Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Окурмандардын суроолору

Окурмандардын суроолору

Окурмандардын суроолору

Жахаба бурканга сыйынуучулукка тыюу салса, анда эмне үчүн Арунду алтын музоо жасаганы үчүн жазалаган эмес?

Чыгуу 32-бөлүмдө жазылгандай, Арун алтын музоо жасоо менен Кудайдын бурканга табынуучулукка байланыштуу мыйзамын бузган (Чыг. 20:3—5). Ошондуктан «Теңир Арунга да каарданып, аны өлтүргүсү келген», бирок Муса «ошол учурда Арун үчүн да сыйынган» (Мыйз. 9:19, 20). Мусанын Арун жөнүндөгү жалындуу тиленүүсү «зор күчкө ээ» болгонбу? (Жкп. 5:16). Ооба. Муса жалындуу тиленгендиктен жана бери дегенде, дагы башка эки себептен улам Жахаба анын тиленүүсүнө жооп берип, Арунду жазалаган эмес көрүнөт.

Бир себеби Арундун ишенимдүүлүк көрсөтүп келгенине байланыштуу болсо керек. Муса фараондун алдына барууга жана ысрайылдыктарды Мисирден алып чыгууга дайындалганда, Жахаба Арунду Мусаны коштоп жүрүүгө жана анын атынан сүйлөөгө дайындаган (Чыг. 4:10—16). Алар тил алчаактык көрсөтүп, канчалык оор болбосун, Мисирдин таш жүрөк фараонунун алдына көп жолу барышкан. Ошондуктан Мисирде жүргөн кезинде Арун Жахабага ишенимдүү жана туруктуу кызмат кылганы менен белгилүү болгон (Чыг. 4:21).

Арундун эмнеден улам алтын музоо жасаганын да эске алуу керек. Мусанын Синай тоосунда болгонуна 40 күндүн жүзү болот. «Мусанын көптөн бери тоодон түшпөй жатканын көрүп», эл Арунга буркан жасап берүүгө кысым көрсөтөт. Ошондо Арун аларга көнүп, алтын музоонун айкелин куюп берет (Чыг. 32:1—6). Анткен менен анын ошондон кийинки иш-аракеттери жүрөгүндө бутка табынуучулукту колдобогонун көрсөтүп турат. Кыязы, ал кысымга алдырып койгон. Муса бурканга табынуучулукка байланыштуу маселени кабыргасынан коюп, аны жок кылууга киришкенде, Лебинин бардык уулдары, анын ичинде Арун да чечкиндүү түрдө Жахаба тарапты ээлешкен. Бурканга сыйынуучулукка түзмө-түз жооптуу болгон үч миң киши кылычтын мизине алынган (Чыг. 32:25—29).

Ошондон кийин Муса элге: «Силер өтө чоң күнөө кылдыңар»,— деген (Чыг. 32:30). Демек, ал күнөө үчүн жеке эле Арун айыптуу болгон эмес. Жахаба ага да, элге да улуу ырайым көрсөткөн.

Алтын музоого байланышкан ошол окуядан кийин Жахаба Арундун башкы дин кызматчылыкка дайындалышына буйрук берген. Кудай Мусага: «Мага ыйык кызмат кылышы үчүн, Арунга ыйык кийимдерди кийгизип, аны майлап, ыйык кызматка дайында»,— деп айткан (Чыг. 40:12, 13). Ооба, Жахабанын Арундун алсыздыгын кечиргени шексиз. Жүрөгүндө Арун бутка табынуучулукту эмес, чыныгы сыйынууну ишенимдүүлүк менен жактаган.