Жахабанын суроолоруна кулак төшөп жатасыңбы?
Жахабанын суроолоруна кулак төшөп жатасыңбы?
ЫЙЫК КИТЕПТЕ жүрөгүбүздүн тереңине жете турган жүздөгөн суроолор камтылат. Чынында, маанилүү чындыктарга үйрөтүү үчүн Жахаба Кудай да суроолорду колдонот. Алсак, Кабылды опурталдуу жолунан буруу үчүн ал ага бир нече суроо берген (Башт. 4:6, 7). Жахабанын атүгүл бир-эки эле суроосу адамды иш-аракет кылууга түрткү берген учурлар болгон. Ал: «Кимди жиберейин? Биз үчүн ким барат?» — деп сураганда, Ышая пайгамбар: «Мына мен, мени жибер»,— деп жооп кайтарган (Ыш. 6:8).
Улуу Окутуучу Иса да суроолорду чебер колдоно билген. Инжилдерде анын 280ден ашуун суроолору жазылган. Кээде ал суроолорду сынчыларынын оозун жап кылуу үчүн берсе да, көбүнесе аларды угуучуларынын жүрөк кылдарын козгоп, өздөрүнүн рухий абалы тууралуу ой жүгүртүүгө түрткү берүү максатында колдонгон (Мт. 22:41—46; Жкн. 14:9, 10). Грек Жазмаларынын 14 китебин жазган элчи Пабыл да башкаларга түрткү берүү үчүн суроолорду колдоно турган (Рим. 10:13—15). Мисалы, анын римдиктерге жолдогон катында көптөгөн суроолор камтылган. Пабылдын суроолору анын окурмандарына Кудайдын байлыгынын түгөнгүс экенин, акылмандыгы менен билиминин тереңдигин баамдоого жардам берген (Рим. 11:33).
Айрым суроолор оозеки жооп берүүнү талап кылса, башкалары терең ойго салуу максатында берилет. Инжилдерде Исанын суроолордун ушул экинчи түрүн көп колдонгону баяндалат. Бир жолу ал шакирттерин: «Байкагыла! Фарисейлердин жана Ироддун ачыткысынан сак болгула»,— деп эскертип, фарисейлердин эки жүздүүлүгү жана жалган окуулары жөнүндө айткан эле (Мр. 8:15; Мт. 16:12). Бирок шакирттер анын сөздөрүнүн маанисин түшүнбөй, нан албай калышканы үчүн талаша башташкан. Ошондо Исанын суроолорду колдонгонуна көңүл бурсаңар. Ал мындай деген: «Эмнеге нан албай калганыңар үчүн талашып жатасыңар? Дагы эле түшүнүп, баамдай элексиңерби? Жүрөгүңөр дагы деле ачыла элекпи? „Көзүңөр бар болсо да, көрбөй, кулагыңар бар болсо да, укпай жатасыңарбы?“... Дагы эле түшүнбөй жатасыңарбы?» Исанын суроолору шакирттеринин акыл-оюн козгоп, сөздөрүнүн чыныгы мааниси тууралуу ой жүгүртүүгө түрткү берген (Мр. 8:16—21).
«Мен сенден сурайын...»
Жахаба Кудай кызматчысы Аюбдун ой жүгүртүүсүн оңдоо үчүн суроолорду колдонгон. Бир канча суроо берүү менен Жахаба ага анын Жаратканга салыштырмалуу канчалык алсыз экенин түшүнүүгө жардам берген (Аюб 38—41-бөл.). Ал Аюбдун ошол суроолордун ар бирине үн чыгарып жооп беришин күткөн беле? Күткөн эмес көрүнөт. «Мен жердин негизин жаратканда, сен кайда элең?» — деген сыяктуу суроолор Аюбду терең ойлондуруу, сезимдерин козгоо үчүн берилсе керек. Биринин артынан бири узатылган суроолордун айрымдарынан кийин Аюб үн катпай калган. Ал тек гана: «Мен Сага эмне деп жооп берем? Колум менен оозумду жабам»,— деп айткан (Аюб 38:4; 39:34). Ал сөздүн өзөгүн түшүнүп, өзүн басынткан. Бирок Жахаба Аюбду момундукка үйрөтүүнү эле каалаган эмес. Ал анын оюн да туура нукка салган. Кантип?
Аюб «кемчиликсиз, адилеттүү» киши болсо да, кээде анын сөздөрү туура эмес көз карашты чагылдырган. Мисалы, Элийу аны «өзүн Кудайга караганда адилеттүү эсептегени» үчүн ашкерелеген (Аюб 1:8; 32:2; 33:8—12). Ошентип, Жахабанын суроолору Аюбдун түшүнүгүн да оңдогон. Кудай Аюбга бороондун ичинен: «Мааниси жок сөздөрү менен Кудайдын чечимин караңгылаткан бул ким? Эркектей болуп белиңди буу, Мен сенден сурайын, сен Мага түшүндүрүп бер!» — деген (Аюб 38:1—3). Суроолорду берүү менен Жахаба анын көңүлүн ажайып иштери аркылуу көрсөтүлгөн өзүнүн чексиз акылмандыгына жана күчүнө бурган. Бул Аюбга Жахабанын акылмандыгына жана иш жүргүзүү жолдоруна мурдагыдан да бекем ишеним артууга жардам берген. Аюб кастарлоо сезимине чулгаган не деген укмуш окуяны баштан өткөргөн: ага Кудуреттүү Кудай өзү суроо берген!
Канткенде Жахабанын суроолоруна кулак төшөгөн болобуз?
Ал эми биз жөнүндө эмне айтууга болот? Ыйык Китепте жазылган суроолордон биз да пайда ала алабызбы? Ооба. Бир саамга токтоп, ал суроолордун үстүнөн ой жүгүртсөк, рухий жактан көптөгөн пайдаларды алабыз. Кудай Сөзүндөгү жан дүйнөнүн тереңине жете турган суроолор аны ого бетер таасирдүү кылат. Ооба, «Кудайдын сөзү... күчтүү», ал «жүрөктөгү ойлорду, ниеттерди айкын кылат» (Эвр. 4:12). Бирок ал суроолордон көбүрөөк пайда алуу үчүн аларды өзүбүзгө карата колдонуп, Жахаба жеке бизге берип жаткандай кабыл алышыбыз керек (Рим. 15:4). Айрым мисалдарга токтололу.
«Бүт жер жүзүнүн Соту адилетсиз сот жүргүзмөк беле?» (Башт. 18:25). Жахаба Содом менен Амор шаарларын жазалаарда, Ыбрайым ага ушул риторикалык суроону берген. Ал Жахабанын адилетсиздик кылышы — адил адамды мыйзамсыз адам менен бирге жок кылып салышы — мүмкүн эмес деп эсептеген. Ыбрайымдын суроосу анын Жахабанын адил Кудай экенине бекем ишенгенин айгинелеп турат.
Бүгүнкү күндө айрымдар Жахабанын болочоктогу соту жөнүндө, айталы, Армагедондон кимдин аман өтөрүн же кимдин тирилтилерин так аныктоо максатында ой толгошу мүмкүн. Мындай ой-жоромолдордун тынчыбызды алышына жол бербей, Ыбрайымдын суроосун эсибизге салганыбыз дурус. Жахабаны асмандагы айкөл Ата катары көргөнүбүз, анын адилеттүү жана ырайымдуу экенине толук ишенгенибиз бизге, Ыбрайымга окшоп, жөнү жок тынчсызданууларга, шайды оодарган шек-саноолорго жана пайдасы жок талашып-тартышууларга убактыбызды, күчүбүздү коротпоого жардам берет.
«Тынчсыздануу менен кимиңер өмүрүңөрдү бир азга болсо да узарта аласыңар?» (Мт. 6:27). Иса калың элге, анын ичинде өзүнүн шакирттерине ушул суроо менен кайрылып, өздөрүн Жахабанын мээримдүү колуна тапшыруунун маанилүүлүгүн баса белгилеген. Бул бузулган дүйнө түзүлүшүнүн акыркы күндөрү көптөгөн тынчсызданууларды пайда кылат, бирок аларга көңүл топтоо жашообузду узартпайт, жакшыртып да жибербейт.
Өзүбүз же сүйүктүү жакындарыбыз жөнүндө тынчсызданган учурларда Исанын жогорудагы Мт. 6:26—34).
суроосун эстөө тынчыбызды алган нерсеге туура көз караш менен кароого жардам берет. Бул бизге тынчсызданбоого жана мээни чарчатып, эмоциялык, денелик жактан алсыраткан терс ойлордон арылууга көмөк кылат. Иса ынандыргандай, көктөгү канаттууларды азыктандырган, талаадагы өсүмдүктөрдү кийиндирген асмандагы Атабыз биздин эмнеге муктаж экенибизди эң сонун билет («Ким көйнөгүн күйгүзбөй, отту колтугуна катып жүрө алат?» (Накыл 6:27). Накыл сөздөр китебинин алгачкы тогуз бөлүмүндө атанын уулун акылмандыкка үйрөтүү үчүн айткан акыл-насааттары камтылат. Жогорудагы суроодо ойноштуктун ачуу кесепети тууралуу сөз жүрөт (Накыл 6:29). Эгер карама-каршы жыныстагы адамга тийишип же орунсуз жыныстык каалоолорду өрчүтүп жатканыбызды байкасак, бул суроо бизге кооптуу жолдо турганыбызды эскертиши керек. Негизинен, бул суроону адам өзүнө дегеле туура эмес иш кылууга азгырылган сайын берсе болот. Ал суроо Ыйык Китептеги: «Адам эмне сепсе, ошону орот»,— деген даанышман принципти кандай таамай баса белгилейт! (Гал. 6:7).
«Бирөөнүн кулун айыптагыдай сен кимсиң?» (Рим. 14:4). Римдиктерге жолдогон катында Пабыл биринчи кылымдагы жыйналышта пайда болгон кыйынчылыктар жөнүндө талкуулаган. Исанын жолдоочулары ар кандай маданияттан келип чыккандыктан, айрымдары ишенимдештеринин чечимдерин жана кылган иштерин айыптоого жакын келишкен. Пабылдын суроосу аларга бири-бирин жылуу кабыл алуу жана сотту Жахабанын колуна тапшыруу керектигин эскерткен.
Ошол сыяктуу эле, бүгүн да Жахабанын элинин тек-жайы ар кандай. Бирок Жахаба баарыбызды баа жеткис биримдиктин түйүнү менен бириктирди. Биз ал биримдиктин өкүм сүрүшүнө салым кошуп жатабызбы? Эгер бир туугандарыбыздын өз абийирине жараша кылган иш-аракеттерин дароо эле сындап кирүүгө жакын келсек, өзүбүзгө Пабылдын жогорудагы суроосун берип көргөнүбүз акылдуулукка жатат.
Суроолор бизди Жахабага жакындатат
Бул мисалдар Кудай Сөзүндө камтылган суроолордун зор күчкө ээ экенин көрсөтүп турат. Ар бир суроонун контекстин карап чыгуу аларды өзүбүздүн жагдайыбызга ылайыкташтырып, иш жүзүндө колдонууга көмөк кылат. Ыйык Китепти окуганыбызда мындан башка да пайдалуу суроолорду таба алабыз. (14-беттеги кутучаны карагыла.)
Кудай Сөзүндөгү курч суроолордун көңүлүбүздүн түпкүрүн козгошуна жол берүү менен акылыбызды жана жүрөгүбүздү Жахабанын адил жолдоруна ылайык калыптай алабыз. Жахаба суроолорун берип бүткөндөн кийин, Аюб: «Мен Сен жөнүндө ушуга чейин кулагым менен уккам, азыр болсо Сени өз көзүм менен көрүп турам»,— деп айткан (Аюб 42:5). Ырас, Аюб үчүн Жахаба мурдагыдан да реалдуу, анын көз алдында тургандай, болгон. Кийинчерээк шакирт Жакып бул тууралуу: «Кудайга жакындагыла, ошондо ал силерге жакындайт»,— деген (Жкп. 4:8). Эмесе, Кудай Сөзүнүн ар бир бөлүгү, анын ичинде суроолор бизге рухий жактан өсүүгө жана Жахабаны мурдагыдан да айкын «көрүүгө» жардам бере берсин!
[14-беттеги кутуча]
Төмөнкү суроолордун үстүнөн ой жүгүртүү Жахабаныкындай көз карашта болууга кандайча жардам берет?
▪ «Бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыктар, башка курмандыктар кантип эле Теңирге тил алуудан артык болсун?» (1 Шем. 15:22).
▪ «Көздү берген Кудай көрбөйт бекен?» (Заб. 93:9).
▪ «Өзүн акылман эсептеген адамды көрдүң беле?» (Накыл 26:12).
▪ «Ачууланганың туурабы?» (Жун. 4:4, «ЖД»).
▪ «Адам бүт дүйнөгө ээ болуп, бирок жанынан айрылса, анда ага эмне пайда?» (Мт. 16:26).
▪ «Бизди Машаяктын сүйүүсүнөн ким ажырата алат?» (Рим. 8:35).
▪ «Баарын Кудайдан алган жок белең?» (1 Кор. 4:7).
▪ «Жарык менен караңгылыктын ортосунда кандай жалпылык бар?» (2 Кор. 6:14).
[15-беттеги сүрөт]
Аюб Жахабанын суроолорунан эмнени түшүнгөн?