Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Ага-инилер, рухка сээп, ийгиликке умтулгула!

Ага-инилер, рухка сээп, ийгиликке умтулгула!

Ага-инилер, рухка сээп, ийгиликке умтулгула!

«Ким рухка сепсе, ал рухтан түбөлүк өмүрдү оруп алат» (ГАЛ. 6:8).

1, 2. Матай 9:37, 38деги сөздөр кандайча аткарылып жатат жана бул жыйналыштарда кандай муктаждыкты пайда кылууда?

УЧУРДА биз тарых барактарында түбөлүккө унутулгус болуп кала турган окуяларга күбө болуп жатабыз! Иса Машаяк айткан иш кеңири кулач жайып, күндөн-күнгө күч алууда. «Түшүм көп, ал эми жумушчулар аз,— деген Иса.— Ошондуктан оруп-жыюуга жумушчуларды жибериши үчүн, оруп-жыюу ишинин Кожоюнуна жалынгыла» (Мт. 9:37, 38). Бүгүнкү күндө Жахабанын андай тиленүүлөргө жооп берип жатканы айкын көрүнүүдө. 2009-кызмат жылында Жахабанын Күбөлөрүнүн дүйнө жүзүндөгү жыйналыштарынын саны 2031ге көбөйүп, жалпы саны 105 298ге жеткен. Ошондо орто эсеп менен күнүнө 757 киши чөмүлтүлгөн!

2 Мындай өсүш жыйналышта окутуу жана кайтаруу ишинде жетекчиликти колго ала ала турган эркек бир туугандарга болгон муктаждыкты пайда кылууда (Эф. 4:11). Ондогон жылдар бою Жахаба койлоруна кам көрүү үчүн талаптарга жооп берген эркек бир туугандарды даярдап келген жана мындан ары да ошенте берери шексиз. Михей 5:5те жазылган пайгамбарлыкта акыркы күндөрдө Жахабанын элинде «жети койчу», «сегиз төрө» болору айтылган. Бул алардын арасында жетекчилик кылууга жөндөмдүү кишилердин көп болорун көрсөтүп турат.

3. «Рухка себүү» деген эмнени билдирерин түшүндүргүлө.

3 Эгер сен чөмүлтүлгөн эркек бир тууган болсоң, кызматтагы сыймыктуу жоопкерчиликтерге умтулууга каалоо өрчүтүүгө эмне жардам берет? Эң негизгиси, «рухка себишиң» керек (Гал. 6:8). Бул өз ичине Кудайдын рухунун жашооңо эч тоскоолдуксуз таасир этишине жол берүүнү камтыйт. «Денеге сеппөөгө» чечкиндүү бол. Жашоо ыңгайы, эс алуу жана көңүл ачуу сыяктуу нерселердин Кудайга көбүрөөк кызмат кылууга болгон каалооңду басып салышына жол бербе. Исанын бардык жолдоочулары «рухка себиши» керек жана ошенткен эркек бир туугандар убакыттын өтүшү менен жыйналышта жоопкерчиликтерди аркалоого жарамдуу боло алышат. Азыркы учурда кызмат жардамчыларына жана аксакалдарга болгон муктаждык абдан чоң болгондуктан, бул макала өзгөчө ага-инилерге арналган. Андыктан, ага-инилер, биз силерди бул макаланы тиленүү менен изилдеп чыгууга чакырабыз.

Жакшы иштерди кылууга умтул

4, 5. а) Чөмүлтүлгөн эркек бир туугандар жыйналышта кандай жоопкерчиликтерге умтулууга чакырылышат? б) Ага-инилер сыймыктуу жоопкерчиликтерге кантип ээ боло алышат?

4 Исанын жолдоочусу эч кандай күч-аракет жумшабай туруп эле көзөмөлчү болуп калбайт. Ал ошол «жакшы ишке» умтулушу керек (1 Тим. 3:1). Буга чын ыкластан ишенимдештердин камын ойлоп, аларга кызмат кылуу кирет (Оку: Ышайа 32:1, 2). Эркек бир туугандын сыймыктуу жоопкерчиликтерге ак ниеттен умтулганы анын өзүнө даңк издеп жатканын билдирбейт. Ал өзүнүн эмес, башкалардын пайдасын көздөп, жанын аябай кызмат кылгысы келгендиктен ошентет.

5 Ага-инилер Жазмадагы талаптарга жооп берүүгө аракет кылуу менен кызмат жардамчысы же көзөмөлчү болуп кызмат кылуу жоопкерчилигине ээ боло алышат (1 Тим. 3:1—10, 12, 13; Тит 1:5—9). Эгер сен Кудайга арналган эркек бир тууган болсоң, өзүңө төмөнкү суроолорду берип көр: «Кабар айтуу ишине катышууга бүт күчүмдү жумшап, башкаларга да ошентүүгө көмөк кылып жатамбы? Ишенимдештеримдин жыргалчылыгына чын дилден кызыкдар болуп, аларды бекемдеп жатамбы? Мен Кудай Сөзүн терең изилдеген бир тууган катары белгилүүмүнбү? Берген жоопторумдун сапатын жогорулатып жатамбы? Аксакалдар берген тапшырмаларды кылдат аткарууга аракет кыламбы?» (2 Тим. 4:5). Мындай суроолордун үстүнөн терең ой жүгүртүү маанилүү.

6. Жыйналыштагы жоопкерчиликтерди аткарууга жарактуу болуу үчүн эмне кылуу зарыл?

6 Жыйналыштагы жоопкерчиликтерди аткарууга жарактуу болуу үчүн Кудайдын руху аркылуу жан дүйнөнү күчкө толтуруу зарыл (Эф. 3:16). Жыйналышта кызмат жардамчысы же аксакал болуу кайсы бир кызмат ордуна шайланууну билдирбейт. Адам мындай сыймыкка рухий жактан өсүүнүн аркасында гана жете алат. Анда кантип рухий жактан өсүүгө болот? Мунун бир жолу — «рухтун жетеги менен жашап», анын жемишин өрчүтүү (Гал. 5:16, 22, 23). Кошумча жоопкерчиликтерди аркалоого зарыл болгон рухий сапаттарды чагылдырсаң жана жакшырууга байланыштуу кеңештерди колдонсоң, «ийгиликтериң баарына айкын болот» (1 Тим. 4:15).

Жан аябастык руху зарыл

7. Башкаларга кызмат кылуу үчүн эмне талап?

7 Башкаларга кызмат кылуу үчүн талыкпай эмгектенүү жана жан аябастык рухун көрсөтүү талап. Жыйналыштагы көзөмөлчүлөр рухий койчулар болгондуктан, отордун көйгөйлөрү аларды терең тынчсыздандырат. Пабылга кайтаруу ишине байланыштуу жоопкерчиликтери кандай таасир эткенине көңүл бурсаңар. Ал Корунттагы ишенимдештерине: «Муну капаланышыңар үчүн эмес, силерди аябай жакшы көрөрүмдү билишиңер үчүн, кайгыга батып, жүрөгүм сыздап, көз жашымды төгүп жаздым»,— деген (2 Кор. 2:4). Ырас, Пабылдын ал ишти жан-дилин берип аткарганы айкын.

8, 9. Эркек кишилердин башкаларга кантип кам көргөнүн көрсөткөн ыйык китептик мисалдарды келтиргиле.

8 Жан аябастык руху Жахабанын элинин жыргалчылыгы үчүн кызмат кылган эркектердин ажырагыс сапаты болуп келген. Мисалы, Нухтун өз үй-бүлөсүндөгүлөргө: «Кеме курулуп бүткөндө, мага айтып койгула, чогуу кирели»,— дегенин элестетүү кыйын. Ал эми Муса Мисирдеги ысрайылдыктарга: «Мен силерди Кызыл деңизден тосуп алам. Билген жолуңар менен келе бергиле»,— деген эмес. Жашыя болсо: «Жерихонун дубалдары кулаганда, мага билдирип койгула»,— деп эч качан айткан эмес. Ошондой эле Ышая башка бирөөнү көрсөтүп: «Мына ал, аны жибер»,— деген эмес (Ыш. 6:8).

9 Ыйык рухка өзүн жетектөөгө жол берген адамдардын эң эле көрүнүктүүсү — Иса Машаяк. Ал адамзаттын Куткаруучусу болууга даярдуулук менен макул болгон (Жкн. 3:16). Исанын жан аябастык менен көрсөткөн сүйүүсү бизге да жан аябас болууга түрткү бербейби? Көптөн бери аксакал болуп кызмат кылып келаткан бир бир тууган оторго болгон сезимдери менен бөлүшүп, мындай деген: «Исанын Петирге: „Койлорумду кайтар“,— деп айткан сөздөрү мага терең таасир этти. Жылдар оошкон сайын, мен мээримдүүлүктү чагылдырган эки ооз сөз же кичинекей эле жакшылык адамды канчалык кайраттандырарын түшүнүп жатам. Кайтаруучулук иштен мен аябай чоң кубаныч алам» (Жкн. 21:16).

10. Эркек бир туугандарга башкаларга кызмат кылуу жагынан Исаны тууроого эмне түрткү берет?

10 Арийне, жыйналыштагы ишенимдүү эркек бир туугандар Кудайдын оторуна кам көрүүдө Исанын маанайын чагылдырууну каалашат. Ал: «Мен силерди сергитем»,— деп айткан (Мт. 11:28). Кудайга болгон ишеним жана жыйналышка болгон сүйүү ага-инилерге бул жакшы ишке умтулууга түрткү берет. Алар бул иш чоң курмандыктарга барууну талап кылат же өтө эле оор деп эсептешпейт. Бирок кимдир бирөөнүн жоопкерчиликтерге умтулгусу келбей жатсачы? Ал жыйналышка кызмат кылууга каалоо өрчүтө алабы?

Кызмат кылууга каалоо өрчүт

11. Башкаларга кызмат кылууга каалоо өрчүтүүгө эмне жардам берет?

11 Эгер жоопкерчиликтерге умтулууга өзүңдү жөндөмсүз сезгениң тоскоол болуп жатса, ыйык рух сурап тиленгениң орундуу (Лк. 11:13). Жахабанын руху буга байланыштуу бардык тынчсызданууларыңды жоюуга көмөк кылат. Кызмат кылууга болгон каалоону Кудай өстүрөт, себеби анын руху эркек бир тууганга жоопкерчиликтерге умтулууга түрткү берип, ыйык кызматты аткарууга күч берет (Флп. 2:13; 4:13). Ошондуктан Жахабадан кызматтагы сыймыктуу жоопкерчиликтерди аркалоого каалоо өрчүтүүгө жардам сураганың абзел (Оку: Забур 24:4, 5).

12. Эркек бир тууган ага тапшырылган жоопкерчиликтерди аткарууга зарыл болгон акылмандыкка кантип ээ боло алат?

12 Кайсы бир бир тууганга отордун муктаждыктарына кам көрүү оор жана түйшүктүү сезилгендиктен, ал жоопкерчиликтерге умтулбай эле коюуну чечиши мүмкүн. Же болбосо андай милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон акылмандыкка ээ эмесмин деп ойлошу ыктымал. Ошондой болсо, балким, ал Кудайдын Сөзүн жана ага негизделген адабияттарды тереңирээк изилдөөнүн аркасында акылмандыкка ээ болууга умтулаттыр. Анын: «Кудайдын Сөзүн изилдөөгө атайын убакыт бөлүп жатамбы жана акылмандык сурап тиленемби?» — деп ойлонуп көргөнү дурус. Шакирт Жакып: «Кимдир бирөөңөргө акылмандык жетишпей жатса, баарына берешендик менен, жемелебей берген Кудайдан сурасын, ошондо ага берилет»,— деп жазган (Жкп. 1:5). Рухтун жетеги менен жазылган бул сөздөргө ишенесиңби? Кудай Сулаймандын тиленүүсүнө жооп кылып, ага «акылдуу, даанышман жүрөк» берген. Бул болсо Сулайманга сот иштерин жүргүзүүдө жаман-жакшыны ажырата билүүгө жардам берген (1 Пад. 3:7—14). Албетте, Сулаймандын жагдайы өзгөчө болгон. Бирок Кудай жыйналыштын жоопкерчиликтери тапшырылган эркек бир туугандарга, алар анын койлоруна тийиштүү түрдө кам көрө алышы үчүн, акылмандык берет деп ишенимдүү түрдө айта алабыз (Накыл 2:6).

13, 14. а) «Машаяктын сүйүүсү» Пабылга кандай таасир эткен? б) «Машаяктын сүйүүсү» бизге кандай таасир этиши керек?

13 Жахабанын жана анын Уулунун бизге кылган бардык жакшылыктары тууралуу терең ой жүгүртүү да башкаларга кызмат кылууга каалоо өрчүтүүгө жардам берет. Маселен, 2 Корунттуктар 5:14, 15-аяттарга көңүлүңөрдү бурсаңар. (Оку.) «Машаяктын сүйүүсү» кандайча бизге түрткү берүүчү күч болуп эсептелет? Машаяктын, Кудайдын эркине ылайык, биздин жыргалчылыгыбыз үчүн өз өмүрүн берүү менен көрсөткөн зор сүйүүсү жүрөгүбүздү козгоп, ыраазычылыкка толтурат. Анын сүйүүсү Пабылдын жашоосуна зор таасир эткен. Ал ага өзүмчүл болбоого, ошондой эле Кудайга, ишенимдештерине жана башка адамдарга кызмат кылууну жашоосундагы эң негизги максат кылууга түрткү берген.

14 Машаяктын адамдарга болгон сүйүүсү тууралуу ой жүгүртүү жан дүйнөбүздө ыраазычылык сезимин пайда кылат. Натыйжада биз «денеге себүү», атап айтканда, өзүмчүлдүктү чагылдырган мүдөө-максаттарга умтулуу жана керт башыбыздын эле жыргалчылыгын көздөп жашоо акылсыздык болуп каларын түшүнөбүз. Ошондой эле Кудай тапшырган ишти алдыңкы орунга коюу үчүн жашообузда өзгөрүүлөрдү жасайбыз. Андан сырткары, бир туугандарыбызга «сүйүү менен кул катары кызмат кылууга» түрткү алабыз (Оку: Галатиялыктар 5:13). Эгер өзүбүздү Жахабанын берилген кызматчыларына момундук менен кызмат кылган кулдай көрсөк, алардын кадыр-баркын сыйлап, урмат көрсөтөбүз. Биз сынчыл, соттоого маш Шайтандын рухун эч качан чагылдырбайбыз (Аян 12:10).

Үй-бүлөнүн колдоосу

15, 16. Үй-бүлө башчысынын кызмат жардамчысы же аксакал болуп дайындалышында үйүндөгүлөрү кандай роль ойнойт?

15 Эгер эркек бир туугандын аялы, балдары бар болсо, анын кызмат жардамчысы же аксакал болууга коюлган талаптарга жооп берер-бербеси каралганда, үй-бүлөсүндөгү жагдай-шарт эске алынат. Чынында, анын үй-бүлөсүнүн рухийлиги жана аброю анын дайындалышына түздөн-түз таасир этет. Бул жыйналыштын кызыкчылыктары үчүн кызмат жардамчысы же аксакал болуп кызмат кылууга умтулган үй-бүлө башчысына үй-бүлөнүн колдоо көрсөткөнү маанилүү экенин баса белгилеп турат (Оку: 1 Тиметей 3:4, 5, 12).

16 Үй-бүлө мүчөлөрүнүн бири-бири менен кызматташканы Жахабага жагат (Эф. 3:14, 15). Үй-бүлө башчысынын жыйналыштагы жоопкерчиликтерин аткарышы жана үйүндөгүлөрүн «жакшы башкара билиши» үчүн тең салмактуулук талап кылынат. Андыктан аксакалдын же кызмат жардамчысынын жубайы жана балдары менен үй-бүлөлүк сыйынууну жума сайын өткөрүп, Ыйык Китепти баары пайда алгыдай кылып изилдеши кажет. Андан тышкары, ал алар менен кабарга үзгүлтүксүз чыгып турушу керек. Ошол эле учурда үй-бүлө мүчөлөрүнүн үй-бүлө башчысына жөлөк-таяк болгону да маанилүү.

Кайрадан кызмат кыла аласыңбы?

17, 18. а) Сыймыктуу жоопкерчиликтерди аркалабай калган бир тууганга эмне кылуу керек болушу мүмкүн? б) Мурун аксакал же кызмат жардамчысы болгон бир туугандын кандай маанай сактаганы дурус?

17 Балким, сен бир учурда аксакал же кызмат жардамчысы болуп, бирок азыр андай кызматты аркалабайттырсың. Сен Жахабаны жакшы көрөсүң. Анын дагы деле сага кам көрөрүнө толук ишенсең болот (1 Пет. 5:6, 7). Сага кандайдыр бир өзгөрүүлөрдү жасашың керектиги айтылды беле? Кемчилик-катаңды мойнуңа алып, Кудайдын жардамы менен анын үстүнөн иштөөгө аракет кыл. Ачуулуу болуп кетүүдөн сак бол. Акыл-эстүү бол жана оң маанай сакта. Бир канча жыл аксакал болуп кызмат кылып, бирок кийинчерээк андай кызматты аткарбай калган бир ишенимдешибиз мындай дейт: «Мен жолугушууларга катышууга, талаа кызматына чыгууга, Ыйык Китепти изилдөөгө аксакал болуп кызмат кылып жүргөн кезимдегидей эле олуттуу маани берүүгө чечкиндүү болдум. Ошентип, максатыма жетип, кайрадан сыймыктуу жоопкерчиликтериме ээ боло алдым. Мен чыдамкайлыкка үйрөндүм, анткени жоопкерчиликтериме бир-эки эле жылда ээ болом деп ойлогом, бирок кайрадан аксакал болуп кызмат кылгыча, дээрлик жети жыл өттү. Ошол учурда дем-күч алганым мага ындынымды өчүрбөстөн, белди бекем бууп, алга умтула берүүгө чоң жардам берди».

18 Эгер сенин да жагдайың ушул бир туугандыкындай болсо, көңүлүңдү чөгөрбө. Жахабанын кызматыңа жана үй-бүлөңө кандай баталарды берип жатканы жөнүндө ой жүгүрт. Үй-бүлөңдүн рухийлигин бекемде, ооруп жаткандарга барып, ал-жайын сура, алсыздарды колдо. Эң маанилүүсү, Кудайды даңазалоо жана Жахабанын Күбөсү катары Падышалык жөнүндөгү жакшы кабарды жарыялоо сыймыгын жогору баала * (Заб. 144:1, 2; Ыш. 43:10—12).

Жаңы көз караш менен карап көр

19, 20. а) Чөмүлтүлгөн эркек бир туугандардын баары эмне кылууга чакырылат? б) Кийинки макалада эмне каралат?

19 Учурда көзөмөлчүлөргө жана кызмат жардамчыларына болгон муктаждык болуп көрбөгөндөй чоң. Ошо себептен биз чөмүлтүлгөн эркек бир туугандардын баарын жагдай-шартына жаңы көз караш менен карап көрүп: «Эгер кызмат жардамчысы же аксакал болуп кызмат кылбасам, эмне себептен кызмат кылбай жатам?» — деп ойлонуп көрүүгө чакырабыз. Кудайдын руху сага бул орчундуу маселеге карата туура көз карашта болууга жардам берсин.

20 Жыйналыштагылардын баары жанын берип кызмат кылган бир туугандардын аракетинен пайда алышат. Боорукердикти, жан аябастыкты чагылдырган иштерди кылсак, башкаларга кызмат кылуудан жана «рухка себүүдөн» келүүчү кубанычка бөлөнөбүз. Бирок, кийинки макалада карала тургандай, биз Кудайдын ыйык рухун капалантпашыбыз керек. Ыйык рухту капалантуудан кантип кача алабыз?

[Шилтемелер]

Эмне деп жооп берет элеңер?

Михей 5:5теги пайгамбарлык бизди эмнеге ынандырат?

• Жан аябастык руху өз ичине эмнени камтый турганын түшүндүргүлө.

• Башкаларга кызмат кылууга болгон каалоону кантип өрчүтүүгө болот?

• Эркек бир тууган кызмат жардамчысы же аксакал болуп кызмат кыла алышы үчүн, үй-бүлөсүнүн колдоо көрсөткөнү канчалык маанилүү?

[Изилдөө суроолору]

[25-беттеги сүрөт]

Сыймыктуу жоопкерчиликтерге ээ болуу үчүн эмне кылсаң болот?