Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Жахабанын ой-ниетинин аткарылышында ыйык рух кандай роль ойнойт?

Жахабанын ой-ниетинин аткарылышында ыйык рух кандай роль ойнойт?

Жахабанын ой-ниетинин аткарылышында ыйык рух кандай роль ойнойт?

«Менин оозумдан чыккан сөз... аны эмнеге жиберсем, ошону жүзөгө ашырат» (ЫШ. 55:11).

1. План менен ой-ниеттин кандай айырмасы бар?

МАШИНЕ менен сапарга чыгууга камынып жаткан эки кишини элестетсеңер. Бири көздөгөн жерине кайсы жол менен барарын майда-чүйдөсүнө чейин белгилеп, атайын план түзүп алат. Башкасы бара турган жерин көңүлүндө сактайт, бирок ал жакка жетүүнүн башка да көп жолдору бар экенин билет. Ал күтүлбөгөн жагдай пайда болуп калса, багытын өзгөртүүгө даяр. Кандайдыр бир мааниде бул эки кишинин иш-аракетиндеги айырмачылык план менен ой-ниеттин ортосундагы айырманы көрсөтүп турат. Пландаштырууну жолду майда-чүйдөсүнө чейин аныктап алууга салыштырса болот, ал эми ой-ниет кылуу белгилүү бир максатты көздөөнү жана ага жетүүнүн ар кандай жолдорун эске алууну камтыйт.

2, 3. а) Жахабанын ой-ниетине эмне кирет жана ал Адам менен Обо күнөө кетиргенде кандай чара көргөн? б) Эмне үчүн Жахабанын эркине ылайык иш-аракет кылышыбыз зарыл?

2 Жахаба эркин аткарууда өзгөрүлбөс план түзгөн эмес, ал убакыттын өтүшү менен жүзөгө аша турган ой-ниетти белгилеген (Эф. 3:11). Анын ой-ниетине адамзатка жана жерге байланыштуу ой-максаты кирет. Ага ылайык, жер шары бейишке айланып, жеткилең адамдар түбөлүккө тынчтыкта, бактылуу жашашат (Башт. 1:28). Адам менен Обо күнөө кетиргенде, Жахаба жагдайга жараша иш кылып, өзүнүн ой-ниетин жүзөгө ашыруу үчүн чара көргөн (Оку: Башталыш 3:15). Жахаба каймана маанидеги аялдын «тукумду», тактап айтканда, Уул төрөй турганын белгилеген. Акыр-аягы «тукум» чыккынчы Шайтанды жок кылып, ал алып келген зыяндын баарын жоёт (Эвр. 2:14; 1 Жкн. 3:8).

3 Асмандагы же жердеги бир да күч Кудайдын бул ой-ниетинин ишке ашышына тоскоол боло албайт (Ыш. 46:9—11). Эмне үчүн минтип айтууга болот? Себеби мында Жахабанын ыйык рухунун катыштыгы бар. Ал эбегейсиз кубаттуу күч Кудайдын ой-максатынын сөзсүз «жүзөгө ашарын» кепил кылат (Ыш. 55:10, 11). Биз Кудайдын өз ой-ниетин кандайча аткарып жатканын баамдап, ошого ылайык иш-аракет кылышыбыз зарыл. Анткени анын аткарылышынан биздин келечегибиз көз каранды. Ошондой эле Жахабанын ыйык рухун кандайча колдонуп жатканын көрүү ишенимибизди бекемдейт. Андыктан, келгиле, Жахабанын ой-ниетинин ишке ашышында ыйык рухтун илгерки убактагы, учурдагы жана келечектеги ролун карап чыгалы.

Ыйык рухтун байыркы убактагы ролу

4. Жахаба өзүнүн ой-ниетин акырындык менен кандайча ачып келген?

4 Байыркы убакта Жахаба өз ой-ниетин акырындык менен ачып бере берген. Алгач убадаланган Тукумдун ким экени «жашыруун сыр» болчу (1 Кор. 2:7). 2000 жылдай өткөндөн кийин Жахаба кайрадан тукум жөнүндө айткан (Оку: Башталыш 12:7; 22:15—18). Жахаба Ыбрайымга кеңири мааниде аткарыла турган убада берген. «Сенин тукумуң аркылуу» деген сөздөр Тукумдун Ыбрайымдын урпактарынан чыккан адам болорун айкын көрсөтүп турган. Буга байланыштуу чындыктардын ачылышын билүүгө Шайтандын эки көзү төрт болгонуна күмөн жок. Ал Каршылаштын Ыбрайымдын тукумун курут кылып же бузуп, Кудайдын ой-ниетинин аткарылышына бөгөт койгусу келгени шексиз. Бирок андай болушу мүмкүн эмес эле, себеби Кудайдын көзгө көрүнбөгөн руху иш-аракет кылып жаткан. Кандайча?

5, 6. Жахаба Тукум чыга турган уруудагы адамдарды коргоо үчүн ыйык рухун кантип колдонгон?

5 Жахаба ыйык рухун Тукум чыга турган уруудагы адамдарды коргоо үчүн колдонгон. Ал Ыбрамга (Ыбрайымга): «Мен сенин калканыңмын»,— деген (Башт. 15:1). Бул курулай сөз болгон эмес. Болжол менен б.з.ч. 1919-жылы Ыбрайым менен Саара убактылуу Герар жеринде жашап калышканда эмне болгонуна токтололу. Герар падышасы Абы-Мелек Сааранын Ыбрайымдын жубайы экенин билбей, аны аялдыкка алгысы келген. Мунун артында Шайтан туруп, Сааранын Ыбрайымдын тукумун төрөшүнө тоскоолдук кылганбы? Ыйык Китепте бул жөнүндө эч нерсе делбейт. Бирок буга Жахабанын кийлигишкени айтылат. Кудай түш аркылуу Абы-Мелекке Саарага тийбеши керектигин эскерткен (Башт. 20:1—18).

6 Жахаба аларды мындан башка учурларда да коргогон. Ал Ыбрайымды жана анын үй-бүлөсүн бир канча жолу куткарган (Башт. 12:14—20; 14:13—20; 26:26—29). Ошондуктан Ыбрайым менен анын урпактары жөнүндө забурчу мындай деген: «[Жахаба] аларды эч кимге кордоткон эмес, падышаларга мындай деп эскерткен: „Менин майлангандарыма тийбегиле, Менин пайгамбарларыма жамандык кылбагыла“» (Заб. 104:14, 15).

7. Жахаба ысрайыл элин кантип коргогон?

7 Руху аркылуу Жахаба убадаланган Тукум төрөлө турган байыркы ысрайыл элин коргогон. Ал рухунун жетеги менен Ысрайылга чыныгы сыйынууну сактай турган жана жүйүттөрдү рухий, адеп-ахлактык жана денелик жактан булгануудан коргой турган Мыйзам берген (Чыг. 31:18; 2 Кор. 3:3). Башкаруучулардын убагында Жахабанын руху айрым кишилерге Ысрайылды душмандардын колунан куткарууга күч берген (Башк. 3:9, 10). Иса, Ыбрайымдын тукумунун негизги бөлүгү, төрөлгөнгө чейин жүздөгөн жылдар бою ыйык рух Иерусалимди, Бейт-Лехемди жана ибадаткананы коргоого катышса керек. Анткени алар Иса жөнүндөгү пайгамбарлыктардын аткарылышында маанилүү роль ойногон.

8. Ыйык рухтун Исанын жашоосуна жана кызматына түздөн-түз таасир эткенин эмне көрсөтүп турат?

8 Ыйык рух Исанын жашоосуна жана кызматына түздөн-түз таасир эткен. Ал Мариямдын жатынына таасир этип, ага чейин да, андан кийин да болбогон кереметти кылган: анын күчү менен жеткилеңсиз кыз боюна бүтүп, өлүм өкүмүнө баш ийбеген жеткилең Уул төрөгөн (Лк. 1:26—31, 34, 35). Кийинчерээк ал рух ымыркай Исаны мезгилсиз өлүмдөн да алып калган (Мт. 2:7, 8, 12, 13). Иса отуздарга чыгып калганда, Кудай аны ыйык рух менен майлап, Дөөтүнүн тагын мурастоого жана кабар айтууга дайындаган (Лк. 1:32, 33; 4:16—21). Ыйык рух Исага кереметтерди жасоого, анын ичинде оорулууларды сакайтууга, элди тойгузууга жана өлгөндөрдү тирилтүүгө күч берген. Мындай ажайып иштер Исанын падышалык башкаруусу алдында биз ала турган баталардын көлөкөсү болгон.

9, 10. а) Ыйык рухтун иш-аракети Исанын биринчи кылымдагы шакирттеринин убагында кандайча айкын болгон? б) Б.з. 1-кылымында Жахабанын ой-ниетинин аткарылышына байланыштуу кандай жаңы нерсе ачылып берилген?

9 Б.з. 33-жылынын Элүүнчү күн майрамынан тартып Жахаба өзүнүн рухун Ыбрайымдын тукумунун экинчи даражадагы бөлүгүн майлоо үчүн колдонгон; алардын көбү Ыбрайымдын урпактары болгон эмес (Рим. 8:15—17; Гал. 3:29). Ыйык рухтун иш-аракети Исанын биринчи кылымдагы шакирттеринин убагында да айкын болгон: ал аларга ынталуулук менен кабар айтууга жана кереметтүү иштерди аткарууга күч берген (Элч. 1:8; 2:1—4; 1 Кор. 12:7—11). Алардын ошол адаттан тыш жөндөмдүүлүктөрдү алганы Жахабанын ой-ниетинин аткарылышына байланыштуу жаңы нерсени ачып берген. Эми Жахаба жүздөгөн жылдар мурун негизделген жана борбору Иерусалимдеги ибадаткана болгон сыйынуу чарасын колдонбой калган. Анын жактыруусуна Исанын жолдоочуларынын жаңы түзүлгөн жыйналышы ээ боло баштаган. Ошондон тартып Жахаба ой-ниетин аткаруу үчүн Исанын майланган жолдоочуларынан турган жыйналышты колдонуп келет.

10 Жахаба байыркы убакта өзүнүн ой-ниетинин сөзсүз ишке ашарына кепилдик бериш үчүн ыйык рух аркылуу коргогон, күч берген жана майлаган. Булар анын ыйык рух аркылуу жүргүзгөн иштеринин айрымдары гана. Ал эми биздин күндөр жөнүндө эмне айтууга болот? Жахаба ой-ниетин ишке ашыруу үчүн ыйык рухун кандайча колдонуп жатат? Бул тууралуу билгенибиз дурус, себеби биз рухтун жетекчилигине ылайык иш кылгыбыз келет. Келгиле анда, Жахабанын азыркы учурда ыйык рухун кандайча колдонуп жатканынын төрт жолун карап чыгалы.

Ыйык рухтун учурдагы ролу

11. Ыйык рухтун Кудайдын элине таза болууга жардам берерин эмне көрсөтүп турат жана анын жетекчилигине ылайык иш кылып жатканыңды кантип көрсөтө аласың?

11 Биринчиден, ыйык рух Кудайдын элине таза болууга жардам берет. Жахабанын эркин аткаргандар адеп-ахлактык жактан таза болушу керек (Оку: 1 Корунттуктар 6:9—11). Исанын жолдоочусу болгондордун кээ бири мурун бузуктук, ойноштук, гомосексуализм сыяктуу адеп-ахлаксыз иштерди кылып келишкен. Күнөөнү туудурган кумарлар адамдын жүрөгүнө терең тамырлап алышы мүмкүн (Жкп. 1:14, 15). Бирок андай адамдар «жуулуп», Кудайга жагуу үчүн жашоосун өзгөрткөнүн көрсөтүп жатышат. Кудайды сүйгөндөргө күнөөгө түрткөн каалоолорго жетеленбөөгө эмне жардам берет? «Кудайыбыздын руху»,— делет 1 Корунттуктар 6:11де. Адеп-ахлактык тазалыгыңды сактоо менен ыйык рухтун жашооңо күчтүү таасир этишине жол берип жатканыңды айгинелейсиң.

12. а) Жезекиелдин көрүнүшүнө ылайык, Жахаба өз уюмун кантип жетектейт? б) Рухтун жетегине ылайык иш кылып жатканыңды кантип көрсөтөсүң?

12 Экинчиден, Жахаба ыйык рухун колдонуп, уюмун өзү каалаган тарапка багыттайт. Жезекиелге берилген көрүнүштө Жахабанын уюмунун асмандагы бөлүгү Анын эркин аткаруу үчүн жүрүшүнөн жазбай бараткан асман арабасы катары сүрөттөлөт. Ал арабага белгилүү багытты көздөөгө эмне түрткү берет? Ыйык рух (Жез. 1:20, 21). Жахабанын уюму эки бөлүктөн турарын, бири — асманда, экинчиси жерде экенин эстесеңер. Эгер ыйык рух уюмдун асмандагы бөлүгүн жетектесе, анда ал жердеги бөлүгүн да жетектеши керек. Кудайдын уюмунун жердеги бөлүгүнүн жетекчилигине баш ийип, берилгендик көрсөтүү менен Жахабанын асмандагы арабасынан калбай шайкеш баратканыңды жана ыйык рухтун жетегине ылайык иш кылып жатканыңды далилдейсиң (Эвр. 13:17).

13, 14. а) Иса айткан «бул муун» кимди билдирет? б) Рухтун ыйык китептик чындыктарга жарык чачарын көрсөткөн мисал келтиргиле. («Улам ачылып жаткан чындыктарга ылайык иш кылып жатасыңбы?» деген кутучаны карагыла.)

13 Үчүнчүдөн, рух ыйык китептик чындыктарга жарык чачат (Накыл 4:18). «Ишенимдүү жана акылдуу кул» уламдан-улам жаркыраган чындыктын жарыгын башкаларга жеткирүү үчүн көптөн бери бул журналды негизги курал катары колдонуп келет (Мт. 24:45). Мисалы, Иса айтып өткөн «бул муунду» ким түзөрүнө байланыштуу түшүнүккө токтололу (Оку: Матай 24:32—34). Ал кайсы муун тууралуу сөз кылган? «Ыйсанын катышуусу биз үчүн эмнени билдирет?» деген макалада анын бул сөздү мыйзамсыздарга карата эмес, ыйык рух менен майлана турган шакирттерине карата колдонгону түшүндүрүлүп берилген *. Исанын биринчи кылымдагы жана биздин күндөрдөгү майланган жолдоочулары ошол белгини көрүп эле койбостон, анын маанисин, Исанын «жакындап калганын, босогодо турганын» түшүнүшмөк.

14 Бул түшүнүк биз үчүн эмнени билдирет? «Бул муун» жашаган убакыт канчага созуларын так аныктай албасак да, «муун» деген сөзгө байланыштуу айрым нерселерди эске алуу пайдалуу болот. Адатта, ал сөз жашоосунун кайсы бир учурунда бири бирине замандаш болгон ар кандай курактагы адамдарга, мисалы, атасы менен уулуна же чоң атасы менен небересине карата айтылат. Бир муун жашаган убак өтө көпкө созулбайт; анын аягы болот (Чыг. 1:6). Анда Исанын «бул муун» деген сөздөрүн кантип түшүнсөк болот? Ал 1914-жылы айкын болгон белгини көргөн майлангандар менен улуу алааматтын башталышына күбө боло турган майлангандар белгилүү бир убакытка замандаш болуп, бир муунду түзөрүн айткан көрүнөт. Ал муундун башталышы болгон жана сөзсүз аягы болот. Белгинин ар кандай өзгөчөлүктөрүнүн аткарылышы алааматтын жакын калганын айдан ачык көрсөтүп турат. Убакыттын аз калганын сезип, сергек болуу менен улам ачылып берилген чындыктарга ылайык иш кылып жатканыңды жана ыйык рухтун жетегине баш иериңди көрсөтөсүң (Мр. 13:37).

15. Ыйык рухтун бизге жакшы кабарды жарыялоого күч берерин эмне көрсөтүп турат?

15 Төртүнчүдөн, ыйык рух бизге жакшы кабарды жарыялоого күч берет (Элч. 1:8). Жакшы кабардын бүт дүйнө жүзү боюнча таратылып жатканы буга далил эмеспи? Ойлонуп көрсөң. Балким, сен да мурда абдан уялчаак болгондуктан же корккондуктан: «Мен эч качан үймө-үй кабар айта албайм!» — деп ойлогондурсуң. Бирок азыр бул ишке жигердүү катышып жатасың *. Жахабанын көптөгөн ишенимдүү Күбөлөрү каршылыктарга, куугунтуктарга карабай кабар айтканын токтотушкан жок. Коркунуч туудурган тоскоолдуктарды жеңип, өз күчүбүз менен кыла албай турган иштерди жасоого бизге Кудайдын ыйык руху гана дем-күч бере алат (Мих. 3:8; Мт. 17:20). Кабар айтуу ишине толук кандуу катышуунун аркасында ошол рух менен кызматташып жатканыңды көрсөтөсүң.

Ыйык рухтун келечектеги ролу

16. Жахабанын улуу алаамат учурунда өз элин коргооруна эмне үчүн шектенбесек болот?

16 Келечекте Жахаба ой-ниетин аткаруу үчүн ыйык рухун эң сонун жолдор менен колдонот. Адегенде анын кандайча коргоорун карап көрөлү. Жогоруда айтылгандай, Жахаба байыркы убакта кызматчыларын жана бүтүндөй ысрайыл элин коргоо үчүн өзүнүн рухун колдонгон. Андыктан жакындап келаткан улуу алаамат учурунда анын өз элин коргоо үчүн ошол эле кубаттуу рухун колдоноруна шек санабоого толук негиз бар. Жахабанын ошондо бизге кантип кам көрөрүн ойлоп тынчсызданбашыбыз керек. Тескерисинче, Жахабаны сүйгөндөр эч качан анын көз жаздымында же ыйык рухунун жардамысыз калбай турганын билип, келечекке ишенимдүү карай алабыз (2 Жылн. 16:9; Заб. 138:7—12).

17. Жахаба жаңы дүйнөдө ыйык рухун кантип колдонот?

17 Жахаба жакында орной турган жаңы дүйнөдө ыйык рухун кантип колдонот? Рухтун жетеги менен ошол убакта ачыла турган жаңы түрмөктөр жазылат (Аян 20:12). Алардын мазмуну кандай болот? Кыязы, аларда Жахабанын бизге миң жылдык жашоого байланыштуу коюлган талаптары камтылат. Ал түрмөктөрдө жазылгандарды билүүгө куштарсыңбы? Биз жаңы дүйнөнү чыдамсыздык менен күтүп жатабыз. Чынында, Жахаба ыйык рухун колдонуп, жерге жана адамзатка болгон ой-ниетин аткарып, батасын төккөндө жашоонун канчалык ырахаттуу болорун элестете да албайбыз.

18. Эмне кылууга чечкиндүүсүң?

18 Жахабанын ой-ниетинин сөзсүз аткарыларын эч качан унутпайлы, анткени аны ыйык рух — ааламдагы эң кубаттуу күч — ишке ашырат. Анын ой-ниетинде сенин да ордуң бар. Ошондуктан Жахабадан ыйык рух сурап жалынууга жана анын жетекчилигине ылайык иш кылууга чечкиндүү бол (Лк. 11:13). Ошондо, Жахаба адамзатка карата ниет кылгандай, жер бетиндеги Бейиште түбөлүк жашай аласың.

[Шилтемелер]

^ 13-абз. 2008-жылдын 15-февралындагы «Күзөт мунарасынын» 21—25-беттерин карагыла.

^ 15-абз. Уялчаактыгын жеңип, кызматка ынталуу катышкан ишенимдешибиздин мисалын 1993-жылдын 15-сентябрындагы «Күзөт мунарасынын» (ор.) 19-бетинен окусаңар болот.

Эсиңердеби?

• Жахаба ой-ниетин аткаруу үчүн ыйык рухун байыркы убакта кантип колдонгон?

• Жахаба өзүнүн рухун азыркы учурда кантип колдонууда?

• Жахаба ой-ниетин аткаруу үчүн рухун келечекте кантип колдонот?

[Изилдөө суроолору]

[10-беттеги кутуча]

Улам ачылып жаткан чындыктарга ылайык иш кылып жатасыңбы?

Жахаба өз элине ыйык китептик чындыктарды ачып берип келет. «Күзөт мунарасына» чыккан жаңы тактоолордун айрымдары кайсылар?

▪ Исанын ачыткы жөнүндөгү мисалында рухий өсүшкө байланыштуу кандай сабак камтылган? (Мт. 13:33) (2008-жыл, 15-июль, 19, 20-беттер).

▪ Исанын жолдоочуларынын асманда жашоого чакырылуусу качан бүтөт? (2007-жыл, 1-май, 30, 31-беттер, ор.).

▪ Жахабага «рухтун жетеги менен» сыйынуу деген эмнени билдирет? (Жкн. 4:24) (2002-жыл, 1-август, 11-бет).

▪ Эбегейсиз көп адамдар рухий ибадаткананын кайсы короосунда кызмат кылышат? (Аян 7:15) (2002-жыл, 1-май, 30, 31-беттер, ор.).

▪ Койлор менен эчкилерди бөлүү иши качан жүргүзүлөт? (Мт. 25:31—33) (1995-жыл, 15-октябрь, 18—28-беттер, ор.).