Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Баамчылдык жакшы жемиш берет

Баамчылдык жакшы жемиш берет

Баамчылдык жакшы жемиш берет

ЖЫЙНАЛЫШЫҢДЫН аймагында кабар айтууга мүмкүнчүлүк пайда боло калганда, аны баамдай билип, тийиштүү иш-аракет кылууга даярсыңбы? Тарыхый порттуу шаар Туркудагы (Финляндия) бир туугандар дал ошондой кылышкан жана алардын баамчылдык көрсөтүп, тийиштүү иш-аракет кылганы эң сонун жемиш берген.

Бир нече убакыт мурун Туркудагы бир туугандар ал жакка азиялык бир топ кишинин келгенин байкашкан. Алар жергиликтүү кеме куруучу заводдо курулуп жаткан чоң саякат кемесин бүтүрүү үчүн келишкен. Кийинчерээк бир ишенимдешибиз ал чет өлкөлүк жумушчулардын кайсы мейманканаларга токтогонун аныктаган. Ошондой эле жумушчулардын портко эртең менен эрте шаардын борборундагы мейманканалардан автобус менен жеткирилерин билген. Ал ошол замат бул тууралуу Туркудагы англис тилиндеги жыйналыштагы бир туугандарга билдирген.

Ал жыйналыштагы аксакалдар чет өлкөдөн көп киши келгенинин аркасында аларга Падышалыктын кабарын жеткирүүгө мүмкүнчүлүк түзүлгөнүн баамдап, дароо атайын өнөктүк уюштурушкан. Ошол жуманын жекшемби күнүндө он жарчы эртең менен саат жетиде аялдаманын жанына чогулат. Башында бир да жумушчу жок болгондуктан, бир туугандар: «Кечигип калдыкпы? Алар Туркудан кетип калышканбы?» — деп тынчсыздана башташат. Бирок бир маалда ишке кийчү кийимчен бир киши келет, анан анын артынан улам бири келип отуруп, көп өтпөй аялдамага аябай көп киши чогулуп калат. Жарчылар аларга англис тилиндеги адабияттарды сунуштап, кабар айта башташат. Бактыга жараша, жумушчулардын баары чогулуп, автобустардан орун алгыча, бир сааттай убакыт өтөт. Ошонун аркасында бир туугандар алардын көбү менен сүйлөшүүгө үлгүрүшөт. Автобустар кеткиче, жумушчулар 126 китепче, 329 журнал алышкан!

Мындай жакшы натыйжа бир туугандарга дем-шык берип, кийинки жумада, райондук көзөмөлчү келген убакта, кайрадан өнөктүк өткөрүүгө түрткү берет. Жамгырлуу күндө райондук көзөмөлчү эртең мененки саат алты жарымда кабар айтуу жолугушуусун өткөрөт, анан 24 жарчы аялдамага жөнөйт. Чет өлкөлүктөрдүн көбү Филиппинден экенин билишкендиктен алар тагал тилинде да адабияттарды ала барышат. Бул жолкусунда алар, автобустар портко жөнөгүчө, жумушчуларга 7 китеп, 69 китепче жана 479 журнал таратышат. Ошол өнөктүккө катышкан бир туугандардын канчалык кубанганын, канчалык бекемделгенин элестетсеңер!

Жумушчулар мекенине кайтканга чейин, бир туугандар алар токтогон мейманканаларга барып, айрымдарына Падышалыктын кабарын кененирээк түшүндүрүп бере алышкан. Кээ бир жумушчулар Жахабанын Күбөлөрүнө ага чейин башка өлкөлөрдөн да жолукканын айтышкан. Ошондой эле бир туугандарга, алар Финляндиядан кете электе, демилгени колго алып, жолукканы үчүн ыраазычылык билдиришкен.

Жыйналышыңдын аймагында кабар айтууга кандайдыр бир мүмкүнчүлүк түзүлө калганда, аны баамдай билип, иш-аракет кылууга даярсыңбы? Демилгени колго алып, тек-тамыры ар кандай адамдарга жакшы кабар жеткирүүгө умтуласыңбы? Ошентсең, Туркудагы бир туугандардай болуп, сен да аракетиңдин үзүрүн көрөсүң.

[32-беттеги сүрөт]

ФИНЛЯНДИЯ

ХЕЛЬСИНКИ

Турку

[Булак]

STX Europe