Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Рухтун жетеги менен, арналууңарга ылайык жашагыла

Рухтун жетеги менен, арналууңарга ылайык жашагыла

Рухтун жетеги менен, арналууңарга ылайык жашагыла

«Рухтун жетеги менен жашагыла, ошондо дененин эч бир каалоосун аткарбайсыңар» (ГАЛ. 5:16).

1. Элүүнчү күн майрамында кандай чөмүлтүлүү болгон?

БИЗДИН ЗАМАНДЫН 33-жылы Элүүнчү күн майрамында Исанын жолдоочулары ыйык рух менен чөмүлтүлгөндөн кийин ар кандай тилдерде сүйлөй башташкан. Алар рух аркылуу берилген кереметтүү жөндөмдүүлүктөрдү көрсөтүшкөн (1 Кор. 12:4—10). Алардын жөндөмдүүлүктөрү жана элчи Петирдин ошондо сүйлөгөн сөзү башкаларга кандай таасир эткен? Көптөрдүн «жүрөгүнө канжар сайылгандай болгон» жана алар, Петирдин үндөөсү боюнча, өкүнүп, чөмүлтүлүшкөн. Жазмадагы билдирүүдө: «Анын сөзүн чын жүрөктөн кабыл алгандар чөмүлтүлүп, ошол күнү шакирттерге үч миңдей киши кошулду»,— делет (Элч. 2:22, 36—41). Алар, Иса буйругандай, Атанын, Уулдун жана ыйык рухтун атынан сууга чөмүлтүлүшү керек эле (Мт. 28:19).

2, 3. а) Ыйык рух менен чөмүлтүлүү менен ыйык рухтун атынан чөмүлтүлүүнүн айырмасын түшүндүргүлө. б) Эмне үчүн бүгүнкү күндө Исанын чыныгы жолдоочуларынын баары сууга чөмүлтүлүшү керек?

2 Бирок ыйык рух менен чөмүлтүлүү менен ыйык рухтун атынан чөмүлтүлүүнүн айырмасы барбы? Ооба. Ыйык рух менен чөмүлтүлгөндөр Кудайдын рухтан төрөлгөн уулдары болуп кайрадан төрөлүшөт (Жкн. 3:3). Алар келечекте Кудайдын асмандагы Падышалыгында кошо башкаруучу жана дин кызматчы болуу үчүн майланышкан. Алар Машаяктын рухий денесинин бөлүгүн түзүшөт (1 Кор. 12:13; Гал. 3:27; Аян 20:6). Демек, Элүүнчү күн майрамында жана андан кийин болгон ыйык рух менен чөмүлтүлүүнү Жахаба Кудай Машаяктын мурасташтарын тандоо үчүн караштырган (Рим. 8:15—17). Ал эми бүгүнкү күндө Жахабанын элинин жыйындарында болуучу ыйык рухтун атынан сууга чөмүлтүлүү жөнүндө эмне айтууга болот?

3 Сууга чөмүлтүлүү — Исанын чыныгы жолдоочулары Жахаба Кудайга толугу менен арналганын көрсөтүү үчүн жасашы керек болгон кадам. Асманга чакырылгандар ошондой кадам жасашат. Бирок сууга чөмүлтүлүү жер бетинде түбөлүк жашоого үмүттөнгөн бүгүнкү күндө жашап жаткан миллиондогон эркек-аялдар үчүн да маанилүү кадам болуп эсептелет. Адам жер бетинде жашоого үмүттөнөбү же асманда жашоогобу, Кудайга жагуу үчүн Атанын, Уулдун жана ыйык рухтун атынан сууга чөмүлтүлүшү зарыл. Исанын ушундайча чөмүлтүлгөн бардык жолдоочулары «рухтун жетеги менен жашашы» керек (Оку: Галатиялыктар 5:16). Сен рухтун жетеги менен жана арналууңа ылайык жашап жатасыңбы?

«Рухтун жетеги менен жашоо» эмнени билдирет?

4. «Рухтун жетеги менен жашоо» негизинен эмнени билдирет?

4 «Рухтун жетеги менен жашоо» ыйык рухтун сага таасир этишине, сени калыпташына жол берүүнү, башкача айтканда, күнүмдүк иштериңде ыйык рухка жетектелүүнү билдирет. Галатиялыктарга жазылган каттын 5-бөлүмүндө ыйык рухка жетектелүүнүн дененин каалоолоруна жетектелүүгө карама-каршы келери баса белгиленет (Оку: Галатиялыктар 5:17, 18).

5. Ыйык рухтун сага таасир этишине жол берсең, кайсы иштерден качасың?

5 Эгер ыйык рухтун сага таасир этишине жол берсең, күнөөкөр дененин иштерин аткаруудан качууга аракет кыласың. Дененин иштерине «бузуктук, ыпыластык, бузуку жүрүм-турум, бурканга табынуучулук, спиритизм менен алектенүү, касташуу, чыр-чатак, көралбастык, ачууга алдыруу, уруш-талаш, бөлүнүүчүлүк, сектачылык, ичи тарлык, аракечтик, жосунсуз той-тамашалар» кирет (Гал. 5:19—21). Ыйык рухтун сага таасир этишине жол берсең, кандайдыр бир мааниде «дененин иштерин рух менен өлтүргөн» болосуң (Рим. 8:5, 13). Бул сага дененин каалоолоруна жетеленбей, рухий нерселерге көңүл топтоп, ыйык рухтун жетегине баш ийүүгө жардам берет.

6. Рухтун жемишин чагылдыруу үчүн эмне зарыл экенин мисал менен түшүндүргүлө.

6 Ыйык рух сага таасир эткен сайын, Жахаба Кудайга жаккан сапаттарды, «рухтун жемишин», чагылдыра бересиң (Гал. 5:22, 23). Бирок бул күч-аракет жумшоону талап кыларына кошулат чыгарсың. Бир мисал алалы: дыйкан жер иштетет дейли. Албетте, күндүн нуру жана суу абдан маанилүү, себеби аларсыз ал эч кандай түшүм ала албайт. Ыйык рухту күн нуруна салыштырсак болот. Ал рухтун жемишин чагылдырышыбыз үчүн зарыл. Бирок дыйкан күжүрмөн эмгектенбесе, кандай түшүм алат? (Накыл 10:4). Ошол сыяктуу эле, жүрөгүңдүн жерин канчалык жакшы иштетсең, сенде ыйык рухтун жемиши ошончолук жакшы жана мол болот. Андыктан: «Ыйык рухка анын жемишин өрчүтүүгө жол берүү үчүн күч-аракет жумшап жатамбы?» — деп ойлонуп көр.

7. Рухтун жемишин өрчүтүү үчүн изилдөө жана ой жүгүртүү эмне себептен абдан маанилүү?

7 Жакшы түшүм алуу үчүн дыйкан жерин сугарышы керек. Ошо сымал, рухтун жемишин өрчүтүү үчүн сага чындыктын суусу керек. Бүгүнкү күндө аны Ыйык Китептен жана Исанын жолдоочуларынын жыйналышынан таба аласың (Ыш. 55:1). Ыйык Жазма рухтун жетеги менен жазылган; сен муну көптөргө түшүндүрүп бергендирсиң (2 Тим. 3:16). Андан тышкары, ишенимдүү жана акылдуу кул тобу таза суунун, ыйык китептик чындыктын, маанисин ачып берип келет (Мт. 24:45—47). Демек, ыйык рух бизге таасир этиши үчүн, Кудай Сөзүн окуп, окугандарыбыз жөнүндө ой жүгүртүшүбүз керек. Эгер ошентип жатсаң, «кылдат изилдөөлөрдү жүргүзүп, ынтызарлык менен изденген» пайгамбарлардын мыкты үлгүсүн туураган болосуң. Кызыктуусу, атүгүл периштелер да убадаланган Тукумга жана Исанын майланган жолдоочуларынын жыйналышына байланышкан рухий чындыктарга терең кызыгышат (Оку: 1 Петир 1:10—12).

Канткенде рухка жетектелебиз?

8. Жахабадан ыйык рух сурап тиленгениң эмне үчүн маанилүү?

8 Жазманы окуп, ой жүгүртүп коюу жетишсиз. Биз Жахабадан жардам жана жетекчилик сурай беришибиз керек. Ал «биз сурагандан да же ойлогондон да алда канча көптү кыла алат» (Эф. 3:20; Лк. 11:13). Эгер кимдир бирөө: «Кудай сурай элегимде эле эмнеге муктаж экенимди билсе, анда эмне үчүн сурай беришим керек?» — десе, эмне деп жооп берет элең? (Мт. 6:8). Биринчиден, ыйык рух сурап тиленүү менен Жахабага таянарыңды көрсөтөсүң. Мисалы, кимдир бирөө сенден жардам сураса, ага колдоо көрсөтүү үчүн колуңдан келгендин баарын кылмаксың. Анын сенден жардам сураганы сага ишенерин көрсөтүп турат (Салыштыр: Накыл сөздөр 3:27). Анын сыңарындай, Жахабага андан ыйык рух сурап кайрылганың абдан жагат жана ал суранычыңды аткарат (Накыл 15:8).

9. Жыйналыш жолугушуулары сага Кудайдын рухунун жетеги менен жашоого кандайча жардам берет?

9 Жыйналыш жолугушуулары менен жыйындардын да Кудайдын рухунун жетеги менен жашоого өбөлгө түзөрүн жакшы билеттирсиң. Аларга катышуу жана программаны кунт коюп угуу абдан маанилүү. Себеби ал сага «Кудайдын терең сырларын» түшүнүүгө жардам берет (1 Кор. 2:10). Жыйналышта дайыма жооп берүүдөн да пайда аласың. Акыркы төрт жумадагы сен катышкан жыйналыш жолугушууларын эстесең. Ишенимиңди көрсөтүп, жооп берүү үчүн канча жолу кол көтөрдүң эле? Бул жагынан жакшыра турган жактарыңды байкадыңбы? Эгер байкасаң, келе жаткан жумаларда эмне кыларыңды чечип ал. Жахаба жыйналыш жолугушууларына катышууга болгон ынтызарлыгыңды көрүп, ыйык руху аркылуу аларга мурдагыдан да активдүү катышууга жардам берет.

10. Рухтун жетеги менен жашоого кайсы чакырыкты жарыялоо кирет?

10 Рухтун жетеги менен жашоого Аян 22:17де камтылган чакырыкка жооп кайтаруу да кирет. Ал жерде: «Рух менен колукту: „Кел!“ — деп жатышат. Муну уккандардын баары: „Кел!“— десин. Ким суусаса, келсин. Ким кааласа, өмүр суусунан бекер алсын»,— деп жазылган. Рух колукту тобун түзгөн майлангандар аркылуу өмүр суусун алууга чакырып жатат. Эгер сен ал чакырыкты кабыл алсаң, башкаларды да: «Кел!» — деп чакырууга түрткү алдыңбы? Өмүр куткаруучу ал чакырыкты жарыялоого катышуу кандай чоң сыймык!

11, 12. Кабар айтуу ишинде ыйык рухтун кандай катыштыгы бар?

11 Учурда бул маанилүү иш ыйык рухтун жетеги астында жүргүзүлүүдө. Биз ыйык рухтун биринчи кылымда жаңы аймактарга эшик ачып, миссионерлерге багыт бергени тууралуу окуйбуз. Элчи Пабыл менен анын шериктерине «ыйык рух... сөздү Асияда айтууга тыюу салган», Битинияга барууга да жол берген эмес. Ыйык рухтун ал жерлерге барууга кандайча тыюу салганын так билбейбиз. Ошентсе да бизге рухтун Пабылды Европанын кең талаасына кандайча жетектеп алып барганы белгилүү. Ал македон кишинин жардам сурап жалбарып жатканын көрүнүш аркылуу көргөн (Элч. 16:6—10).

12 Жахабанын руху бүгүнкү күндө да бүткүл дүйнөлүк кабар айтуу ишин жетектейт. Көрсөтмөлөр керемет жолу менен аян аркылуу берилбесе да, Жахаба майлангандарды ыйык руху аркылуу жетектейт. Ыйык рух бир туугандарды кабар айтууда жана окутууда колунан келгендин баарын кылууга түрткү берет. Бул зор мааниге ээ ишке сенин да катышып жатканың шексиз. Көңүл толкуткан бул кызыктуу ишке катышууда кубанычыңды арттыра аласыңбы?

13. Канткенде ыйык рухтун жетекчилигине баш ийген болосуң? Мисал менен түшүндүр.

13 Кудайдын элине берилген көрсөтмөлөргө ылайык иш кылуу менен рухтун жетекчилигине баш иериңди көрсөтөсүң. Жапониядагы жаш Михоконун мисалына токтололу. Пионердик кызматты жаңы эле баштагандыктан ага кайра жолугууга баруу колунан келбечүдөй сезилген; ал үй ээсинин кызыгуусун ойгото албайм деп ойлогон. Ошол убакта «Падышалык кызматыбызга» кыскача кайра жолугуу жасоого байланыштуу иш жүзүндө колдонорлук кеңештер чыккан. Ошондой эле «Канткенде жашоодон канааттануу таба алабыз?» деген китепче жарык көргөн. Ал китепче жапон талаасында өзгөчө натыйжалуу болгон. Михоко китепчени сунуштоого, айрыкча, кыскача кайра жолугуу жасоого байланыштуу кеңештерди колдонгон. Көп өтпөй ал мурда Ыйык Китепти изилдөөгө макул болбогон кишилер менен изилдөө баштаган. «Мен аябай көп киши менен, бир учурда 12 киши менен, изилдөө өткөрчүмүн, ошондуктан атүгүл айрымдардан күтүп турушун суранууга туура келчү»,— дейт ал. Ооба, Жахабанын өз кызматчыларына берген көрсөтмөлөрүнө баш ийип, рухтун жетеги менен жашасаң, түшүмдү мол жыйнайсың.

Кудайдын рухуна таянуу

14, 15. а) Жеткилең эмес адамдар кантип өздөрүнүн арналуусуна ылайык жашай алышат? б) Жакшы досторду кайдан таба аласың?

14 Кудайдын арналган кызматчысы катары сенин аткарышың керек болгон кызматың бар (Рим. 10:14). Өзүңдү мындай жоопкерчиликти аркалоого толук жарамдуу эместей сезишиң мүмкүн. Бирок, майлангандарды жарактуу кылгандай эле, сени да Кудай жарактуу кылат (Оку: 2 Корунттуктар 3:5). Колуңан келгендин баарын кылуу менен жана Кудайга таянуу менен сен арналууңа ылайык жашай аласың.

15 Ырас, бизге, жеткилең эмес пенделерге, жеткилең Кудайыбыз Жахабага арналуубузга ылайык жашоо оңойго турбайт. Жакын адамдарың сенин жаңы өмүр жолун тандаганыңа таң калып, жаман сөздөрдү айтышы ыктымал (1 Пет. 4:4). Ошентсе да жаңы өрчүткөн достук мамилеңдин, Жахаба жана Иса Машаяк менен болгон достугуңдун, сен үчүн баарынан маанилүү экенин эсиңден чыгарба (Оку: Жакып 2:21—23). Бүткүл дүйнөлүк бир туугандыктын мүчөсү болуп эсептелген жыйналышыңдагы бир туугандар менен жакын таанышканың да маанилүү (1 Пет. 2:17; Накыл 17:17). Жахаба өзүнүн руху аркылуу сага дайыма жакшы таасир эте турган досторду табууга жардам берет.

16. Эмне үчүн, Пабылдай болуп, сен да «алсыз болуудан... ырахат ала» аласың?

16 Жыйналышта жардамын аябаган досторуң болсо да, күнүмдүк кыйынчылыктар менен күрөшүү кыйын болушу мүмкүн. Күрөшүп жатып кээде такыр дарманың калбай калгандай, кыйынчылыктардын аңынан чыгууга чамаң келбечүдөй сезилсечи? Өзгөчө ошондой учурларда Жахабага ыйык рух сурап кайрылганың маанилүү. «Алсыз болгонумда күчтүүмүн»,— деп жазган элчи Пабыл (Оку: 2 Корунттуктар 4:7—10; 12:10). Пабыл Кудайдын руху адам баласынын алсыздыктарынын, алар кандай болбосун, ордун толтура аларын билген. Демек, өзүңдү алсыз сезип, жардамга муктаж болгонуңда, Кудайдын иш-аракет кылуучу күчү сага кайрат бере алат. Пабыл «алсыз болуудан... ырахат аларын» айткан. Ал алсыз болгондо ыйык рухтун аны колдоп жатканын сезген. Муну сен да сезе аласың! (Рим. 15:13).

17. Ыйык рух көздөгөн жериңе жетүүгө кандайча жардам берет?

17 Кудайга арналган жашоо өткөрүшүбүз үчүн биз анын рухуна муктажбыз. Өзүңдүн жел кеменин капитаны экениңди элестетсең. Сенин максатың — Жахабага түбөлүккө кызмат кылуу. Ыйык рух көздөгөн жериңе аман-эсен жеткире турган шамалга окшош. Албетте, сен Шайтандын дүйнөсүнүн рухуна ары-бери айдалгың келбейт (1 Кор. 2:12). Ошондуктан сен туура шамалды аныктап, аны кармашың керек. Ал — ыйык рух. Кудайдын Сөзү жана уюму аркылуу ыйык рух сага туура багыт берет.

18. Сен эмне кылууга чечкиндүүсүң жана эмне үчүн?

18 Эгер сен Жахабанын Күбөлөрү менен изилдеп, алар менен жакшы мамиле түзүп келсең, бирок арналып, чөмүлтүлө элек болсоң, өзүңөн: «Эмне үчүн создуктурушум керек?» — деп сурап көр. Эгер бүгүнкү күндө Жахабанын эркин аткарууда ыйык рухтун кандай роль ойноорун түшүнсөң жана анын иш-аракетин бааласаң, анда өзүң туура деп билген кадамдарды шилте. Жахаба сага батасын төгөт. Ал сага ыйык рухун берешендик менен берет. Эгер сен бир канча жыл же ондогон жылдар мурун чөмүлтүлгөн болсоң, ыйык рухтун таасирин сезип, Кудайдын өзүнүн руху менен сага кандайча күч-кайрат бергенине күбө болуп келгениң шексиз. Сенин мындан ары да, атүгүл түбөлүккө Кудайдын колдоосун сезүүгө мүмкүнчүлүгүң бар. Андыктан ыйык рухка жетектелип жашоого чечкиндүү бол!

Эсиңердеби?

• «Рухтун жетеги менен жашоо» деген эмнени билдирет?

• «Рухтун жетеги менен жашоого» сага эмне жардам берет?

• Канткенде арналууңа ылайык жашай аласың?

[Изилдөө суроолору]

[15-беттеги сүрөт]

Жүрөгүңдүн жерин иштетүү күч-аракетти талап кылат

[17-беттеги сүрөт]

Кудайдын руху сага таасир этип жатабы?