Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Карыларды эмне себептен урматташыбыз керек?

Карыларды эмне себептен урматташыбыз керек?

Карыларды эмне себептен урматташыбыз керек?

КАЛИФОРНИЯНЫН (АКШ) жээгинде дүйнө жүзүндөгү эң эле көп сүрөткө тартылган дарактардын бири өсөт. Ал «Жалгыз кипарис» деген ат менен белгилүү. Билдирүүлөргө ылайык, ал даракка 250дөн ашык жыл болду. Туруктуулугу менен аты алыска кеткен ал кооз бакка ар кандай жолдор менен кам көрүлүп келет. Маселен, ал туш тараптан трос менен тартылып, түбү тегерете таш менен бекемделген.

«Жалгыз кипаристи» биздин арабыздагы зор туруктуулук көрсөтүп келаткан кары ишенимдештерибизге окшоштурууга болот. Алар туруктуулугун эң сонун жолдор менен, мисалы, жакшы кабарды жарыялоо менен көрсөтүшүүдө. Жоел пайгамбар акыркы күндөрдө «карыялардын» ыйык китептик кабарды жарыялай турганын алдын ала айткан (Жоел 2:28—32; Элч. 2:16—21). Алардын башкаларга Падышалык жөнүндөгү жакшы кабарды жеткирүү үчүн талыкпай кылган аракети, канчалаган саат жумшаганы тууралуу ойлонуп көрсөңөр (Мт. 24:14). Падышалыктын айрым кары жарчылары жылдар бою куугунтуктарга же башка кыйынчылыктарга туш болуп келишкен. Эгер жөнөкөй эле кипарис дарагынын туруктуулугу бааланып, ал тросс, таш менен бекемделип жатса, анда арабыздагы улгайган бир туугандарыбыз көңүл бөлүшүбүзгө, кадырлап-сыйлашыбызга канчалык татыктуу!

Жахаба Кудай байыркы элине: «Аксакалдын алдында ордуңдан тур, карыя кишини сыйла»,— деп буйруган (Леб. 19:32). Жахабанын бүгүнкү күндөгү кызматчыларынын арасында ондогон жылдар бою Кудайдын алдында ишенимдүү кызмат кылып, мыкты үлгү көрсөтүп келаткан кары бир туугандар көп (Мих. 6:8). Алар Жазмадагы принциптерди иш жүзүндө колдонуп жатышкандыктан, алардын ак чачы, чынында эле, «даңктын таажысы» болууда (Накыл 16:31).

Элчи Пабыл жаш Тиметейди: «Улуу кишини катуу жемелебе»,— деп насааттаган. Тиметей улуу кишилерди атасындай, улуураак аялдарды энесиндей көрүшү керек эле (1 Тим. 5:1, 2). Мындайча айтканда, ал кары кишинин алдында ордунан турушу керек болчу. Ооба, Жахаба жашы өр тартып калган кишилерге сүйлөгөн сөзүбүз менен урмат көрсөтүшүбүздү каалайт.

«Бири-бириңерге урмат көрсөтүүдө демилгени колго алгыла»,— делет Римдиктер 12:10до. Ырас, жыйналыштагы көзөмөлчүлөр Исанын кары жолдоочуларына урмат-сый көрсөтүшөт. Бирок баарыбыз бири-бирибизге урмат көрсөтүүдө демилгени колго алышыбыз зарыл.

Үй-бүлө мүчөлөрүнүн ата-энелеринин жана чоң ата-чоң энелеринин, таята-таенелеринин алдында өзгөчө жоопкерчиликтери бар. Адамдар «Жалгыз кипаристи» сактап калуу үчүн ар кандай жолдорду издеп, колдоо көрсөтүп келишкен, азыр да ошентишүүдө. Анда биз улгайып калган ата-энелерибиздин жана чоң ата-чоң энелерибиздин, таята-таенелерибиздин кадыр-баркын көтөрүү үчүн мүмкүнчүлүктөрдү ого бетер издешибиз керек эмеспи? Мисалы, жакшы угуучу болсок, алардын сезимдерин эске албай, өз билгенибизди кылуудан качабыз (Накыл 23:22; 1 Тим. 5:4).

Арабыздагы кары бир туугандарыбыз Жахабанын көз алдында абдан баалуу. Ал аларды эч качан калтырбайт (Заб. 70:18). Чыныгы Кудай ар убак аларды бекемдеп, ага ишенимдүүлүк менен кызмат кыла берүүгө көмөк кылат. Келгиле, биз да кары кишилерге таяныч болуп, аларды урматтап-сыйлай берели.

[7-беттеги сүрөт]

«Жалгыз кипарис» колдоого муктаж болгондой эле, карылар да урмат-сый менен мамиле кылышыбызга муктаж

[7-беттеги сүрөт]

American Spirit Images/age fotostock