Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Ооруп жаткан кишиге кам көрүүдө кантип рухий жактан бекем бойдон калууга болот?

Ооруп жаткан кишиге кам көрүүдө кантип рухий жактан бекем бойдон калууга болот?

Ооруп жаткан кишиге кам көрүүдө кантип рухий жактан бекем бойдон калууга болот?

ОМУРТКАСЫНЫН жанынан шишик табылгандан кийин, Ким аттуу Жахабанын Күбөсүнө рак деген диагноз коюлган. «Ал шишик хирургиялык жол менен алынган соң,— дейт жолдошу Стив,— Ким радиотерапияны жана химиотерапияны алды *. Дарылоонун зыяндуу таасиринен улам ал аябай алсырап, дээрлик баса албай калды».

Сүйүктүү жарынын алдан-күчтөн тайдырган оору менен күрөшүп жатканын көрүү Стивдин жүрөгүн канчалык сыздатканын элестетсең. Балким, сенин да жакын адамың улам күчөгөн оорудан же карылыктын кесепетинен жапа чегип жаткандыр (Нас. 12:1—7). Ошондой болсо, сүйүктүү жакыныңа натыйжалуу кам көрө алышың үчүн сен өзүңө да кам көрүшүң керек. Себеби рухий жактан алсырай баштасаң, эмоциялык абалың да, ден соолугуң да начарлап, жакыныңа ал муктаж болгон жардамды берүүгө чамаң келбей калышы мүмкүн. Анда ооруп жаткан же улгайган тууганыңа кам көрүүдө кантип рухий тең салмактуулугуңду сактай аласың? Жыйналыштагылар аларга кантип кам көрө алышат?

Кантип тең салмактуулукту сактоого болот?

Ооруп жаткан жакыныңа кам көрүүдө рухий тең салмактуулугуңду сактоо жана ден соолугуңду кароо үчүн ийилчээк болушуң, ошондой эле убактыңды, күчүңдү туура бөлүштүрө билишиң зарыл. Накыл сөздөр 11:2де: «Момундарда акылмандык»,— делет. Бул контекстте «момун» деген сөз мүмкүнчүлүктөрүнүн чектелүү экенин моюнга алган адамды билдирет. Кудуретиң жетпей турган иштерди кылууга аракет кылып, жаныңа күч келтирип жатпаганыңа ынануу үчүн күн тартибиңди жана жоопкерчиликтериңди карап чыкканың дурус болоттур.

Стив акылмандык жана момундук чагылдырып, канча иш аткарып жатканын кайрадан талдап чыккан. Жумушта иштегенден тышкары, ал Ирландиядагы Жахабанын Күбөлөрүнүн жергиликтүү жыйналышында аксакалдар кеңешинин координатору жана кызмат көзөмөлчүсү болчу. Андан сырткары, ал ошол аймактагы ооруканалар менен байланышуу комитетинин мүчөсү эле. «Жубайым Ким ошол жоопкерчиликтерди аткарууга өтө көп убакыт жумшап, мага көңүл бөлбөй жатасың деп эч качан нааразы болчу эмес,— дейт Стив.— Бирок мен кара жанды карч уруп жатканымды билчүмүн». Стив эмне кылган? «Тиленүү менен ой жүгүрткөндөн кийин,— дейт ал,— координаторлук кызматты токтотууну чечтим. Аксакал болуп кызмат кылууну уланта берсем да, жыйналыштагы айрым милдеттеримди башкаларга өткөрүп берүү менен Кимге ал муктаж болгон убакытты арнап, көбүрөөк көңүл бөлө алдым».

Убакыттын өтүшү менен Кимдин ден соолугу жакшырып калган. Ошондо Стив менен Ким жагдай-шартын кайрадан таразалап чыгышкан жана жубайынын көмөгү менен Стив жыйналыштагы жоопкерчиликтерин кайрадан аркалай алган. «Экөөбүз тең оорунун айынан пайда болгон чектөөлөргө ылайыкташууга үйрөндүк,— дейт Стив.— Мен Жахабага жардамы үчүн жана жубайыма начар ден соолугуна карабай эч нааразы болбой көрсөткөн колдоосу үчүн чексиз ыраазымын».

Кыдыруучу көзөмөлчү Жеринин жана анын жубайы Мариянын мисалын да карап көрөлү. Аларга карып калган ата-энесине кам көрүү үчүн көздөгөн максаттарын өзгөртүүгө туура келген. «Жолдошум экөөбүз тең чет өлкөдө миссионер болуп кызмат кылууну максат кылып жүргөнбүз,— дейт Мария.— Бирок Жери жалгыз бала болгондуктан жана анын ата-энеси жардамга муктаж болуп калгандыктан, аларга кам көрүү үчүн биз Ирландияда калууну чечтик. Ошентип, Жеринин атасы ооруканага жаткырылганда, ал көз жумганга чейин, дайыма анын жанында болдук. Азыр биз Жеринин апасы менен күнүгө байланышып турабыз, эгер ага жардам керек болсо, учкан бойдон бара калабыз. Жеринин апасы барган жыйналыш ага чоң жардам, колдоо көрсөтүп келет. Бул болсо бизге кыдыруучулук кызматты улантууга мүмкүнчүлүк берүүдө».

Башкалар кантип жардам бере алышат?

Жыйналыштагы улгайган жесир аялдарга материалдык жактан кандай жардам көрсөтүлүшү керектигин талкуулап жатып элчи Пабыл: «Ким жакындарына, айрыкча, өз үйүндөгүлөрүнө кам көрбөсө, ал ишенимден баш тарткан болот жана ишенбегендерден да жаман»,— деген. Ал ишенимдештерине, эгер алар кылган иштери менен «Кудайга жагууну» каалашса, улгайган ата-энелерине, чоң ата-чоң энелери менен таята-таенелерине материалдык жактан кам көрүшү керектигин эскерткен (1 Тим. 5:4, 8). Бирок жыйналыштагы башка бир туугандар да аларга иш жүзүндө жардам көрсөтө алышат жана көрсөтүшү керек.

Швецияда жашаган жашы өр тартып калган жубайлар Хокэн менен Иңгердин жагдайына да токтололу. «Жубайыма рак деп диагноз коюшканда,— дейт Хокэн,— экөөбүз тең нес болуп калдык. Иңгер дайыма сак-саламатта, күүлүү-күчтүү жүрчү. Эми болсо бизге дарылануу үчүн бейтапканага күнүгө барууга туура келди. Дарылоонун терс жактарынан улам анын боюнан кубат кетип, алсыз болуп калды. Ошол убакта Иңгер үйдөн чыккан жок, ошондуктан мен ага кам көрүү үчүн анын жанында болушум керек болду». Жергиликтүү жыйналыш Хокэн менен Иңгерге кантип жардам беришкен?

Жыйналыштагы аксакалдар ал жубайлардын жолугушууларды телефон аркылуу угушуна чара көрүшкөн. Андан тышкары, бир туугандар үйүнө барып же телефон чалып, алар менен байланышып турушкан. Ошондой эле кат же открытка жиберип турушкан. Хокэн мындай дейт: «Биз бардык бир туугандардын жана Жахабанын колдоосун сезип жаттык. Мындай көңүл буруу бизге рухий жактан бекем бойдон калышыбыз үчүн абдан зарыл болду. Бактыга жараша, Иңгердин абалы жакшырып калгандыктан, биз кайрадан Падышалык залындагы жолугушууларга бара алабыз». Жыйналыштагылар алардын арасындагы ооруп жаткан жана карып калган ишенимдештерине колдон келген жардамын берсе, ар дайым сүйгөн жана «башыңа иш түшкөндө... бир тууганыңдай болуп келген» дос экенин далилдешет (Накыл 17:17).

Жахаба аракеттериңди баалайт

Ооба, ооруп жаткан тууганыңа кам көрүү аябай оор болушу мүмкүн. Анткен менен Дөөтү падыша: «Бей-бечараны ойлогон адам бактылуу!» — деп жазган. «Бей-бечараларга» оорусунан улам жардамга муктаж болгондор кирет (Заб. 40:2).

Эмне үчүн ооруп же кыйналып жаткандардын камын ойлогондор бактылуу? «Жакырга жакшылык кылган адам Теңирге насыя берет,— делет Накыл сөздөр 19:17де,— кылган жакшылыгын Теңир кайтарымсыз калтырбайт». Чыныгы Кудай оорусунан улам жаны кыйналып жаткан ишенимдүү кызматчыларына өзгөчө кам көрөт жана аларга жакшылык кылгандарга батасын берет. Забурчу Дөөтү: «Ал [бей-бечарага кам көргөн адам] ооруп жатканда, Теңир ага күч берет. Сен аны төшөгүнөн тургузасың, дартынан арылтасың»,— деп ырдаган (Заб. 40:4). Башкаларга мээримдүүлүк менен кам көргөн киши өзү кыйынчылыктарга же азап тарттырган сыноолорго кабылганда, Жахабанын ага жардам берерине толук ишенсек болот.

Жахаба Кудайдын ооруп жаткан жакыныбызга кам көрүүдө кылган аракеттерибизди көз жаздымда калтырбай, жогору баалаарын билүү кандай гана бекемдээрлик! Ырас, андай адамга кам көрүү үчүн биз тараптан күч-аракет жумшоо талап кылынышы мүмкүн. Бирок Ыйык Жазма бизди: «Мындай курмандыктар Кудайга жагат»,— деп ынандырат (Эвр. 13:16).

[Шилтемелер]

^ 2-абз. Ысымдар өзгөртүлүп берилди.

[18-беттеги сүрөт]

Рухий жактан тең салмактуулукту сакта жана башкалардын жардамын кабыл ал