Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

«Кудайдын Сөзүн кайраттуулук менен айт»

«Кудайдын Сөзүн кайраттуулук менен айт»

«Кудайдын Сөзүн кайраттуулук менен айт»

«Алар... ыйык рухка толуп, Кудайдын сөзүн кайраттуулук менен айта башташты» (ЭЛЧ. 4:31).

1, 2. Эмне себептен кызматта натыйжалуу болууга умтулушубуз керек?

ИСА өлөрүнө үч күн калганда шакирттерине: «Падышалык жөнүндөгү бул жакшы кабар дүйнө жүзү боюнча бардык элдерге күбөлөндүрүү катары таратылат. Ошондон кийин дүйнө түзүлүшүнүн акыры келет»,— деген. Ал эми тирилтилгенден кийин асманга көтөрүлөр алдында өзүнүн жолдоочуларына: «Бардык элдерден шакирт даярдагыла... ошондой эле силерге буйруганымдын баарын аткарууга үйрөткүлө»,— деген буйрук берген. Ал дүйнө түзүлүшү аяктаганга чейин, ар күнү алар менен болорун убадалаган (Мт. 24:14; 26:1, 2; 28:19, 20).

2 Жахабанын Күбөлөрү катары биз биринчи кылымда башталган ошол ишке ынталуу катышып жатабыз. Падышалык жөнүндө кабар айтуу жана шакирт даярдоо — өмүр куткаруу иши. Ошондуктан андан маанилүү иш жок. Ошо себептен кызматыбызда натыйжалуу болгонубуз кандай гана маанилүү! Бул макалада ыйык рухка жетектелүү кабарды кайраттуулук менен жарыялоого кандайча жардам берерин карайбыз. Ал эми кийинки эки макаладан Жахабанын руху бизге чебер окута билүүгө жана туруктуулук менен кабар айтууга кандай көмөк көрсөтөрүн билебиз.

Кайраттуу болушубуз керек

3. Падышалык жөнүндө кабар айтуу ишине катышууда эмне үчүн кайраттуулук талап кылынат?

3 Падышалыкты жарыялоо ишин бизге Кудай тапшырган. Ага катышуу — баа жеткис сыймык. Бирок ал ишти аткарууда кыйынчылыктар болбой койбойт. Айрымдар Падышалык жөнүндөгү жакшы кабарды даярдуулук менен кабыл алса, көптөр Нухтун күндөрүндөгү адамдардыкындай маанай чагылдырууда. «Топон суу каптап, баарын жок кылганга чейин, алар ойлонушкан эмес»,— деген Иса (Мт. 24:38, 39). Андан сырткары, бизди шылдыңдагандар, каршылык көрсөткөндөр да жок эмес (2 Пет. 3:3). Каршылык бийлик башындагылар, чогуу окугандар, бирге иштегендер, атүгүл жакын туугандар тарабынан көрсөтүлүшү мүмкүн. Буга кошумча болуп, өзүбүздүн алсыздыктарыбыз, мисалы, уялчаактыгыбыз жана четке кагылып каламбы деп коркконубуз жагдайды ого бетер оордотот. Айтор, бизге Кудайдын сөзүн «сүйлөө эркиндиги» жана кайраттуулук менен айтууга көп нерсе тоскоолдук кылышы этимал (Эф. 6:19, 20). Ооба, Кудайдын сөзүн туруктуулук менен айтуу үчүн кайраттуулук талап кылынат. Анда ал сапатка ээ болууга бизге эмне жардам берет?

4. а) Кайраттуулук деген эмне? б) Элчи Пабыл Тесалоникадагыларга кабар айтуу үчүн кандайча кайраттанган?

4 «Кайраттуулук» деп которулган грек сөзү «ачык-айрымдык, чынчылдык, тике айткандык» дегенди билдирет. Ал сөз «тайманбас, ишенимдүү, эр жүрөк болуу» деген ойду берет. Бирок кайраттуулук корс же орой болууну билдирбейт (Кол. 4:6). Биз кайраттуу, ошол эле учурда бардык адамдар менен тынчтыкта болгубуз келет (Рим. 12:18). Андан тышкары, Кудайдын Падышалыгы жөнүндөгү жакшы кабарды жарыялоодо кайраттуу болуу менен бирге, байкабай кимдир бирөөнүн көңүлүн оорутуп албашыбыз үчүн, сылык-сыпаа болушубуз зарыл. Чынында, орду менен көрсөтүлгөн кайраттуулук башка сапаттар менен тыгыз байланышта болот; ал сапаттарды өрчүтүү үчүн күч-аракет жумшоо талап кылынат. Бирок андай кайраттуулукту өз күчүбүз менен өрчүтө албайбыз. Элчи Пабыл менен анын шериктери Филипиде «кордук көрүшкөндөн» кийин Тесалоникадагыларга кабар айтуу үчүн кандайча кайраттанышкан? «Кудайыбыздын жардамы менен»,— деп жазган Пабыл (Оку: 1 Тесалоникалыктар 2:2). Жахаба Кудай бизге да коркуу сезиминен арылууга жана кайраттуу болууга жардам бере алат.

5. Жахаба Петирди, Жаканды жана башка шакирттерди кантип кайраттандырган?

5 «Жүйүт элинин башчылары, аксакалдар жана китепчилер» каршылык көрсөтүшкөндө, элчи Петир менен Жакан: «Өзүңөр ойлонуп көргүлөчү, Кудайдын алдында Аны эмес, силерди укканыбыз туура болобу? Биз уккан-көргөнүбүздү айтпай коё албайбыз»,— дешкен. Алар ишенимдештери менен бирге Кудайдан куугунтуктарды токтотушун суранбастан: «Жахаба, алардын коркутуп-үркүткөнүнө көңүл буруп, өз кулдарыңа сөзүңдү зор кайраттуулук менен айтууга күч бере көр»,— деп жалбарышкан (Элч. 4:5, 19, 20, 29). Алардын өтүнүчүнө Жахаба кандай жооп кайтарган? (Оку: Элчилер 4:31). Ал аларды өзүнүн руху аркылуу кайраттандырган. Кудайдын руху бизге да кайрат бере алат. Анда канткенде Кудайдын рухуна ээ болуп, кызматыбызда ага жетектеле алабыз?

Кайраттуулукка кантип ээ боло алабыз?

6, 7. Кудайдан ыйык рух алуу үчүн эмне кылуу керек? Мисал келтиргиле.

6 Кудайдан ыйык рух алуу үчүн аны сурашыбыз керек. Иса угуучуларына: «Силер күнөөкөр болуп туруп балдарыңарга жакшы белектерди бергенди билсеңер, анда ого бетер асмандагы Атаңар өзүнөн сурагандарга ыйык рухун бербейби?» — деген (Лк. 11:13). Ооба, биз ыйык рух сурап үзгүлтүксүз тиленишибиз керек. Эгер кызматтын кайсы бир түрүнөн, мисалы, көчөдө күбөлөндүрүүдөн, расмий эмес же ишкер аймакта кабар айтуудан корксок, Жахабадан ыйык рух жана кайраттуулук беришин сурап тиленсек болот (1 Тес. 5:17).

7 Роза аттуу ишенимдешибиз дал ушундай кылган *. Бир күнү Роза жумуштан аны менен чогуу иштешкен бир мугалимдин балдардын жосунсуз жүрүм-туруму тууралуу башка мектептен келген отчётту окуп жатканын көрөт. Ал мугалим окугандарына ушунчалык бушайман болуп: «Деги дүйнө эмне болуп баратат?» — дейт. Роза мындай мүмкүнчүлүктү коё бербей, кабар айтууну чечет. Сөз баштоо үчүн ал эмне кылат? «Мен Жахабадан руху аркылуу жардам беришин сурап тилендим»,— дейт Роза. Ошентип, ал сонун күбөлөндүрүү берген жана аны менен кененирээк сүйлөшүүгө макулдашкан. Эми Нью-Йорк шаарында жашаган беш жашар Милани деген кыздын мисалына токтололу. Ал: «Мен мектепке барарда, апам экөөбүз дайыма Жахабага тиленебиз»,— дейт. Алар эмне жөнүндө тиленишет? Милани бекем болуп, өз Кудайы жөнүндө айта алышы үчүн, кайраттуулук сурашат. «Бул Миланиге туулган күнгө жана башка майрамдарга карата кандай көз карашта экенин түшүндүрүп берүүгө жана аларга катышпоого жардам берип келет»,— дейт апасы. Бул мисалдар тиленүүнүн кайраттуу болууга жардам берерин көрсөтүп турган жокпу?

8. Жеремия пайгамбардын кайраттуулукка ээ болгонунан эмнени биле алабыз?

8 Жеремия пайгамбарга кайраттуу болууга эмне жардам бергени жөнүндө да ой жүгүртүп көрөлү. Жахаба аны элдерге пайгамбар кылып дайындаганда, ал: «Мен сөз сүйлөгөндү билбейм, анткени өтө эле жашмын»,— деп жооп берген (Жер. 1:4—6). Бирок убакыттын өтүшү менен Жеремия кабар айтууда ушунчалык тырышчаак, тайманбас болгондуктан, көптөр аны алааматты оозунан түшүрбөгөн, элди уу-дуу кылган киши катары көрүшкөн (Жер. 38:4). 65 жылдан ашуун убакыт бою ал Жахабанын сотторун эр жүрөктүк менен жарыялаган. Ал Ысрайылда тайманбас, кайраттуу кабарчы катары жакшы таанымал болгондуктан, 600 жылдай өткөндөн кийин Иса кайраттуулук менен кабар айтканда, айрымдар Жеремия тирилип келди деп ойлошкон (Мт. 16:13, 14). Башында олку-солку болуп жаткан Жеремия пайгамбар уялчаактыгын кантип жеңген? «Теңирдин сөзү жүрөгүмдө, сөөктөрүмдө камалган алоолонгон оттой болду. Аны мен ката албай калдым»,— деген ал (Жер. 20:9). Ооба, Жахабанын сөзү Жеремияга күчтүү таасир этип, аны башкаларга айтууга түрткү берген.

9. Эмне себептен Кудайдын сөзү бизге Жеремияга таасир эткендей таасир эте алат?

9 Эврейлерге жолдогон катында элчи Пабыл мындай деп жазган: «Кудайдын сөзү тирүү жана күчтүү, кош миздүү ар кандай кылычтан да курч; ал ичибизге терең кирип, жан менен рухту, муундар менен сөөктүн чучугун бөлөт да, жүрөктөгү ойлорду, ниеттерди айкын кылат» (Эвр. 4:12). Кудайдын сөзү, башкача айтканда, кабары бизге Жеремияга таасир эткендей таасир эте алат. Ыйык Китеп адамдар аркылуу жазылса да, анда адамдык акылмандык камтылган эмес, себеби анын жазылышын Кудай жетектеген. 2 Петир 1:21ден: «Пайгамбарлык сөз эч качан адамдын эрки менен айтылган эмес, аны Кудайдын ыйык рухуна жетектелген адамдар айтышкан»,— дегенди окуйбуз. Ыйык Китепти өз алдынча терең изилдөөгө убакыт бөлгөнүбүздө, акылыбыз ыйык рухтун жетеги менен жазылган кабарга толот (Оку: 1 Корунттуктар 2:10). Ал кабар ичибизде «алоолонгон оттой» болгондуктан, биз аны ката албайбыз.

10, 11. а) Кайраттуулук менен кабар айтуу үчүн Ыйык Китепти кантип изилдешибиз керек? б) Өздүк изилдөөңдүн сапатын кайсы жагынан жакшыртайын деп жатасың?

10 Ыйык Китепти жекече изилдөө бизге күчтүү таасир этиши үчүн, изилдөөбүздү Жазмада жазылган сөздөр жүрөгүбүздүн тереңинен орун алып, жан дүйнөбүздү козгогудай кылып өткөрүү керек. Мисалы, Жезекиел пайгамбарга берилген аянда ага тоң моюн элге жарыяланышы керек болгон кабар камтылган түрмөк китепти жегенге буйрук берилген. Жезекиел ал кабарды толук түшүнүп, аны ички дүйнөсүнүн ажырагыс бөлүгү кылып алышы керек эле. Ошондо кабарды жарыялоо тапшырмасы ал үчүн балдай жагымдуу болмок (Оку: Жезекиел 2:8—3:4, 7—9).

11 Биздин жагдайыбыз Жезекиелдикине окшош. Бүгүнкү күндө көптөрдүн Ыйык Китепте камтылган кабарды уккусу жок. Биз Кудайдын сөзүн туруктуулук менен айта беришибиз үчүн, Жазманы терең түшүнгүдөй, андагы кабар кан-жаныбызга сиңгидей кылып изилдешибиз керек. Өздүк изилдөөнү бирде өткөрүп, бирде өткөрбөй жүрө бербестен, аны үзгүлтүксүз өткөрүүнү адат кылып алганыбыз дурус. Биздин каалообуз: «Оозумдан чыккан сөздөрүм менен жүрөгүмдөгү ойлорум Сага жага тургандай болсун, Теңирим, менин тирегим, Куткаруучум!» — деп ырдаган забурчунукундай болушу керек (Заб. 18:15). Ыйык китептик чындыктар жүрөгүбүздүн түпкүрүнөн түнөк табышы үчүн, окугандарыбыз жөнүндө ой жүгүртүүгө убакыт бөлгөнүбүз кандай гана маанилүү! Арийне, өздүк изилдөөбүздүн сапатын жакшырта беришибиз зарыл *.

12. Эмне себептен жыйналыш жолугушуулары бизге рухка жетектелүүгө жардам берет?

12 Жахабанын ыйык рухунан пайда алуунун дагы бир жолу — «жолугушууларыбызды калтырбай», «сүйүүгө жана жакшы иштерге үндөө үчүн бири-бирибизге көңүл бөлүү» (Эвр. 10:24, 25). Жыйналыш жолугушууларына үзгүлтүксүз катышуу, кунт коюп угуу жана уккан-билгендерибизди иш жүзүндө колдонуу рухка жетектелүүнүн эң сонун жолу болуп эсептелет. Анткени Жахабанын руху жетекчиликти жыйналыш аркылуу берет (Оку: Аян 3:6).

Кайраттуулукка ээ болуунун пайдасы

13. Исанын биринчи кылымдагы жолдоочуларынын кабар айтуу ишин жүргүзгөнүнөн эмнени биле алабыз?

13 Ыйык рух — ааламдагы эң эле кубаттуу күч; ал адамдарга Жахабанын эркин аткарууга дем-күч бере алат. Анын таасири алдында Исанын биринчи кылымдагы жолдоочулары кабар айтуу ишин аябагандай чоң деңгээлде аткарышкан. Алар жакшы кабарды «асман астындагы бардык жаратылгандарга жарыялашкан» (Кол. 1:23). Ал жолдоочулардын көбүнүн «билими жок карапайым кишилерден» болгонун эске алганда, аларды зор күч колдогонун билүүгө болот (Элч. 4:13).

14. «Рух менен жалындоого» бизге эмне жардам берет?

14 Ыйык рухтун жетегине ылайык жашоо бизге кызматыбызды тайманбастык менен аткарууга түрткү берет. Ыйык рух сурап үзгүлтүксүз тиленүү, кылдаттык менен маңыздуу өздүк изилдөө жүргүзүү, окугандарыбыз тууралуу тиленүү менен ой жүгүртүү жана жыйналыш жолугушууларына дайыма баруу «рух менен жалындоого» жардам берет (Рим. 12:11). Ыйык Китепте сөзгө чечен Аполос аттуу александриялык жүйүт тууралуу: «Аполос рух менен жалындап, Иса тууралуу туура сүйлөп, туура окутуп жүрдү»,— деп айтылат (Элч. 18:24, 25). Ооба, «рух менен жалындасак», үймө-үй жана расмий эмес кабар айтууда ого бетер кайраттуу болобуз (Рим. 12:11).

15. Кайраттуу болуудан кандай пайда алабыз?

15 Күбөлөндүрүүдө кайраттуу болсок, көп пайда алабыз. Алсак, кабар айтуу ишинин канчалык маанилүү жана пайдалуу экенин жакшы түшүнгөндүктөн, ал ишке карата оң маанай сактайбыз. Кызматыбыздын жемиштерин көрүп кубангандыктан, ого бетер жалындайбыз. Кабар айтуу ишин шашылыш түрдө аткаруу керек экенин билгендиктен, мурдагыдан да ынталуу болобуз.

16. Эгер ынталуулугубуз сууп калса, эмне кылышыбыз керек?

16 Бирок кызматта ынталуулугубузду жоготуп койсок же мурдагыдай күйүп-жанып кабар айтпай калсакчы? Анда өзүбүздү чынчылдык менен текшерип көрүшүбүз керек. Пабыл: «Ишеним жолунда жүргөн-жүрбөгөнүңөрдү текшерип, өзүңөрдү сынап тургула»,— деп жазган (2 Кор. 13:5). Андыктан өзүңөргө мындай суроолорду берип көргүлө: «Мен дагы деле рух менен жалындап жатамбы? Жахабадан ыйык рух сурап тиленемби? Тиленүүлөрүмдөн Жахабанын эркин аткаруу үчүн ага таянарым көрүнүп турабы? Тиленгенде бизге тапшырылган кызматка ыраазычылык билдиремби? Өздүк изилдөөм кандай? Окуган-уккандарым жөнүндө ой жүгүртүүгө канча убакыт бөлөм? Жыйналыш жолугушууларына кандай катышам?» Ушу сыяктуу суроолордун үстүнөн ой жүгүртүү иштей турган жактарды аныктап, жакшыруу үчүн тийиштүү чара көрүүгө жардам берет.

Кудайдын руху сени кайраттандырсын

17, 18. а) Кабар айтуу иши бүгүнкү күндө канчалык деңгээлде жүргүзүлүүдө? б) Канткенде Падышалык жөнүндөгү жакшы кабарды «эбегейсиз зор кайраттуулук» менен жарыялай алабыз?

17 Тирилтилгенден кийин Иса шакирттерине: «Үстүңөргө ыйык рух түшкөндө, күч аласыңар да, Иерусалимде, бүт Жүйүт жеринде, Самарияда, ошондой эле жердин учу-кыйырына чейин менин күбөлөрүм болосуңар»,— деген (Элч. 1:8). Ошондо башталган иш учурда болуп көрбөгөндөй зор масштабда жүргүзүлүп жатат. Жети миллиондон ашкан Жахабанын Күбөсү Падышалыктын кабарын 230дан ашуун өлкөдө жана аймакта жарыялап, кызматка жылына 1,5 миллиарддай саат жумшап жатышат. Эч качан кайталангыс бул ишке ынталуу катышуу кандай гана кубанычтуу!

18 Биринчи кылымдагыдай эле, бүткүл дүйнөлүк кабар айтуу иши бүгүн да Кудайдын рухунун жетеги менен жүргүзүлүүдө. Эгер рухтун жетекчилигине баш ийсек, «эбегейсиз зор кайраттуулук» менен кызмат кыла алабыз (Элч. 28:31). Эмесе, келгиле, Кудайдын Падышалыгы жөнүндөгү жакшы кабарды жарыялоодо рухка жетектелели!

[Шилтемелер]

^ 7-абз. Ысымдар өзгөртүлүп берилди.

^ 11-абз. Ыйык Китепти окуудан жана өздүк изилдөөдөн көбүрөөк пайда алуу үчүн «Теократиялык кызмат мектебинен пайда алалы» китебинин 21—32-беттериндеги «Окууга көңүл бур» жана «Пайдасы зор изилдөө» деген бөлүмдөрдү карагыла.

Эмнелерди билдиңер?

• Кудайдын сөзүн айтууда эмне себептен кайраттуу болушубуз керек?

• Алгачкы шакирттерге кайраттуулук менен кабар айтууга эмне жардам берген?

• Кайраттуулукка кантип ээ боло алабыз?

• Кайраттуу болуудан кандай пайда алабыз?

[Изилдөө суроолору]

[7-беттеги сүрөт]

Ата-энелер балдарына кайраттуу болууга кантип жардам бере алышат?

[8-беттеги сүрөт]

Кыскача тиленүү кызматта кайраттуу болууга жардам берет