Окурмандардын суроолору
Окурмандардын суроолору
Кандай жагдайларда кайра чөмүлтүлүү орундуу болушу мүмкүн?
Чөмүлтүлгөн киши кайсы бир жагдайлардан улам чөмүлтүлүүсүнүн жарактуу болгон-болбогону жөнүндө ой жүгүртүп, кайра чөмүлтүлүүнү чечиши мүмкүн. Мисалы, кимдир бирөө чөмүлтүлөйүн деп жатканда жашыруун күнөө кылып жүрөт дейли; мыйзам-ченемдүү түрдө чөмүлтүлгөн киши андай иштер үчүн жыйналыштан чыгарылышы ыктымал. Ал ошондой жагдайда өзүн Кудайга арнай алат беле? Ал Жазмага каршы келген иштерин токтоткондо гана, анын Жахабага арналуусу жарактуу болмок. Ошондуктан Жазмага ылайык келбеген иштерин токтотпой туруп чөмүлтүлгөн кишинин кайра чөмүлтүлүү жөнүндө ойлонуп көргөнү орундуу болушу мүмкүн.
Ал эми чөмүлтүлөйүн деп жүргөндө эч кандай күнөө жасабаган, бирок чөмүлтүлгөндөн кийин укук комитетин түзүүнү талап кылган күнөө жасаган киши тууралуу эмне айтууга болот? Ал чөмүлтүлгөн учурда эмне кылып жатканымды толук түшүнгөн эмесмин, чөмүлтүлүүм чынында жарактуу болгон эмес деп ырастайт дейли. Күнөө кетирген киши менен жолугушкан аксакалдарга анын чөмүлтүлүүсүнүн жарактуулугуна байланыштуу суроо көтөрүүнүн жана арналуусу менен чөмүлтүлүүсү жарактуу болгон-болбогонуна байланыштуу анын оюн суроонун зарылдыгы жок. Себеби ал чөмүлтүлүүнүн маанилүүлүгү жөнүндөгү Ыйык Китепке негизделген баяндаманы уккан. Ошондой эле арналууга жана чөмүлтүлүүгө байланыштуу суроолорго «ооба» деп жооп берген. Анан кийимин которуп, сууга чумкутулган. Андыктан ал кылган ишинин олуттуулугун толук түшүнгөн деп айтууга негиз бар. Ошо себептен аксакалдар ага чөмүлтүлгөн кишиге жасагандай мамиле жасашат.
Эгер кимдир бирөө чөмүлтүлүүсүнүн жарактуулугуна байланыштуу суроо көтөрсө, аксакалдар анын көңүлүн «Күзөт мунарасынын» мурунку сандарындагы чөмүлтүлүү жөнүндөгү макалаларга буруп, аны менен чогуу талкууласа болот. Кайсы бир себептерден улам (мисалы, чөмүлтүлүп жатканда ыйык китептик билими жетиштүү болбогондуктан) кайра чөмүлтүлүүнү же чөмүлтүлбөөнү ар бир киши өзү чечет.
Исанын жолдоочусу кимдир бирөө менен чогуу жашоону чечер алдында эмнелерди эске алышы керек?
Ар бир адам баш калкалоочу жайга муктаж. Бирок бүгүн көптөрдүн өз үйү жок. Экономикалык абалдан, ден соолукка байланыштуу көйгөйлөрдөн жана башка себептерден улам тууган-туушкандарга бир чоң үй-бүлө болуп чогуу жашоого туура келиши ыктымал. Дүйнөнүн кээ бир жерлеринде болсо туугандар бир бөлмөгө жык толуп жашоого аргасыз болушу мүмкүн. Адатта, андай үйдө обочо болууга эч кандай шарт жок.
Жахабанын уюму Исанын дүйнө жүзүндөгү ар бир жолдоочусуна кайсы турак жай ылайыктуу экенине байланыштуу эрежелер тизмесин бербейт. Исанын жолдоочусу турак жайга байланыштуу чечиминин Кудайга жагар-жакпасын аныктоо үчүн Жазмадагы принциптердин негизинде ой жүгүртүүгө чакырылат. Ал принциптердин айрымдары кайсылар?
Эң алды, башкалар менен жашоо бизге жана рухийлигибизге кандай таасир этиши мүмкүн экени жөнүндө ойлонушубуз керек. Алар кандай адамдар? Алар Жахабага сыйынышабы? Ыйык китептик нормаларга карманып жашашабы? «Алданбагыла,— деп жазган элчи Пабыл.— Жаман чөйрө жакшы адаттарды бузат» (Ыйык Жазмада Жахабанын бузуктукту жана ойноштукту айыптаары айтылат (Эвр. 13:4). Андыктан никеге турбаган бөлөк жыныстагы эки адамдын, күйөөсү аялындай болгонсуп, бир бөлмөдө жатканы Кудайга жакпай турганы айдан ачык. Исанын жолдоочусу адеп-ахлаксыздыкка жол берилген жерде жашоону каалабайт.
Андан тышкары, Ыйык Китепте Кудайга жагууну каалагандар «бузуктуктан качышы» керектиги айтылат (1 Кор. 6:18). Ошондуктан Исанын жолдоочусунун адеп-ахлаксыз ишке түрткөн азгырыктар болушу мүмкүн болгон жерде жашоодон качканы акылдуулукка жатат. Мисалы, Исанын бир нече жолдоочусу бир үйдө жашайт дейли. Ал жерде ар кандай жагдайлардан улам азгырык пайда болушу мүмкүнбү? Адатта үйдө болгон кишилер жок болуп калып, никеге турбаган эки адам бир үйдө жалгыз калып калышсачы? Бири-бирин жактырган кыз-жигиттин да бир үйдө турганы адеп-ахлактык жактан кооптуу. Мындай жагдайлардан качуу акылмандыкка жатат.
Ажырашкандардын да бир үйдө чогуу жашай бериши туура эмес болуп калар эле. Себеби алар мурда бири-бири менен жыныстык мамиледе болуп жүргөндүктөн, адеп-ахлаксыз ишке оңой эле барышы мүмкүн (Накыл 22:3).
Дагы бир маанилүү нерсе, турак жайга байланыштуу чечимибизге башкалардын кандай карай турганын эске алуу зарыл. Исанын жолдоочусу кайсы бир турак жайда жашоону ылайыктуу деп тапса, бирок бул башкалардын сөз кылышына себеп болсо, анда ал чечими тууралуу ойлонуп көрүшү керек. Биз жүрүм-турумубуз менен Жахабанын ысмына эч качан шек келтиргибиз келбейт. Бул жөнүндө Пабыл мындай деген: «Жүйүттөр болобу, гректер болобу же Кудайдын жыйналышы болобу, эч кимисинин мүдүрүлүшүнө себепкер болбогула. Мен да өзүмдүн эмес, көптөрдүн пайдасын көздөп, алар куткарылып калышы үчүн, баарына бардык жагынан жагууга аракеттенип жатам» (1 Кор. 10:32, 33).
Жахабанын адил нормаларына бекем карманууну каалагандар үчүн бардык жагынан ылайык келген турак жай табуу оңойго турбашы мүмкүн. Бирок Исанын жолдоочулары «Теңирге эмне жагарын баамдап биле бериши» зарыл. Алар өздөрү жашаган жерде эч кандай адепсиз иштердин болбошуна ынанышы керек (Эф. 5:5, 10). Ал үчүн Исанын жолдоочулары Кудайдан жетекчилик сурап тилениши, өзүнүн жана башка бирөөнүн жыргалчылыгын, адеп-ахлактыгын ойлошу жана Жахабанын ыйык ысмына шек келтирбөөгө умтулушу кажет.