Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Жахабанын ыйык рухун капалантпагыла

Жахабанын ыйык рухун капалантпагыла

Жахабанын ыйык рухун капалантпагыла

«Кудайдын ыйык рухун капалантпагыла. Ал рух менен... мөөрлөнгөнсүңөр» (ЭФ. 4:30).

1. Жахаба миллиондогон адамдар үчүн эмне кылууда жана алар эмне кылууга милдеттүү?

ЖАХАБА бүгүнкү тынчы кеткен дүйнөдө миллиондогон адамдар үчүн өзгөчө бир нерсе кылууда. Ал аларга жалгыз Уулу Иса Машаяк аркылуу өзүнө жакындоого мүмкүнчүлүк берип жатат (Жкн. 6:44). Эгер өзүңдү Кудайга арнасаң жана арналууңа ылайык жашап жатсаң, сен да алардын катарындасың. Ыйык рухтун атынан чөмүлтүлгөн киши катары сен ошол рухтун жетекчилигине ылайык жашоого милдеттүүсүң (Мт. 28:19).

2. Кайсы суроолорду карап чыгабыз?

2 Биз «рухка сээп», жаңы табиятка кийингенбиз (Гал. 6:8; Эф. 4:17—24). Бирок элчи Пабыл бизге Кудайдын ыйык рухун капалантуудан сак болууну эскерткен (Оку: Эфестиктер 4:25—32). Эми анын ошол кеңешин кененирээк карап чыгалы. Пабыл Кудайдын рухун капалантпоо жөнүндө айтканда эмне дегиси келген? Жахабага арналгандар ал рухту кантип капалантып алышы мүмкүн? Жахабанын рухун капалантуудан кантип кача алабыз?

Пабыл эмнени айткысы келген?

3. Эфестиктер 4:30дагы сөздөрдүн маанисин кантип түшүндүрүп берет элеңер?

3 Адегенде Пабылдын Эфестиктер 4:30дагы сөздөрүнө көңүл бурсаңар. Ал: «Кудайдын ыйык рухун капалантпагыла. Ал рух менен силер кун аркылуу боштондукка чыгуу күнүнө мөөрлөнгөнсүңөр»,— деп жазган. Пабыл сүйүктүү ишенимдештеринин өздөрүнүн рухийлигине доо кетирип алышын каалаган эмес. Алар Жахабанын руху менен «кун аркылуу боштондукка чыгуу күнүнө мөөрлөнүшкөн». Кудайдын руху азыр деле мөөр болуп эсептелет, башкача айтканда, ал актыгын сактаган майлангандарга берилген «келечектеги нерсенин кепилдиги» болуп саналат (2 Кор. 1:22). Ал мөөр алардын Кудайдын энчиси экенин жана асманда жашоого тандалганын айгинелейт. Биротоло мөөрлөнгөн майлангандардын саны 144 000ди түзөт (Аян 7:2—4).

4. Кудайдын рухун капалантуудан сак болуу эмне үчүн маанилүү?

4 Исанын жолдоочусу ыйык рухту капалантса, бул Кудайдын иш-аракет кылуучу күчүнүн анын жашоосуна таптакыр таасир этпей калышына алып келиши ыктымал. Мындай болушу мүмкүн экени Дөөтүнүн Бат-Шеба менен күнөө кылгандан кийин айткан сөздөрүнөн көрүнүп турат. Дөөтү өкүнүп, Жахабадан: «Менден жүзүңдү бурба, менден Өзүңдүн Ыйык Рухуңду алба»,— деп жалбарган (Заб. 50:13). Майлангандардын өмүрүнүн акырына чейин ишенимдүү болгондору гана асманда өлбөстүктүн «таажысын» ала алышат (Аян 2:10; 1 Кор. 15:53). Исанын жерде жашоого үмүттөнгөн жолдоочулары да Кудайдын алдында актыгын сакташы үчүн жана Машаяктын курмандыгына болгон ишениминин негизинде өмүр белегин алышы үчүн ыйык рухка муктаж (Жкн. 3:36; Рим. 5:8; 6:23). Андыктан баарыбыз Жахабанын рухун капалантуудан сак болушубуз керек.

Исанын жолдоочусу ыйык рухту кантип капалантышы мүмкүн?

5, 6. Исанын жолдоочусу Жахабанын рухун кантип капалантышы мүмкүн?

5 Исанын ишенимдүү жолдоочулары катары биз рухту капалантуудан кача алабыз. Кантип? «Рухтун жетеги менен жашоо менен». Анткени ошондо биз дене кумарларына багынып бербейбиз жана жаман сапаттарды өрчүтпөйбүз (Гал. 5:16, 25, 26). Бирок дайыма сак болушубуз керек. Акырындык менен, балким, өзүбүз деле байкабай рухтун жетеги менен жазылган Кудайдын Сөзүндө айыпталган иштерге иришип кетсек, кандайдыр бир деңгээлде ыйык рухту капалантышыбыз мүмкүн.

6 Эгер дайыма эле ыйык рухтун жетегине каршы иш кыла берсек, биз аны жана анын Булагы Жахабаны капаланткан болмокпуз. Эфестиктер 4:25—32-аяттарды изилдөөнүн аркасында жүрүм-турумубуз кандай болушу керектигин жана Кудайдын рухун капалантуудан кантип качсак болорун билебиз.

Ыйык рухту капалантуудан кантип кача алабыз?

7, 8. Эмне себептен чынчыл болушубуз керектигин түшүндүргүлө.

7 Чынчыл болушубуз керек. Эфестиктер 4:25те Пабылдын: «Жалгандыктан баш тарткан соң, мындан ары ар бириңер жакыныңарга чындыкты сүйлөгүлө, анткени биз бир дененин мүчөлөрүбүз»,— деген сөздөрү жазылган. Биз «бир дененин мүчөлөрү» болуп бириккенбиз, ошондуктан ишенимдештерибизге арамзалык менен мамиле кылбоого, аларды атайылап жаңылыш ойдо калтырбоого тийишпиз, себеби бул алдамчылыкка барабар. Мындай жолго түшкөн киши жолунан бурулбаса, анын Кудай менен болгон мамилеси үзүлөт (Оку: Накыл 6:16—19).

8 Жалгандыкка жаткан сөздөр же иштер жыйналыштын биримдигин ыдыратышы ыктымал. Андыктан биз Даниел пайгамбардай чынчыл болушубуз керек; башкалар андан эч кандай айып таба алышкан эмес (Дан. 6:4). Андан сырткары, Пабылдын асманда жашоого үмүттөнгөн Исанын жолдоочуларына берген кеңешин эстен чыгарбашыбыз зарыл. Ал «Машаяктын денесинин» ар бир мүчөсү башка мүчөлөрүнө таандык экенин жана Исанын майланган жолдоочусу башка чынчыл майлангандар менен болгон биримдигин сакташы керектигин айткан (Эф. 4:11, 12). Эгер жер бетиндеги Бейиште түбөлүк жашоого үмүттөнсөк, биз да чындыкты сүйлөшүбүз керек. Ошондо бүткүл дүйнөлүк бир туугандыктын биримдиги бекем болушуна салым кошкон болобуз.

9. Эфестиктер 4:26, 27деги кеңешке ылайык иш кылганыбыз эмне үчүн маанилүү?

9 Ибилиске каршы туруп, анын рухийлигибизге зыян келтиришине жол бербешибиз керек (Жкп. 4:7). Ыйык рух бизге Шайтанга каршы турууга жардам берет. Мисалы, ачууга алдырбоо менен ага каршы тура алабыз. Пабыл: «Ачууланганыңарда күнөө кетирбегиле. Ачууңарды күн батканча баскыла жана Ибилиске орун бербегиле»,— деп жазган (Эф. 4:26, 27). Негиздүү түрдө ачуулансак да, ичибизден дароо тиленүү «сабырдуу болууга», өзүбүздү башкара билип, Кудайдын рухун капаланта турган иштерден качууга жардам берет (Накыл 17:27). Андыктан ачуунун ичибизден жай табышына жол бербейли, антпесе, Шайтанга ошол абалыбыздан пайдаланып, бизди кандайдыр бир жаман ишке түртүшүнө шарт түзүп берип коюшубуз мүмкүн (Заб. 36:8, 9). Ага каршы туруунун бир жолу — Исанын кеңешине карманып, келишпестиктерди дароо чечүү (Мт. 5:23, 24; 18:15—17).

10, 11. Эмне себептен уурдабашыбыз жана чынчылдыкка жатпаган иштерди кылбашыбыз керек?

10 Уурдабашыбыз жана чынчылдыкка жатпаган иштерге барбашыбыз керек. Уурулукка карата Пабыл мындай деген: «Ким уурулук кылып жүрсө, мындан ары уурулук кылбасын. Андан көрө, муктаж болгонго бир нерсе бере алгыдай болушу үчүн, өз колу менен пайдалуу иш аткарып, тырышчаактык менен эмгектенсин» (Эф. 4:28). Эгер Исанын арналган жолдоочусу уурулукка барса, ал Кудайдын ысмын каралап, ага тил тийгизмек (Накыл 30:7—9). Атүгүл жакырчылык да уурулукту актабайт. Кудайды жана жакындарын сүйгөндөр уурулуктун эч качан акталбасын билишет (Мр. 12:28—31).

11 Жогорудагы аятта Пабыл эмне кылбашыбыз керектигин эле эмес, эмне кылышыбыз керектигин да айтып өткөн. Рухтун жетеги менен жашасак, биз үй-бүлөбүзгө кам көрө алышыбыз үчүн жана «муктаж болгонго бир нерсе бере алгыдай болушубуз» үчүн күжүрмөн эмгектенебиз (1 Тим. 5:8). Иса менен анын элчилери кедей-кембагалдарга жардам берүү үчүн акча бөлүп турушкан, бирок саткын Жүйүт Искариот ошол акчадан уурдап жүргөн (Жкн. 12:4—6). Анын ыйык рухка жетектелбегени айкын. Биз Кудайдын рухуна жетектелген адамдар катары, Пабылдан үлгү алып, «бардык жагынан чынчыл болобуз» (Эвр. 13:18). Ошентүү менен Жахабанын ыйык рухун капалантуудан качабыз.

Рухту капалантуудан качуунун башка жолдору

12, 13. а) Эфестиктер 4:29да көрсөтүлгөндөй, биз кандай сөздөрдү сүйлөөдөн качышыбыз керек? б) Сүйлөгөн сөзүбүз кандай болушу керек?

12 Тилибизди башкара билишибиз керек. Пабыл: «Оозуңардан бир да чириген сөз чыкпасын, тескерисинче, уккандарга пайда алып келиши үчүн, зарыл болгондо, аларды бекемдей турган сөздөрдү сүйлөгүлө»,— деген (Эф. 4:29). Мында да Пабыл эмне кылбашыбыз керектигин эле эмес, эмне кылышыбыз керектигин да айткан. Кудайдын рухунун таасири менен биз «уккандарга пайда алып келиши үчүн,.. аларды бекемдей турган сөздөрдү сүйлөөгө» умтулушубуз абзел. Ошондой эле оозубуздан бир да «чириген сөз» чыкпашы керек. «Чириген» деп берилген грек сөзү чириген жемишке, бузулган балыкка же этке карата колдонулат. Мындай тамак-аштан жийиркенгенибиздей эле, биз Жахаба жаман деп эсептеген тилди жек көрөбүз.

13 Сөзүбүз адептүү, жылуу-жумшак, «туз менен татытылгандай болушу» керек (Кол. 3:8—10; 4:6). Адамдар сүйлөгөн сөзүбүздөн биздин башкалардан айырмаланып турарыбызды баамдай алгыдай болушу зарыл. Андыктан дайыма «бекемдей турган сөздөрдү сүйлөйлү». Ошондо: «Оозумдан чыккан сөздөрүм менен жүрөгүмдөгү ойлорум Сага жага тургандай болсун, Теңирим, менин тирегим, Куткаруучум!» — деп ырдаган забурчунун сезимдерин чагылдырган болобуз (Заб. 18:15).

14. Эфестиктер 4:30, 31ге ылайык, эмнеден арылышыбыз керек?

14 Жаалдан, каардан, кемсинтерлик сөздөрдөн жана ар кандай жамандыктан арылышыбыз керек. Кудайдын рухун капалантуудан сак болууну эскерткенден кийин Пабыл: «Ар кандай жамандык менен бирге жаалдан, ачуудан, каардан, кыйкырыктан, кемсинтерлик сөздөрдөн арылгыла»,— деп жазган (Эф. 4:30, 31). Жеткилеңсиздиктин бийлиги алдында болгондуктан биз ойлорубузду жана иш-аракеттерибизди башкаруу үчүн тыным албай күч жумшашыбыз зарыл. Эгер жаалга, ачууга жана каарга бизди бийлеп алышына жол берип койсок, Кудайдын рухун капалантмакпыз. Башкалардын бизге жасаган жамандыгын тизмеге түшүрө берсек, таарынчаак болсок же көңүлүбүздү калтырган киши менен элдешкибиз келбесе да ошондой болмок. Ал эми ыйык китептик кеңештерге кайдыгер карай баштасак, рухка каршы күнөө кылууга түртө турган жаман сапаттарды өрчүтүп алып, анын каргашалуу кесепеттерин тартышыбыз ыктымал.

15. Кимдир бирөө көңүлүбүздү оорутса, эмне кылышыбыз керек?

15 Кайрымдуу, боорукер жана кечиримдүү болушубуз керек. «Бири-бириңерге кайрымдуу, өзгөчө боорукер болгула. Кудай силерди Машаяк аркылуу айкөлдүк менен кечиргендей, силер да бири-бириңерди айкөлдүк менен кечиргиле»,— деп жазган Пабыл (Эф. 4:32). Атүгүл кимдир бирөө жүрөгүбүздү жараласа да, Кудайды туурап, кечирүүгө даяр бололу (Лк. 11:4). Мисалы, кайсы бир ишенимдешибиз биз жөнүндө кандайдыр бир суук сөз айтты дейли. Көйгөйдүн түйүнүн чечүү үчүн биз ага барабыз. Ошондо ал чын дилден өкүнүп, кечирим сурайт. Аны кечиребиз дечи, бирок бизден андан көп нерсе талап кылынат. «Өз элиңдин уулдарына жамандык ойлобо, кек сактаба,— делет Лебилер 19:18де,— тескерисинче, өзүңдү кандай сүйсөң, жакыныңды да ошондой сүй. Мен Теңирмин».

Сак болуу зарыл

16. Жахабанын рухун капалантпоо үчүн өзгөрүүлөрдү жасоо зарыл болушу мүмкүн экенин көрсөткөн мисал келтиргиле.

16 Жадагалса жалгыз калганда да Кудайга жакпаган иш кылууга азгырылышыбыз мүмкүн. Маселен, кайсы бир бир тууган шектүү музыка угуп жүрөт дейли. «Ишенимдүү жана акылдуу кулдун» адабияттарында камтылган ыйык китептик кеңештерди капарына албай жатканы үчүн, акыр-аягы, аны абийири кыйнайт (Мт. 24:45). Ал көйгөйү тууралуу тилениши жана Пабылдын Эфестиктер 4:30да жазылган сөздөрүн эстеши мүмкүн. Ал бир тууган Кудайдын рухун капаланта турган нерселерди кылбоого чечкиндүү болуп, шектүү музыканы такыр укпоону чечет. Ал ушундай маанай чагылдыргандыктан, Жахаба ага батасын берет. Ошондуктан Кудайдын рухун капалантуудан дайыма сак бололу.

17. Этият болуп, ар убак тиленип турбасак, эмне болушу мүмкүн?

17 Этият болуп, ар убак тиленип турбасак, рухту капаланта турган ыпылас, жаман иштерге иришип кетишибиз мүмкүн. Асмандагы Атабыз ыйык руху аркылуу өзүнүн кандай Кудай экенин, эркин, ой-ниетин көрсөткөндүктөн, ыйык рухту капалантуу Жахабаны капалантууну билдирет. Албетте, биз Жахабаны эч качан капаланткыбыз келбейт (Эф. 4:30). Биринчи кылымдагы жүйүт элинин китепчилери Иса кереметтерди Шайтандын күчү менен кылып жатат деп ырастап, күнөөгө батышкан (Оку: Марк 3:22—30). Машаяктын ал душмандары «ыйык рухка акарат келтирип», кечирилгис күнөө кетиришкен. Биз эч качан андай кылбайлы!

18. Кечирилгис күнөө кылбаганыбызды кантип биле алабыз?

18 Кечирилгис күнөө эмес, атүгүл ага алып бара турган иштерден алыс болгубуз келгендиктен биз Пабылдын рухту капалантууга байланыштуу берген кеңештерин көңүлүбүзгө түйүп алышыбыз керек. Бирок олуттуу күнөө кетирип алган болсокчу? Эгер өкүнүп, аксакалдардан жардам алып жатсак, Кудайдын бизди кечиргенин жана ыйык рухка каршы күнөө кылбаганыбызды биле алабыз. Кудайдын жардамы менен биз рухту кайра капалантып алуудан да кача алабыз.

19, 20. а) Эмнелерден качышыбыз керек? б) Эмне кылууга чечкиндүү болушубуз кажет?

19 Кудай ыйык руху аркылуу өзүнүн элинин арасында сүйүү, кубаныч, биримдик өкүм сүрүшүнө кам көрөт (Заб. 132:1—3). Ошол себептен биз зыяндуу кеп-сөздөрдү таратып, же болбосо рух аркылуу дайындалган кайтаруучулардын кадыр-баркын түшүрө турган нерселерди айтып, ыйык рухту капалантуудан качышыбыз керек (Элч. 20:28; Жүй. 8). Тескерисинче, жыйналыштагы биримдикке салым кошуп, бири-бирибизди урматтап-сыйлашыбыз зарыл. Кудайдын элинин арасында топ-топ болуп бөлүнүп-жарылуу болбошу керек. Пабыл мындай деп жазган: «Биртуугандар, Мырзабыз Иса Машаяктын атынан силерди буга чакырам: баарыңардын сөзүңөр бир болсун, ич ара бөлүнбөгүлө, тескерисинче, бир ой, бир пикир аркылуу толук биримдикте болгула» (1 Кор. 1:10).

20 Жахаба бизге өзүнүн рухун капалантуудан качууга жардам берүүнү каалайт жана жардам бере алат. Андыктан ыйык рух сурап тиленип, аны капалантпоого чечкиндүү бололу. «Рухка сээп», азыр да, түбөлүктөн түбөлүккө анын жетекчилигине баш ие берели.

Эмне деп жооп берет элеңер?

• Кудайдын рухун капалантуу деген эмнени билдирет?

• Жахабага арналган киши анын рухун кантип капалантышы мүмкүн?

• Канткенде ыйык рухту капалантуудан кача алабыз?

[Изилдөө суроолору]

[30-беттеги сүрөт]

Келишпестиктерди дароо чеч

[31-беттеги сүрөт]

Кайсы жемиш сүйлөгөн сөзүңдү жакшы сүрөттөйт?