Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Исанын алгачкы жолдоочулары жана римдиктердин кудайлары

Исанын алгачкы жолдоочулары жана римдиктердин кудайлары

Исанын алгачкы жолдоочулары жана римдиктердин кудайлары

БИТИНИЯНЫН башкаруучусу Плиний Кенже Рим императору Траянга жазган катында мындай деген: «Мен Исанын жолдоочусу деп айыпталгандарды мындайча соттоп жатам: адегенде алардан чынында эле Исанын жолдоочусу экенин сурайм. „Ооба“,— деп жооп беришсе, жазаланарын айтып, дагы эки жолу сурайм. Эгер ишениминен баш тартпаса, аларга өлүм жазасын чыгарам». Ал эми Исаны каргап, ишениминен баш тартып, императордун айкелине жана кудайлардын сөлөкөтүнө таазим эткендерди Плиний бошотуп жиберерин жазган.

Исанын алгачкы жолдоочулары императорго жана жалган кудайлардын сөлөкөттөрүнө таазим этүүдөн баш тартканы үчүн куугунтукталышкан. Рим империясындагы башка диндер жөнүндө эмне дешке болот? Алар кайсы кудайларга сыйынышкан жана римдиктер аларга кандай карашкан? Эмне үчүн Исанын жолдоочулары римдиктердин кудайларына сыйынуудан баш тартканы үчүн куугунтукталышкан? Бул суроолордун жообу бизге Жахабага берилгендигибизди сактаганыбыз үчүн туш болгон кыйынчылыктар менен күрөшүүгө жардам берет.

Рим империясындагы диндер

Рим империясында ар кандай тилде сүйлөгөн, ар башка маданияттагы элдер жашагандыктан, диндер да көп болгон. Иудаизм дини римдиктер үчүн түшүнүксүз болсо да, алар аны башка диндердей эле көрүп, аны коргошкон. Иерусалимдеги ибадатканада цезарга жана римдиктерге арналып күнүнө эки жолу эки козу жана букачар курмандыкка чалынчу. Курмандыктар бир кудайга арналып чалынабы же көптөгөн кудайларгабы, римдиктерге баары бир болчу. Алар үчүн биринчи кезекте жүйүттөрдүн Рим империясына берилгендигин көрсөткөн иш-аракеттери маанилүү болгон.

Жергиликтүү эл ар кандай бутпарастык диндерди тутчу. Бүткүл империя боюнча грек мифологиясы жана көзү ачыктык кулач жайган. Чыгыштан тамыр жайган мистикалык диндер сыйынуучуларга өлбөстүктү, түзмө-түз аян алууну жана ырым-жырымдар аркылуу кудайларга жакындоону убада кылган. Мындай диндер бүт империяга кеңири тараган. Биздин замандын алгачкы кылымдарында көптөр байыркы египеттиктердин Серапис кудайы менен Исида аял-кудайына, сириялыктардын аял-кудайы Атаргатиске жана перстердин күн кудайы Митрага сыйынышчу.

Ыйык Жазманын Элчилер китебинен Исанын алгачкы жолдоочуларынын кандай чөйрөдө жашаганын айкын көрүүгө болот. Мисалы, римдик аймак акими Сергийге көз байлоочу болгон бир жүйүт киши кызмат кылган (Элч. 13:6, 7). Листралыктар Пабыл менен Барнабаны грек кудайлары Гермес менен Зевс деп ойлошкон (Элч. 14:11—13). Пабыл Филипи шаарында жүргөндө көзү ачыктык кылган кызматчы кызды жолуктурган (Элч. 16:16—18). Ал эми Афинге барганда алардын «башкаларга караганда... кудайлардан көбүрөөк коркорун» байкаган. Ал шаардан Пабыл «Белгисиз Кудайга» деген жазуусу бар курмандык жайын да көргөн (Элч. 17:22, 23). Эфестин тургундары болсо Артемида аял-кудайына сыйынышчу (Элч. 19:1, 23, 24, 34). Мальта аралынын жашоочулары Пабылды, жылан чакса да өлбөй калганы үчүн, кудай деп ойлошкон (Элч. 28:3—6). Исанын жолдоочулары чыныгы сыйынууну булгай турган зыяндуу чөйрөдө жашагандыктан, абдан сак болушу керек болчу.

Римдиктердин дини

Рим империясынын басып алган жерлери көбөйгөн сайын римдиктер башка элдердин кудайларын өздөрүнүн эле кудайларынын башкача аталышы деп эсептеп, аларга да сыйына башташкан. Рим башкаруучулары басып алган элдердин динин жойбостон, кабыл ала беришкен. Ошентип, Рим империясында ар кандай маданияттар менен бирге толгон-токой диндер тамыр жая берген. Римдиктердин диндеринде бир эле Кудайга берилгендикте сыйынуу талап кылынган эмес. Алар бир эле учурда көптөгөн кудайларга сыйына беришчү.

Оптимус Максимус (эң мыкты, эң улуу дегенди билдирет) деп аталган Юпитер римдиктердин байыртадан сыйынып келген кудайларынын башкы кудайы деп эсептелген. Римдиктер Юпитерди шамалдын, жаандын, чагылгандын жана күн күркүрөөнүн кудайы деп ишенишчү. Анын карындашы жана аялы Юнона болсо ай кудайы, аял затынын коргоочусу деп эсептелген. Ал эми алардын кызы Минерва кол өнөрчүлүктүн, кесиптин, искусствонун жана согуштун кудайы болгон.

Айтор, римдиктердин кудайларын санап отурса, сан жетпейт. Алсак, аларда ларылар менен пенаттар үй-бүлөнү коргогон кудайлар катары эсептелген. Веста — үй кутунун, эки беттүү Янус бардык башталыштардын кудайы болгон. Римдиктер ар бир өнөрдүн да өзүнчө кудайы, атүгүл абстракттуу нерселердин да кудайы бар деп эсептешкен. Маселен, Пакс — тынчтыктын, Салюс — ден соолуктун, Пудициция — адептүүлүк менен аруулуктун, Фидес — берилгендиктин, Виртус — эр жүрөктүүлүктүн, ал эми Волюптас ырахаттын кудайы болгон. Римдиктер мамлекеттик иштер да, жеке ар бир адамдын жашоосу да кудайлардын эркинен көз каранды деп ишенишкен. Ошондуктан алар иши оңунан чыгышы үчүн, ошол ишке байланышы бар кудайдын жактыруусуна ээ болуу максатында ага тиленип, курмандыктарды чалып, анын урматына майрамдарды өткөрүшчү.

Римдиктер кудайлардын эркин билүү үчүн ар кандай белгилерге көңүл бурушчу. Алар көбүнчө курмандыкка чалынган малдын ички органдарын карап, органдардын абалынан, көрүнүшүнөн кудайлардын жактыруусуна ээ болгон-болбогонун божомолдошчу.

Б.з.ч. 2-кылымдын аяк ченинде римдиктер өздөрүнүн кудайлары менен гректердин кудайлары, аттары башка болгону менен, бир эле деген жыйынтыкка келишкен. Мисалы, римдиктердин негизги кудайы болгон Юпитер — гректердин кудайы Зевс, Юнона аял-кудайы Гера деп ойлошкон. Алар гректердин кудайларын кабыл алып, уламыштарына да ишене башташкан. Ал уламыштарга ылайык, кудайлардын адамдарга окшогон эле кемчиликтери бар, мүмкүнчүлүктөрү чектелүү болгон. Алсак, Зевс өлүмгө моюн суна тургандар менен, анын ичинде кичинекей балдар менен да, өлбөс деп эсептелгендер менен да жыныстык катнашта болгон зөөкүр кудай катары сүрөттөлөт. Ошол учурдагы театрларда кудайлардын уят-сыйытсыз жоруктары көрсөтүлгөн оюн-зооктор коюлуп турчу. Ал кудайларга сыйынган адамдар аларды туурап, жосунсуз иштерди жасашчу.

Кыязы, билими аз карапайым эл уламыштарды түзмө-түз түшүнгөн. Ал эми айрымдар аларды аллегория катары көрүшкөн. Андыктан Понтий Пилаттын Исадан: «Чындык деген эмне?» — деп сураганы таң калыштуу эмес (Жкн. 18:38). Анын суроосу «ошол учурдагы чындыкты акырына чейин түшүнүү мүмкүн эмес деп эсептеген билимдүү кишилердин көз карашын чагылдырган».

Императорго сыйынуу

Императорго сыйынуу Августтун башкаруусунун тушунда (б.з.ч. 27-жылдан б.з. 14-жылына чейин) башталган. Узак убакытка созулган согушту токтотуу менен тынчтыкты орнотуп, империянын гүлдөшүнө өбөлгө түзгөн Августка, өзгөчө, чыгыштагы грек тилинде сүйлөгөн аймакта жашаган эл абдан ыраазы болгон. Алар элди бийликтеги бирөө коргошун каалашкан. Ошондой эле диний айырмачылыктарга карабай, элдин патриоттук сезимин өрчүтүп, дүйнөнү бириктирген «куткаруучунун» болушун эңсешкен. Натыйжада эл императорду кудай тута баштаган.

Август көзү тирүү кезинде башкалардын аны кудай тутушуна жол берген эмес, бирок элден Римдин колдоочусу болгон Рома аял-кудайына сыйынууну талап кылган. Август өлгөндөн кийин аны кудай деп жарыялашкан. Ошентип, эл империянын борборун жана анын башкаруучусун аздектей баштаган. Императорго сыйынуу көп өтпөй империянын бардык аймактарына жайылып, бийликти аздектөөнүн жана ага болгон берилгендикти көрсөтүүнүн жолуна айланган.

Б.з. 81—96-жылдары бийлик жүргүзгөн Домициан элден өзүнө кудай катары сыйынышын талап кылган императорлордун биринчиси болгон. Ал учурда римдиктер Исанын жолдоочуларын иудаизм динин туткан жүйүттөрдөн айырмалап калышкан жана аларга каршылык көрсөтө башташкан. Сыягы, дал ошол Домициандын тушунда элчи Жакан «Иса тууралуу күбөлөндүргөнү» үчүн Патмос аралына сүргүнгө айдалган (Аян 1:9).

Аян китеби Жакан сүргүндө жүргөндө жазылган. Ал китепте императорго сыйынуунун борбору болгон Пергам шаарында өлтүрүлгөн Антипа жөнүндө да сөз кылынат (Аян 2:12, 13). Ошол убактарда бийликтегилер Исанын жолдоочуларын да императорго сыйынууга мажбурлай баштаган көрүнөт. Кандай болбосун, макаланын башында кеп кылынгандай, Плинийдин б.з. 112-жылы Исанын Битиниядагы жолдоочуларынан императорго сыйынышын талап кылганы анык.

Траян Плинийди Исанын жолдоочуларына каршы колдонгон чарасы үчүн мактап, римдиктердин кудайларына сыйынбаганы үчүн аларды өлүм жазасына тартуу керектигин буйруган. Траян Плинийге: «Бирок Исадан баш тартып, баш тартканын биздин кудайларга сыйынуу менен далилдегендерге (башка иштер боюнча айып тагылып жатса да) өкүнгөнү үчүн ырайым кылып кой»,— деп жазган.

Римдиктер үчүн бир эле Кудайга берилгендикте сыйынуу жат түшүнүк болгон. Алар өздөрүнүн кудайлары муну талап кылбаса, эмне үчүн Исанын жолдоочуларынын Кудайы талап кылышы керек деген ойдо болушкан. Империяны аздектөөнү римдиктер тек гана өкмөткө урмат көрсөтүүнүн жолу катары карашкан. Ошол себептүү алар империяга сыйынуудан баш тарткандарды чыккынчы катары эсептешкен. Бирок Плиний кийинчерээк Исанын жолдоочуларынын көбүн күч менен ишениминен баш тарттыруу мүмкүн эмес экенин түшүнгөн. Исанын жолдоочулары үчүн императорго сыйынуу Жахабадан баш тартканга тете болгондуктан, көптөрү берилгендигинен жазбай, өлүмгө моюн сунууну туура көрүшкөн.

Ушул билдирүүлөр биз үчүн эмнеси менен пайдалуу? Айрым өлкөлөрдө жарандардан улуттук символдорду аздектөө талап кылынат. Исанын жолдоочулары катары биз, албетте, мамлекеттик бийликти урматтайбыз (Рим. 13:1). Бирок улуттук символдорду аздектөө талап кылынганда Жахабага толук берилгендикти көрсөтүп, анын Сөзүндөгү: «Бурканга табынуучулуктан качкыла», «Өзүңөрдү буркандардан сактагыла»,— деген кеңештерге ылайык иш кылабыз (1 Кор. 10:14; 1 Жкн. 5:21; Нак. 1:2). Иса: «Кудайың Жахабага сыйын жана ага гана ыйык кызмат кыл»,— деп айткан (Лк. 4:8). Келгиле эмесе, мындан ары да Жахаба Кудайга берилгендигибизди сактоого чечкиндүү бололу.

[3-беттеги сүрөт]

Исанын алгачкы жолдоочулары императорго, жалган кудайларга сыйынуудан баш тартышкан

Император Домициан

Зевс

Emperor Domitian: Todd Bolen/Bible Places.com; Zeus: Photograph by Todd Bolen/Bible Places.com, taken at Archaeological Museum of Istanbul

[4-беттеги сүрөт]

Исанын Эфестеги жолдоочулары Артемидага сыйынуудан баш тартышкан (Элч. 19:23—41)

[5-беттеги сүрөт]

Исанын чыныгы жолдоочулары Жахабага толук берилгендик көрсөтүшөт