Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Түшүнүү жөндөмүңдү машыктыра бер

Түшүнүү жөндөмүңдү машыктыра бер

Түшүнүү жөндөмүңдү машыктыра бер

ДАСЫККАН гимнасттын абдан чебер, ыкчам жасаган кыймыл-аракеттерин көрүү кандай ырахат! Ыйык Китеп Исанын жолдоочуларын өзүн машыктырган гимнасттай болуп, ой жүгүртүү жөндөмүн машыктырууга үндөйт.

Эврейлерге жазган катында элчи Пабыл: «Катуу тамак жетилген адамдарга таандык. Алардын түшүнүү жөндөмү [түзмө-түз сезүү органдары] иш жүзүндө колдонуунун аркасында жакшы менен жаманды айырмалай билүүгө [гимнаст сыяктуу] үйрөтүлгөн»,— деп жазган (Эвр. 5:14). Эмне себептен Пабыл Исанын еврей жолдоочуларына, гимнаст өзүнүн булчуңдарын машыктырган сыяктуу, ой жүгүртүү жөндөмүн машыктырышы керектигин айткан? Биз түшүнүү жөндөмүбүздү кантип машыктыра алабыз?

«Окутуучу болушуңар керек эле»

Исанын «Мелкиседек сыяктуу башкы динкызматчы» катары ээлеген абалын түшүндүрүп жатып Пабыл мындай деп жазган: «[Иса] жөнүндө дагы көп нерсе айта алмакпыз, бирок силер угууга жөндөмсүз болуп калгандыктан, анын баарын түшүндүрүп берүү кыйын. Убакыт боюнча алып караганда, эбак эле окутуучу болушуңар керек эле, бирок силерге Кудайдын ыйык сөздөрүндөгү баштапкы окууларды кайра башынан үйрөтө турган бирөө керек болуп жатат. Азыр силерге катуу тамак эмес, сүт керек» (Эвр. 5:10—12).

Исанын биринчи кылымдагы жүйүт жолдоочулары түшүнүгүн тереңдетүүгө жана рухий жактан өсүүгө аракет кылышкан эмес көрүнөт. Маселен, аларга Мыйзамга жана сүннөткө отургузууга байланыштуу жаңы түшүнүктөрдү кабыл алуу кыйынга турган (Элч. 15:1, 2, 27—29; Гал. 2:11—14; 6:12, 13). Айрымдарына ишемби жана Күнөөдөн арылуу күнүнө байланышкан каадаларга катышпоо оор болгон (Кол. 2:16, 17; Эвр. 9:1—14). Ошондуктан Пабыл аларды жакшы менен жаманды айырмалай билүү үчүн түшүнүү жөндөмүн үйрөтүүгө жана «жетилгендикке умтулууга» үндөгөн (Эвр. 6:1, 2). Анын чакырыгы кээ бирлерине түшүнүү жөндөмүн кандай колдонуп жатканы жөнүндө ойлонууга жана рухий жактан ийгиликтерди жасоого түрткү берсе керек. Ал эми биз тууралуу эмне айтууга болот?

Түшүнүү жөндөмүңдү машыктыр

Рухий жактан жетилүү үчүн ой жүгүртүү жөндөмүбүздү кантип машыктырсак болот? «Иш жүзүндө колдонуунун аркасында»,— деп жазган Пабыл. Кооз жана татаал кыймыл-аракеттерди жасоо үчүн булчуңдарын, тулку боюн машыктырган гимнасттарга окшоп, биз ак-караны ажырата билүү үчүн ой жүгүртүү жөндөмүбүздү машыктырышыбыз керек.

Гарвард университетинин медициналык факультетинин психиатрия илиминин клиникалык адъюнкт-профессору Жон Рейти: «Мээбиз үчүн аны машыктыруудан өтөрү жок»,— дейт. Картаюуну, саламаттыкты жана адам табиятын изилдөө боюнча Жорж Вашингтон университетине караштуу борбордун жетекчиси Гин Кохен мындай деген: «Мээбизге күч келтиргенибизде, мээнин клеткалары жаңы дендриттерди пайда кылат, алар болсо синапстарды, башкача айтканда, байланыш түйүндөрүн көбөйтөт».

Андыктан ой жүгүртүү жөндөмүбүздү машыктырганыбыз жана Кудай Сөзүн тереңирээк билүүгө аракет кылганыбыз акылдуулукка жатат. Ошентүү менен биз «Кудайдын... жеткилең эркин» аткарууга толук даяр болобуз (Рим. 12:1, 2).

«Катуу тамакка» табит өрчүт

Эгер «жетилгендикке умтулгубуз» келсе: «Ыйык китептик чындыктарга болгон түшүнүгүмдү тереңдетип жатамбы? Башкалар мени рухий жактан жетилген киши катары билеби?» — деп ойлонуп көрүшүбүз керек. Эне наристесинин ымыркай кезинде аны сүт жана кичинекей балдардын тамагы менен азыктандырат. Бирок баласы жылдар өтсө деле катуу тамак жебей жатса, анын канчалык тынчсызданмактыгын элестетсеңер. Ошо сыяктуу эле, биз менен Ыйык Китепти изилдеп жаткан адамдын рухий ийгиликтерди кылганын, арналып, чөмүлтүлгөнүн көрүп кубанабыз. Бирок ал андан ары эч кандай ийгилик жасабасачы? Бул бизди капалантпай койбойт (1 Кор. 3:1—4). Окутуучу жаңы шакирттин белгилүү бир убакта окутуучу болоруна үмүттөнөт.

Түшүнүү жөндөмүбүздү колдонуу үчүн ой жүгүртүү жана күч-аракет талап кылынат (Заб. 1:1—3). Мээни иштетүүнү көп деле талап кылбаган эрмек же телевизор сыяктуу нерселердин маанилүү маселелер жөнүндө ой жүгүртүүгө тоскоолдук кылышына жол бербешибиз керек. Ой жүгүртүү жөндөмүбүздү өрчүтүү үчүн Ыйык Китепти, «ишенимдүү жана акылдуу кулдун» адабияттарын изилдөөгө каалоо өстүрүп, ал каалоону канааттандырышыбыз зарыл (Мт. 24:45—47). Ыйык Китепти өз алдынча окуу графигине кармангандан тышкары, үй-бүлөлүк сыйынууга жана ыйык китептик суроолорду казып изилдөөгө да убакыт бөлгөнүбүз маанилүү.

Мексикада кыдыруучу көзөмөлчү болуп кызмат кылган Жеронимо «Күзөт мунарасынын» ар бир санын колго тиери менен изилдээрин айтат. Ал жубайы менен бирге изилдөөгө да убакыт бөлөт. «Жубайым экөөбүз Ыйык Китепти күнүгө чогуу окууну адат кылып алганбыз жана изилдөөдө „Жер соорусу“ китепчесин жана башка куралдарды колдонобуз»,— дейт ал. Роналд деген бир тууган болсо дайыма жыйналыштын Ыйык Китеп окуу программасына карманарын айтат. Мындан тышкары, анын дагы бир-эки узак мөөнөттүү өздүк изилдөө программасы бар. Роналд: «Ал программалар мага эмки изилдөө маалын чыдамсыздык менен күтүүгө жардам берет»,— дейт.

Биз жөнүндө эмне айтууга болот? Кудай Сөзүн изилдөөгө жана окугандарыбыздын үстүнөн ой жүгүртүүгө жетиштүү убакыт бөлүп жатабызбы? Ой жүгүртүү жөндөмүбүздү машыктырып, Жазмадагы принциптерге ылайык чечим чыгарууга көнүгүп жатабызбы? (Накыл 2:1—7). Келгиле, рухий жактан жетилген, түшүнүү жөндөмү жаман-жакшыны ажырата билүүгө үйрөтүлгөн адамдардан болууга умтулуп, баалуу билимге жана акылмандыкка ээ боло берели!

[23-беттеги сүрөт]

Ой жүгүртүү жөндөмүбүздү «иш жүзүндө колдонуунун аркасында» машыктырабыз