Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Шайтандын үгүтүн четке как

Шайтандын үгүтүн четке как

Шайтандын үгүтүн четке как

«АЛДАНБАГЫЛА. Кудайыңар силерге жардам бербейт. Багынып бергиле, болбосо, көрбөгөн кордукту көрөсүңөр!» Жалпылап айтканда, Ашур падышасы Санхейриптин өкүлү Рапшак Иерусалим тургундарына ушундай кабар жарыялаган. Падышанын аскери Жүйүт жерин басып кирген эле. Рапшак бул сөздөрдү Иерусалим элинин кайратын качырып, жүрөгүнүн үшүн алып багындыруу максатында айткан (2 Пад. 18:28—35).

Ашурлуктар өздөрүнүн мыкаачылыгы, ырайымсыздыгы менен белгилүү болушкан. Алар туткундарына аябагандай мыкаачылык менен мамиле кылганы жөнүндөгү дене бойду дүркүрөткөн маалыматтарды таратып, душмандарынын жүрөгүнүн суусун алышкан. Тарыхчы Филип Тейлордун пикиринде, ашурлуктар «басып алган элдерди кыңк эттирбей башкаруу үчүн алардын үрөйүн учуруп, жалган үгүт таратышчу, ал эми душманы болушу мүмкүн болгондорду коркутуп-үркүтүү үчүн өздөрүнүн канчалык мыкаачы экенин сүрөттөгөн маалыматтарды таратып, аёосуз психикалык чабуул жасашчу». Үгүт — күчтүү курал. Тейлор белгилегендей, ал «аң-сезимге сокку урат».

Исанын чыныгы жолдоочулары «адамдар менен эмес, асман чөйрөсүндөгү каардуу рухий күчтөр», башкача айтканда, Кудайга каршы чыккан рухий жаратуулар менен «күрөшүп жатышат» (Эф. 6:12). Алардын башчысы — Шайтан Ибилис. Ал да коркутуп-үркүтүү, жалган үгүт таратуу ыкмасын колдонот.

Шайтан ар бир адамды, кимди болбосун, актыгынан тайдыра алам деп ырастайт. Уруу аксакалы Аюбдун күндөрүндө ал Жахаба Кудайга: «Адам өз жаны үчүн колунда эмне болсо, ошонун бардыгын берет»,— деп айткан. Ал, мындайча айтканда, жетиштүү кысым көрсөтүлсө, адам эртеби-кечпи Кудайдын алдында актыгынан жазат деген (Аюб 2:4). Шайтандыкы туура беле? Биз кайсы бир чекке чейин эле актыгыбызды сактап келип, андан өткөндөн кийин жаныбызды аман алып калуу үчүн принциптерди бузабызбы? Шайтан так ошентип ойлошубузду каалайт. Ошондуктан акылыбызга ошондой ой салуу үчүн зыяндуу үгүттү колдонот. Келгиле, ал максатына жетүү үчүн кандай ыкмаларды колдонорун жана аларды кантип четке каксак болорун билели.

«Алардын негизи топуракта»

Шайтан Аюбга келген үч шеригинин бири Элипазды колдонуп, аны адамдын өтө алсыз экенине, андыктан сыноолорго туруштук бере албасына ишендиргиси келген. Ал адамдарды «топурактан жасалган ийбадатканада жашагандар» деп атап, Аюбга мындай деген: «Алардын негизи топуракта, алар күбөдөн да тез жок болушат. Алар таң атып кеч киргенге чейин эле чачырап жок болушат. Кантип жок болгонун көрбөй да каласың» (Аюб 4:19, 20).

Ыйык Жазмада биз «чопо идиштерге» — топурактан жасалган морт идиштерге — салыштырылабыз (2 Кор. 4:7). Бизге күнөө менен жеткилеңсиздик тукум кууп өткөндүктөн, алсызбыз (Рим. 5:12). Шайтандын соккуларына өз күчүбүз менен туруштук бере албайбыз. Бирок Исанын жолдоочулары катары Жахабанын жардамына таяна алабыз. Алсыздыктарыбызга карабай биз Жахабанын көз алдында кымбат баалуубуз (Ыш. 43:4). Ал сурагандарга ыйык рухун берет (Лк. 11:13). Ал рух, Шайтандын ар бир соккусуна туруштук бере алышыбыз үчүн, «адаттан тышкаркы күч» берет (2 Кор. 4:7; Флп. 4:13). Эгер Ибилиске каршы туруп, ишенимибизди бекем сактасак, Кудай бизди бекемдеп, кажыбас кайрат берет (1 Пет. 5:8—10). Андыктан Шайтан Ибилистен коркпошубуз керек.

«Адилетсиздикти... ичкен адам»

Элипаз: «Таза болгудай, адам ким? Аялдан төрөлгөн адил болмок беле?» — деген суроо берген. Анан: «Ал Өз ыйыктарына да ишене албайт, Анын алдында асман да таза эмес. Адилетсиздикти суудай ичкен адам андан бетер таза эмес, ыпылас»,— деп жооп берген (Аюб 15:14—16). Элипаз Аюбга Жахабанын бир да кишини адил деп эсептебей турганын айткан. Ошо сыяктуу эле, Ибилис терс ой жүгүртүүнү пайдаланат. Ал мурда кетирген каталарыбызды ойлоп кейип-кепчишибизди, өзүбүздү жемелей беришибизди жана күнөөлөрүбүз эч качан кечирилбейт деген ойго алдырышыбызды каалайт. Ошондой эле Жахаба бизден өтө көптү талап кылат деп ойлошубузду, анын кечиримдүүлүк, боорукердик менен мамиле кыларына жана колдоо көрсөтөрүнө шек санашыбызды каалайт.

Ооба, бардыгыбыз «күнөө кетирип, Кудайдын даңкынан айрылып калганбыз». Бир да жеткилеңсиз киши Жахабанын жеткилең нормаларын аткара албайт (Рим. 3:23; 7:21—23). Анткен менен бул биздин Жахабанын көз алдында татыксыз экенибизди билдирбейт. Ал «Ибилис жана Шайтан деп аталган» «байыркы жыландын» күнөөлүү абалыбыздан пайдаланарын билет (Аян 12:9, 10). Кудай «топурак экенибизди» эске алгандыктан, бизден кынтык издей бербейт (Заб. 102:8, 9, 14).

Эгер жаман жолубуздан бурулуп, чын жүрөктөн, жан-дилден өкүнсөк, Жахаба айкөлдүк менен кечирет (Ыш. 55:7; Заб. 50:19). Ыйык Китепте айтылгандай, күнөөлөрүбүз «кыпкызыл болсо» да, ал аны «аппак кардай агартат» (Ыш. 1:18). Андыктан Кудайдын эркин аткарууну эч качан токтотпойлу.

Күнөөкөр болгондуктан биз Кудайдын алдында адил деп эсептелүүгө татыктуу боло албайбыз. Адам менен Обо жеткилеңдиктен жана түбөлүк өмүр сүрүү мүмкүнчүлүгүнөн айрылып калышкан, алардын айынан биз да андан кол жууп калганбыз (Рим. 6:23). Бирок Жахаба адамзатка болгон эбегейсиз зор сүйүүсүнөн улам күнөөлөрүбүздүн кечирилишине чара көргөн. Анын Уулунун, Иса Машаяктын, куткаруу курмандыгына ишеним көрсөтүү менен ал чарадан пайда ала алабыз (Мт. 20:28; Жкн. 3:16). Кудай өзүнүн ырайымын кандай сонун жол менен көрсөткөн! (Тит 2:11). Демек, биздин күнөөлөрүбүз кечирилет! Анда Шайтандын күнөөлөрүбүз кечирилбейт деген ырастоосуна ишенгенибиз туура болобу?

«Анын денеси менен сөөгүнө колуңду тийгизип көрчү...»

Шайтан эгер Аюб ден соолугунан айрылса, ишениминен таят деп ырастаган. Ибилис талаш маселе көтөрүп, Жахабага: «Сен анын денеси менен сөөгүнө колуңду тийгизип көрчү, ал Сени даңктаар бекен?» — деген (Аюб 2:5). Кудайдын Душманы начар ден соолугубуздан улам өзүбүздү керексиз сезишибизди каалайт. Андай сезимдерге алдырсак, анын чырагына май тамары бышык.

Жахаба бизди мурдагыдай кызмат кыла албай калганыбыз үчүн четке какпайт. Мисалы, бирөө кол салгандыктан, жан досубуз жабыр тартса, эмне кылат элек? Бизге мурда кылгандарын кыла албай калгандыгы үчүн, аны баалабай калат белек? Албетте, жок! Биз аны мурдагыдай эле жакшы көрүп, ага кам көрө бермекпиз, өзгөчө, ал биздин кызыкчылыгыбызды көздөгөндүктөн зыян тартып калса, ошентмекпиз. Анда ого бетер Жахаба Кудайдан ошону күтүшүбүз керек эмеспи? «Кудай... анын ысмына көрсөткөн сүйүүңөрдү жана эмгегиңерди унутуп калгыдай адилетсиз эмес»,— делет Ыйык Китепте (Эвр. 6:10).

Жазмада чыныгы сыйынууну, кыязы, бир топ жыл бою колдоп келген «жарды жесир аял» тууралуу айтылат. Иса ал аялдын ибадатканадагы кутуга «баасы өтө төмөн болгон эки тыйын салганын» байкаганда аны бир байкуш деп эсептеп, тартуусун эч нерсеге арзыбаган нерсе катары көрдү беле? Жок, кайра, аны чыныгы сыйынууну колдоодо колунан келгендин баарын кылганы үчүн мактаган (Лк. 21:1—4).

Эгер актыгыбызды сактасак, жеткилеңсиздик бизди карылык же оору-сыркоо аркылуу кандай гана азапка салбасын, Жахаба менен болгон мамилебиздин бекем болоруна эч шектенбесек болот. Кудай эч качан ишенимдүү кызматчыларынан, кыйынчылыктар алардын кызмат кылууга мүмкүнчүлүктөрүн чектегени үчүн эле, баш тартпайт (Заб. 70:9, 17, 18).

«Куткарылуу туулгасын... алгыла»

Өзүбүздү Шайтандын үгүтүнөн кантип коргосок болот? Элчи Пабыл мындай деп жазган: «Теңирден жана анын кудуреттүү күчүнөн кубат алгыла. Ибилистин айла-амалдарына каршы тура алышыңар үчүн, Кудай берген бардык курал-жарактар менен куралдангыла». Андай рухий курал-жарактардын бири — «куткарылуу туулгасы» (Эф. 6:10, 11, 17). Шайтандын үгүтүнө каршы туруу үчүн ал туулганы дайыма кийип жүрүшүбүз керек. Жоокердин туулгасы анын башын сактайт. Биздин «куткарылуу үмүтүбүз» — Кудайдын кереметтүү жаңы дүйнөгө байланыштуу убадасынын аткарыларына болгон ишенимибиз — акылыбызды Шайтандын калпынан коргойт (1 Тес. 5:8). Биз Жазманы өз алдынча кылдат изилдөө менен ал үмүттү тирүү жана бекем сакташыбыз кажет.

Аюб Шайтандын аёосуз, ырайымсыз соккуларын көтөргөн. Аюбдун тирилүүгө болгон ишеними ушунчалык бекем болгондуктан, атүгүл өлүм коркунучу да аны кайратынан жаздыра алган эмес. Ал Жахабага мындай деген: «Сен чакырсаң, мен Сага жооп берер элем. Ошондо Сен Өз колуң менен жаратканыңа ырайым кылар элең, [«колуңан бүткөндү сагынып, куса болосуң», «ЖД»] (Аюб 14:15). Аюб актыгын сакташ үчүн атүгүл ажал менен беттеше турган болсо да, Кудайдын өзүнүн ишенимдүү кызматчыларына болгон сүйүүсүнөн улам аларды өлүм уйкусунан ойготоруна шектенген эмес.

Биз да чыныгы Кудайга ошондой ишеним арталы. Жахаба Шайтандын жана анын таламдаштарынын келтирген зыянын жоё алат. Пабылдын төмөнкү сөздөрүн да эстен чыгарбайлы: «Кудай ишенимдүү; ал силердин алыңар жеткис азгырыктарга кабылышыңарга жол бербейт. Тескерисинче, азгырыкка дуушар болгонуңарда, туруштук бере алышыңар үчүн, жагдайдан чыгуунун жолун көрсөтөт» (1 Кор. 10:13).

[20-беттеги сүрөт]

Жахаба ишенимдүүлүк менен кылган кызматыңды абдан баалайт

[21-беттеги сүрөт]

Куткарылуу туулгасын дайыма кийип жүр