Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Аялдар, эмне үчүн башчылыкка баш ийишиңер керек?

Аялдар, эмне үчүн башчылыкка баш ийишиңер керек?

Аялдар, эмне үчүн башчылыкка баш ийишиңер керек?

«Аялдын башчысы эркек» (1 КОР. 11:3).

1, 2. а) Элчи Пабыл Жахабанын башчылыкка жана баш ийүүгө байланыштуу бекиткен тартиби тууралуу эмне деп жазган? б) Бул макалада кайсы суроолорду карап чыгабыз?

ЖАХАБА башчылыкка байланыштуу белгилүү бир тартип бекиткен. Ал тууралуу элчи Пабыл: «Ар бир эркектин башчысы Машаяк, аялдын башчысы эркек, Машаяктын башчысы Кудай»,— деп жазган (1 Кор. 11:3). Мурунку макалада Исанын өзүнүн Башчысына, Жахаба Кудайга, баш ийүүнү сыймык катары көрүп, андан кубаныч аларын жана Исанын жолун жолдогон эркектердин башчысы Машаяк экенин карап чыкканбыз. Машаяк адамдарга боорукердик, жумшактык, жан аябастык, аёо сезими менен мамиле кылган. Жыйналыштагы эркектер да башкаларга, өзгөчө, аялдарына ошондой мамиле кылышы керек.

2 Ал эми аялдар тууралуу эмне айтууга болот? Алардын башчысы ким? «Аялдын башчысы эркек»,— деп жазган Пабыл. Аялдар рухтун жетеги менен жазылган бул сөздөргө кандай карашы керек? Бул принцип жолдошу ишенимдеши болбогон зайыптарга да тиешелүүбү? Эркекке баш ийүү деген аялдын никеде үндөбөгөн, сөздөбөгөн өнөктөш болуп, чечим чыгарылып жатканда, өз оюн айтпашы керектигин билдиреби? Аял канткенде мактоого татыктуу боло алат?

«Ага... жардамчыны жараталы»

3, 4. Никеде башчылык тартибине кармануу эмне үчүн пайдалуу?

3 Үй-бүлөдө ким башчылык кылышы керектигин Кудай бекиткен. Адам жаратылгандан кийин, Жахаба Кудай: «Адамга жалгыз болуу жакшы эмес, ага ылайык жардамчыны жараталы»,— деген. Обо жаратылганда, жан шерикке жана жардамчыга ээ болгонуна ушунчалык сүйүнгөндүктөн Адам: «Бул — менин сөөгүмдөн чыккан сөөк, этимден чыккан эт»,— деп айткан (Башт. 2:18—24). Адам менен Обо жер бетиндеги бейиште бакытка бөлөнүп, түбөлүк жашай турган жеткилең адамдардын ата-энеси боло алышмак.

4 Бирок түпкү ата-энебиздин баш ийбестигинен улам бүт адамзат Эйден багындагы эң сонун жагдай-шарттан кол жууп калган (Оку: Римдиктер 5:12). Бирок башчылык тартиби эч өзгөргөн жок. Эгер күйөө туура башчылык кылса, ал эми аял даярдуулук менен баш ийсе, никеде бакыт жана ырыс-береке болот. Натыйжада Иса өз Башчысы Жахабага баш ийүүдөн кандай кубаныч алса, жубайлар да ошондой кубаныч алышат. Иса жерге келгенге чейин «[Жахабанын] алдында ар дайым кубанып турган» (Накыл 8:30). Жеткилеңсиз болгондуктан эркектер жеткилең башчы боло алышпайт, аялдар болсо жеткилең түрдө баш ие алышпайт. Анткен менен күйөөлөр менен аялдар колунан келгендин баарын кылышса, башчылык тартибине кармануу менен алар никеден бүгүнкү күндө ээ болууга мүмкүн болгон зор канааттануу ала алышат.

5. Жубайлар Римдиктер 12:10до жазылган кеңешке эмне үчүн кулак кагышы керек?

5 Никеде бактылуу болуу үчүн жубайлардын Исанын бардык жолдоочуларына берилген: «Биртуугандык сүйүүңөрдү назиктик менен көрсөткүлө. Бири-бириңерге урмат көрсөтүүдө демилгени колго алгыла»,— деген кеңешти колдонгону абдан маанилүү (Рим. 12:10). Андан тышкары, күйөөлөр да, зайыптар да бири бирине «кайрымдуу, өзгөчө боорукер болууга» жана бири-бирин «айкөлдүк менен кечирүүгө» бүт күч-аракетин жумшашы керек (Эф. 4:32).

Өмүрлүк жарың ишенимдешиң болбосо...

6, 7. Исаны жолдогон зайып ишенимдеши болбогон күйөөсүнө баш ие берсе, натыйжасы кандай болушу мүмкүн?

6 Эгер өмүрлүк жарың Жахабанын кызматчысы болбосочу? Көбүнчө күйөөлөр Жахабага кызмат кылышпайт. Мындайда аялдар аларга кандай мамиле кылышы керек? Ыйык Китепте мындай жооп камтылат: «Силер, аялдар, күйөөңөргө баш ийгиле. Кудайдын Сөзүнө баш ийбегендери сөзүңөр аркылуу эмес, жүрүм-турумуңар аркылуу баш ийгидей болушсун. Алар силердин терең урмат-сыйыңарды, таза жүрүм-турумуңарды көрүп, Сөзгө баш ийишсин» (1 Пет. 3:1, 2).

7 Кудайдын Сөзү аялдарды ишенимдеши болбогон күйөөсүнө баш ийүүгө чакырат. Аялынын үлгүлүү жүрүм-туруму күйөөсүнө анын эмнеден улам өзүн жакшы алып жүргөнү жөнүндө ойлонууга түрткү бериши мүмкүн. Натыйжада ал Исанын жолун жолдогон зайыбынын ишеними тууралуу көбүрөөк билүүнү каалап, акыр-аягы, чындыкты кабыл алышы ыктымал.

8, 9. Исанын жолдоочусу болгон аял, күйөөсү анын үлгүлүү жүрүм-турумуна жакшы жооп кайтарбаса, эмне кыла алат?

8 Ишенимдеши болбогон күйөөсү аялынын үлгүлүү жүрүм-турумуна жакшы жооп кайтарбасачы? Ыйык Жазма аялдарды бардык учурда, оор болсо да, Кудайга жаккан сапаттарды чагылдырууга үндөйт. Мисалы, 1 Корунттуктар 13:4төн: «Сүйүү чыдамкай»,— дегенди окуйбуз. Исанын жолун жолдогон зайып «дайыма момун, жумшак, чыдамкай болууга», «сүйүү көрсөтүү менен... көтөрүмдүү болууга» чакырылат (Эф. 4:2). Кудайдын иш-аракет кылуучу күчүнүн — ыйык рухтун — жардамы менен Кудайга жаккан сапаттарды, атүгүл оор жагдайларда чагылдырууга болот.

9 «Мага күч-кубат бергендин жардамы менен баарын кыла алам»,— деп жазган Пабыл (Флп. 4:13). Кудайдын руху Исанын жолдоочусу болгон жубайга ал рухтун жардамысыз кылууга мүмкүн болбогон нерселерди кылууга күч берет. Маселен, түгөйлөрдүн биринин жаман мамилесине экинчиси ошондой жооп кайтаргысы келиши мүмкүн. Бирок Ыйык Китепте Исанын бардык жолдоочуларына: «Жамандыкка жамандык менен жооп бербегиле... Анткени Ыйык Жазмада: „Өч меники, тиешесин мен берем, дейт Жахаба“»,— деп айтылат (Рим. 12:17—19). Ал эми 1 Тесалоникалыктар 5:15те: «Эч кимиңер жамандыкка жамандык менен жооп бербегиле, тескерисинче, дайыма бири-бириңерге жана башкаларга жакшылык кылууга умтулгула»,— деген кеңеш камтылат. Жахабанын ыйык рухунун жардамы менен өз күчүбүз менен кыла албай турган нерселерди кыла алабыз. Андыктан Кудайдан ыйык руху аркылуу бизге зарыл жардам көрсөтүшүн сурап тиленгенибиз кандай гана маанилүү!

10. Иса башкалардын жаман сөздөрүнө жана жаман мамилесине кандай жооп кайтарган?

10 Иса жаман сүйлөгөн же жаман мамиле кылгандарга кандай жооп кайтаруу керектигине байланыштуу мыкты үлгү калтырган. «Кордошкондо, ал кордоо менен жооп кайтарган эмес,— делет 1 Петир 2:23тө.— Азап тартканда эч кимди коркуткан эмес, тескерисинче, өзүн адилеттүү Сотко тапшырган». Биз анын мыкты үлгүсүнө карманууга чакырылабыз. Андыктан башкалардын жаман жүрүм-турумуна кыжырданбагыла. Исанын жолдоочуларына кеңеш берилгендей, «өзгөчө боорукер жана момун болгула. Жамандык кылганга жамандык менен, кордогонго кордоо менен жооп бербегиле» (1 Пет. 3:8, 9).

Зайып үндөбөгөн өнөктөш болушу керекпи?

11. Исанын жолун жолдогон аялдардын айрымдары кандай сыймыкка ээ болушат?

11 Күйөөнүн башчылыгына баш ийүү аялдын никеде үндөбөгөн өнөктөш болушу керектигин, үй-бүлөлүк же башка маселелерде өз оюн айтууга укугу жок экенин билдиреби? Албетте, андай эмес. Жахаба аялдарды да, эркектерди да көп сыймыкка ээ кылууда. Асманда Иса менен бирге жер бетине падышалык кылып, дин кызматчы боло турган 144 000 кишинин кандай зор сыймыкка ээ болору тууралуу ойлонуп көрсөңөр! Алардын арасында аялдар да бар (Гал. 3:26—29). Ооба, Жахаба өзүнүн түзүлүшүндө аялдарга маанилүү роль ыйгарган.

12, 13. Аялдардын пайгамбарлык кылганын көрсөткөн мисал келтиргиле.

12 Мисалы, байыркы учурда аялдар пайгамбарлык кылышкан. Жоел 2:28, 29-аяттарда: «Мен ар бир адамдын үстүнө Өз Рухумду төгөм, ошондо уулдарыңар менен кыздарыңар пайгамбарчылык кылышат... Ошол күндөрү Мен кулдардын үстүнө да, күңдөрдүн үстүнө да Өз Рухумду төгөм»,— деген пайгамбарлык жазылган.

13 Иерусалимде өткөрүлгөн Элүүнчү күн майрамында үстүнкү бөлмөгө чогулган Исанын 120дай шакиртинин арасында эркектер да, аялдар да бар болчу. Кудайдын руху алардын баарына төгүлгөн. Ошо себептен Петир Жоел пайгамбардын алдын ала айткан сөздөрүнөн цитата келтирип, ал сөздөрдү эркектерге да, аялдарга да карата колдонгон. Ал мындай деген: «Бул окуя жөнүндө Жоел пайгамбар аркылуу мындай деп алдын ала айтылган: „Акыркы күндөрдө,— дейт Кудай,— өзүмдүн рухумду ар кандай адамдарга төгөм. Ошондо уул-кыздарыңар пайгамбарлык кылышат... атүгүл кулдарым менен күңдөрүмө да рухумду төгөм, алар да пайгамбарлык кылышат“» (Элч. 2:16—18).

14. Биринчи кылымда аял кишилер Исанын окууларын таратууда кандай роль ойношкон?

14 Биринчи кылымда аял кишилер Исанын окууларын таратууда чоң роль ойношкон. Алар Кудайдын Падышалыгы жөнүндө кабар айтышкан жана ошол ишке байланыштуу жумуштарды аткарышкан (Лк. 8:1—3). Алсак, элчи Пабыл Фибини «Кенхиреядагы жыйналышта кызмат кылган биртууган» деп атаган. Ошондой эле ишенимдештерине салам жолдогондо ал көптөгөн ишенимдүү аялдарга, алардын ичинде «Мырзабыздын жолунда талыкпай эмгектенген... Трифана менен Трифосага» салам айткан. Андан тышкары, ал «Мырзабыздын жолунда көп эмгек кылган сүйүктүү биртууганыбыз Персисти» да айтып өткөн (Рим. 16:1, 12).

15. Биздин күндөрдө жакшы кабарды таратууда аял заты кандай роль ойнойт?

15 Биздин күндөрдө Кудайдын Падышалыгы жөнүндөгү жакшы кабарды бүткүл дүйнө жүзү боюнча жарлап жаткан 7 000 000дон ашуун кишинин басымдуу бөлүгүн аял заты түзөт (Мт. 24:14). Алардын көбү — толук убакыттуу кызматчылар, миссионерлер жана Бейтел үй-бүлөлөрүнүн мүчөлөрү. Забурчу Дөөтү: «Теңир сөз айтат, аны көп адамдар [аялдар, «ЖД»] жар салат»,— деп ырдаган (Заб. 67:12). Бул сөздөрдүн калетсиздигине шек жок! Жахаба аял затынын жакшы кабардын таратылышына жана анын эркинин аткарылышына кошкон салымын жогору баалайт. Арийне, Жахаба Исанын жолдоочусу болгон аялдардан башчылыкка баш ийүүнү талап кылганы алардын үндөбөй баш ийиши керектигин билдирбейт.

Тийиштүү иш-аракет кылган эки аял

16, 17. Сааранын мисалы аялдын никеде жөн эле үндөбөгөн өнөктөш эмес экенин кандайча көрсөтүп турат?

16 Эгер Жахаба аял кишилерге көптөгөн сыймыктарды тапшырса, күйөөлөр олуттуу чечим чыгарар алдында аялдары менен кеңешиши керек эмеспи? Кеңешкени акылдуулукка жатат. Жазмада өз оюн ачык билдирген же өз демилгеси менен иш кылган зайыптар жөнүндө айтылат. Буга байланыштуу эки окуяга токтололу.

17 Уруу башчысы Ыбрайымдын жубайы Саара андан күңү менен анын уулун, алар урмат көрсөтпөгөндүктөн, кетирип жиберүүнү суранган. «Бул сөз Ыбрайымга катуу тийип», капаланткан. Бирок Жахаба буга башкача караган. Ал Ыбрайымга: «Уулуң менен күңүң үчүн кайгырба. Сааранын айтканынын баарын кыл, анын тилин ал»,— деген (Башт. 21:8—12). Ыбрайым Жахабага баш ийип, Саараны уккан жана анын суранычын орундаткан.

18. Абигейил кандайча демилгени колго алган?

18 Набалдын зайыбы Абигейилди да мисалга алалы. Дөөтү ичи тар Шабул падышадан качып жүрүп Набалдын оторлору жайылчу жерден анча алыс эмес жерге жайланышып калат. Дөөтү менен анын жан-жөкөрлөрү ал бай кишинин мал-мүлкүнө кол салышкан эмес, тескерисинче, аны коргошкон. Бирок Набал «катаал, каардуу киши» болгондуктан Дөөтүнүн кишилерине «орой мамиле кылган». Ал «акылсыз», начар киши эле. Дөөтүнүн кишилери ага келип, сылыктык менен тамак-аш сурашканда, ал бербей койгон. Абигейил муну укканда эмне кылган? Күйөөсүнө айтпай эле ал «шашылыш түрдө эки жүз нан, эки чанач шарап, союлуп бышырылган беш кой, беш ченем кургатылган дан, жүз таңгак мейиз, эки жүз таңгак анжыр алып», Дөөтүгө жана аны коштоп жүргөндөргө алып барып берген. Абигейил туура кылганбы? Ооба, анын туура кылганын ошондон кийин болгон окуялар көрсөтүп турат. «Теңир Набалды өлтүрдү. Ал өлдү»,— деп айтылат Ыйык Китепте. Кийинчерээк Дөөтү Абигейилге үйлөнгөн (1 Шем. 25:3, 14—19, 23—25, 38—42).

«Мактоого татыктуу» аял

19, 20. Аял затын эмне чындап мактоого татыктуу кылат?

19 Ыйык Жазмада Жахабанын жолдору менен жүргөн аялдын мактоого татыктуу экени айтылат. Накыл сөздөр китебинде «жакшы аял» тууралуу мындай мактоо сөздөрү жазылат: «Анын баасы асыл берметтерден да жогору. Ага күйөөсүнүн жүрөгү ишенет, күйөөсү кирешесиз калбайт. Ал күйөөсүнө өмүрү өткөнчө жамандык менен эмес, жакшылык менен гана кайтарат... Акылмандык менен сүйлөйт, момундук менен акыл-насаат айтат. Ал өз үйүндөгү чарбасына көз салат, бекер тамак жебейт. Балдары туруп, аны сыйлашат, күйөөсү туруп, аны мактайт» (Накыл 31:10—12, 26—28).

20 Аял затын эмне чындап мактоого татыктуу кылат? «Сүйкүмдүүлүк алдап кетет, сулуулук өтүп кетет,— делет Накыл сөздөр 31:30да,— бирок Теңирден корккон аял мактоого татыктуу». Жахабадан коркууга анын башчылыкка байланыштуу бекиткен тартибине даярдуулук менен баш ийүү да кирет. «Ар бир эркектин башчысы Машаяк» жана «Машаяктын башчысы Кудай» болгондой эле, «аялдын башчысы эркек» (1 Кор. 11:3).

Кудайдын белегине ыраазы болгула

21, 22. а) Исанын баш кошкон жолдоочуларында Кудайга ыраазычылык билдирүүгө кандай себептер бар? б) Биз Жахабанын бийликке жана башчылыкка байланыштуу тартибине эмне үчүн урмат көрсөтүшүбүз керек? (17-беттеги кутучаны карагыла.)

21 Исанын баш кошкон жолдоочуларында Кудайга ыраазычылык билдирүүгө көптөгөн себептер бар! Айрыкча, алар нике түйүнүнө, Кудайдын белегине, ыраазы болушса болот, анткени нике аларга өмүр жолдорун бириктирип, Жахабага бактылуу жубайлар катары кол кармашып кызмат кылууга жол ачат (Рут 1:9; Мих. 6:8). Үй-бүлөнүн Негиздөөчүсү Жахаба үй-бүлө бактылуу болушу үчүн эмне талап кылынарын жакшы билет. Андыктан дайыма анын жолу менен жүргүлө, ошондо атүгүл бүгүнкү коогалаңдуу дүйнөдө да «Теңирдин алдында кубануу силерге күч болот» (Нек. 8:10).

22 Аялын өзүн сүйгөндөй сүйгөн күйөө башчылыкты назиктик жана боорукердик менен жүргүзөт. Ал эми анын Кудайдан корккон аялы аны бардык жагынан колдоп, терең урматтагандыктан чындап сүйүктүү болот. Баарынан маанилүүсү, алардын никеси алкыш-даңкка татыктуу Жахаба Кудайыбызга даңк алып келет.

Эсиңердеби?

• Жахаба башчылыкка жана баш ийүүгө байланыштуу кандай тартип бекиткен?

• Жубайлар эмне себептен бири-бирин урматташы керек?

• Жахабага кызмат кылган зайып ишенимдеши болбогон күйөөсүнө кандай мамиле кылышы кажет?

• Күйөө олуттуу чечим чыгарарда эмне себептен аялы менен кеңешиши керек?

[Изилдөө суроолору]

[17-беттеги кутуча]

Эмне себептен бийликти урматтоо керек?

Жахаба аң-сезимдүү жаратуулары үчүн бийликке жана башчылыкка байланыштуу тартип бекиткен. Ал тартип рухий жаратуулардын да, адамзаттын да пайдасы үчүн караштырылган. Ал аларга чечим чыгаруу эркиндигин колдонууга жана Кудайга биримдикте, ынтымакта кызмат кылуу менен ага даңк алып келүүгө мүмкүнчүлүк берет (Заб. 132:1).

Исанын майланган жолдоочуларынын жыйналышы Иса Машаяктын бийлигине жана башчылыгына баш иет (Эф. 1:22, 23). Жахабанын бийлигине баш иерин көрсөтүп, акыр-аягы, «Кудай баарына бардыгы болушу үчүн, Уулу өзү да ага баарын баш ийдиргенге баш иет» (1 Кор. 15:27, 28). Анда Кудайга арналган адамдардын жыйналышта жана үй-бүлөдө анын башчылыкка байланыштуу бекиткен тартибине карманганы кандай гана маанилүү! (1 Кор. 11:3; Эвр. 13:17). Ошентсек, биз Жахабанын ырайымына жана батасына ээ болобуз (Ыш. 48:17).

[13-беттеги сүрөт]

Тиленүү Исанын жолун жолдогон жубайга Кудайга жаккан сапаттарды чагылдырууга жардам берет

[15-беттеги сүрөт]

Жахаба аял затынын Падышалыктын кызыкчылыктарын алга жылдырууга кошкон салымын жогору баалайт