Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Пайдасыз нерселерден көзүңөрдү бургула!

Пайдасыз нерселерден көзүңөрдү бургула!

Пайдасыз нерселерден көзүңөрдү бургула!

«Курулай убаракерчиликтен [«пайдасыз нерселерден», «ЖД»] көзүмдү бур. Өз жолуңда жүрүүгө күч бер» (ЗАБ. 118:37).

1. Көрүү жөндөмү канчалык баалуу?

БИЗДИН көрүү жөндөмүбүз өзүнчө эле керемет! Ал аркылуу биз айлана-чөйрөбүзгө, анын кеңдигине, түркүн түстүүлүгүнө баам сала алабыз. Ошондой эле анын жардамы менен сүйүктүү досторубузду көрө алабыз жана коркунучтардан кача алабыз. Ал аркылуу сулуулукту баамдап, табият кереметтерине суктанып, Кудайдын бар экенинин далилин жана Анын даңкын көрө алабыз (Заб. 8:4, 5; 18:1—3; 103:24; Рим. 1:20). Көз мээге маалымат жеткире турган баалуу орган болгондуктан, ал Жахаба жөнүндө билим алышыбыз үчүн жана ага ишеним өрчүтүшүбүз үчүн абдан маанилүү (Жаш. 1:8; Заб. 1:2, 3).

2. Эмне себептен көргөн нерселерибизге өзгөчө көңүл бурушубуз керек жана забурчунун жалбарганынан эмнени билсек болот?

2 Бирок көргөн нерселерибиз бизге зыян да алып келиши ыктымал. Көзүбүз менен мээбиздин ортосундагы байланыш ушунчалык тыгыз болгондуктан, көргөн нерселерибиз жүрөгүбүздө каалоолорду жана максаттарды пайда кылышы же аларды күчөтүшү мүмкүн. Биз Шайтан Ибилистин кол алдындагы бузулган жана керт башынын жыргалчылыгын көздөгөн адамдарга толгон дүйнөдө жашап жатабыз. Андыктан бизге атүгүл бир көргөндө эле туура жолдон тайдырышы мүмкүн болгон сүрөттөр, элестер жана башка ар кыл маалыматтар жаанын жебелериндей жаап жатат (1 Жкн. 5:19). Ошондуктан забурчунун Кудайдан: «Курулай убаракерчиликтен [«пайдасыз нерселерден», «ЖД»] көзүмдү бур. Өз жолуңда жүрүүгө күч бер»,— деп жалбарганы таң калыштуу эмес (Заб. 118:37).

Көзүбүз бизди кантип адаштырышы мүмкүн?

3—5. Көзүбүздүн бизди азгырышына жол берүү кооптуу экенин кайсы ыйык китептик мисалдар көрсөтүп турат?

3 Биринчи аял Обо менен эмне болгонун карап көрөлү. Шайтан «жакшылык менен жамандыкты таанытып билдире турган дарактын жемишинен» жесе, көзү ачыларын айткан. Көзүм ачылат деген ой Обонун бүйүрүн кызытса керек. «Дарактын жемишинин жегенге жакшы экенин, көзгө сүйкүм экенин көргөндө» ал тыюу салынган жемишти ого бетер жегиси келген. Даракка көзү өткөндүктөн Обо Кудайдын осуятын бузган. Анын күйөөсү Адам да баш ийбестик көрсөтүп, бүткүл адамзаттын башына мүшкүл түшүргөн (Башт. 2:17; 3:2—6; Рим. 5:12; Жкп. 1:14, 15).

4 Нухтун күндөрүндө айрым периштелер да көргөн нерселеринин таасирине алдырышкан. Башталыш 6:2де алар тууралуу: «Кудайдын уулдары адамдардын кыздары чырайлуу экенин көрүп, ар бири өзүнүн тандаганын аялдыкка ала баштады»,— делет. Козголоңчул периштелер адам баласынын кыздарына кумарлана карагандыктан, аларда кыздар менен жыныстык мамиледе болууга болгон табигый эмес каалоо пайда болгон. Ал периштелерден зулум балдар төрөлгөн. Ошол учурда адамзат жамандыкка ушунчалык баткандыктан, Нух менен анын үй-бүлөсүнөн башка адамдардын баары жок кылынган (Башт. 6:4—7, 11, 12).

5 Кылымдар оошкондон кийин ысрайылдык Ахан басылып алынган Жерихо шаарындагы айрым буюмдарга көзү түшүп, аларды уурдап алган. Кудай ал шаардагы бардык нерсени, өзүнүн казынасына алынып барыла турган айрым нерселерден башкасын, жок кылууну буйруган. Ысрайылдыктар алгысы келип кетип, шаардагы буюмдарды алып албашы үчүн, аларга: «Каргышка калган нерселерден сактангыла»,— деген эскертүү берилген. Ахан ал эскертүүгө кулак какпай койгондо, ысрайыл эли Ай шаарынан жоого жеңилип, алардын бир канчасы набыт болгон. Бирок Ахан бети ачылганга чейин уурулугун мойнуна алган эмес. Ал: «[Буюмдарды] көрдүм. Алар мага жагып калды, ошондуктан мен аларды алдым»,— деп айткан. Көз кумарынын айынан ал бардык нерсеси менен кошо жок кылынган (Жаш. 6:18, 19; 7:1—26). Ахан өзүнүн жүрөгүндө тыюу салынган нерсеге ашыккан эле.

Өзүн өзү башкара билүүнүн маанилүүлүгү

6, 7. Шайтан «айла-амалдарынын» кайсынысын көп колдонот жана аны соода-сатык тармагындагы жарнамачылар кантип пайдаланышат?

6 Адамзат бүгүнкү күндө да Обо, тил албас периштелер жана Ахан азгырылгандай эле азгырылып жатат. Шайтандын адамдарды адаштыруу үчүн колдонгон «айла-амалдарынын» ичинен «көз кумарын» ойготууга багытталган амалы эң эле зор күчкө ээ (2 Кор. 2:11; 1 Жкн. 2:16). Соода-сатык тармагындагы заманбап жарнамачылар адамдардын атам замандан бери эле көргөн нерсесине тартылып келерин беш колдой билишет. «Көрүү бардык сезимдердин ичинен эң эле азгырма келет,— деп белгилейт маркетинг жаатындагы европалык алдыңкы адистердин бири.— Ал көп учурда башка сезимдерди бийлеп алат да, адамды өзү туура деп билген нерселерге каршы иш кылууга түртөт».

7 Ошондуктан жарнама берүүчүлөрдүн көзүбүз аркылуу зор таасир этип, алардын товарын алууга же тейлөөсүн колдонууга каалообузду өрчүтүү үчүн бизге амалкөйлүк менен жасалган элестер аркылуу сокку уруп жатканы таң калыштуу эмес. Көрнөк-жарнактардын адамдарга кандай таасир этерин изилдеген Кошмо Штаттардагы бир изилдөөчү жарнаманын «пайдалуу маалымат берүүгө эле эмес, андан да маанилүүсү, сезимдерди ойготуп, иш-аракет кылууга түрткү берүүгө багытталганын» айткан. Алардын кеңири колдонулган бир түрү — сезимдерди козгогон адеп-ахлаксыз элестер. Учурда «секс товарлары» деген сөз айкашы жалпыга белгилүү болуп калды. Андыктан эмнени көрүп жатканыбызга, акылыбыз менен жүрөгүбүздү эмнеге толтуруп жатканыбызга көңүл бурганыбыз кандай гана маанилүү!

8. Ыйык Китепте көзүбүздү сактоонун маанилүүлүгү кандайча баса белгиленет?

8 Көз кумары жана дене кумары Исанын чыныгы жолдоочуларына да таасир этиши мүмкүн. Ошо себептен Кудай Сөзү бизди көрүп, көксөп жаткан нерселерибизге байланыштуу өзүбүздү башкара билүүгө үндөйт (1 Кор. 9:25, 27; оку: 1 Жакан 2:15—17). Аюб аттуу адил киши көрүү менен каалоонун ортосунда тыгыз байланыш бар экенин түшүнгөн. Ал: «Кызды карабайм деп, көзүм менен келишим түзгөм»,— деп айткан (Аюб 31:1). Аюб бузукулукка баруудан баш тартып эле койбостон, андай нерсени оюна да алган эмес. Иса акылды адеп-ахлаксыз ойлордон таза сактоо керектигин баса белгилеп: «Аялга кумарлануу менен карай берген ар бир адам жүрөгүндө аны менен ойноштук кылган болот»,— деген (Мт. 5:28).

Оолак болушубуз керек болгон пайдасыз нерселер

9. а) Интернетти колдонууда эмнеден өзгөчө сак болушубуз керек? б) Атүгүл көз ирмемде көргөн порнографиянын кесепети кандай болушу мүмкүн?

9 Бүгүнкү тапта дүйнөдө порнографияны, өзгөчө, Интернеттен «карай берүү» боло жүргөн нерсеге айланып калды. Андай сайттарды биз издебесек да, алар бизди издейт! Кандайча? Капыстан компьютердин бетинде кумарды ойготкон сүрөттү камтыган жарнама же жарыя пайда боло калышы мүмкүн. Же бир караганда жакшы эле көрүнгөн электрондук билдирүүнү ачканда оңой менен өчпөгүдөй кылып жасалган порнографиялык сүрөт чыга калышы ыктымал. Адам аны өчүрөрдөн мурун ага атүгүл бир эле жолу көз чалса да, ал анын акылында тартылып калат. Жадагалса көз ирмемде көргөн порнография да залакалуу болушу мүмкүн. Анын айынан адамды абийири кыйнашы, ага уятсыз элестерди акылынан сүрүп чыгаруу оор күрөшкө айланышы мүмкүн. Андан да жаманы, кимде-ким андай нерселерди атайлап «карай берсе», бул анын жүрөгүндөгү ыпылас каалоолордун тамырын жула элек экенин көрсөтөт (Оку: Эфестиктер 5:3, 4, 12; Кол. 3:5, 6).

10. Эмне үчүн балдар порнографиянын кылтагына оңой эле илинип калышы ыктымал жана алардын аны көргөнүнүн кесепети кандай болушу мүмкүн?

10 Балдар табиятынан эле баарына кызыга бергендиктен, порнографиянын кылтагына оңой эле илинип калышы мүмкүн. Ошондой болуп калса, бул алардын жыныстык мамилеге болгон көз карашына көпкө чейин кетпеген зыяндуу таасирин калтырышы мүмкүн. Бир билдирүүгө ылайык, анын залалдуу таасиринен улам баланын жыныстык нормаларга болгон көз карашы бурмаланышы, ал эле эмес, «ага жакшы, ынак мамиле түзүү кыйынга турушу, анын аял затына карата туура эмес көз карашта болушу, убакыттын өтүшү менен порнографияга башы байланып калышы ыктымал. Бул анын сабагына, достору жана үй-бүлөдөгүлөрү менен болгон мамилесине кедергисин тийгизиши этимал». Ал эми кийин никедеги мамилелерине келтирген зыяны андан да жаман болушу мүмкүн.

11. Порнография көрүү канчалык кооптуу экенин көрсөткөн мисал келтиргиле.

11 «Жахабанын Күбөсү болгонума чейинки жаман адаттарымдын ичинен баарынан да порнография көрүү адатынан арылуу абдан кыйын болду,— дейт бир ишенимдешибиз.— Ошол элестер ушу күнгө чейин кээде көз алдыма тартыла түшөт. Аларды кыйытып айтылган сөздөр, айрым музыкалар, көргөн нерселерим, атүгүл жөн жерден келген ойлор пайда кылат. Муну менен күнүгө, тынымсыз күрөшүп келем». Дагы бир бир тууган бала кезинде ата-энеси үйүндө жокто чындыкта болбогон атасынын порнографиялык журналдарын көрчү. Ал мындай деп жазат: «Ал сүрөттөр менин жаш акылыма кандай гана залалдуу болду! Атүгүл азыркыга дейре, андан бери 25 жыл өтсө да, ошондогу айрым элестер ташка тамга баскандай эсимен кетпей келет. Канчалык күрөшпөйүн, аларды өчүрө алган жокмун. Ушунун айынан, андай ойлорду четке каксам да, өзүмдү күнөөлүү сезем». Анда жан дүйнөнү кыйнаган ушундай сезимдерде болбоо үчүн пайдасыз нерселерди карабаганыбыз акылдуулукка жатпайбы?! Ан үчүн эмне кылуу керек? «Бардык ойлорду Машаякка баш ийдирүү үчүн туткундоого» умтулуу керек (2 Кор. 10:5).

12, 13. Исанын жолдоочулары кандай пайдасыз нерселерди көрүүдөн качышы керек жана эмне үчүн?

12 Оолак болушубуз керек болгон «кереги жок» же пайдасыз нерселерге дүнүйөкорлукка үндөгөн, оккультизмди же зордук-зомбулукту, кан төгүүнү, өлүмдү чагылдырган көңүл ачуулар кирет (Оку: Забур 100:3). Исаны жолдогон ата-энелер Жахабанын алдында үйүндөгүлөрү көрө турган нерселерди ылгай билүүгө жооптуу. Албетте, Исанын чыныгы жолдоочусунун бири да спиритизмге атайын иришпейт. Бирок ата-энелер фильмдердин, телесериалдардын, видеооюндардын, атүгүл комикстердин жана кичинекей балдарга арналган китептердин ачык же көп байкала бербеген сыйкырчылыкты камтыган-камтыбаганын текшериши керек (Накыл 22:5).

13 Жашпызбы же карыбызбы, зордук-зомбулукту камтыган жана киши өлтүрүү, кан төгүү ачык сүрөттөлгөн видеооюндарды жана фильмдерди жек көрүшүбүз керек (Оку: Забур 10:5). Биз Жахаба айыптаган иштерге көңүл топтобошубуз кажет. Шайтан акыл-оюбузду бутага аларын унутпайлы (2 Кор. 11:3). Атүгүл ылайыктуу деп эсептелген көңүл ачууга өтө көп убакыт коротуу үй-бүлөлүк сыйынууга, Ыйык Китепти күнүгө окууга, жолугушууларга даярданууга кете турган убактыбызды уурдашы мүмкүн (Флп. 1:9, 10).

Исанын үлгүсүнө карманалы

14, 15. Шайтандын Машаякты үчүнчү жолу азгырганынан эмнени билүүгө болот жана Иса ага кантип каршы турган?

14 Өкүнүчтүүсү, бул бузулган дүйнөдө кээ бир пайдасыз нерселерди көрүүдөн кача албайбыз. Андай нерселер атүгүл Исага да кыйынчылык туудурган. Шайтан аны Кудайдын эркин аткаруудан баш тарттырууга үчүнчү жолу аракет кылганда «аны абдан бийик тоого алып чыгып, дүйнөдөгү бардык падышалыктарды жана алардын даңкын көрсөткөн» (Мт. 4:8). Шайтан эмне үчүн ошенткен? Анын көздүн күчтүү таасирин пайдалангысы келгени шексиз. Дүйнөдөгү бардык падышалыктардын атак-даңкына көз чаптыруу Исада дүйнөдө көрүнүктүү абалга жетүүгө каалоо пайда кылышы мүмкүн эле. Ошондо Иса эмне кылган?

15 Иса анын азгырма сунушуна назарын бурган эмес жана жүрөгүнө туура эмес каалоолордун уялашына жол берген эмес. Ошондой эле Ибилистин сунушун четке кагуу үчүн ал көрсөткөн нерселерди карап отурбай, дароо иш-аракет кылган. Ал: «Кет жанымдан, Шайтан!» — деп буйруган (Мт. 4:10). Иса Жахаба менен болгон мамилесине көңүл топтоп, жашоосундагы максатына ылайык жооп кайтарган; анын максаты Кудайдын эркин аткаруу эле (Эвр. 10:7). Натыйжада ал Шайтандын куулук менен ойлонуштурган амалын бузган.

16. Исанын Шайтандын азгырыктарын четке какканынан эмнелерди билсек болот?

16 Иса менен болгон окуядан көп нерсени билсек болот. Биринчиден, Шайтан ар бир адамга сокку урушу мүмкүн (Мт. 24:24). Экинчиден, көзүбүз эмнеге багытталса, ошол нерсе жүрөгүбүздө жакшы же жаман каалоолорду өрчүтүшү ыктымал. Үчүнчүдөн, Шайтан бардык күчүн жумшап, бизди ак жолубуздан адаштыруу максатында «көз кумарын» пайдаланат (1 Пет. 5:8). Төртүнчүдөн, буйдалбай иш-аракет кылсак, биз да Шайтанга каршы тура алабыз (Жкп. 4:7; 1 Пет. 2:21).

Көзүңөрдү «жөнөкөй» сактагыла

17. Азгырыкка кабылганга чейин эле андайда эмне кыларыбызды чечип алганыбыз эмне үчүн акылмандыкка жатат?

17 Жахабага арналуубуз пайдасыз нерселерден баш тартууга берген олуттуу убадабызды да камтыйт. Кудайдын эркин аткарууга убада бергенибизде забурчунун: «Сенин сөзүңдү сакташ үчүн, буттарымды ар кандай жаман жолдордон сактайм»,— деген сөздөрүнө ортоктош болобуз (Заб. 118:101). Азгырыкка кабылганга чейин эле андайда эмне кыларыбызды чечип алганыбыз акылмандыкка жатат. Биз Ыйык Жазмада эмнелер айыпталарын жакшы билебиз. Ошондой эле Шайтандын айла-амалдары бизге маалым. Шайтан Исаны таштарды нанга айлантууга качан азгырган? Ал 40 күн, 40 түн орозо кармап, «ачка болгондо» (Мт. 4:1—4). Шайтан алсыз болгон учурларыбызды жана качан азгырыкка алдырып коюшубуз мүмкүн экенин сезип биле алат. Андыктан азыр булар тууралуу кылдат ойлоно турган учур. Муну эртеңкиге калтырбайлы! Жахабага арналганда берген убадабызды күнүгө эсибизге салып турсак, пайдасыз нерселерден качууга чечкиндүү болобуз (Накыл 1:5; 19:20).

18, 19. а) «Жөнөкөй» көз менен «жаман» көздүн кандай айырмасы бар? б) Пайдалуу нерселерге көңүл топтогонубуз эмне үчүн маанилүү жана буга байланыштуу Филипиликтер 4:8де кандай кеңеш камтылган?

18 Күн сайын биз көзүбүздү өзүнө тартып, алаксыткан толгон токой нерселерге кабылабыз; алардын саны барган сайын өсүүдө. Ошондуктан Исанын көздү «жөнөкөй» сактоого байланыштуу эскертүүсүнө кулак төшөгөнүбүз мурдагыдан да маанилүү (Мт. 6:22, 23, шилтеме). «Жөнөкөй» көз бир эле нерсеге — Кудайдын эркин аткарууга — багытталат. Ал эми «жаман» көз куу, ач көз болот жана пайдасыз нерселерге тартылып турат.

19 Көзүбүз менен көргөн нерселерибиз — акылыбызга, ал эми акылыбыз жүрөгүбүзгө таасир этет. Ошон үчүн пайдалуу нерселерге көңүл топтогонубуз абдан маанилүү (Оку: Филипиликтер 4:8). Эмесе, мындан ары да забурчунун: «Курулай убаракерчиликтен [«пайдасыз нерселерден», «ЖД»] көзүмдү бур»,— деген тиленүүсүнө үн кошолу. Бул тиленүүгө ылайык иш кылсак, Жахабанын бизге өз жолунда жүрүүгө «күч берерине» эч шектенбесек болот (Заб. 118:37; Эвр. 10:36).

Эсиңердеби?

• Көзүбүз, акылыбыз жана жүрөгүбүздүн ортосунда кандай байланыш бар?

• Порнография көрүү канчалык кооптуу?

• Көздү «жөнөкөй» сактоо эмне үчүн маанилүү?

[Изилдөө суроолору]

[23-беттеги сүрөт]

Исанын жолдоочулары кайсы пайдасыз нерселерден көзүн бурушу керек?