Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Жахаба сенин коопсуз болушуңду каалайт

Жахаба сенин коопсуз болушуңду каалайт

Жахаба сенин коопсуз болушуңду каалайт

КУДУРЕТТҮҮ КУДАЙ жактыруусуна ээ болгондордун баарын Армагедондо куткарат (Жоел 2:32). Ошентсе да ал дайыма адамдардын коопсуз болушун каалайт. Жахаба Кудай «өмүрдүн булагы» болгондуктан, ал үчүн ар бир адамдын өмүрү абдан баалуу (Заб. 35:10).

Байыркы убактагы ишенимдүү кызматчылар да өмүргө карата Кудайдыкындай көз карашка ээ болушкан. Башталыш 33:18де Жакыптын үй-бүлөсү менен кооптуу болгон узак жолду «аман-эсен» басып өткөнү айтылат. Жакып Жахабанын коргооруна бекем ишенсе да, жанындагылардын коопсуздугун ойлоп, тийиштүү чараларды көргөн (Башт. 32:7, 8; 33:14, 15). Ыйык китептик принциптерди колдонуу менен ар бирибиз өзүбүздүн жана башкалардын коопсуздугуна кам көрө алабыз. Келгиле анда, Падышалык залдарын курууда же ушул сыяктуу иштерде жана кырсыктан жабыр тарткандарга жардам берүүдө ыйык китептик принциптерди кандайча колдонсо болорун карап көрөлү.

Коопсуздукка байланыштуу берилген мыйзамдар

Мусанын мыйзамына ылайык, Кудайдын эли коопсуздукка байланыштуу көрсөтмөлөргө баш ийүүгө тийиш болчу. Ысрайылдыктардын үйлөрүнүн үстү түз боло турган жана алар ал жакта көп иштерди кылышчу. Андыктан кимдир бирөө кулап кетпеши үчүн, алардан, Мыйзам боюнча, үйүнүн үстүн айландыра тосуп коюу талап кылынган (1 Шем. 9:26; Мт. 24:17). Ал мыйзам этибарга алынбагандыктан кырсык болуп кетип, кимдир бирөө жабыр тартса, үй ээси жоопко тартылчу (Мыйз. 22:8).

Мусанын мыйзамында ошондой эле үй жаныбарларына байланыштуу көрсөтмөлөр бар болчу. Алсак, бука кимдир бирөөнү сүзүп өлтүрсө, башкалар да жабыр тартпашы үчүн, буканын ээси аны өлтүрүшү керек болгон. Андай буканын этин жегенге же сатканга тыюу салынгандыктан, буканын ээси чоң чыгымга учурачу. Бирок сүзөнөөк буканын ээси эч кандай чара көрбөгөндүктөн, букасы дагы башка бирөөнү сүзүп өлтүрсө, буканы да, ээсин да өлтүрүшчү. Бул мыйзам ысрайылдыктарга башкалардын өмүрүнө коркунуч туудурган шалаакы мамиледен алыс болууга түрткү берген (Чыг. 21:28, 29).

Мусанын мыйзамы эмгек шаймандарын этияттык менен колдонууга да үндөгөн. Көптөгөн ысрайылдыктар отун жарыш үчүн балта колдонушчу. Кокус балтанын башы чыгып кетип, жанында турган кишиге тийип, ал өлүп калса, отун жарып жаткан киши баш калкалоочу шаарлардын бирине качышы керек болчу. Ал баш калкалоочу шаарда башкы дин кызматчы өлгөнгө чейин жашоого тийиш болгон. Андайда ага бир нече жылдар бою үй-бүлөсүнөн бөлөк жашоого туура келчү. Андай иш-чаралар ысрайылдыктарга Жахабанын көз алдында өмүр канчалык ыйык экенин көрсөтүп турган. Өмүргө карата Жахабаныкындай көз карашта болгондор эмгек шаймандарын жакшы абалда күтө билип, этият колдонушкан (Сан. 35:25; Мыйз. 19:4—6).

Ушундай мыйзамдар аркылуу Жахаба өз элинин үйдө болобу, жумуш кылып жатканда болобу, коопсуздук чараларын сакташын каалаарын айкын көрсөткөн. Кимдир бирөөнүн өлүмүнө же зыян тартышына себепкер болгондор, атүгүл атайлап кылбагандар да, Кудайдын алдында жооптуу болушкан. Андан бери Жахабанын коопсуздукка байланыштуу көз карашы өзгөргөн жок (Мал. 3:6). Ал дагы деле өзүбүзгө же башкаларга зыян келтирип алышыбызды каалабайт. Бул, өзгөчө, Жахабага сыйынууга караштырылган имараттарды куруу жана оңдоп-түзөө иштеринде абдан маанилүү.

Куруу ишинде коопсуздук чараларын сактоо

Падышалык залдарын, Жыйындар залдарын, филиалдарды куруу жана табигый кырсыктан жабыр тарткандарга жардам берүү ишине катышуу чоң сыймык. Биз бардык учурда этият болууну каалайбыз. Анткени кымындай эле жаңылыштык кетирсек, өзүбүзгө жана башкаларга зыян келтирип алышыбыз мүмкүн (Нас. 10:9). Жумуш кылып жатканда коопсуздук эрежелерин сактоону адат кылып алуу менен кандайдыр бир деңгээлде кырсыктын алдын алууга болот.

Ыйык Китепте: «Жаштардын атак-даңкы — алардын күчү, ал эми карылардын сөөлөтү — алардын ак чачы»,— делет (Накыл 20:29). Оор жумуштарды аткарууда жаштардын күчү абдан керек. Бирок куруу ишинде тажрыйбалуу улгайган бир туугандардын эмгеги да жогору бааланат. Алар шаймандарды туура, эптүү колдонуу менен кылдаттыкты талап кылган жумуштарды аткара алышат. Алар күүлүү-күчтүү болуп турган кезинде оор жумуштун далайын кылышкан. Эгер куруу ишине өз ыктыярың менен жакында эле катыша баштасаң, андай тажрыйбалуу бир туугандардын жумушту кандай аткарып жатканына байкоо салып, алардын көрсөтмөлөрүнө баш ий. Эгер үйрөнүүгө ынтызар болсоң, тажрыйбалуу бир туугандар сени көп нерсеге үйрөтө алышат. Мисалы, алардан кооптуу материалдарды колдонууда жана оор жүктөрдү көтөрүүдө өзүңө зыян келтирбей иштөөгө үйрөнө аласың. Ошентип, жумушту натыйжалуу, өзүңө зыян келтирбей аткарып, эмгегиңден канааттануу аласың.

Куруу ишине катышып жаткандардын баары дайыма сак болушу керек. Анткени жагдай тез эле өзгөрүп кетиши ыктымал. Маселен, мурун түз жерде азыр аң болушу мүмкүн. Кимдир бирөө шатыга чыгып иштеши, башкасы бийик жерде тактайдын үстү менен басып баратышы же сыр куюлган челекти көтөрүп баратышы этимал. Абайлабаса, көз ачып жумгуча кырсык болуп кетиши мүмкүн. Коопсуздук эрежелерине ылайык, куруучулар коргоочу көз айнек, каска жана ылайыктуу бут кийим кийиши талап. Бирок жумушчу аларды жакшы абалда күтө билбесе же кийбесе, алардын пайдасы тийбейт.

Айрым шаймандар менен иштөө татаал болбосо да, аларды коопсуз жана туура колдонууга үйрөнүү керек. Эгер кайсы бир шайман менен иштегенди билбесең, курулушка жооптуу бир тууганга кайрыл. Ал сенин шайманды туура колдонууга үйрөнө алышыңа кам көрөт. Курулуш ишинде өзүңө жана башкаларга зыян келтирбеш үчүн мүмкүнчүлүктөрүңдүн чектелүү экенин моюнга алганың абдан маанилүү (Накыл 11:2).

Курулушта куруучулардын кулап кетип зыян тарткан учурлары көп кездешет. Шатыга чыгарда же тактайдан жасалган секиченин үстүндө иштээрде алардын бекем орнотулганына жана жакшы абалда экенине ынан. Секиченин үстүндө же чатырда иштеп жатканда, коопсуздук эрежелерине ылайык, байланып алганың туура. Бийик жерде иштөөгө байланыштуу суроолоруң болсо, көзөмөлчүгө кайрыл *.

Дүйнө жүзү боюнча Жахабага кызмат кылгандардын саны күн сайын көбөйүп жаткандыктан, көбүрөөк Падышалык залдары жана башка имараттар керек болууда. Падышалык залдарын жана башка имараттарды куруу ишин көзөмөлдөгөндөр Жахабанын курулушка катышкан баалуу кызматчыларынын коопсуздугуна кам көрүүгө тийиш (Ыш. 32:1, 2). Эгерде сага куруу ишин көзөмөлдөө жоопкерчилиги тапшырылса, бир туугандарыңдын коопсуздугу абдан маанилүү экенин эсиңден чыгарба. Курулуш жүрүп жаткан жердин таза жана иреттүү болушуна кам көр. Коопсуздуктун канчалык маанилүү экенин жумшак, ошол эле учурда чечкиндүүлүк менен эскертип тур. Жаш же тажрыйбасыз жумушчуларга кооптуу иштерди тапшырба. Коркунуч туудура турган жагдайларды көрө билип, жумушчуларды коопсуз иштөөгө алдын ала даярда. Биздин максатыбыз куруу ишин эч ким зыян тартпагыдай кылып бүтүрүү экенин унутпа.

Сүйүүнүн маанилүүлүгү

Падышалык залдарын жана сыйынууга караштырылган башка имараттарды курууда өмүргө же ден соолукка коркунуч туудурган жагдайлар көп болот. Ошол себептүү куруу ишине катышкандар этият болушу керек. Ыйык китептик принциптерди колдонуу, көрсөтмөлөргө так кармануу жана эстүү болуу менен өзүңдүн да, ишенимдештериңдин да коопсуздугуна кам көрүп, ар кандай кырсыктан алыс боло аласың.

Коопсуздукка маани берүүгө эмне түрткү берет? Сүйүү. Жахабага болгон сүйүү бизге өмүрдү ал баалагандай баалоого түрткү берет. Ал эми адамдарга болгон сүйүү башкаларга зыян алып келе турган иштерди кылып алуудан сактайт (Мт. 22:37—39). Андыктан, келгиле, куруу ишинде башкалардын коопсуздугун ойлоп, эч кимге зыян келтирбеш үчүн бүт күчүбүздү жумшайлы.

[30-беттеги кутуча]

Шатыны колдонууда эске алчу нерселер

Акыркы жылы Кошмо Штаттарда шатыдан кулап кетип кырсыктагандардын саны 160 000ден ашкан. Ал эми каза тапкандардын саны 150гө жеткен. Төмөндө шаты менен иштөөдө кырсыктан алыс болууга жардам берген кеңештер берилди.

◇ Шалкылдап, жараксыз болуп калган шатыны колдонбо. Аны оңдоого аракет кылба.

◇ Шаты, адатта, белгилүү бир салмактагы жүктү эле көтөрө алат. Андыктан өзүңдүн, шаймандарыңдын жана колдонгон материалдарыңдын салмагын эске ал.

◇ Шатыны бекем, түз жерге кой. Аны тактайдан жасалган секиченин, жашиктердин же челектердин үстүнө койбо.

◇ Чыгып жатканда да, түшүп жатканда да дайыма шатыны кара.

◇ Шатынын эң үстүнкү эки тепкичине туруу же отуруу кооптуу.

◇ Шаты менен үйдүн чатырына же башка бийик жерге чыга турган болсоң, ал, бери дегенде, бир метрге ашып турушу керек. Шаты тайып кетпеш үчүн, аны бир нерсеге байлап же түбүнө казык кагып кой. Андай кылуу мүмкүн болбосо, кимдир бирөөдөн шатыны кармап турушун суран. Шаты ооп кетпеш үчүн башын бир нерсеге бекем байлап кой.

◇ Шатынын тепкичтерине тактайларды коюп, аны секиченин тирөөчү катары колдонбо.

◇ Шатынын үстүндө иштеп жатканда бир нерсеге жетпей, колуңду же бутуңду созсоң, ал ооп кетиши мүмкүн. Андай кылуудан сак бол. Андан көрө, шатыны жакыныраак жылдырып алганың оң.

◇ Шатыны эшиктин жанына коюп иштей турган болсоң, эскертүүчү белги коюп, эшикти бекитип кой. Эгерде эшикти бекитүү мүмкүн болбосо, ары-бери өткөндөргө белги болушу үчүн тосмо коюп кой.

◇ Эгерде шаты эки кишилик болбосо, ага бир эле киши чыгышы керек *.

[Шилтемелер]

^ 14-абз. 30-беттеги «Шатыны колдонууда эске алчу нерселер» деген кутучаны кара.

^ 31-абз. Шаты менен иштөөгө байланыштуу кошумча маалыматты 1999-жылдын 8-августундагы «Ойгонгула!» (ор.) журналынын 22—24-беттеринен табууга болот.

[29-беттеги сүрөт]

Мусанын мыйзамы боюнча, үйдүн үстүн айландыра тосуп коюу талап кылынган