Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Эсиңердеби?

Эсиңердеби?

Эсиңердеби?

Силерге «Күзөт мунарасынын» акыркы сандары жактыбы? Төмөнкү суроолорго жооп бере аласыңарбы?

• Машаяк эмне үчүн өлүшү керек эле?

Исанын өлүмү жеткилең адамдын оор сыноолорго карабай Кудайга болгон берилгендигин сактай аларын далилдеген. Ошондой эле ал аркылуу Адамдын урпактарына тукум кууп өткөн күнөө үчүн кун төлөнүп, түбөлүк өмүргө жол ачылган (15.12. 22, 23-б.).

• Адамга ичимдикти ашыкча ичпөөгө эмне жардам берет?

Тиленүү жана Ыйык Китепти изилдөө жардам бере алат. Ошондой эле өзүн кармай билүү, чечимге бек туруу жана жакшы таасир эткен адамдар менен мамилелешүү маанилүү. Ичүүнү чечкен киши өзүнө чек коюп, «жок» деп айтууга үйрөнүшү керек (янв.—март, 7—9-бб.).

• Балдар менен маңыздуу пикирлешүү эмнени билдирет?

Бул аларга бир нерсени айтууну эле эмес, суроолорду берүүнү жана жоопторун чыдамдуулук менен угууну билдирет. Көптөр тамак ичүү маалынын маңыздуу баарлашууга өбөлгө түзөрүн байкашкан (15.1. 18, 19-б.).

• Кандай жагдайларда кайра чөмүлтүлүү орундуу болушу мүмкүн?

Эгер адам чөмүлтүлөйүн деп жатканда мыйзам-ченемдүү түрдө чөмүлтүлгөн кишинин жыйналыштан чыгарылышына себеп боло турган иштерди жашыруун кылып жүрсө, кайра чөмүлтүлүү орундуу болушу мүмкүн (15.2. 22-б.).

• Айрымдар чынчыл эместигин кайсы үч шылтоо менен акташат?

Кээ бирлер уурулук кылганын жакыр болгону менен акташат. Башкалары «элдин баары эле ошентет» деп актанышат. Ал эми кай бирлери баалуу бир нерсе таап алса, «тапкан тапалак» деп кутулушат. Ыйык Китеп ушул шылтоолордун эч бирин колдобойт (3.1. 12—14-бб., ор.).

• Исанын буудай жана отоо чөптөр жөнүндөгү мисалында жакшы үрөндү себүү эмнени билдирет?

Адам Уулу, Иса, жерде кызмат кылып жүргөндө талааны даярдаган. Жакшы үрөн б.з. 33-жылы Элүүнчү күн майрамында Исанын жолдоочулары Кудайдын жана Падышалыктын уулдары катары майлангандан тартып себиле баштаган (15.3. 20-б.).

• Исанын мисалындагы каймана маанидеги буудай кандайча Жахабанын кампасына жыйналууда? (Мт. 13:30).

Мунун аткарылышы өз ичине дүйнө түзүлүшү аяктаган маалды камтыйт. Падышалыктын майланган уулдары, каймана маанидеги буудай, Исанын жолдоочуларынын кайрадан уюшулган жыйналышынын бөлүгү болуп же асмандагы сыйлыгын алып, Жахабанын кампасына жыйналууда (15.3. 22-б.).

• Грек Жазмаларын түзгөн китептердин канонго кирер-кирбесин ким чечкен?

Муну кайсы бир чиркөө башчылары же диний жетекчилер чечкен эмес. Исанын чыныгы жолдоочулары Кудайдын ыйык рухунун жетекчилиги астында кайсы жазмалар чындап рухтун жетеги менен жазылганын аныктап билишкен. Исанын жолдоочуларынын алгачкы жыйналыштарына берилген табияттан тыш жөндөмдүүлүктөрдүн бири «рухтун жетеги менен айтылгандарды түшүнүү жөндөмү» болгону буга ылайык келет (1 Кор. 12:4, 10) (апр.—июнь, 28-б.).