Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Харан — аарынын уюгундай кайнаган байыркы шаар

Харан — аарынын уюгундай кайнаган байыркы шаар

Харан — аарынын уюгундай кайнаган байыркы шаар

ХАРАН деген атты укканда Жазманы жакшы билгендер дароо эле ишенимдүү уруу аксакалы Ыбрайымды эстешет. Ур шаарынан Канаан жерине жол тартып баратып ал жубайы Саара, атасы Терах, иниси Лот болуп убактылуу Харанда жайланышып калышат. Ал жактан Ыбрайым көп байлык топтойт. Атасы көз жумгандан кийин, ал чыныгы Кудай убадалаган жерге сапарын улайт (Башт. 11:31, 32; 12:4, 5; Элч. 7:2—4). Кийинчерээк Ыбрайым өзүнүн кулун Харандан же коңшулаш чөлкөмдөн Ыскакка колукту таап келүүгө жиберет. Ыбрайымдын небереси Жакып да Харанда бир топ жыл жашайт (Башт. 24:1—4, 10; 27:42—45; 28:1, 2, 10).

Ашур падышасы Санхейрип Жүйүт падышасы Хискияны коркутуп айттырган сөзүндө Ашур падышалары басып алган «элдердин» катарында Харанды да санап өткөн. Бул жерде «Харан» деген ат шаарга эле эмес, анын тегерегиндеги аймакка карата да айтылган (2 Пад. 19:11, 12). Жезекиелдин пайгамбарлыгында Харан Тирдин негизги соода өнөктөшү болгону айтылат, бул болсо анын маанилүү соода борбору болгонун тастыктап турат (Жез. 27:1, 2, 23).

Бүгүнкү күндө Харан — Түркиянын түштүк-чыгышындагы Шанлиурфанын жанында жайгашкан чакан шаарча. Бирок бир кездерде ал аарынын уюгундай кайнаган шаар эле. Харан Ыйык Китепте колдонулган аты азыркыга чейин сакталып калган бир нече байыркы жерлердин бири болуп эсептелет. Анын ашурча формасы Харрану «Жол» же «Кербен жолу» деген маанини туюнтат, бул Харандын ири шаарларды бириктирип турган негизги соода жолдорунда жайгашканынан кабар берет. Харанда жүргүзүлгөн казуу иштеринде табылган жазууларга ылайык, Бабыл падышасы Набониддин апасы Синдин, Харандын ай кудайынын, ибадатканасында жогорку жрец-айым болгон. Айрымдардын айтымында, Набонид ошол ибадаткананы калыбына келтирген. Ошондон кийин Харан ар кандай империялардын гүлдөшүнө, кайрадан кулашына күбө болгон.

Азыр Харан илгерки убактагысынан кескин айырмаланат. Байыркы Харан, өзгөчө, белгилүү бир доордо маанилүү жана аябай өнүккөн шаар болгон. Бирок бүгүнкү тапта ал чатыры томпогой үйлөрдөн турган эле аймак. Анын чет жакасынан байыркы цивилизациянын урандыларын көрүүгө болот. Кудайдын жаңы дүйнөсүндө бир кездерде Харанда жашагандардын көбү, анын ичинде Ыбрайым, Саара жана Лот тирилтилишет. Арийне, алар бизге аарынын уюгундай кайнаган байыркы Харан жөнүндө көп нерсе айтып бере алышат.

[20-беттеги сүрөт]

Харандын урандылары

[20-беттеги сүрөт]

Томпогой чатырлуу үйлөр

[20-беттеги сүрөт]

Бүгүнкү Харандын үстүнөн көрүнүшү