Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

«Рух менен колукту: „кел!“ — деп жатышат»

«Рух менен колукту: „кел!“ — деп жатышат»

«Рух менен колукту: „кел!“ — деп жатышат»

«Рух менен колукту: „Кел!“ — деп жатышат... Ким суусаса, келсин. Ким кааласа, өмүр суусунан бекер алсын» (АЯН 22:17).

1, 2. Падышалыктын кызыкчылыктары жашообузда кайсы орунда турушу керек жана эмне үчүн?

ПАДЫШАЛЫКТЫН кызыкчылыктары жашообузда кайсы орунда турушу керек? Иса жолдоочуларын «биринчи кезекте Кудайдын падышалыгын... издөөгө» үндөп, эгер алар ошентишсе, Кудайдын алар муктаж болгон нерселер менен камсыз кыларына ынандырган (Мт. 6:25—33). Ал Кудайдын Падышалыгын берметке салыштырган. Бермет ушунчалык кымбат болгондуктан, жер кезген соодагер аны тапканда «бардык нерсесин сатып», ошол «берметти сатып алган» (Мт. 13:45, 46). Биз үчүн Падышалык жөнүндө кабар айтуу жана шакирт даярдоо иши эң маанилүү иштерден болушу керек.

2 Буга чейинки эки макаладан карап чыкканыбыздай, кызматта кайраттуу болуу жана Кудайдын Сөзүн чебер колдонуу менен биз Кудайдын рухуна жетектелерибизди көрсөтөбүз. Ал рух Падышалык тууралуу кабар айтуу ишине үзгүлтүксүз катышышыбыз үчүн да маанилүү. Эмне үчүн? Келгиле, карап көрөлү.

Чакырык

3. Адамдар кандай суу ичүүгө чакырылууда?

3 Адамдарга ыйык рух аркылуу чакырык айтылууда (Оку: Аян 22:17). Алар «келүүгө» жана өзгөчө суу менен суусунун кандырууга чакырылууда. Ал суу суутектин эки атомунан жана кычкылтектин бир атомунан турган кадимки суу эмес. Кадимки суу жер бетинде жашоо үчүн абдан маанилүү. Бирок Иса самариялык аялга: «Ким мен берген суудан ичсе, эч качан суусабайт. Мен бере турган суу анын ичинде оргуштаган булакка айланат да, түбөлүк өмүр берет»,— дегенде башка суу жөнүндө айткан (Жкн. 4:14). Ооба, адамдар ичүүгө чакырылган өзгөчө суу түбөлүк өмүр берет.

4. Өмүр суусуна болгон муктаждык качан пайда болгон жана ал суу эмнени билдирет?

4 Түпкү атабыз Адам аялы Обого кошулуп, аларды жаратып, өмүр берген Жахаба Кудайга баш ийбей койгондо, ошол сууга болгон муктаждык пайда болгон (Башт. 2:16, 17; 3:1—6). «[Адам] колун сунуп, өмүр дарагынын жемишинен да жеп алып, түбөлүккө жашап калбашы» үчүн, биринчи түгөй бейиш багынан кууп чыгарылган (Башт. 3:22). Адам адамзаттын түпкү атасы болгондуктан, өлүм ал аркылуу бардык адамдарга өткөн (Рим. 5:12). Өмүр суусу тил алчаак адамдардын күнөө менен өлүмдөн куткарылышы, жеткилеңдикке жеткирилиши жана жер бетиндеги Бейиште түбөлүк жашашы үчүн караштырылган Кудайдын чараларын билдирет. Ал чаралардын негизин Иса Машаяктын куткаруу курмандыгы түзөт (Мт. 20:28; Жкн. 3:16; 1 Жкн. 4:9, 10).

5. «Кел!.. Өмүр суусунан бекер ал»,— деген чакырыктын ээси ким? Түшүндүргүлө.

5 «Кел!.. Өмүр суусунан бекер ал»,— деген чакырыктын ээси ким? Машаяктын Миң жылдык башкаруусунда адамзатты өмүргө ээ кылып, аларга толук пайда алып келе турган чаралар «хрусталдай таза, өмүр суусу аккан дарыя» катары сүрөттөлөт. Ал дарыянын «Кудайдын жана Козунун тактысынан агып чыкканы» айтылат (Аян 22:1). Жахаба — Өмүр Берүүчү, демек, ал — өмүр бере турган суунун Булагы (Заб. 35:10). Кудай өмүр суусун «Козу», Иса Машаяк, аркылуу берет (Жкн. 1:29). Каймана маанидеги ал дарыя Жахабанын Адам атанын тил албастыгынын айынан адамзатка тийген бардык залаканы жоё турган чараларын билдирет. Ооба, «Кел!» деген чакырыктын ээси — Жахаба Кудай.

6. «Өмүр суусу аккан дарыя» качан ага баштаган?

6 «Өмүр суусу аккан дарыя» толук мааниде Машаяктын Миң жылдык башкаруусунда ага турган болсо да, ал «Мырзабыздын күнүндө» эле ага баштаган. «Мырзабыздын күнү» болсо «Козу» 1914-жылы асманда такка отурганда башталган (Аян 1:10). Ошондон тартып өмүр алуу үчүн караштырылган айрым чаралардан пайда алуу мүмкүн болгон. Ал чараларга Кудайдын Сөзүндө, Ыйык Китепте, камтылган «сууга» салыштырылган кабар кирет (Эф. 5:26). Падышалык жөнүндөгү жакшы кабарга кулак кагып, аны кабыл алуу менен «өмүр суусуна» ээ болууга бардык адамдар чакырылууда. Мырзабыздын күнүндө ал чакырыкты ким жарыялап жатат?

«Колукту: „Кел!“ — деп жатат»

7. «Мырзабыздын күнүндө» «Кел!» деген чакырыкты биринчилерден болуп ким жарыялаган жана кимге?

7 Колуктуну түзгөн топтун мүчөлөрү, Исанын рух менен майланган жолдоочулары, «Кел!» деген чакырыкты биринчилерден болуп жарыялашкан. Кимге? Албетте, колукту: «Кел!» — деп өзүнө өзү айткан эмес. Анын сөздөрү «Кудуреттүү Кудайдын улуу күнүндө боло турган согуш» бүткөндөн кийин жер бетинде түбөлүк өмүр сүрүүгө үмүттөнүп жаткандарга карата айтылган (Оку: Аян 16:14, 16).

8. Исанын майланган жолдоочулары Жахабанын чакырыгын 1918-жылдан тартып эле жарыялап келишкенин эмне көрсөтүп турат?

8 Исанын майланган жолдоочулары Жахабанын чакырыгын 1918-жылдан тартып эле жарыялап келишет. Ошол жылы «Азыр жашап жаткан миллиондогон адамдар эч качан өлбөйт» аттуу баяндамада көптөрдүн Армагедон согушунан кийин бейишке айланган жер бетинде өмүр сүрүүгө үмүтү бар экени айтылган. Ыйык Китепти Изилдөөчүлөрдүн 1922-жылы Сидар-Пойнтто (Огайо штаты, АКШ) өткөрүлгөн жыйынында угуучулар «Падышаны жана анын падышалыгын жарыялоого» чакырылышкан. Бул колуктуну түзгөн топтун калдыгына чакырыкты көбүрөөк адамдарга жеткирүүгө көмөк кылган. «Күзөт мунарасынын» 1929-жылдын 15-марттагы санына Аян 22:17ге негизделген «Жылуу чакырык» аттуу макала чыккан. Ал макалада мындай делген: «Ишенимдүү калдык тобу [Эң Жогоркуга] кошулуп, „Кел!“ деген жылуу чакырык менен кайрылууда. Ал кабар адилдикти жана чындыкты эңсегендерге жарыяланышы зарыл. Муну азыр кылуу керек». Колуктуну түзгөн топ бүгүнкү күнгө чейин ал чакырыкты жарыялап келет.

«Уккандардын баары: „Кел!“ — десин»

9, 10. Чакырыкты уккандар кандайча башкаларга да: «Кел!» — деп айтууга чакырылышкан?

9 Ал эми «Кел!» деген чакырыкты уккандар тууралуу эмне айтууга болот? Алар да башкаларга: «Кел!» — деп айтууга чакырылышкан. Мисалы, «Күзөт мунарасынын» 1932-жылы 1-августта чыккан санынын 232-бетинде мындай деп жазылган: «Майлангандар падышалык жөнүндөгү жакшы кабарды жарыялоону каалагандардын баарын бекемдеши абзел. Мырзабыздын кабарын жарыялаш үчүн алардын Мырзабыз тарабынан майланышынын зарылдыгы жок. Жахабанын күбөлөрү Армагедондон аман өтө турган жана жер бетинде түбөлүк өмүрдү мурастай турган адамдарга өмүр суусун таратууга мүмкүнчүлүк берилгенине чексиз кубанышат».

10 «Күзөт мунарасынын» 1934-жылдын 15-августундагы санынын 249-бетинде «Кел!» деген чакырыкка кулак каккандардын кандай жоопкерчилиги бар экени баса белгиленип: «Жонадап тобу Жахабанын майланган күбөлөрү болбосо да, Жейунун тобуна, башкача айтканда, майлангандарга кошулуп, падышалык жөнүндөгү кабарды жарыялашы керек»,— деп жазылган. 1935-жылы Аян 7:9—17-аяттарда айтылып өткөн «эбегейсиз көп адамдардын» кимдер экени айкын болгон. Бул Кудайдын чакырыгын жарыялоо ишине чоң түрткү берген. Ошондон бери ал чакырыкка жооп кайтарган эбегейсиз көп адамдардын саны барган сайын өсүп жатат. Учурда алардын саны жети миллиондон ашты. Жакшы кабарды ыраазычылык менен кабыл алгандар өздөрүн Кудайга арнап, сууга чөмүлтүлүшкөн жана колуктуну түзгөн майлангандардын тобуна кошулуп, башкаларды: «Кел!.. Өмүр суусунан бекер ал»,— деп чакырышууда.

Рух: «Кел!» — деп жатат

11. Б.з. 1-кылымында ыйык рух кабар айтуу ишинде кандай роль ойногон?

11 Иса Назареттеги синагогада кабар айтып жатканда Ышая пайгамбардын түрмөгүн ачып, мындай сөздөрдү окуган: «Жахаба мага өзүнүн рухун берди, анткени ал мени жакырларга жакшы кабар айтууга майлады жана туткундарга боштондук жарыялоого, сокурларга көздөрү ачыларын кабарлоого, эзилгендерди эркиндикке чыгарууга, Жахабанын ырайым кылууга ылайыктуу убагын жарыялоого жиберди». Анан ал сөздөрдү өзүнө карата айтылганын белгилеп: «Силер эми эле уккан сөздөр бүгүн аткарылды»,— деген (Лк. 4:17—21). Асманга кетер алдында Иса шакирттерине: «Үстүңөргө ыйык рух түшкөндө, күч аласыңар да... жердин учу-кыйырына чейин менин күбөлөрүм болосуңар»,— деп айткан (Элч. 1:8). Ырас, биринчи кылымда ыйык рух кабар айтуу ишинде маанилүү роль ойногон.

12. Биздин күндөрдө Кудайдын ыйык руху адамдарды чакырууда кандай роль ойнойт?

12 Биздин күндөрдө Кудайдын ыйык руху адамдарды чакыруу ишинде кандай роль ойнойт? Жахаба — ыйык рухтун Булагы. Ал колуктуну түзгөн майлангандар тобуна өзүнүн Сөзү Ыйык Китепти түшүнүүгө жардам берүү үчүн ыйык рухун колдонуп, алардын акылы менен жүрөгүн ачат. Ыйык рух аларга чакырыкты жарыялоого жана жер бетиндеги Бейиште түбөлүк жашоого үмүттөнгөндөргө Жазмадагы чындыктарды түшүндүрүп берүүгө түрткү берет. Чакырыкты кабыл алуу менен Иса Машаяктын шакирти болуп, ал чакырыкты башкаларга жарыялагандарга ыйык рух көмөк көрсөтөбү? Ооба. «Ыйык рухтун атынан чөмүлдүрүлгөндүктөн» алар рухтун жетегине баш ийип, анын жардамына таянышат (Мт. 28:19). Майлангандар менен эбегейсиз көп адамдар жарыялаган кабар тууралуу да ойлонуп көрсөңөр. Ал кабар Ыйык Китепте, Кудайдын рухунун жетеги менен жазылган китепте, камтылат. Демек, чакыруу рухтун жардамы менен таратылууда десек болот. Арийне, бизди ыйык рух жетектейт. Муну билүү башкаларды чакыруу ишине катышууга канча убакыт жумшаарыбызга кандай таасир этиши керек?

Алар: «Кел!» — деп жатышат

13. «Рух менен колукту: „Кел!“ — деп жатышат»,— деген сөздөр эмнени билдирет?

13 Рух менен колуктунун «Кел!» деген чакырыгы бир эле жолу айтылган чакырык эмес. Бул жерде колдонулган түп нускадагы этиш уланып жаткан иш-аракетти билдирет. Ошондуктан «Жаңы дүйнө котормосунда» ал ой: «Рух менен колукту: „Кел!“ — деп жатышат»,— деп берилген. Бул Кудайдын чакырыгынын үзгүлтүксүз жарыяланып жатканын билдирет. Ал чакырыкка кулак каккандардын кызматы тууралуу эмне айтууга болот? Алар да: «Кел!» — деп жатышат. Чыныгы кызматчылардан турган эбегейсиз көп адамдар Жахабанын «ибадатканасында ага күнү-түнү ыйык кызмат кылып жатышат» (Аян 7:9, 15). Алар кандай мааниде «күнү-түнү» кызмат кылууда? (Оку: Лука 2:36, 37; Элчилер 20:31; 2 Тесалоникалыктар 3:8). Жашы өр тартып калган Анна аттуу пайгамбардын жана элчи Пабылдын мисалынан көрүнүп тургандай, «күнү-түнү» кызмат кылуу деген кызматта үзгүлтүксүз жана талыкпай күч жумшоону билдирет.

14, 15. Даниел үзгүлтүксүз сыйынуунун маанилүүлүгүн кантип көрсөткөн?

14 Даниел пайгамбар да үзгүлтүксүз сыйынуунун маанилүүлүгүн көрсөткөн (Оку: Даниел 6:4—10, 16). Ал атүгүл арстандар жаткан орго ыргытылышы мүмкүн болсо да, рухий иштерин бир айга да үзгүлтүккө учураткан эмес. Ал «адаттагысындай эле күн сайын үч маал» Кудайга тилене берген. Даниел иш-аракети менен башкаларга Жахабага үзгүлтүксүз сыйынуудан өткөн маанилүү нерсе жок экенин кандай гана айкын көрсөткөн! (Мт. 5:16).

15 Даниел арстандар жаткан орго ыргытылгандын эртеси падыша таң заардан орго келип: «Даниел, тирүү Кудайдын кулу! Сен дайыма кызмат кылган Кудайың сени арстандардан куткара алдыбы?» — деп кыйкырган. Пайгамбар ошол замат: «Падыша! Түбөлүк жаша! Менин Кудайым Өзүнүн периштесин жиберип, арстандардын оозун жаап койду, ошондуктан алар мага эч кандай зыян келтиришкен жок, анткени мен Анын алдында таза болуп чыктым. Сенин алдыңда да, падыша, кылмыш кылган эмесмин»,— деп жооп берген. Жахаба Даниелге «дайыма кызмат кылганы» үчүн батасын берген (Дан. 6:19—22).

16. Даниелдин үлгүсү кызматка катышууга байланыштуу кайсы суроолор жөнүндө ойлонууга түрткү берет?

16 Даниел рухий иштерди аткарбай калгандан көрө, өлүмгө баш байлоону туура көргөн. Биз жөнүндө эмне айтууга болот? Кудайдын Падышалыгы жөнүндөгү жакшы кабарды үзгүлтүксүз жарыялоо үчүн кандай курмандыктарга барып жатабыз же барууга даярбыз? Биз башкаларга Жахаба жөнүндө айтууну бир айга да токтотпошубуз керек. Кызматка, мүмкүн болсо, жума сайын катышууга аракет кылып жатабызбы? Атүгүл ден соолугубуз абдан начар болуп, бир айда 15 эле мүнөт кабар айта алсак да, ошол убакытты отчётко жазышыбыз кажет. Эмне үчүн? Себеби биз рух жана колукту менен бирге: «Кел!» — деп чакыра берүүнү каалайбыз. Ырас, Падышалыктын үзгүлтүксүз кабар айткан жарчыларынан болуу үчүн колубуздан келгендин баарын кылууга ынтызарбыз.

17. Жахабанын чакырыгын жарыялоо үчүн кандай мүмкүнчүлүктөрдү коё бербешибиз керек?

17 Биз Жахабанын чакырыгын кызматка атайын убакыт бөлүп чыкканда эле эмес, ар бир мүмкүнчүлүктү колдонуп жарыялай беришибиз керек. Суусагандарды башка убакта да, мисалы, дүкөнгө барганда, жол жүргөндө, өргүүдө, жумушта же мектепте: «Кел!.. Өмүр суусунан бекер ал»,— деп чакыруу кандай чоң сыймык! Бийликтегилер кабар айтуу ишине тыюу салса да, биз сактык менен кабар айта беребиз. Ан үчүн, балким, аймакта ар бир үйгө эмес, бир нечесине эле кабар айтаттырбыз же көбүрөөк расмий эмес күбөлөндүрөттүрбүз.

«Кел!» — деп чакыра берели

18, 19. Кудайдын кызматташы болуу сыймыгын жогору баалаарыңды кантип көрсөтсөң болот?

18 Токсондон ашуун жылдан бери рух менен колукту өмүр суусун алгысы келгендердин баарына: «Кел!» — деп жатышат. Сен да алардын жүрөк козгогон чакырыгына кулак салдыңбы? Анда бул чакырыкты башкаларга жеткирүүгө чакырыласың.

19 Биз Жахабанын жылуу чакырыгынын канчага чейин жарыяланарын билбейбиз. Анткен менен башкаларды: «Кел!» — деп чакыруу менен Кудайдын кызматташтары болобуз (1 Кор. 3:6, 9). Бул кандай зор сыймык! Келгиле, ал сыймыкты жогору баалаарыбызды көрсөтүп, үзгүлтүксүз кабар айтуу менен «дайыма Кудайга мактоо курмандыгын» алып келели (Эвр. 13:15). Жер бетинде жашоого үмүттөнгөндөр колуктуну түзгөн майлангандар тобу менен бирге: «Кел!» — деп чакыра беришсин. Мунун аркасында көптөр «өмүр суусун» бекер ала берсин!

Эмнелерди билдиңер?

• «Кел!» деген чакырык кимге айтылган?

• «Кел!» деген чакырыктын ээси Жахаба деп эмне үчүн айта алабыз?

• «Кел!» деген чакырыкты жарыялоодо ыйык рух кандай роль ойнойт?

• Кызматка эмне үчүн үзгүлтүксүз катышууга умтулушубуз керек?

[Изилдөө суроолору]

[16-беттеги таблица/сүрөт]

«Кел!» — деп чакыра бергиле

1914

5 100 жарчы

1918

Көптөр жер бетиндеги Бейиште өмүр сүрүшөт

1922

«Падышаны жана анын падышалыгын жарыялагыла, жарыялагыла, жарыялагыла!»

1929

Ишенимдүү калдык: «Кел!» — деп жатат

1932

«Кел!» деген чакырык майлангандардан башкаларга жарыялана баштаган

1934

Жонадап тобу кабар айтууга чакырылган

1935

«Эбегейсиз көп адамдардын» кимдер экени айкын болгон

2009

7 313 173 жарчы