Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

«Адил адамдар... күн сыяктуу жаркырашат»

«Адил адамдар... күн сыяктуу жаркырашат»

«Адил адамдар... күн сыяктуу жаркырашат»

«Ошол убакта адил адамдар асмандагы Атасынын падышалыгында күн сыяктуу жаркырашат» (МТ. 13:43).

1. Иса мисалдардын жардамы менен Падышалык жөнүндө эмнелерди ачып берген?

ИСА МАШАЯК Падышалык жөнүндө ар тараптуу түшүнүк берүү үчүн көптөгөн мисалдарды, атап айтканда, үлгү-насаат аңгемелерди колдонгон. Ооба, «ал мисалсыз сүйлөчү эмес» (Мт. 13:34). Падышалык тууралуу чындыктын үрөнүн себүү жөнүндөгү мисалында Иса кабарды кабыл алууда адамдын жүрөгүнүн абалы кандай роль ойноорун жана рухий жактан өсүү кандайча Жахабадан көз каранды экенин көрсөткөн (Мр. 4:3—9, 26—29). Дагы бир мисалында Падышалыктын ишинин натыйжасы дароо эле байкалбаса да, өз учурунда ал иш болуп көрбөгөндөй жемиш берерин түшүндүргөн (Мт. 13:31—33). Андан тышкары, Падышалык жөнүндөгү кабарга кулак каккандардын баары эле ал Падышалыктын бийлиги алдында жашабай турганын баса белгилеген (Мт. 13:47—50) *.

2. Исанын буудай жана отоо чөптөр жөнүндөгү мисалында жакшы үрөн эмнени билдирет?

2 Ал эми Исанын мисалдарынын биринде Падышалыкта аны менен кошо башкара тургандардын чогултулушу баса белгиленет. Ал аңгеме Матай Инжилинин 13-бөлүмүндө жазылган жана ал көп учурда буудай жана отоо чөптөр жөнүндөгү үлгү-насаат аңгеме деп аталат. Иса бир мисалында себилген үрөндү «падышалык жөнүндөгү сөзгө» салыштырса, бул мисалында жакшы үрөн башка нерсени — «падышалыктын уулдарын» — билдирерин айткан (Мт. 13:19, 38). Алар — Падышалыктын бийлиги алдындагылар эмес, Падышалыктын «уулдары», башкача айтканда, мурасчылары (Рим. 8:14—17; оку: Галатиялыктар 4:6, 7).

Буудай жана отоо чөптөр жөнүндөгү мисал

3. Мисалдагы киши кандай кыйынчылыкка туш болгон жана аны кантип чечүүнү туура көргөн?

3 Ал мисал мындай: «Асман падышалыгы өз талаасына жакшы үрөн сепкен кишиге окшош. Баары уктап жатканда, душманы келип, буудайдын арасына отоо чөптүн уругун сээп кетти. Буудай өнүп чыгып, түшүм бергенде, отоо чөптөр да өсүп чыкты. Ошондо талаа ээсинин кулдары келип, андан: „Кожоюн, талааңа жакшы үрөн септиң эле го. Бул отоо чөптөр кайдан пайда болду?“ — деп сурашты. Ал: „Муну душман кылды“,— деп жооп берди. Анда кулдары: „Барып, отоо чөптүн баарын жулуп салалыбы?“ — дешти. Ал: „Жөн койгула. Отоо чөптү жулам деп, буудайды жулуп албагыла. Орок маалына чейин экөө тең өсө берсин. Ошол маал келгенде, орокчуларга: “Адегенде отоо чөптөрдү жулгула да, боо-боо кылып байлап, өрттөп жибергиле. Андан кийин барып, буудайды кампама жыйнагыла”,— деп айтам“» (Мт. 13:24—30).

4. а) Мисалдагы киши ким? б) Иса үрөндү качан жана кантип себе баштаган?

4 Талаасына жакшы үрөн сепкен мисалдагы киши ким? Кийинчерээк муну шакирттерине түшүндүрүп Иса: «Жакшы үрөн себүүчү — бул адам Уулу»,— деген (Мт. 13:37). Иса, «адам Уулу», жерде үч жарым жыл кызмат кылып жүргөндө «талааны» үрөн себүүгө даярдаган (Мт. 8:20; 25:31; 26:64). Анан б.з. 33-жылы Элүүнчү күн майрамынан тартып ал жакшы үрөндү — «падышалыктын уулдарын» — себе баштаган. Ошол себүү иши, сыягы, Иса Жахабанын өкүлү катары шакирттерине ыйык рухту төгүү менен аларды Кудайдын уулдары катары майлаганда, жүргүзүлгөн * (Элч. 2:33). Жакшы үрөн өнүп-өсүп отуруп, бышкан. Демек, жакшы үрөндүн себилишинин максаты Иса менен анын Падышалыгында кошо башкаруучу жана мурасчы боло тургандарды толугу менен чогултуу болгон.

5. Мисалдагы душман жана отоо чөптөр кимдерди билдирет?

5 Душман жана отоо чөптөр ким? Иса душмандын «Ибилис» экенин, ал эми отоо чөптөрдүн «Карөзгөйдүн уулдарын» билдирерин айткан (Мт. 13:25, 38, 39). Ал айткан отоо чөптөр өсүп жетиле электе буудайга окшош келген уулуу отоо чөптүн бир түрү болсо керек. Иса Падышалыктын уулдарыбыз деп ырастаган, бирок чыныгы жемиш бербегендерди кандай таамай сүрөттөгөн! Машаяктын жолдоочуларыбыз деп ырастаган бул эки жүздүү адамдар чындыгында Шайтан Ибилистин «тукумуна» киришет (Башт. 3:15).

6. Отоо чөптөр качан себилген жана ошол маалда кандайча «баары уктап жатышкан»?

6 Исанын отоо чөптөргө салыштырылган жалган жолдоочулары качан себилген? «Баары уктап жатканда»,— деген Иса (Мт. 13:25). Ал качан болгон? Бул суроонун жообун элчи Пабылдын Эфестеги аксакалдарга айткан сөздөрүнөн табабыз. Ал мындай деген: «Мен кеткенден кийин, араңарга оторду аябай турган ач карышкырлардын кирерин билем. Андан сырткары, шакирттерди ээрчитип кетүү үчүн өзүңөрдүн эле араңардан чындыкты бурмалап сүйлөгөн адамдар чыгат» (Элч. 20:29, 30). Пабыл ал аксакалдарды рухий жактан сергек болууга дайыма үндөп келген. Бирок чындыктан чегинүүчүлүктү киргизбей «кармап турган» элчилер өлүм уйкусуна кеткенден кийин, Исанын көптөгөн жолдоочулары рухий жактан уктап калышкан (Оку: 2 Тесалоникалыктар 2:3, 6—8 *). Ошондон тартып чыныгы сыйынуудан четтөөчүлүк башталган.

7. Буудай отоо чөпкө айланды беле? Түшүндүргүлө.

7 Иса буудайдын отоо чөпкө айланарын эмес, отоо чөптүн буудайдын арасына себилгенин айткан. Демек, бул мисалда бир учурда Исанын чыныгы жолдоочусу болуп, кийин чындыктан четтеп кеткендер тууралуу сөз жүргөн жок. Тескерисинче, ал жерде Исанын жолдоочуларынын жыйналышын бузуу үчүн Шайтандын жыйналышка атайлап мыйзамсыз адамдарды киргизери айтылган. Акыркы элчинин, Жакандын, жашы өр тартып калган кездерде чыныгы сыйынуудан четтөөчүлүк айкын болгон (2 Пет. 2:1—3; 1 Жкн. 2:18).

«Орок маалына чейин экөө тең өсө берсин»

8, 9. а) Талаа ээсинин кулдарына берген көрсөтмөлөрү Исанын угуучуларына эмне үчүн түшүнүктүү болгон? б) Буудай менен отоо чөптөр кандайча чогуу өсүшкөн?

8 Талаа ээсинин кулдары ага көйгөй тууралуу билдирип: «Барып, отоо чөптүн баарын жулуп салалыбы?» — деп сурашкан (Мт. 13:27, 28). Балким, анын жообу таң калыштуу көрүнүшү мүмкүн. Ал орок маалына чейин буудай да, отоо чөптөр да өсө берсин деген. Бул көрсөтмө Исанын шакирттерине түшүнүктүү болсо керек. Анткени алар буудайды отоо чөптүн буудайга окшош келген түрүнөн айырмалоо абдан кыйын экенин билишкен. Айыл-чарба тармагында эмгектенгендерге да ал отоо чөптүн тамыры буудайдын тамырын чырмап алары маалым *. Андыктан талаа ээсинин кулдарына күтүүнү буйруганы таң калыштуу эмес.

9 Ошо сыяктуу эле, кылымдар бою христиан дүйнөсүнүн ар кандай диндери жер жайнаган отоо чөптөрдү чыгарган. Алгач, ал отоо чөптөр рим-католик жана православие чиркөөлөрүндө, кийинчерээк көптөгөн протестанттык агымдарда пайда болгон. Ошол эле учурда дүйнө талаасына чыныгы буудайдын үрөнү да аздан себиле берген. Мисалдагы талаа ээси бир топко созулган өсүп-бышуу учурунда салыштырмалуу кыска убакытка созулган орок маалын чыдамдуулук менен күткөн.

Көптөн күткөн орок маалы

10, 11. а) Орок маалы качан башталган? б) Каймана маанидеги буудай Жахабанын кампасына кандайча жыйналууда?

10 Иса: «Орок маалы — бул дүйнө түзүлүшүнүн аяк чени, орокчулар болсо периштелер»,— деген (Мт. 13:39). Бул бузулган дүйнөнүн акыркы күндөрүндө бөлүү иши жүргүзүлүүдө: Падышалыктын уулдары чогултулуп, отоо чөпкө салыштырылгандардан бөлүнүп жатат. Буга байланыштуу элчи Петир мындай деген: «Сот үчүн белгиленген убакыт келип калды жана ал Кудайдын үйүнөн башталат. Эгерде сот бизден башталса, анда Кудайдын жакшы кабарына баш ийбегендер эмне болот?» (1 Пет. 4:17).

11 Акыркы күндөр, «дүйнө түзүлүшүнүн аяк чени», башталгандан көп өтпөй өздөрүн Исанын чыныгы жолдоочуларыбыз деп ырастагандардын үстүнөн сот жүргүзүлө баштаган. Ошондо алардын кимиси чынында эле «падышалыктын уулдары» экени, кимиси «Карөзгөйдүн уулдары» экени аныкталган. Орок маалынын башында «адегенде» Улуу Бабыл кулаган, «андан кийин» Падышалыктын уулдары чогултулган (Мт. 13:30). Ал эми каймана маанидеги буудай азыр Жахабанын кампасына кандайча жыйналууда? Орулгандар, Падышалыктын уулдары, Исанын жолдоочуларынын уюшулган жыйналышынын бөлүгү болуп, Кудайдын батасына, коргоосуна ээ болууда, көзү өтүп кеткендери болсо асмандагы сыйлыгын алууда.

12. Орок маалы канчага созулат?

12 Ал сот канчага созулат? Иса «орок маалы» тууралуу айткан; адатта, ал бир нече убакытка созулат (Аян 14:15, 16). Майлангандардын үстүнөн болгон сот акыркы күндөр бою уланат. Аларга акыркы мөөр басылганда, сот аяктайт (Аян 7:1—4).

13. Отоо чөптөр кантип башкаларды мүдүрүлтүүдө жана мыйзамсыз иштерди кылууда?

13 Падышалыктан чогултула тургандар кимдер жана алар кандайча мыйзамсыз иш кылып, башкаларды мүдүрүлтүүдө? (Мт. 13:41). Кылымдардан бери отоо чөп сымал христиан дүйнөсүнүн диний жетекчилери миллиондогондорду адаштырып келет. Алар «мүдүрүлткөн нерселер», башкача айтканда, Кудайга тил тийгизген окуулары менен адаштырат. Андай окууларга тозок отунда түбөлүккө жазалануу, табышмактуу Троица сыяктуу акылга сыйбаган окуулар кирет. Көптөгөн диний жетекчилер бул дүйнө менен достошуп, ойноштук кылуу менен жана төбө чачты тик тургузган адеп-ахлаксыз иштерге барып, өздөрүнүн оторуна жаман үлгү көрсөтүшүүдө (Жкп. 4:4). Андан тышкары, христиан дүйнөсү чиркөө мүчөлөрүнүн адеп-ахлаксыз иштерине көз жумду мамиле кылууда (Оку: Жүйүт 4). Ушундай иштерге барганына карабай, алар өздөрүн адил, такыбаа кылып көрсөтүүгө аракет кылышат. Падышалыктын уулдары отоо чөпкө окшогон ошондой адамдардын таасиринен жана алардын бурмаланган, мүдүрүлткөн окууларынан арылганына кандай гана бактылуу!

14. Отоо чөпкө окшогондор кандайча «ыйлап, тиштерин кычыратууда»?

14 Отоо чөпкө окшогондор кандайча «ыйлап, тиштерин кычыратууда»? (Мт. 13:42). «Падышалыктын уулдары» отоо чөпкө салыштырылган «Карөзгөйдүн уулдарынын» рухий жактан уулуу экенин бетин ачкандыктан, алар туталанып жатышат. Андан сырткары, «Карөзгөйдүн уулдары» чиркөөсүнө келгендердин колдоосу барган сайын азайып баратканына жана алардын үстүнөн болгон бийлигин жоготуп жатканына күйүт тартып жатышат (Оку: Ышайа 65:13, 14).

15. Отоо чөпкө салыштырылгандар кандай мааниде өрттөлөт?

15 Отоо чөптөр кандай мааниде жулунуп, өрттөлөт? (Мт. 13:40). Бул сөздөр отоо чөптөрдүн акыр-түбү эмне болорун көрсөтүп турат. Каймана мааниде күйүп турган мешке ыргытылганы алардын түбөлүккө жок болорун билдирет (Аян 20:14; 21:8). Исанын жолдоочусу аталымыш болгон, отоо чөпкө салыштырылган жалган жолдоочулар «улуу алаамат» учурунда түп-тамыры менен жок кылынат (Мт. 24:21).

Алар «күн сыяктуу жаркырашат»

16, 17. Малахия Кудайдын ибадатканасы жөнүндө кандай пайгамбарлык айткан жана ал качан аткарыла баштаган?

16 Буудайга салыштырылгандар качан «күн сыяктуу жаркырашат»? (Мт. 13:43). Кудайдын ибадатканасынын тазаланышына байланыштуу Малахия мындай пайгамбарлык айткан: «Силер издеп жаткан Теңир Өз ийбадатканасына күтүлбөгөн жерден келет, силер каалаган келишим периштеси келет. Мына, Ал келе жатат,— дейт Себайот Теңир. Ал келген күнү ким чыдай алат? Ал келгенде, ким туруштук бере алат? Анткени Ал эритүүчү оттой, тазалоочу шакардай. Ал күмүштү кайрадан эритип тазалоо үчүн отурат, Леби уулдарын тазалайт, алтын менен күмүштү эриткендей, аларды кайрадан эритет, ошондо алар Теңирге адилдик менен курмандык чалышат» (Мал. 3:1—3).

17 Биздин күндөрдө бул пайгамбарлык, кыязы, 1918-жылы, Жахаба «келишим периштеси» Иса Машаяк менен бирге рухий ибадаткананы текшергени келгенде, аткарыла баштаган. Малахия ал текшерүү иши бүткөндөн кийин эмне болгону жөнүндө: «Ошондо адил адам менен мыйзамсыз адамдын, Кудайга кызмат кылган адам менен кызмат кылбаган адамдын ортосундагы айырманы кайрадан көрөсүңөр»,— деп айткан (Мал. 3:18). Исанын чыныгы жолдоочуларынын кайрадан күчкө толуп, жалындап иш-аракет кылышы орок маалынын башталышын билдирген.

18. Даниел биздин күндөрдө эмне болорун пайгамбарлык кылган?

18 Даниел пайгамбар биздин күндөр жөнүндө алдын ала мындай деген: «Акылдуулар асман чырактарындай жаркырашат, көп адамдарды чындыкка бургандар кылымдан кылымга, түбөлүккө жылдыздай жаркырашат» (Дан. 12:3). Ушунчалык жаркырагандар кимдер? Албетте, Исанын майланган жолдоочулары, анын буудай жана отоо чөптөр тууралуу мисалындагы чыныгы буудай. Өскөндөн өсүп жаткан кой мүнөздүү эбегейсиз көп адамдар Исанын отоо чөпкө салыштырылган жалган жолдоочуларынын «жулунуп» жатканына күбө болууда. Падышалыктын бийлиги алдында жашай турган ал адамдар рухий Ысрайылдын калдыгына кошулуп, бул караңгы дүйнөдө жаркырап жатышат (Зах. 8:23; Мт. 5:14—16; Флп. 2:15).

19, 20. «Падышалыктын уулдары» эмнени чыдамсыздык менен күтүп жатышат жана кийинки макалада эмне талкууланат?

19 Бүгүн «падышалыктын уулдары» асмандагы даңктуу сыйлыгын чыдамсыздык менен күтүп жатышат (Рим. 8:18, 19; 1 Кор. 15:53; Флп. 1:21—24). Бирок ал мезгил келгиче, алар ишенимдүү болуп, жаркырап, «Карөзгөйдүн уулдарынан» обочо болушу керек (Мт. 13:38; Аян 2:10). Биздин убакта отоо чөптөрдүн каймана мааниде «жулунушун» өз көзүбүз менен көрүп жатканыбызга кандай гана кубанычтабыз!

20 Падышалыктын уулдары менен Падышалыктын бийлиги алдында жер бетинде түбөлүк жашоого үмүттөнгөн, барган сайын өсүп жаткан эбегейсиз көп адамдардын ортосундагы мамиле жөнүндө эмне айтууга болот? Бул суроого кийинки макаладан жооп алабыз.

[Шилтемелер]

^ 1-абз. Бул мисалдар жөнүндө көбүрөөк билүү үчүн 2008-жылдын 15-июлундагы «Күзөт мунарасынын» 12—21-беттерин карагыла.

^ 4-абз. Бул үлгү-насаат аңгемеде үрөн себүү Исанын майланган жолдоочусу боло тургандарды чогултууга байланышкан кабар айтуу жана шакирт даярдоо ишин билдирбейт. Талаага себилген үрөндөр жөнүндө Иса: «Жакшы үрөндөр — падышалыктын уулдары болушат»,— деген эмес. Ал: «Жакшы үрөндөр — падышалыктын уулдары»,— деген. Үрөндүн себилиши дүйнө талаасында Падышалыктын ошол уулдарынын майланышын билдирет.

^ 6-абз. Бул жерде «чыныгы сыйынуудан четтөөчүлүк» деп которулган сөз түп нускада бир учурда Исанын чыныгы жолдоочусу болуп, кийин чындыктан четтеп кеткендерге да, Шайтан тарабынан Исанын жолдоочуларынын жыйналышына себилген жалган жолдоочуларга карата да айтылат.

^ 8-абз. Отоо чөптүн бул түрүнүн тамыры буудайдын тамырына ушунчалык чырмалып алгандыктан, аны эгин быша электе жулса, буудай кошо жулунуп калат. («Жазманы түшүнүү» (англ.) эмгегинин 1-томунун 1178-бетин карагыла.)

Эсиңердеби?

Исанын буудай жана отоо чөптөр жөнүндөгү мисалында айтылган төмөнкү нерселер эмнени билдирет?

• Жакшы үрөн

• Үрөн сепкен киши

• Үрөндүн себилиши

• Душман

• Отоо чөптөр

• Орок маалы

• Кампа

• Ыйлоо жана тиштерди кычыратуу

• Күйүп турган меш

[Изилдөө суроолору]

[20-беттеги сүрөт]

Б.з. 33-жылы Элүүнчү күн майрамында жакшы үрөн себиле баштаган

[23-беттеги сүрөт]

Каймана маанидеги буудай азыр Жахабанын кампасына жыйналууда

[23-беттеги сүрөт]

Pictorial Archive (Near Eastern History) Est.