 15-бөлүмдө («Теңтуштарымдын кысымына канткенде туруштук бере алам?») теңтуштары кысымга алганда, «жок» деп эле айтып койбостон, дагы эмне кылса болору көрсөтүлөт. Ал бөлүмдө жаштар ыйык китептик принциптерди колдонуп, пайда болгон көйгөйлөрдү кантип жеңсе болору жана теңтуштардын суроолоруна кантип жооп бере алары талкууланат (Кол. 4:6).

Китептин өзгөчөлүктөрүн колдонгула. Алар негизинен жаштарга караштырылса да, ата-энелер өздөрүнүн китебине ойлорун жазса болот *. Мисалы, кыз-жигиттин сүйлөшүүсүнө байланыштуу 16-беттеги эки суроону окуп жатканда балаңардай кезде кандай көз карашта болгонуңарды эстегиле. Суроолордун астындагы бош жерлерге жаш кезиңерде кантип жооп бермектигиңерди жазсаңар болот. Анан: «Менин сүйлөшүүгө байланыштуу көз карашым азыр кандай? Эмнелерди түшүндүм? Бул жагынан балама кантип жардам бере алам?» — деп ойлонуп көргүлө.

Балаңардын купуя сырларын билүүгө ашыкпагыла. Китептин өзгөчөлүктөрү балаңарды сөзгө тартууга, суроолорго оозеки же жазуу түрүндө жооп берүүгө түрткү берүү үчүн караштырылган. Балаңардын китебине эмнелерди жазганын эмес, жүрөгүндө эмне бар экенин билүүгө умтулгула. Китептин 3-бетинде ата-энелерге: «Балаңар оюн ачык жаза алышы үчүн, алардын уруксатысыз жазгандарын окубагыла. Балким, бир күнү ал жазгандарын силерге өзү көрсөткүсү келиши мүмкүн»,— деген кеңеш берилет.

Үй-бүлөлүк изилдөөдө колдонгула

«Жаштардын суроолору» (2-том) китеби — үй-бүлөлүк изилдөөдө колдонууга боло турган сонун курал. Китептин абзацтарына суроолор берилбесе да, аны үй-бүлөлүк изилдөөдө балдарга ылайыкташтырып талкууласа болот.

Айрым үй-бүлөлөр 132, 133-беттердеги «Кысым көрсөтүлгөндөгү иш-аракетим» деген кутучаны талкуулап жатышканда анда көрсөтүлгөн жагдайды сахналаштырышат. Кутучадагы биринчи суроо балаңар үчүн эң оор болгон көйгөйдү аныктоого жардам берет. Экинчи суроонун жардамы менен аларга кайсы жерде кысым көрсөтүлүшү мүмкүн экенин биле аласыңар. Кысымга туруштук берсе натыйжасы кандай болорун жана кысымга алдырып койсо эмне болорун талкуулаган соң балаңарга кутучанын ылдый жагындагы «кабыл алуу», «соккуну кайтаруу» жана «чабуул коюу» деген жерине өзүнүн оюн жазышын айткыла. Балаңарга теңтуштарынын суроолоруна ишенимдүү жана ынанымдуу жооп бериши үчүн тапкыч болууга жана алдын ала жакшы жоопторду даярдап алууга жардам бергиле (Заб. 118:46).

Пикир алышууга өбөлгө түзгөн китеп

«Жаштардын суроолору» (2-том) китеби жаштарды ата-энелери менен пикир алышууга үндөйт. Мисалы, «Ата-энем менен жыныстык мамилелер тууралуу кантип сүйлөшөм?» (63, 64-б.) жана «Ата-энең менен сүйлөш» (189-б.) деген кутучаларда жаштарга ата-энелери менен сөз баштоого кыйын болгон темаларда кантип сүйлөшсө болоруна байланыштуу жакшы кеңештер берилет. 13 жаштагы бир кыз: «Бул китеп ойлоп жүргөн нерселеримди, атүгүл мурун кылган иштеримди ата-энеме айтууга түрткү берди»,— деп жазган.

Бул китеп пикир алмашууга дагы башка жагынан өбөлгө түзөт. Ар бир бөлүмдүн аягында «Кандай деп ойлойсуң?» деген кутуча бар. Андагы суроолорду бөлүмдү кайталоодон сырткары, үй-бүлө менен талкууласа да болот. Ошондой эле ар бир бөлүмдүн аяк жагында «Иш-аракет кылуунун планы» деген кутуча бар. Ал кутучага жаштар окуган бөлүмдөн билгендерин кандайча иш жүзүндө колдоно аларын жаза алышат. Анда «Ата-энеме бергим келген суроолор» деген бөлүк да бар. Ал бөлүк жаштарга ата-энелерине кеңеш сурап кайрылууга түрткү берет.

Балаңардын жүрөгүндөгүсүн билүүгө умтулгула

Бардык эле ата-энелер балдарынын жүрөгүндө эмне бар экенин билгиси келет. Аларга бул жагынан ушул китеп чоң жардам боло алат. Бул китеп бир атага кызы менен ачык пикир алмашууга кандайча жардам бергенин карап көрөлү.

Ал мындай дейт: «Кызым Ребека экөөбүздүн жакшы көргөн жерлерибиз бар. Биз ал жактарга кээде жөө, кээде велосипед менен же машине менен барабыз. Ачык асмандын астында отуруп сүйлөшкөнүбүздө кызым ичиндегисин ачык айтарын байкайм.

Эң биринчи талкуубузда Жетектөөчү Кеңештин катын жана „Ата-энелерге“ деген бөлүктү караганбыз. Мен кызыма, 3-бетте айтылгандай, китепке өз оюн эркин жаза аларын жана анын жазгандарын окубай турганымды айткам.

Мен Ребекадан кайсы бөлүмдү талкуулашыбызды каалаарын сураганда, ал „Видео-оюндарын ойносом болобу?“ деген бөлүмдү тандап алды. Кызым адегенде эле ушул бөлүмдү тандайт деп ойлогон эмесмин. Көрсө, анын досторунун айрымдары аябай жаман видео-оюндарын ойношот экен. Ал оюндарда зордук-зомбулук камтыларын жана жаман сөздөр айтыларын деле билчү эмесмин. Бирок ушунун баарын 251-беттеги „Иш-аракет кылуунун планы“ деген кутучаны талкуулагандан кийин билдим. Ошол кутучадагы маалымат Ребекага видео-оюндарын ойноого азгыргандарга эмне деп жооп берерине даярданууга жардам берди.

Ошол бөлүмдү талкуулап жатканда Ребека мага өз китебине эмнелерди жазганын айтты. Изилдөө учурунда экөөбүз аябай пикир алышабыз. Китепти кезектешип окуйбуз, анан Ребека өз оюндагысын, сүрөттөргө жана кутучаларга карата ойлорун айтып берет. Бул анын курагында мага эмнелер жакканын айтып берүүгө мүмкүнчүлүк түзөт. Андан соң ал мага азыркы жаштар эмнелерге кызыгарын, эмнелерди жактырарын айтып берет. Кызым мага ичиндегисин жашырбай, баарын ачык айтат».

Силердин да балдарыңар бар болсо, ушул китептин чыкканына абдан сүйүнсөңөр керек. Эми силерде аны балдарыңарга мүмкүн болушунча көбүрөөк пайда алып келгидей кылып колдонууга мүмкүнчүлүк бар. Жетектөөчү Кеңеш «Жаштардын суроолору. Иш жүзүндө колдонорлук кеңештер» (2-том) китебинен силердин үй-бүлөңөр да чоң пайда ала аларына үмүттөнөт. Ал китеп баарыңарга, өзгөчө, жаштарга Жахабанын рухунун жетеги менен жашоого жардам бере берсин! (Гал. 5:16).

[Шилтеме]

^ 6-абз. Китептин өзгөчөлүктөрүнүн айрымдары бардык курактагыларга ылайыктуу. Алсак, «Ачууңду карма» (221-б.) деген кутучадан балдарыңар да, өзүңөр да пайда ала аласыңар. «Кысым көрсөтүлгөндөгү иш-аракетим» (132, 133-б.), «Бир айдын ичиндеги чыгаша-кирешем» (163-б.), «Максаттарым» (314-б.) деген кутучалар тууралуу да ушуну айтууга болот.

[30-беттеги кутуча]

Айрым жаштардын ойлору

«Бул китеп — калемсапты колго алып, ой жүгүртүп окуй турган китеп. Ал жашоону маңыздуу өткөрүү үчүн максаттарды коюуга жардам берет. Аны күндөлүк катары да колдонсо болот» (Никола).

«Мага көптөр, айрымдары чын ыкластан эле „бирөө менен сүйлөшүп албайсыңбы“ дей беришет. Бирок китептин биринчи бөлүгүн окуп чыккандан кийин, ким эмне деп айтпасын, сүйлөшүүгө даяр эмес экениме дагы бир ирет ынандым» (Катрина).

«„Чөмүлтүлүү жөнүндө ойлонуп жатасыңбы?“ деген кутуча чөмүлтүлүүмө олуттуу кароого жардам берди. Ошондой эле өздүк изилдөөмдү жана тиленүүлөрүмдү кайрадан баалай баштадым» (Эшли).

«Ата-энем мени кичинекейимен эле ыйык китептик чындыктарга окутуп келсе да, ушул китеп мага чечкиндүү кадамдарды шилтөөгө түрткү берди. Аны окуп чыккандан кийин ата-энем менен мурункудан да ачыгыраак пикир алышып калдым» (Замира).

[31-беттеги сүрөт]

Вопросы молодежи Практические советы Том 2

[31-беттеги сүрөт]

Ата-энелер, бул китепти кылдат изилдеп чыккыла!

[32-беттеги сүрөт]

Балаңардын жүрөгүндөгүсүн билүүгө умтулгула