Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Ушул өзгөчө оор мезгилде «жүрөктүн тазалыгын» сакта

Ушул өзгөчө оор мезгилде «жүрөктүн тазалыгын» сакта

Ушул өзгөчө оор мезгилде «жүрөктүн тазалыгын» сакта

«БҮГҮНКҮ күндө Чиркөөдө адеп-ахлактык тазалыкты сактоо көйгөйгө айланганын эч ким тана албайт». Католик журналисти Витторио Мессори жакында эле Италиядагы Чиркөөдө жыныстык мамилелердин айланасында болгон чыр-чатак жөнүндө ушундай деген. Анан мындай деп кошумчалаган: «Чиркөө дин кызматчыларынын аял алышына тыюу салган эрежени жоюу менен бул көйгөйдү чечүү мүмкүн эмес, себеби болгон окуялардын 80 пайызы гомосексуализмге — дин кызматчылардын эркек кишилерди жана балдарды бузуп, жыныстык нормалардан четтешине — байланыштуу» («Стампа»).

Жамандыктын кеңири кулач жайышы — бул түзүлүштүн «акыркы күндөрүндө» жашап жатканыбыздын далили (2 Тим. 3:1—5). Жаңылыктардан көрүнүп тургандай, адеп-ыймандын төмөндөшү жалпы адамзатка эле эмес, Кудайдын кишисимин деп ырастагандарга да терс таасир этүүдө. Алардын бузулган, ыпылас жүрөгү бузуктукка жаткан иштерге барууга түртөт (Эф. 2:2). Ошондуктан Иса: «Жүрөктөн жаман ойлор, киши өлтүрүүчүлүк, ойноштук, бузуктук, уурулук, жалаа жана акарат сөздөр чыгат»,— деп эскерткен (Мт. 15:19). Жахаба Кудай кызматчыларынын «жүрөктүн тазалыгын» сүйүшүн каалайт (Накыл 22:11). Анда Исанын жолдоочулары бул өзгөчө оор мезгилде кантип жүрөгүн таза сактай алышат?

«Жүрөктүн тазалыгы» деген эмнени билдирет?

Ыйык Китепте «жүрөк» деген сөз көбүнесе каймана мааниде колдонулат. Бир эмгекке ылайык, Ыйык Китепте ал сөз «адамдын ички дүйнөсүнө» карата айтылат жана «ал, эң алды, адамдын Кудай үчүн маанилүү болгон ички бөлүгү болуп эсептелет, анда анын рухий жашоосу тамыр алат жана ал жүрүм-турум адебин аныктайт». Жүрөк — биздин жан дүйнөбүз. Жогорудагы эмгекте баса белгиленгендей, Жахаба жүрөктү изилдейт жана кызматчыларынын жүрөгү анын көз алдында баалуу (1 Пет. 3:4).

Ыйык Китепте «таза», «адал» деген сөздөр кадимки тазалыкка карата айтылат. Бирок ал сөздөр адеп-ахлактык жана диний жактан арамдалбагандыкка — булганбагандыкка, ыпыласталбагандыкка, бузулбагандыкка — карата да колдонулат. Тоодогу насаатында Иса: «Жүрөгү тазалар бактылуу»,— деген. Ал ички дүйнөсү таза адамдар жөнүндө айткан (Мт. 5:8). Алардын сезимдери, каалоолору жана ниеттери таза. Сүйүү жана ыраазычылык сезими түрткү бергендиктен, алар Жахабаны бүт жүрөгү менен, чын ыкластан, эки жүздүүлөнбөй сүйүшөт (Лк. 10:27). Сенин да ушундай мааниде таза болууну каалаарың шексиз.

«Жүрөктүн тазалыгын» сактоо оңой эмес

Жахабанын кызматчысынын «колу жамандыкка барбашы» керек, андан да маанилүүсү анын «жүрөгү таза» болушу зарыл (Заб. 23:3, 4). Бирок бүгүнкү күндө Кудайдын кызматчылары үчүн жүрөктү таза сактоо барган сайын оор болуп баратат. Бизди Жахабадан ажыратуу үчүн Шайтан, анын бийлиги алдында жаткан дүйнө жана өзүбүздүн жеткилеңсиздигибиз катуу кысым көрсөтүүдө. Ал кысымга туруштук берүү үчүн «жүрөктүн тазалыгын» сүйүү жана аны таза сактоого чечкиндүү болуу абдан маанилүү. Бул бизди коргоп, Кудайдын досу бойдон калууга жардам берет. Анда канткенде жүрөгүбүздү таза сактай алабыз?

Эврейлер 3:12де: «Сак болгула, биртуугандар, кимдир бирөөңөр тирүү Кудайдан алыстап, жүрөгүңөр ишеними жок, катаал болуп калбасын»,— деген эскертүү камтылат. Биздин жүрөгүбүз «ишеними жок» болуп калса, аны таза сактай албайбыз. Шайтан Ибилис Кудайга болгон ишенимибизди кыйратуу үчүн кандай ой-түшүнүктөрдү колдонот? Аларга эволюция теориясы, адептик жана диний релятивизм (жаман-жакшыны аныктаган бир да так, туруктуу норма жок деген түшүнүк), ошондой эле Ыйык Жазманы Кудай жаздырганына шек саноо кирет. Мындай кооптуу ой-түшүнүктөрдүн бизге таасир этишине жол бербешибиз керек (Кол. 2:8). Ыйык Китепти күн сайын окуу жана терең ой жүгүртүү андай соккулардын мизин кайтарууга жардам берген негизги нерселер болуп эсептелет. Кудай Сөзүнөн алган так билимибиз Жахабага болгон сүйүүбүздү жалындатып, анын кылган жакшылыктарына ыраазычылыгыбызды арттырат. Мындай сүйүү менен ыраазычылык сезими жалган ой-жорууларды четке кагуу үчүн жана Жахабага болгон ишенимибизди бек сактоо үчүн абдан маанилүү. Ошондо биз жүрөгүбүздү таза сактай алабыз (1 Тим. 1:3—5).

Дене кумарларына карабай «жүрөктүн тазалыгын» сактоо

«Жүрөктүн тазалыгын» сактоого бизге денелик жана материалисттик каалоолор да тоскоол кылышы мүмкүн (1 Жкн. 2:15, 16). Акчага болгон сүйүү, дүнүйө топтоого жана материалдык нерселерге ээ болууга болгон каалоо жүрөктү бузуп, Исанын жолдоочусун Кудайдын эркине каршы келген иштерди кылууга түртүшү мүмкүн. Ошонун айынан айрымдар жумушунда чынчыл болушпайт, башкаларды куулук-шумдук менен алдашат же атүгүл өзүнө тиешелүү болбогон акчаны, буюмдарды уурдашат (1 Тим. 6:9, 10).

Ал эми Жахабаны капалантып алуудан коркуу, адилеттикти сүйүү жана абийирди таза сактоого чечкиндүү болуу менен биз «жүрөктүн тазалыгын» сүйөрүбүздү көрсөтөбүз. Мындай сүйүү бизге дайыма «бардык жагынан чынчыл болууга» жардам берет (Эвр. 13:18). Чынчыл болуу жакшы күбөлөндүрүү берүүгө өбөлгө түзөт. Коомдук транспорт компаниясында айдоочу болуп иштеген Эмилио аттуу италиялык Күбө 470 евро (680 АКШ $) салынган намыян таап алган. Чогуу иштешкендерин таң калтырып, ал намыянды жетекчисинин колуна тапшырган. Жетекчиси болсо кийинчерээк аны жоготкон кишиге кайтарып берген. Эмилионун айрым кесиптештерине анын жүрүм-туруму ушунчалык чоң таасир эткендиктен, алар Ыйык Китепке кызыгуу көрсөтүп, изилдөө башташкан. Натыйжада эки үй-бүлөдөн жети киши чындыкты кабыл алган. Арийне, жүрөктү таза сактап, чынчыл болуу башкаларга Кудайды даңктоого түрткү бериши мүмкүн (Тит 2:10).

Исанын жолдоочусунун жүрөгүнүн тазалыгына жыныстык мамилелерге карата бурмаланган, бузулган көз караш да жаман таасир этет. Көптөрдүн никеге чейинки, никеден тышкаркы жана гомосексуалдык жыныстык мамилелерди боло жүргөн нерсе катары көргөнү Исанын жолдоочусунун жүрөгүн бузушу мүмкүн. Жыныстык адеп-ахлаксыз ишке барган киши эки жүздүү жашоо өткөрүп, күнөөсүн жашырып жүрө бериши мүмкүн. Албетте, бул «жүрөктүн тазалыгын» сактоого жатпайт.

Габриел 15 жашында чөмүлтүлүп, дароо эле пионердик кызматка киришет. Бирок кийинчерээк ал түнкү клубдарга барып, жаман чөйрөгө аралашып кетет (Заб. 25:4). Ошондон тартып ал адеп-ахлаксыз жана эки жүздүү жашоо өткөрө баштайт. Ошо себептен жыйналыштан чыгарылат. Жахабанын бул оңдоо чарасы Габриелди терең ойго салат. Ал мындай деп эскерет: «Мен мурда олуттуу мамиле кылбай жүргөн нерселердин баарын аткара баштадым. Жахабанын мага эмнени айтып жатканын угуу үчүн Ыйык Китепти күнүгө окуп, теократиялык адабияттарды кылдат изилдедим. Өздүк изилдөөнүн канчалык пайдалуу жана кубанычтуу болорун, ошондой эле Ыйык Китепти окуу жана жалындуу тиленүү канчалык дем-күч берерин сездим». Булар Габриелге жаман жолунан бурулуп, Жахаба менен болгон мамилесин калыбына келтирүүгө жардам берген.

Азыр Габриел аялы менен бирге кайрадан пионер болуп кызмат кылууда. Аны менен болгон окуя Ыйык Китепти жана «ишенимдүү жана акылдуу кул» тарабынан чыгарылган адабияттарды изилдөө адамга таза жүрөккө ээ болууга жана адеп-ахлаксыздыкты четке кагууга жардам берерин тастыктап турат (Мт. 24:45; Заб. 142:10).

Кыйынчылыктарда «жүрөктүн тазалыгын» сактоо

Каршылаштардын кысымы, экономикалык кыйынчылыктар жана олуттуу оору Кудайдын айрым кызматчыларын кыйнашы, жүрөгүн өйүшү мүмкүн. Атүгүл Дөөтү падыша да ушундайды башынан кечирген. «Ындыным өчүп калды, жүрөгүм сенейип катып калды»,— деген ал (Заб. 142:4). Андай учурларда чөгүп кетпөөгө ага эмне жардам берген? Дөөтү Кудайдын өз кызматчыларына кылган жакшылыктарын жана жеке аны кантип куткарганын эсине салган. Андан тышкары, ал Жахабанын өзүнүн улуу ысмы үчүн эмнелерди кылганы жөнүндө ой жүгүрткөн. Дөөтү Кудайдын иштерине чындап кызыкдар болгон (Заб. 142:5). Ошо сыяктуу эле, Жаратканыбыздын биз үчүн кылган жана кылып жаткан жакшылыктары жөнүндө ой жүгүртүү бизге кыйынчылыктарды көтөрүп кетүүгө жардам берет.

Бизге кимдир бирөө жаман мамиле кылса же ошондой сезилсе, ачууланышыбыз мүмкүн. Дайыма ошол окуя жөнүндө ойлоно берсек, бир туугандарыбызга карата терс көз караш өрчүтүп алышыбыз ыктымал. Башкалардан оолактап, обочолонуп, аларга кызыгуу көрсөтпөй калышыбыз мүмкүн. Бирок ошенткенибиз «жүрөктүн тазалыгын» сактоого болгон каалообузга шайкеш келеби? Чынында, жүрөгүбүздү таза сактоого умтулуу өз ичине бир туугандарыбыз менен жакшы мамиледе болууну жана пикир келишпестиктерди чече билүүнү камтыйт.

Дүйнө барган сайын бузулуп, адеп-ахлаксыздыктын балчыгына батып баратса да, Исанын чыныгы жолдоочулары катары биз бекем турабыз, анткени «жүрөктүн тазалыгын» сүйөбүз. Кудайдын эркин аткаруу жан дүйнөбүздү бейкуттукка бөлөп, жашообузга оң таасир этет. Баарынан маанилүүсү, «жүрөгү тазаларды» жакшы көргөн Жаратканыбыз Жахаба Кудай менен ынак мамиледе болуудан зор кубаныч алабыз (Заб. 72:1). Ооба, биз бактылуу адамдардын арасындабыз, анткени алар Кудайдын «жүрөктүн тазалыгын» сүйгөндөргө батасын төккөнүнө күбө болуп, Иса убадалагандай, аны «көрүшөт» (Мт. 5:8).