Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

«Рухтун кылычын» чебер колдон

«Рухтун кылычын» чебер колдон

«Рухтун кылычын» чебер колдон

«Рухтун кылычын, башкача айтканда, Кудай сөзүн алгыла» (ЭФ. 6:17).

1, 2. Падышалыктын жарчыларына муктаждык чоң болгону бизге эмне кылууга түрткү бериши керек?

ЭЛДИН рухий жактан жардамга муктаж экенин көрүп, Иса шакирттерине: «Түшүм көп, ал эми жумушчулар аз. Ошондуктан оруп-жыюуга жумушчуларды жибериши үчүн, оруп-жыюу ишинин Кожоюнуна жалынгыла»,— деген. Ал муну айтып эле тим болгон эмес. Бул сөздөрдү айткан соң «Иса он эки шакиртин чакырып», аларды «оруп-жыюуга», башкача айтканда, кабар айтууга жиберген (Мт. 9:35—38; 10:1, 5). Кийинчерээк ал «шакирттеринин ичинен жетимишин тандап», аларды да ошол ишти аткарууга жөнөткөн (Лк. 10:1, 2).

2 Падышалыктын жарчыларына болгон муктаждык бүгүн да абдан чоң. 2009-кызмат жылы дүйнө жүзү боюнча Эскерүү кечесине катышкандардын саны 18 168 323тү түздү. Бул Жахабанын Күбөлөрүнүн жалпы санынан ондон ашык миллионго көп. Чыны менен эле, эгин оруп-жыюуга даяр болуп, бышып калды (Жкн. 4:34, 35). Ошондуктан биз дагы көп жумушчулардын жиберилишин сурап тиленишибиз керек. Бирок канткенде ошол өтүнүчүбүзгө ылайык иш кыла алабыз? Падышалык жөнүндө кабар айтуу жана шакирт даярдоо ишине жигердүү катышып, дагы көбүрөөк жемиш алып келүүгө умтулуу менен (Мт. 28:19, 20; Мр. 13:10).

3. Кудайдын руху бизге кызматта натыйжалуу болууга кандайча жардам берет?

3 Буга чейинки макаладан ыйык рухка жетектелүү «Кудайдын сөзүн кайраттуулук менен айтууга» жардам берерин билгенбиз (Элч. 4:31). Кудайдын руху бизге мыкты кызматчылардан болууга да көмөк кылат. Кызматта натыйжалуу болуунун бир жолу — Жахаба Кудай берген сонун куралды, анын Сөзү Ыйык Китепти, чебер колдонуу. Ал ыйык рухтун жетеги менен жазылган (2 Тим. 3:16). Андагы кабарды Кудай өзүнүн руху менен шыктандырган. Демек, кызматта Жазманы чебер колдонуп, андагы чындыктарды ачып бергенибизде рухка жетектелген болобуз. Муну кантип кылса болорун талкуулаар алдында, келгиле, Кудайдын Сөзүнүн канчалык күчтүү экенин карап көрөлү.

«Кудайдын сөзү... күчтүү»

4. Кудайдын Ыйык Китепте камтылган кабары адамды канчалык өзгөртө алат?

4 Кудайдын сөзү, башкача айтканда, кабары кандай гана зор күчкө ээ! (Эвр. 4:12). Каймана сөз менен айтканда, Ыйык Китептеги кабар адамдын колунан бүткөн кылычтардын баарынан курч, себеби ал ушунчалык терең кирип, сөөк менен сөөктүн чучугун бөлөт. Жазмадагы чындык адамдын жан дүйнөсүнүн түпкүрүнө чейин жетип, анын ой-сезимдерин козгойт жана ички дүйнөсү чынында кандай экенин ачыкка чыгарат. Ал чындык адамга күчтүү таасир этип, аны толугу менен өзгөртө алат (Оку: Колосалыктар 3:10). Ооба, Кудайдын Сөзү адамдардын жашоосун өзгөртүүгө кудуреттүү!

5. Ыйык Китеп бизди кантип жетектейт жана анын натыйжасы кандай болот?

5 Андан сырткары, Ыйык Китеп — теңдешсиз акылмандык камтылган китеп. Ал ушул татаал дүйнөдө кантип жашаш керектигин көрсөтөт. Кудайдын Сөзү шилтеген кадамыбызга эле эмес, алдыдагы жолубузга да жарык чачат (Заб. 118:105). Ал бизге кыйынчылыктар менен күрөшүүгө, дос тандоого, көңүл ачууга, жумушка, кийим-кечеге жана башка нерселерге байланыштуу туура чечим чыгарууга жардам берет (Заб. 36:25; Накыл 13:20; Жкн. 15:14; 1 Тим. 2:9). Кудай Сөзүндөгү принциптерди колдонуу башкалар менен жакшы мамиледе болууга да өбөлгө түзөт (Мт. 7:12; Флп. 2:3, 4). Анын жолубузга жарык чачышына жол берсек, чыгарган чечимдерибиздин натыйжасы кандай болорун биле алабыз (1 Тим. 6:9). Ошондой эле Жазмада Кудайдын келечекке байланыштуу ой-ниети жазылган жана ал бизге ошол ой-ниетке ылайык жашоого жардам берет (Мт. 6:33; 1 Жкн. 2:17, 18). Эгер адам Кудайдын принциптерине жетектелсе, анын жашоосу чындап маңыздуу болот!

6. Рухий согушта Ыйык Китеп канчалык күчтүү курал болуп эсептелет?

6 Ыйык Китеп рухий согушта абдан күчтүү курал болуп эсептелет. Пабыл Кудайдын сөзүн «рухтун кылычы» деп атаган (Оку: Эфестиктер 6:12, 17). Натыйжалуу колдонулганда Ыйык Китептеги кабар адамдарды Шайтандын рухий кулчулугунан бошотот. Ал — өлүмгө кыя турган эмес, өмүрдү сактай турган кылыч. Анда аны чебер колдонууга умтулушубуз керек эмеспи?

«Кылычты» туура колдон

7. «Рухтун кылычын» чебер колдонууга үйрөнүү эмне үчүн маанилүү?

7 Жоокер машыгып, куралдарын чебер колдонууга дасыкканда гана майданда аларды натыйжалуу пайдалана алат. Рухий согушта биз колдонгон «рухтун кылычы» тууралуу да ушуну айтууга болот. «Кудайдын алдында анын жактыруусуна ээ болгон, чындык сөзүн туура үйрөткөн, аткарган ишиң үчүн уялбай турган жумушчу болууга колуңан келишинче аракет кыл»,— деп жазган Пабыл (2 Тим. 2:15).

8, 9. Ыйык Китепте жазылгандарды жакшы түшүнүүгө эмне жардам берет? Мисал келтиргиле.

8 Кызматта «чындык сөзүн туура үйрөтүүгө» бизге эмне жардам берет? Кимдир бирөөгө Ыйык Китепте жазылгандарды так-айкын түшүндүрүп бере алышыбыз үчүн, аларды өзүбүз жакшы билишибиз зарыл. Ан үчүн аяттын же үзүндүнүн контекстине көңүл бурушубуз кажет. Бир сөздүккө ылайык, «сөздүн, сүйлөмдүн же тексттин контексти ага чейинки же андан кийинки сөздөрдөн, сүйлөмдөрдөн же тексттен туруп, анын маанисин тереңирээк түшүнүүгө жардам берет».

9 Жазмадагы кайсы бир үзүндүнү туура түшүнүү үчүн ага чейинки жана андан кийинки сөздөргө көңүл буруу керектиги Пабылдын Галатиялыктар 5:13төгү билдирүүсүнөн көрүнүп турат. Ал мындай деп жазган: «Силер болсо, биртуугандар, эркиндикке чакырылгансыңар. Бирок бул эркиндикти дененин кумарларын канааттандырууга колдонбогула, тескерисинче, бири-бириңерге сүйүү менен кул катары кызмат кылгыла». Пабыл бул жерде кайсы эркиндик тууралуу сөз кылган? Күнөө менен өлүмдүн кулчулугунан бошонуу жөнүндөбү, жалган ишенимдин туткунунан чыгуу тууралуубу же анын сөздөрү башка нерсеге карата айтылганбы? Контекст көрсөтүп тургандай, Пабыл ошол учурда «Мыйзамдын каргышынан бошонгондон» кийинки эркиндик тууралуу кеп кылган (Гал. 3:13, 19—24; 4:1—5). Ооба, ал Исанын жолдоочусу болуунун аркасында келген эркиндик жөнүндө айткан. Ал эркиндикти баалагандар сүйүүсүнөн улам бири бирине кулдай кызмат кылышкан, бирөөгө жалаа жаап, талашып-тартышышкан эмес (Гал. 5:15).

10. Жазманы туура түшүнүү үчүн кандай маалыматтарды карап чыгуу зарыл жана аларды кайдан таба алабыз?

10 «Контекст» деген сөздүн дагы бир мааниси бар. Анын синонимдерине «тек-тамыр, жагдай-шарт,.. чоо-жай» деген сөздөр кирет. Аяттын маанисин туура түшүнүү үчүн ага байланыштуу кошумча маалыматтарды, мисалы, Ыйык Жазманын ошол китебин ким жазганын, качан жана кандай жагдай-шарттарда жазылганын карап чыгуу маанилүү. Андан тышкары, китептин эмне максатта жазылганын жана мүмкүн болсо, ошол мезгилде жашаган адамдардын каада-салттарын, жүрүм-турумун, баалуулуктарын жана диний үрп-адаттарын билүү пайдалуу *.

11. Жазманы түшүндүрүп жатканда эмнеден сак болушубуз керек?

11 «Чындык сөзүн туура үйрөтүү» Жазмадагы чындыкты так түшүндүрүп берүүдөн да көптү билдирет. Биз Ыйык Китепти адамдардын жүрөгүн түшүрүү үчүн колдонуудан сак болушубуз керек. Ибилис тарабынан азгырылганда Иса Жазманын негизинде чындыкты коргогондой эле, биз да Ыйык Китептин жардамы менен чындыкты жактайбыз. Бирок аны союл катары колдонуп, башкаларды коркутуп-үркүткүбүз келбейт (Мыйз. 6:16; 8:3; 10:20; Мт. 4:4, 7, 10). Биз элчи Петирдин: «Машаякты Мырза катары жүрөгүңөрдө ыйык туткула. Үмүтүңөр жөнүндө сураган ар бир адамдын алдында жумшактык жана терең урмат-сый менен коргонууга дайым даяр болгула»,— деген кеңешине кулак кагышыбыз зарыл (1 Пет. 3:15).

12, 13. Кудайдын Сөзүндөгү чындык кайсы чептерди талкалай алат? Мисал келтиргиле.

12 Туура колдонулганда Кудайдын Сөзүндөгү чындык эмнелерди кыла алат? (Оку: 2 Корунттуктар 10:4, 5). Жазмадагы чындык «чептерди», башкача айтканда, жалган окууларды, зыяндуу үрп-адаттарды жана жеткилеңсиз адамдын акылмандыгын чагылдырган философияларды «талкалай» алат. Биз Ыйык Китепти «Кудай жөнүндөгү билимге каршы турган» ой-түшүнүктөрдүн баарын төгүнгө чыгаруу үчүн колдонсок болот. Андагы окуулардын жардамы менен башкаларга чындыкка ылайык ой жүгүртүүгө түрткү бере алабыз.

13 Мисалга Индияда жашаган 93 жаштагы апаны алалы. Бала чагынан эле ал реинкарнацияга, жан улам башка түргө өтөт деген окууга, ишенип келген. Ал апа чет өлкөдө жашаган уулу менен кат аркылуу Ыйык Китепти изилдей баштаганда Жахаба жана анын убадалары тууралуу билгендерин даярдуулук менен кабыл алган. Бирок реинкарнация окуусу анын акылына ушунчалык терең тамырлагандыктан, уулунан өлгөндөрдүн абалы тууралуу билгенде каршы болгон. Ал мындай деген: «Жазмаңдагы чындык акылыма сыйбай койду. Бардык диндер ичибизде эч качан өлбөй турган бир нерсе бар деп окутушат. Дене өлүп, анын көзгө көрүнгүс бөлүгү 8400000дей жолу улам бир денеге өтөрүнө мен өмүр бою ишенип келгем. Бул кантип чындык болбосун? Эмне, диндердин көбү жалганбы?» «Рухтун кылычы» мындай бекем чепти талкалай алабы? Бул туурасында алар Жазманын негизинде бир нече ирет талкуу жүргүзүшкөн. Бир канча жума өткөндөн кийин, ал апа мындай деп жазган: «Өлүм жөнүндөгү чындыкты мен эми түшүнө баштадым. Өлгөн сүйүктүү жакындарыбыздын тирилерин, алар менен жолугарыбызды билүү мага зор кубаныч тартуулайт. Кудайдын Падышалыгы жакын арада келет деп үмүттөнөм».

«Кылычты» колдонуп ынандыр

14. Кимдир бирөөнү ынандыруу деген эмнени билдирет?

14 Ыйык Китепти кызматта натыйжалуу колдонуу аяттарды жөн эле окуп берүүнү билдирбейт. Пабыл «ишенимдүү далилдерди келтирип» сүйлөгөн, биз да ошентишибиз керек (Оку: Элчилер 19:8, 9; 28:23). Бир эмгекте белгиленгендей, «эгер адамды кайсы бир нерсенин чындык экенине ынандырса, ал ошо нерсеге бекем ишене баштайт». Демек, кимдир бирөөнү ыйык китептик окууларды кабыл алууга ынандырганыбызда ага ошол окууларга ишеним артууга түрткү берген болобуз. Ан үчүн бизди угуп жаткан кишиге айткандарыбыздын чындык экенин далилдеп беришибиз керек. Муну төмөнкү жолдор менен кыла алабыз.

15. Канткенде башкалардын көңүлүн Кудай Сөзүнө буруп, анын баалуулугун көрсөтө аласың?

15 Башкалардын көңүлүн Кудай Сөзүнө буруп, анын баалуулугун көрсөт. Үй ээсине аят окуп бергениңде талкууланып жаткан нерсеге карата Кудайдын оюн билүү маанилүү экенин баса белгиле. Суроо берип, анын оюн уккандан кийин, балким: «Буга карата Кудай кандай ойдо экенине көңүл бурсаңыз»,— десең болоттур. Же: «Буга Кудай кандай карайт деп ойлойсуз?» — деп сурап көрөттүрсүң. Аятты окуур алдында ушундай кириш сөз жасоо Ыйык Китептин Кудайдан экенин баса көрсөтүп, угуучуга аны жогору баалоого көмөк кылат. Бул Кудайга ишенген, бирок Ыйык Китептин эмнеге окутарынан кабардар болбогон адамдарга күбөлөндүрүүдө өзгөчө маанилүү (Заб. 18:8—11).

16. Аяттарды туура түшүндүрүүгө эмне жардам берет?

16 Аяттарды окуп эле койбостон, түшүндүрүп бер. Пабыл, адатта, окуткан нерселерин «түшүндүрүп, Ыйык Жазмадан далилдерди келтирчү» (Элч. 17:3). Көп учурда ыйык китептик аятта бир эмес, бир нече ой камтылат. Ошондуктан талкууланып жаткан ойду бышыктай турган негизги сөздөрдү баса белгилешиң керек. Ан үчүн негизги ойду камтыган сөздөрдү кайталасаң же үй ээсине аны түшүнүүгө жардам бере турган суроолорду берсең болот. Анан аяттын ошол бөлүгүнүн маанисин түшүндүрүп бер. Андан кийин угуучуңа аяттын жеке ага кандай тиешеси бар экенин көрүүгө жардам бер.

17. Жазманын негизинде ынандыргыдай кылып кандайча талкуу жүргүзө аласың?

17 Жазманын негизинде ынандыргыдай кылып талкуу жүргүз. Пабыл адамдарга чын ыкластан өтүнүч менен кайрылган жана күчтүү логиканы колдонуп, Ыйык Жазманын негизинде ынандыргыдай кылып талкуу жүргүзгөн (Элч. 17:2, 4). Андан үлгү алып, сен да угуучуңдун жүрөгүн козгоого аракет кыл. Анын жыргалчылыгына чындап кызыкдар экениңди көрсөткөн суроолорду сылыктык менен берип, жүрөгүндөгүсүн «сузуп ал» (Накыл 20:5). Одоно сүйлөп алуудан этият бол. Ырастоолоруң так-айкын жана логикалык жактан ырааттуу болсун. Алар канааттандырарлык далилдер менен бышыкталышы зарыл. Айткандарың Кудайдын Сөзүнө бекем негизделиши керек. Удаа эки-үч аятты шар окуп койгондон көрө, бир аятты окуп, маанисин ачып берип, мисал менен түшүндүргөнүң дурус. Ал эми кошумча далилдер сөзүңдү ого бетер ынанымдуу кылат (Накыл 16:23, «ЖД»). Кээде изилдөө жүргүзүп, кошумча маалымат берүү талап кылынышы мүмкүн. Жогоруда айтылып өткөн 93 жаштагы апа өлбөс жан (же рух) жөнүндөгү окуунун эмне үчүн мынчалык кеңири таралганын билгиси келген. Апа ал окуунун каяктан башат алганын жана дүйнөдөгү диндердин басымдуу бөлүгүнө кандайча өткөнүн түшүнгөндөн кийин жанга байланыштуу ыйык китептик чындыкты кабыл алууга түрткү алган *.

Чебер колдоно бер

18, 19. Эмне себептен «рухтун кылычын» чебер колдоно беришибиз керек?

18 Ыйык Китепте айтылгандай, «бул дүйнөнүн көшөгөсү алмашууда». Карөзгөй кишилер барган сайын бузулуп баратышат (1 Кор. 7:31; 2 Тим. 3:13). Ошо себептен «рухтун кылычын, башкача айтканда, Кудайдын сөзүн» колдонуп, «чептерди» талкалай беришибиз маанилүү.

19 Бизде Кудай Сөзүнүн, Ыйык Китептин, бар болгонуна жана анда камтылган күчтүү кабардын жардамы менен жалган окуулардын тамырына балта чаап, ак ниет кишилердин жүрөгүн козгоп жатканыбызга кандай гана кубанычтабыз! Ал кабарга бир да «чеп» туруштук бере албайт. Андыктан Кудай бизге тапшырган Падышалык жөнүндөгү кабарды жарыялоо ишинде «рухтун кылычын» чебер колдонууга бүт күч-аракетибизди жумшай берели!

[Шилтемелер]

^ 10-абз. Ыйык Жазманын китептери тууралуу кошумча маалыматты «Бардык Жазма Кудайдын рухунун жетеги менен жазылган жана пайдалуу» (ор.), «Жазманы түшүнүү» (англ.) аттуу китептерден жана «Күзөт мунарасындагы» «Жахабанын Сөзү тирүү» деген сыяктуу макалалардан табууга болот.

^ 17-абз. «Адам өлгөндө эмне болот?» деген китепченин 5—16-беттерин карагыла.

Эмнелерди билдиңер?

• Кудайдын Сөзү канчалык күчтүү?

• Канткенде «чындык сөзүн туура үйрөтө» алабыз?

• Ыйык Китепте камтылган кабар «чептерди» эмне кылат?

• Канткенде кызматта ынанымдуу сүйлөй аласың?

[Изилдөө суроолору]

[12-беттеги кутуча]

Кудай Сөзүн колдонуп ынандыруу үчүн...

▪ Ыйык Китептин баалуулугун көрсөт

▪ Аяттарды түшүндүр

▪ Адамдын жүрөгүн козгоо үчүн ынандыргыдай кылып талкуу жүргүз

[11-беттеги сүрөт]

«Рухтун кылычын» чебер колдонууга үйрөн