Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Кыйынчылыктар бизди Жахабага көбүрөөк таянууга үйрөттү

Кыйынчылыктар бизди Жахабага көбүрөөк таянууга үйрөттү

Кыйынчылыктар бизди Жахабага көбүрөөк таянууга үйрөттү

АЙТЫП БЕРГЕН: АДА ДЕЛЛО СТРИТТО

Жан дептериме күндөлүк аятты жаңы эле көчүрүп бүттүм. Мен 36 жаштамын, бирок ошол эки-үч эле сапты көчүрүп жазууга эки саат кетти. Эмне үчүн мынча көп? Муну апам айтып берсин (Жоел).

ЖОЛДОШУМ экөөбүз 1968-жылы Жахабанын Күбөлөрү катары чөмүлтүлгөнбүз. Ден соолугу чың Дейвид жана Марк деген эки уулдуу болгонубуздан кийин, үчүнчүсүн, Жоелди, төрөдүм. Ал 1973-жылы Бельгиядагы Брюсселден түштүккө карай 60 чакырым аралыкта жайгашкан Бинч деген шаарчанын төрөт үйүндө көз жарды. Анын салмагы, болгону, 1,7 кг эле. Ооруканадан чыгарымда, салмак кошушу үчүн, Жоелди ал жакта калтырууга туура келди.

Бир нече жума өтсө да, балабыздын абалы жакшырбагандыктан, жолдошум Луижи экөөбүз аны педиатрга алып бардык. Жоелди текшергенден кийин догдур: «Өкүнүчтүүсү, Жоелдин башына агаларында жок кыйынчылыктар түшүптүр»,— деди. Бир топко үн катпай туруп калдык. Ошондо наристебиздин олуттуу оорусу бар экенин түшүндүм. Анан догдур жолдошумду өзүнчө алып кетип: «Чүрпөңөр трисомия 21 менен ооруйт экен»,— деди. Ал Даун синдрому деп да белгилүү *.

Педиатрдын диагнозун укканда көңүлүбүз чөгүп, башка адиске кайрылууну чечтик. Ал адис Жоелди бир саатча үндөбөй кылдат текшерип чыкты. Луижи экөөбүзгө ал убакыт түбөлүккө созулгандай туюлду. Акыры, догдур бизди карап: «Балаңар силерден аябай көз каранды болот»,— деди. Анан мээримдүүлүк менен: «Бирок Жоел бактылуу болот, анткени ата-энеси аны абдан жакшы көрөт!» — деп кошумчалады. Жүрөгүмдү кошул-ташыл сезимдер бийлеп, Жоелди аярлап колума алдым да, аны үйгө алып кеттик. Ошо кезде ага сегиз жума болгон.

Жыйналыштан жана кызматтан алган жардамыбыз

Андан кийинки медициналык текшерүүлөрдө Жоелдин олуттуу жүрөк кемтиги бар экени жана итийдин (рахит) оор түрү менен ооруй турганы да аныкталды. Анын жүрөгү өтө чоң болгондуктан, өпкөсүн кысчу жана организми инфекцияларга туруштук бере алчу эмес. Көп өтпөй, төрт айында, Жоел бронхпневмониясына чалдыккандыктан, аны кайрадан ооруканага жаткырууга туура келди; ал жактан аны башкалардан бөлүп коюшту. Анын кыйналып жатканын көрүп, жаныбыз ачыды. Биз аны боорубузга кысып, эркелетүүгө зар болдук, бирок азаптуу он жума бою бизди ага такыр тийгизишкен жок. Луижи экөөбүзгө тек гана аны кароодон, бири-бирибизди кучактап, тиленүүдөн башка арга калган жок.

Ошол катуу сыноо учурунда биз алты, үч жаштагы уулдарыбыз Дейвид жана Марк менен бирге жыйналыш жолугушууларына катыша бердик. Падышалык залында өзүбүздү Жахабанын канатынын астында коргологондой сезчүбүз. Ал жерде бир туугандарыбыздын курчоосунда бир нече саат болгонубузда түйшүгүбүздү Жахабага тапшырсак болоруна ынанып, жан дүйнө тынчтыгына ээ болчубуз (Заб. 54:23). Атүгүл Жоелди караган медайымдар да жыйналыш жолугушууларынын бизге тең салмактуулукту сактоого жардам бергенин байкаганын айтышкан.

Ошол учурда Жахабадан кабар айтуу кызматына катышууга күч беришин да өтүнчүмүн. Үйдө ыйлап отургандан көрө, башкалар менен сүйлөшүп, Кудайдын оору болбой турган заманды убадалаганы эмне себептен мага күч-кайрат берерин айткым келчү. Кабар айтуу кызматына катышкан сайын Жахабанын тиленүүлөрүмө жооп берип жатканын сезчүмүн.

«Бул — керемет!»

Жоелди ооруканадан үйгө чыгарып келген күн кандай гана кубанычтуу күн болду! Бирок эртеси эле кубанычыбыз кайгыга айланды. Жоелдин абалы заматта начарлап кеткендиктен, аны ооруканага учуп жеткирдик. Аны карап чыккандан кийин догдурлар: «Жоел, ашып кетсе, алты ай жашайт»,— дешти. Эки айдан кийин, Жоелге сегиз ай болуп калганда, догдурлардын айтканы туура чыкчудай сезилди, анткени анын абалы аябай оор эле. Догдур жаныбызга отуруп мындай деди: «Кайгыңар менен тең бөлүшөм. Биз Жоел үчүн колубуздан келгендин баарын кылдык». Анан: «Эми ага Жахаба гана жардам бере алат»,— деп кошумчалады.

Мен Жоел жаткан палатага бардым. Заманам куурулуп, шайым ооп турса да, баламдын жанынан карыш жылгым келген жок. Луижи эки уулубузду карап үйдө болгон учурларда, бир нече ишенимдеш эже-сиңдилерим кезектешип жанымда болуп жатышты. Ошентип, бир жума өттү. Анан күтүлбөгөн жерден Жоелдин жүрөгү кармап калды. Медайымдар палатага чуркап киришти, бирок ага эч кандай жардам көрсөтө алышкан жок. Бир нече мүнөттөн кийин алардын бири басыңкы үн менен: «Чарчап калды...» — деп айтты. Ошондо каңырыгым түтөп, боздогон бойдон бөлмөдөн чыгып кеттим. Жахабага тиленүүгө аракет кылсам да, ичим канчалык сыздап жатканын билдирүү үчүн сөз таба алган жокмун. Бирок 15 мүнөт өтүп-өтпөй, медайым мени чакырып: «Жоел кайра өзүнө келип жатат!» — деди. Ал колуман кармап: «Жүрүңүз, азыр аны көрсөңүз болот»,— деп айтты. Жоелге барсам, анын жүрөгү кайрадан согуп жатыптыр! Бул кабар заматта жайылып кетти. Догдурлар менен медайымдар аны көргөнү келип: «Бул — керемет!» — деп таңданып жатышты.

Төрт жашында жасаган таң калыштуу кадам

Жоелдин жашоосунун алгачкы жылдары педиатр: «Жоел сүйүүгө абдан муктаж»,— деп көп айтты. Жоел төрөлгөндөн кийин, Луижи экөөбүз Жахабанын сүйүүсүн, камкордугун аябай сездик, ошондуктан биз да балабызды сүйүүгө бөлөгүбүз келди. Буга бизде көптөгөн мүмкүнчүлүктөр болду, себеби ал толугу менен жардамыбызга муктаж эле.

Жоелдин жашоосунун баштапкы жети жылынын ар биринде биз окшош эле жагдайларга туш болуп жаттык. Октябрь—март айларынын аралыгында ал улам бир оорудан азап тарткандыктан, аны бейтапканага кайра-кайра алып барууга туура келди. Ошол эле учурда мен балдарыбыз Дейвид менен Маркка мүмкүн болушунча көбүрөөк убакыт бөлүүгө аракет кылдым. Алар болсо Жоелге ийгиликтерди кылууга чоң жардам беришти. Мунун натыйжасы таң калыштуу болду. Мисалы, бир нече догдур бизге Жоел эч качан баса албайт деп айткан эле. Бирок бир жолу Жоел төрткө чыгып калганда, Марк ага: «Тай-тай, Жоел, кана, апаңа баса аларыңды көрсөтчү!» — деди. Оозумду ачырып, Жоел өзүнүн алгачкы кадамын шилтеди! Ошондо төбөбүз көккө жете сүйүнүп, Жахабага чын жүрөктөн ыраазычылык билдирүү үчүн үй-бүлөбүз менен чогуу тилендик. Башка учурларда да, Жоел кайсы бир жактан атүгүл кымындай эле ийгилик жасаганда, аны мактап, жылуу сөздөрдү айтчубуз.

Ымыркайынан Кудайдын билимине окутуунун жемиш бериши

Мүмкүн болгон сайын биз Жоелди Падышалык залында өткөрүлгөн жолугушууларга алып барчубуз. Уулубузду оңой эле ооруга чалдыктыра турган микробдордон коргош үчүн аны тунук пластикалык жабуу жабылган атайын коляскага отургузуп алчубуз. Жабуунун ичинде отурса да, ага жыйналыш менен болуу аябай жакчу.

Ишенимдештерибиз бизди сүйүүсүнө бөлөп, иш жүзүндө көмөк көрсөтүү менен биз үчүн күч-кубаттын булагы болушту. Бир бир тууган Ышайа 59:1де жазылган: «Куткарыш үчүн Теңирдин колу кыскарган жок, угуш үчүн Анын кулагы катуу болуп калган жок»,— деген сөздөрдү эсибизге салып турду. Ал жубатарлык сөздөр бизге Жахабага таянууга жардам берди.

Жоел чоңоюп-өскөн сайын, Жахабага кызмат кылуу анын жашоосунун негизги бөлүгү болсун деп, биз колубуздан келишинче аракет кылдык. Ар бир мүмкүнчүлүктү колдон чыгарбай, ага Жахаба жөнүндө айтып берип, асмандагы Атасына сүйүү өрчүтүүгө жардам берчүбүз. Ошондой эле рухий таалим-тарбия бергенибиз жакшы жемиш алып келиши үчүн, Жахабадан аракетибизге батасын беришин жалынып сураар элек.

Жоел өспүрүм курактын босогосун аттаганда, биз анын жолуктурган адамдарга ыйык китептик чындык жөнүндө айтып берүүнү жакшы көрөрүн байкап, ичибиз жылыды. 14 жашында оор операциядан кийин жаңы эле жакшы болуп келатса да, ал: «Апо-о, хирургга „Түбөлүк жашоо“ деген китепти берсем болобу?» — деп сураганда, кубанычым койнума батпай сүйүндүм. Бир нече жылдан кийин Жоел дагы бир операцияны башынан кечирди. Биз анын ал операцияны көтөрө албай калышы мүмкүн экенин билчүбүз. Операция жасалардан мурун, Жоел биз аны менен чогуу даярдаган катты догдурларга тапшырды. Ал катта анын канды колдонууга карата көз карашы түшүндүрүлгөн эле. Хирург Жоелден: «Анан сен ушуга макулсуңбу?» — деп сураганда, Жоел чечкиндүү түрдө: «Ооба»,— деп жооп берди. Уулубуздун Жаратканга таянып, ага жагууга болгон чечкиндүүлүгүн көрүп ушунчалык сыймыктандык. Догдурлар жамааты да бизге чоң колдоо көрсөтүштү, буга терең ыраазы болдук.

Жоелдин рухий ийгиликтери

17 жашында Жоел Кудайга арналганын сууга чөмүлтүлүү менен көрсөттү. Ал күн эсибизден кеткис күн болду! Анын рухий ийгиликтерин көрүү бизди шаттыкка бөлөйт. Ошондон бери анын Жахабага, чындыкка болгон сүйүүсү жана ынталуулугу кемиген жок. Ал жолуктурган ар бир кишиге: «Чындык — менин жашоом!» — деп айтканды жакшы көрөт.

Өспүрүм курактан өтүп калганда Жоел окуганды, жазганды үйрөндү. Бул зор күч-аракетти талап кылды. Анын жазган ар бир сөзү жеңишке тете эле. Ошондон тартып ал ар бир күндү «Жазманы күн сайын изилдөө» китепчесиндеги күндөлүк аятты карап чыгуудан баштайт. Андан соң аятты өзүнүн жан дептерлеринин бирине тырышчаактык менен көчүрүп жазат. Азыр ал дептерлер эч кимди кайдыгер калтырбай турган чоң жыйнакты түзөт!

Жыйналыш болгон күндөрү Жоел Падышалык залына эртерээк барууга шаштырат, анткени ал залга келгендердин баарын жылуу тосуп алгысы келет. Жыйналыш учурунда ал жооп берүүдөн, демонстрацияларга катышуудан кубаныч алат. Андан сырткары, микрофон менен тейлөөгө жана башка иштерди аткарууга жардам берет. Эгер ден соолугу жол берсе, ал биз менен жума сайын кабарга чыгат. 2007-жылы жыйналышка Жоелдин кызмат жардамчысы болуп дайындалганы кулактандырылды. Ошондо сүйүнгөнүбүздөн көзүбүзгө жаш алдык. Бул Жахабанын кандай сонун батасы!

Ар убак Жахабанын жардамын сезип келебиз

1999-жылы биз дагы бир сыноого учурадык. Бир алаңгазар айдоочу машинебизди сүзүп алып, Луижи оор жаракат алды. Догдурларга анын бир бутун кесүүгө туура келди, андан тышкары, анын омурткасына бир нече оор операция жасалды. Мында да Жахабага таянуу менен биз анын кызматчыларына зарыл учурда күч берерин сездик (Флп. 4:13). Луижи эмгекке жарамдуу болбосо да, биз буга карата оң маанайда болууга аракеттенебиз. Жумушта иштей албагандыктан анын Жоелге кам көрүүгө көп убактысы бар. Бул мага рухий иштерге көбүрөөк убакыт бөлүүгө шарт түзөт. Луижи да үй-бүлөбүздүн жана жыйналыштагылардын рухий муктаждыктарына көбүрөөк көңүл бура алат. Жыйналышта ал аксакалдар кеңешинин координатору болуп кызмат кылат.

Башкалардыкына окшобогон жагдайыбыздан улам биз үй-бүлөбүз менен көп убакыт чогуу өткөрөбүз. Убакыттын өтүшү менен тең салмактуу болууга жана мүмкүн болгондон ашык нерсени күтпөөгө үйрөндүк. Көңүлүбүз чөккөн учурларда сезимдерибизди айтып Жахабага тиленебиз. Өкүнүчтүүсү, уулдарыбыз Дейвид менен Марк эр жетип, уядан учкандан кийин бара-бара Жахабага кызмат кылбай калышты. Бирок алар бир күнү Жахабага кайрылып келет деп үмүттөнөбүз (Лк. 15:17—24).

Жылдар бою биз Жахабанын колдоосун сезип келдик жана кандай кыйынчылыкка туш болбойлу, ага таянууга үйрөндүк. Ышайа 41:13төгү: «Мен сенин Кудай-Теңириңмин. Сени оң колуңдан кармап, сага мындай дейм: „Коркпогун, Мен сага жардам берип жатам“»,— деген сөздөр жүрөгүбүзгө өзгөчө жакын. Жахабанын колубуздан бекем кармап турганын билүү бизди абдан жубатат. Чынында эле, кыйынчылыктар бизди асмандагы Атабыз Жахабага көбүрөөк таянууга үйрөттү деп ишенимдүү айта алабыз.

[Шилтемелер]

^ 5-абз. Трисомия 21 — аң-сезимдин өсүшүн жайлаткан тубаса кемтик. Адамдын денесиндеги клеткаларда протеиндерди жана ДНКны камтыган хромосомалар бар. Адатта, ал хромосомалар жупташкан болсо, трисомия илдети менен төрөлгөн баланын жуп хромосомаларынын биринде ашыкча хромосома болот. Трисомия 21 илдети 21-хромосоманы жабыркатат.

[17-беттеги сүрөт]

Жоел апасы Ада менен

[18-беттеги сүрөт]

Ада, Жоел жана Луижи

[19-беттеги сүрөт]

Жоел Падышалык залында бир туугандарды тосуп алуудан кубаныч алат