Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Жаштар, Жахабага кызмат кылууга болгон каалооңорду өстүргүлө

Жаштар, Жахабага кызмат кылууга болгон каалооңорду өстүргүлө

Жаштар, Жахабага кызмат кылууга болгон каалооңорду өстүргүлө

«Жаш кезиңде Жаратканыңды эсиңден чыгарба» (НАС. 12:1).

1. Ысрайыл элинде балдарга кандай чакырык айтылган?

МЫНДАН 3 500 жылдай мурун Жахабанын пайгамбары Муса Ысрайылдын дин кызматчыларына жана аксакалдарына мындай буйрук берген: «Элиңди: эркектер менен аялдарды, балдарды... чогултуп кел. Алар бул мыйзамды угуп, Кудай-Теңирден коркууну үйрөнүшсүн, мыйзамдын бардык сөздөрүн аткарууга аракет кылышсын» (Мыйз. 31:12). Сыйынуу үчүн чогулууга эркектер, аялдар жана балдар чакырылганына көңүл бурсаңар. Ооба, Жахабанын көрсөтмөлөрүн угууга, үйрөнүүгө жана аларга ылайык иш кылууга чакырылгандардын арасында балдар да бар болчу.

2. Жахаба Исанын алгачкы жолдоочуларынын жыйналышындагы жаштарга кантип кам көргөн?

2 Жахаба биринчи кылымда да өзүнүн элинин арасындагы балдарга кам көргөн. Маселен, ал элчи Пабылды жыйналыштарга жолдогон каттарынын айрымдарына атайын балдарга арналган көрсөтмөлөрдү жазууга шыктандырган (Оку: Эфестиктер 6:1; Колосалыктар 3:20). Ошол жана башка кеңештерди иш жүзүндө колдонгон Исанын жаш жолдоочулары асмандагы мээримдүү Атасына ыраазычылыгын арттырып, анын батасына ээ болушкан.

3. Бүгүнкү күндө жаштар Кудайга кызмат кылууга болгон каалоосун кантип көрсөтүүдө?

3 Жаштар бүгүн да Жахабага сыйынуу үчүн чогулууга чакырылып жатабы? Ооба! Дүйнө жүзү боюнча көп сандаган жаштардын Пабылдын төмөнкү сөздөрүнө кулак кагып жатканы Кудайдын элине кубаныч тартуулоодо. Ал мындай деген: «Сүйүүгө жана жакшы иштерге үндөө үчүн бири-бирибизге көңүл бөлөлү. Кээ бирөөлөр адатка айлантып алгандай, жолугушууларыбызды калтырбайлы, тескерисинче, ал күндүн жакындап келатканын көрүп тургандыктан бири-бирибизди ого бетер бекемдейли» (Эвр. 10:24, 25). Андан сырткары, көптөгөн балдар ата-энелери менен чогуу Кудайдын Падышалыгы жөнүндө жакшы кабар таратуу ишине катышууда (Мт. 24:14). Ошондой эле жыл сайын миңдеген жаштар Жахабага болгон терең сүйүүсүн көрсөтүп чөмүлтүлүүдө жана Машаяктын шакирти болуунун аркасында келүүчү баталарга ээ болууда (Мт. 16:24; Мр. 10:29, 30).

Чакырыкты азыр кабыл алгыла

4. Жаштар Кудайга кызмат кылууга байланыштуу чакырыкты качан кабыл ала алышат?

4 Насаатчы 12:1де: «Жаш кезиңде Жаратканыңды эсиңден чыгарба»,— делет. Жаштар, Жахабага сыйынууга жана кызмат кылууга байланыштуу ал жылуу чакырыкты кабыл алуу үчүн канча жашта болушуңар керек? Жазмада буга карата белгилүү бир жаш көрсөтүлбөйт. Андыктан Жахабаны угууга жана ага кызмат кылууга өтө эле жашмын деп ойлоп, өзүңөргө тоскоолдук кылбагыла. Канча жашта болбогула, ал чакырыкка чечкиндүү түрдө жооп кайтарууга чакырыласыңар.

5. Ата-энелер балдарына рухий жактан өсүүгө кантип жардам бере алышат?

5 Көпчүлүгүңөргө рухий жактан өсүүгө атаңар же энеңер, же экөө тең жардам берип келет. Бул жагынан силер байыркы учурда жашаган Тиметейге окшошуп кетесиңер. Апасы Эйнике менен таенеси Лоис ага ыйык жазмаларды ымыркай кезинен эле окутушкан (2 Тим. 3:14, 15). Силерди да ата-энеңер рухий нерселерге окутуп-үйрөтүп жатса керек. Балким, силер менен Ыйык Китепти изилдеп, тиленип, Кудайдын элинин жыйналыш жолугушууларына жана чоң жыйындарына алып барып, кабар айтуу кызматына алып чыгып жаткандыр. Чынында, силерди Кудайдын жолуна үйрөтүү ата-энеңердин Жахабадан алган абдан маанилүү жоопкерчилиги болуп эсептелет. Алардын сүйүүсүнө, камкордугуна ыраазысыңарбы? (Накыл 23:22).

6. а) Забур 109:3кө ылайык, Жахабага кандай сыйынуу жагат? б) Биз эмнени карап чыгабыз?

6 Жахаба силердин өсүп жетилген сайын, Тиметейдей болуп, «Кудайдын жакшы, өзүнө жаккан жана жеткилең эрки эмне экенине ынанышыңарды» каалайт (Рим. 12:2). Ынансаңар, жолугушууларга, жыйналыштын иштерине жана кабар айтуу ишине ата-энеңер түрткү бергендиктен эмес, Кудайдын эркин аткарууну каалагандыктан катышасыңар. Даярдуулук менен кызмат кылганыңар Жахабага жагат (Заб. 109:3). Анда Жахабаны угуп, анын көрсөтмөлөрүнө баш ийүүгө болгон каалооңорду өстүргүңөр келерин кантип көрсөтсөңөр болот? Мунун үч маанилүү жолуна токтололу. Аларга изилдөө, тиленүү жана жүрүм-турум кирет. Аларды өз-өзүнчө карап көрөлү.

Жахабаны тирүү Кудай катары таанып-билүү

7. Иса Жазманы изилдөөгө байланыштуу кандай үлгү калтырган жана бул жагынан ага эмне жардам берген?

7 Жахабага кызмат кылууга болгон каалооңорду арттыруунун биринчи жолу — Ыйык Китепти күнүгө окуу. Кудай Сөзүн үзгүлтүксүз окуу менен рухий муктаждыгыңарды канааттандыра аласыңар жана баа жеткис ыйык китептик билимге ээ болосуңар (Мт. 5:3). Иса бул жагынан мыкты үлгү калтырган. Бир жолу анын 12 жашында ата-энеси аны ибадатканада «окутуучулардын айткандарын угуп, аларга суроо берип отурган» жеринен тапкан (Лк. 2:44—46). Иса кичинекей кезинде эле Жазмага болгон сүйүү, аны түшүнүүгө күчтүү каалоо өрчүткөн. Андай каалоо өрчүтүүгө ага эмне жардам берген? Мында энеси Мариямдын жана аны асырап алган атасы Жусуптун ролу чоң болгону күмөнсүз. Алар Кудайдын кызматчылары катары Исаны ымыркай кезинен эле рухий чындыкка үйрөтүшкөн (Мт. 1:18—20; Лк. 2:41, 51).

8. а) Ата-энелер балдарын Кудай Сөзүн сүйүүгө качан үйрөтө башташы керек? б) Балдарды ымыркай кезинен окутуунун баалуулугун көрсөткөн мисал айтып бергиле.

8 Ошо сыңары, Кудайдан корккон ата-энелер бүгүнкү күндө да балдарынын жүрөгүндө чындыкка болгон сүйүүнү ымыркай кезинен тартып эле өрчүтүү маанилүү экенин түшүнүшөт (Мыйз. 6:6—9). Муну түшүнгөн Руби деген ишенимдешибиз тун уулу Жозеф төрөлгөнүнөн көп өтпөй ага чындыкка болгон сүйүүнү өрчүтүүгө жардам бере баштаган. Ал ага «Ыйык китептик аңгемелер» деген китепти күнүгө окуп берчү. Баласы чоңойгон сайын, Руби ага ар кандай аяттарды жаттоого жардам берчү. Жозеф мындай окутуудан пайда алганбы? Тили чыккандан кийин ал көптөгөн ыйык китептик аңгемелерди өз сөзү менен айтып бере алган. Ал эми беш жашында Теократиялык кызмат мектебинен биринчи жолу сөз сүйлөп чыккан.

9. Ыйык Китепти окуу жана окугандарыңар жөнүндө ой жүгүртүү эмне себептен маанилүү?

9 Силер, жаштар, рухий жактан өсө беришиңер үчүн Ыйык Китепти күн сайын окууну адат кылып алышыңар керек. Бул өспүрүм курагыңарда жана ал курактан өтүп, жетилгениңерде да силерди сактап-коргойт (Заб. 70:17). Ыйык Китепти окуу ийгилик кылууга жардам берет деп эмне үчүн айтууга болот? Исанын Атасына тиленгенде эмне дегенине көңүл бурсаңар: «Түбөлүк өмүргө ээ болуу үчүн, жалгыз чыныгы Кудай сен жөнүндө... билим алуу зарыл» (Жкн. 17:3). Арийне, Жахаба жөнүндө көбүрөөк билим алган сайын силер анын касиет-сапаттарга ээ тирүү Кудай экенин мурдагыдан да айкын көрөсүңөр жана ага болгон сүйүүңөр тереңдейт (Эвр. 11:27). Ошондуктан Ыйык Китептен үзүндү окуганыңарда Жахаба жөнүндө көбүрөөк билүүгө аракет кылгыла. Өзүңөргө мындай суроолорду берип көргүлө: «Бул билдирүү Жахабанын кандай Кудай экени тууралуу эмнени ачып берет? Бул ыйык китептик үзүндүдөн Кудайдын мага болгон сүйүүсү жана камкордугу кандайча көрүнүп турат?» Мындай суроолор жөнүндө ой жүгүртүү силерге Жахабанын ой жүгүртүүсүн, сезимдерин жана силерден эмнени талап кыларын түшүнүүгө көмөк көрсөтөт (Оку: Накыл сөздөр 2:1—5). Ошондо, жаш Тиметей сыяктуу, силер да Жазмадан окуп-билгендериңерге «ынанасыңар» жана Жахабага даярдуулук менен кызмат кылууга түрткү аласыңар (2 Тим. 3:14).

Тиленүү Жахабага болгон сүйүүңөрдү тереңдетет

10, 11. Жахабага кызмат кылууга болгон каалооңорду өрчүтүүгө тиленүү кандайча жардам берет?

10 Жахабага чын жүрөктөн кызмат кылууга болгон каалооңорду өрчүтүүнүн экинчи жолу — тиленүү. Забур 64:3төн: «Сен сыйынууну угасың, ар бир адам Сага чуркайт»,— дегенди окуйбуз. Ысрайыл эли Кудай менен келишимде турган кезде, атүгүл бөтөн жерликтер да Жахабанын ибадатканасына келип, ага тилене алышкан (1 Пад. 8:41, 42). Кудай бет карама эмес. Жахабанын осуяттарын аткаргандар анын аларды угарына толук ишене алышат (Накыл 15:8). Ооба, Кудай «ар бир адамдын», анын ичинде жаштардын тиленүүсүнө кулак салат.

11 Силер билгендей, чыныгы достуктун пайдубалы — жакшы пикир алышуу. Жакын досуңар менен ой-сезимдериңер, тынчсызданууларыңар менен бөлүшүү силерге чоң кубаныч тартууласа керек. Ошол сыңары, чын ыкластан тиленүү аркылуу силер Улуу Жаратканыңар менен пикир алышасыңар (Флп. 4:6, 7). Сүйүктүү ата-энеңерге же жан досуңарга жүрөгүңөрдү төккөндөй, Жахабага жан дүйнөңөрдүн түпкүрүндө уялаган сезимдериңердин баарын айткыла. Чынында, Жахабага кандай тиленип жатканыңар менен ага болгон сезимдериңердин ортосунда тыгыз байланыш бар. Аны менен болгон достугуңар канчалык бекемделген сайын, тиленүүлөрүңөрдүн ошончолук маңыздуу болорун байкайсыңар.

12. а) Эмне үчүн маңыздуу тиленүү сөздөрдү айтуудан да көптү билдирет? б) Жахабанын сага жакын экенине ынанууга эмне жардам берет?

12 Эске алчу нерсе, маңыздуу тиленүү сөздөрдү айтуудан да көптү билдирет. Ал ички сезимдерибизди камтыйт. Тиленгениңерде Жахабаны абдан жакшы көрөрүңөрдү, терең урматтаарыңарды жана ага толук таянарыңарды билдиргиле. Тиленүүлөрүңөргө Жахабанын жооп берип жатканын көрүп, «Теңир Өзүн чакыргандардын бардыгына жакын» экенине өз тажрыйбаңардан ынанасыңар (Заб. 144:18). Ооба, Жахаба силерге жакындайт жана Ибилиске каршы турууга дем-күч берип, жашоодо туура чечимдерди чыгарууга көмөк көрсөтөт (Оку: Жакып 4:7, 8).

13. а) Бир ишенимдешибизге Кудай менен болгон достугу кандайча жардам берген? б) Кудай менен болгон достугуңар курбуларыңардын азгырыгына туруштук берүүгө кандайча жардам берет?

13 Шеринин Жахаба менен ынак мамиледе болгону ага кандайча күч-кайрат бергенин карап көрөлү. Орто мектепте окуп жүргөндө ал мыкты окуганы жана спорттогу ийгиликтери үчүн көп сыйлык алган. Мектепти бүтүргөндө, ага жогорку билим алууга жол ачкан стипендия сунуш кылынган. «Ал сунуш мени кызыктырбай койгон жок,— дейт Шери,— анын үстүнө, машыктыруучулар менен классташтарым да аны кабыл алууга аябай азгырышты». Бирок ал жогорку билим алуу үчүн окууга жана спорттук мелдештерге даярданууга убактысынын көбүн жумшашы керектигин жана Жахабага кызмат кылууга аз эле убактысы каларын түшүнгөн. Шери кандай чечим чыгарган? Ал: «Жахабага тиленгенден кийин ал стипендиядан баш тартып, жалпы пионердик кызматты баштадым»,— дейт. Учурда анын пионер болуп кызмат кылганына беш жылдын жүзү болду. «Мен кымындай да өкүнбөйм,— дейт ал.— Жахабага жаккан чечим чыгарганымды билгендиктен, өзүмдү бактылуу сезем. Чынында эле, Кудайдын Падышалыгын биринчи орунга койсоң, башкасынын баары кошулуп берилет экен» (Мт. 6:33).

Жакшы жүрүм-турумуңар жүрөгүңөрдүн тазалыгын айгинелейт

14. Эмне үчүн жакшы жүрүм-турумуңар Жахабанын көз алдында баалуу?

14 Жахабага даярдуулук менен кызмат кылып жатканыңарды көрсөтүүнүн үчүнчү жолу — жүрүм-турумуңарды таза сактоо. Жахаба өзүн адеп-ахлактык жактан таза сактаган жаштарга батасын берет (Оку: Забур 23:3—5). Жаш Шемуел башкы дин кызматчы Эйлинин уулдарынын адепсиз жүрүм-турумун туураган эмес. Албетте, анын түз жүргөнү көз жаздымда калган эмес. Ыйык китептик билдирүүдө: «Өспүрүм Шемуел күндөн-күнгө жетилип, элге да, Теңирге да сүймөнчүктүү боло берди»,— делет (1 Шем. 2:26).

15. Кайсы себептерден улам жүрүм-турумуңарды таза сактагыңар келет?

15 Биз, Пабыл айткандай, өзүн өзү сүйүүчү, бой көтөргөн, ата-энесинин тилин албаган, жакшылыкты билбеген, ишенимсиз, ырайымсыз, текебер, Кудайдын ордуна ырахатты сүйгөн адамдарга толгон дүйнөдө жашап жатабыз (2 Тим. 3:1—5). Силерди мындай бузулган чөйрө курчап тургандыктан, жүрүм-турумуңарды үлгүлүү сактоо оңойго турбашы мүмкүн. Анткен менен жаман жолго түшүүдөн баш тартып, туура иш кылган сайын силер эгедерликке байланыштуу талаш маселеде Жахабанын тарабында экениңерди далилдейсиңер (Аюб 2:3, 4). Андан тышкары, Жахабанын: «Уулум, акылдуу бол, менин жүрөгүмдү кубант. Ошондо мага жаман сүйлөгөн адамга жооп бере алам»,— деген жылуу чакырыгына кулак кагып жатканыңарды билүүдөн канааттануу аласыңар (Накыл 27:11). Ошондой эле Жахабанын жактыруусуна ээ экениңерди түшүнүү ага кызмат кылууга болгон каалооңорду күчөтөт.

16. Бир ишенимдешибиз Жахабанын жүрөгүн кантип кубанткан?

16 Кэрол аттуу бир ишенимдешибиз өспүрүм кезинде мектепте ыйык китептик принциптерге бек карманган жана анын жакшы жүрүм-туруму башкаларга байкалбай калган эмес. Аны менен кандай окуя болгон? Кэролдун Ыйык Китептин негизинде үйрөтүлгөн абийири майрамдарга жана патриоттук каадаларга катышууга жол бербегендиктен, аны классташтары шылдыңга алышчу. Андай жагдайларда ал башкаларга эмнеге ишенерин түшүндүрүп берчү. Көп жыл өткөндөн кийин Кэрол бир классташынан кат алат. Ал мындай деп жазыптыр: «Мен сени менен байланышып, ыраазычылык билдирүүгө куштар болуп келдим. Сенин жакшы жүрүм-турумуң жана Исанын жаш жолдоочусу катары өзүңдү үлгүлүү алып жүргөнүң, ошондой эле майрамдарга байланыштуу принциптерге бекем карманганың көз жаздымда калган эмес. Мен Жахабанын Күбөлөрүнүн ичинен эң биринчи сени жолуктургам». Кэролдун үлгүсү классташына ушунчалык терең таасир калтыргандыктан, кийинчерээк ал Ыйык Китепти изилдей баштаган. Кэролго жазган катында ал Жахабанын чөмүлтүлгөн Күбөсү болгонуна 40 жыл болгонун билдирген! Кэролго окшоп, силер да, жаштар, ыйык китептик принциптерге бек кармануу менен жүрөгү таза адамдарга Жахабаны таанып-билүүгө түрткү бере аласыңар.

Жаштар Жахабаны даңазалоодо

17, 18. а) Жыйналышыңардагы жаштарга карата кандай ойдосуңар? б) Кудайдан корккон жаштарды кандай келечек күтүп турат?

17 Миңдеп саналган жаштардын чыныгы сыйынууну ынталуу колдоп жатканы Жахабанын бүткүл дүйнөлүк уюмундагы кызматчыларынын баарын шаттыкка бөлөйт! Алар Ыйык Китепти күнүгө окуу, тиленүү жана өздөрүн Кудайдын эркине ылайык алып жүрүү менен Жахабага сыйынууга болгон каалоосун өстүрүп жатышат. Андай үлгүлүү жаштар — ата-энелери жана Жахабанын эли үчүн сергитүүнүн булагы (Накыл 23:24, 25).

18 Жаркын келечекте Кудай убада кылган жаңы дүйнөгө аман өткөн адамдардын арасында ишенимдүү жаштар да болот (Аян 7:9, 14). Ал жерде алар зор баталарга ээ болушат жана барган сайын Жахабага болгон ыраазычылыгын арттырып, аны түбөлүктөн түбөлүккө даңктай алышат (Заб. 148:12, 13).

Түшүндүрө аласыңарбы?

•Бүгүнкү күндө жаштар чыныгы сыйынууну кантип колдой алышат?

•Ыйык Китепти окуудан пайда алуу үчүн ой жүгүртүү эмне себептен маанилүү?

•Тиленүү сага Жахабага жакындоого кандайча жардам берет?

•Жакшы жүрүм-турумдун натыйжасы кандай болот?

[Изилдөө суроолору]

[5-беттеги сүрөт]

Ыйык Китепти күнүгө окууну адат кылып алдыңбы?