Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Балдарың окуп-изилдөөнү жакшы көрөбү?

Балдарың окуп-изилдөөнү жакшы көрөбү?

Балдарың окуп-изилдөөнү жакшы көрөбү?

БАЛДАРДЫН келечеги үчүн кам көрүүнүн маанилүү жолу — аларды окууга жана изилдөө жүргүзүүгө үйрөтүү. Бул — кубаныч тартуулай турган жагымдуу иш. Айрымдар кичинекей кезинде ата-энесинин китеп окуп берген учурларын жылуу сезим менен эстешет. Окуу ырахат тартуулайт жана анын пайдасы көп. Буга Жахабанын кызматчылары да ынанып жатышат, анткени алар Ыйык Китепти изилдөөнүн аркасында Кудай менен жакын мамиле өрчүтүүдө. Исанын жолун жолдогон бир ата: «Биз абдан баалаган нерселердин көбү окуу жана изилдөө менен байланыштуу»,— деп айткан.

Окууну адат кылып алуу балдарга Кудай менен тыгыз мамиледе болууга жардам берет (Заб. 1:1—3, 6). Куткарылуу үчүн окуганды билүү талап болбосо да, Ыйык Китепте анын көп жагынан пайдалуу экени айтылат. Мисалы, Аян 1:3тө: «Бул пайгамбарлыктагы сөздөрдү үн чыгара окуган киши жана аларды уккандар... бактылуу»,— делет. Андан тышкары, ой жүгүртүү да абдан маанилүү. Муну элчи Пабылдын Тиметейге берген кеңешинен айкын көрүүгө болот. Ал: «Ушулар тууралуу ой жүгүрт; ийгиликтериң... айкын болушу үчүн, өзүңдү ушуларга арна»,— деп жазган (1 Тим. 4:15).

Албетте, окуганды билүүнүн өзү эле пайда алып келет деп айтууга болбойт. Көптөр окуганды билсе да, анын маанилүүлүгүн баркка албай, убактысын пайдасы аз нерселерге жумшашат. Ата-энелер балдарына окууга болгон каалоосун өстүрүүгө кантип жардам бере алышат?

Сүйүүңөр жана үлгүңөр

Окуп-изилдөө учурунда ата-энесинин сүйүүсүн, мээримин сезген балдар андан ырахат алууга үйрөнүшөт. Оуэн менен Клаудия аттуу жубайлар мындай дешет: «Балдарыбыз изилдөөнү чыдамсыздык менен күтүшөр эле. Анткени изилдөө учурунда алар өздөрүн эркин, коопсуз сезишчү. Изилдөөбүз жакшы, жагымдуу маанайда өткөндүктөн, балдар оюндагысын тартынбай айта алышчу». Балдар өспүрүм курактагы кыйынчылыктарга туш болуп жаткан учурда үй-бүлөлүк изилдөө жагымдуу маанайда өткөрүлсө, изилдөөдөн кубаныч ала беришет. Оуэн менен Клаудиянын балдары учурда пионер болуп кызмат кылышат. Алар кичинекей кезинен эле окуганды жакшы көрүүгө үйрөнүшкөндүктөн, азыр да окуп-изилдөөдөн пайда алышууда.

Балдарга ата-энесинин үлгүсү да зор таасир этет. Балдарың сенин окуп-изилдөөгө олуттуу маани берериңди көрсө, изилдөө жашоодо маанилүү орунда турушу керек экенин түшүнүшөт. Бирок өзүң окуганды жакшы көрбөсөңчү? Анда, балким, окууга карата көз карашыңды өзгөртүшүң керектир (Рим. 2:21). Окуп-изилдөөгө атайын убакыт бөлгөнүң балаңа таасир этпей койбойт. Ыйык Китепти күнүгө окуганың, жыйналыштарга кылдат даярданганың жана үй-бүлөлүк изилдөөгө олуттуу караганың — буларды маанилүү деп эсептээриңди көрсөтөт.

Ооба, балдарыңа көрсөткөн сүйүүң жана үлгүң алардын окууга болгон каалоосун өрчүтүүгө өбөлгө түзөт. Бул жагынан балдарыңа жардам берүү үчүн дагы эмнелерди кылсаң болот?

Балдар окуганды жакшы көрүшү үчүн...

Балдар окуганды жакшы көрүшү үчүн, эмне кылсаң болот? Балдарыңды кичинекей кезинен эле китепке жакын болууга үйрөт. Кичинекей кезинде эле окуганды жакшы көрүүгө үйрөнгөн бир аксакал: «Балдарыңарды кичинесинен эле китепке көндүргүлө. Ошондо китеп алардын досу болуп, окуу жашоосунун бир бөлүгүнө айланат»,— деп кеңеш берет. Көптөгөн балдар окуганды үйрөнө элек болсо да, Ыйык Китепке негизделген «Улуу Окутуучудан үйрөн» жана «Ыйык китептик аңгемелер» деген китептерди колунан түшүрүшпөйт. Ушул китептерди балдарыңа окуп берүү менен аларга сүйлөгөндү эле эмес, «рухий маселелерди» жана «рухий сөздөрдү» да үйрөтө аласың (1 Кор. 2:13).

Дайыма үн чыгарып окугула. Балдарың менен күнүгө китеп окууну адат кылып ал. Анын аркасында балдар туура сүйлөгөндү үйрөнүп, окууну адат кылып алышат. Кантип окуп бергениң да маанилүү. Шыктануу менен окусаң, балдарың да ошого үйрөнүшөт. Кээде балдарың кайсы бир окуяны кайра-кайра окуп беришиңди суранышы мүмкүн. Алардын өтүнүчүн четке какпа. Убакыттын өтүшү менен алар башка теманы окуп беришиңди каалашы мүмкүн. Бирок балдарыңды зордоп окутуудан алыс бол. Иса элди окутуп жатканда алар «канча түшүнө алса, ошончо сүйлөө» менен жакшы үлгү калтырган (Мр. 4:33). Балдарды окууга мажбурлабасаң, алар чогуу китеп окуган убакты чыдамсыздык менен күтүшөт. Ушундай кылуу менен балдарыңды окуганды жакшы көрүүгө үйрөтө аласың.

Балдарыңды өз оюн айтууга үндө жана окугандарыңарды талкуулагыла. Бара-бара балдарың сөздөрдү туура айтууга үйрөнүп, алардын маанисин түшүнүп, сөз байлыгы кеңейе баштайт. Окуганыңарды талкуулоо да аларга ийгиликтерди жасоого көмөк кылат. Балдарга жакшы окууга кантип жардам берсе болору жөнүндө жазылган бир китепте балдар менен пикирлешүү «аларга китепте кездештирген сөздөрдүн маанисин түшүнүүгө» көмөк кылары айтылган. Ал китепте андан ары мындай делет: «Акыл-эси өрчүп, тили чыгып келаткан бала менен сүйлөшүү, өзгөчө, пайдалуу нерселер жөнүндө сүйлөшүү... абдан маанилүү».

Балдарыңды окуп берүүгө жана суроо берүүгө үндө. Биринчи өзүңө суроо берип, анан жооп берсең болот. Ошондо балдарың китепте кызыктуу маалыматтар камтылганын жана анда жазылгандардан бир нерсеге үйрөнсө боло турганын түшүнүшөт. Бул, өзгөчө, баарынан маанилүү китепти — Кудай Сөзүн — окууда пайдалуу (Эвр. 4:12).

Окууга үйрөнүү үчүн көп нерселер талап кылынарын унутпа. Балдарды жакшы окууга үйрөтүү үчүн убакыт жана күч-аракет жумшоо зарыл *. Андыктан алардын окууга болгон каалоосун өрчүтүү үчүн чын жүрөктөн макта. Мунун аркасында алар канат байлап, окууга болгон кызыгуусу артат.

Пайдалуу жана жагымдуу изилдөө

Балдарыңа кантип изилдөө жүргүзүү керектигин үйрөтсөң, алар окуунун канчалык кызыктуу экенин түшүнүшөт. Изилдөө өз ичине жаңы бир нерселерди билүүнү жана алардын мурун билгендер менен кандай байланышы бар экенин аныктоону камтыйт. Изилдөө жүргүзүү үчүн уюшкандык, эстеп калуу жана маалыматты колдонуу жөндөмдүүлүктөрү керек. Балдарың изилдөө жүргүзүүгө үйрөнүп, анын кандай пайдасы бар экенин түшүнсө, изилдөө ары пайдалуу, ары жагымдуу болот (Нас. 10:10).

Изилдөө жүргүзүүнү үйрөт. Үй-бүлө менен сыйынуу кечинде, күндөлүк аятты талкуулоодо жана башка ушу сыяктуу рухий чаралар өткөрүлүп жатканда балдарыңарды изилдөө жүргүзүүгө үйрөтүүгө эң сонун мүмкүнчүлүк түзүлөт. Тынч отуруп, талкууланып жаткан темага көңүл буруунун аркасында алар көңүл топтоого үйрөнүшөт. Бул изилдөө жүргүзүүдө абдан маанилүү. Уулуңду изилдөөдөн билгендери менен мурун билгендеринин кандай байланышы бар экенин айтып берүүгө үндө. Мунун аркасында ал салыштырууга үйрөнөт. Ал эми кызыңды окугандарын жыйынтыктап өз сөзү менен айтып берүүгө чакырсаң болот. Бул ага окугандарынын маанисин түшүнүп, эстеп калууга жардам берет. Окугандарды кайталоого, башкача айтканда, негизги ойлорду өз сөзү менен айтып берүүгө үндөө — балдарга эстеп калууга жардам берүүнүн дагы бир жолу. Атүгүл кичинекей балдарды да изилдөө маалында же жыйналышта кыскача жазып отурууга үйрөтсө болот. Бул алардын көңүл топтоого үйрөнүшүнө өбөлгө түзүп, чоң пайдаларды алып келет. Ушундай жөнөкөй ыкмаларды колдонуу изилдөөнү өзүңөр үчүн да, балдарыңар үчүн да кызыктуу кылат.

Изилдөө жүргүзүүгө ылайыктуу шарт түз. Бөлмө жакшы желдетилген, жарык, тынч жана ыңгайлуу болсо, көңүл топтоого оңоюраак болот. Бирок андан да маанилүүсү, ата-энелер изилдөөгө олуттуу мамиле кылышы керек. Бир эне мындай дейт: «Окууга жана изилдөө жүргүзүүгө дайыма убакыт бөлүү жана аны үзгүлтүккө учуратпоо абдан маанилүү. Анткени бул балдарды уюшкандыкка үйрөтөт. Алар ошондой эле ар бир иштин өз убагы бар экенин түшүнүшөт». Көптөгөн ата-энелер балдарына изилдөө маалында башка иштер менен алек болууга тыюу салышат. Бир кызматчынын айтымында, ушундай ыкма балдардын китеп окууну адат кылып алышына өбөлгө түзөт.

Изилдөөнүн маанилүүлүгүн баса белгиле. Балдарыңа изилдөөнүн пайдалуу жактарын көрүүгө жардам бер. Изилдөөнүн негизги максаты иш жүзүндө колдонорлук жагын баса белгилөө болушу абзел. Бир жаш ишенимдешибиз: «Эгер изилдеп жаткан маалыматтын иш жүзүндө колдонорлук жагын көрбөсөм, өзүмдү кыйнап эле изилдейм. Ал эми пайдалуу ойлорду тапсам, ынтызарлык менен изилдейм»,— дейт. Эгер балдар изилдөө жакшы натыйжаларды алып келерин көрүшсө, ынтызарлык менен изилдешет жана окууга болгон каалоосу артат.

Акыбети кайтат

Балдарыңардын окууга болгон каалоосун арттыруу аларга көп пайда алып келет. Окуп-изилдөө балдарга канааттануу тартуулагандан тышкары, мектепте жакшы окууга, жакшы жумушчу болууга, башкалар менен тил табышууга, биз жашап жаткан дүйнөнү түшүнүүгө, ата-энеси менен ынак мамиледе болууга жардам берет.

Баарынан маанилүүсү, изилдөө балдарга рухий адам болууга көмөк кылат. Изилдөөнүн аркасында алар акылы менен жүрөгүн Ыйык Китептеги «чындыктын кеңдигин, узундугун, бийиктигин жана тереңдигин» түшүнүүгө бура алат (Эф. 3:18). Албетте, Исанын жолун жолдогон ата-энелер балдарын көп нерселерге үйрөтүшү керек. Эгер ата-энелер балдарына атайын убакыт бөлүп, алар жакшы адам болуп чоңоюшу үчүн колунан келишинче аракет кылышса, балдары Жахабага кызмат кылууну тандаарына үмүттөнө алышат. Окууну адат кылып алууга үйрөтүү балдарга Жахаба менен ынак мамиле өрчүтүп, аны сактап калууга жардам берет. Андыктан балдарыңдын окууга жана изилдөөгө болгон каалоосун арттыруу үчүн Жахабадан жардам сурап тилен (Накыл 22:6).

[Шилтеме]

^ 14-абз. Окуу жөндөмү начар балдарга бир нерсени окуп-изилдөө кыйынга турат. Андай балдардын ата-энелери балдарына кантип жардам берсе болору жөнүндө «Ойгонгула!» журналынын 1997-жылдын 22-февралындагы санынын 3—10-беттеринен билүүгө болот, ор.

[26-беттеги кутуча/сүрөт]

Окуу

• Балдарыңды кичинекей кезинен эле китепке жакын болууга үйрөт

• Үн чыгарып окугула

• Өз оюн айтууга үндө

• Окуганыңарды талкуулагыла

• Балдарыңды окуп берүүгө үндө

• Балдарыңды суроо берүүгө үндө

Изилдөө

• Жакшы үлгү көрсөт

• Балдарыңды

○ көңүл топтоого

○ салыштырууга

○ жыйынтыктоого

○ кайталоого

○ кыскача жазууга үйрөт

• Изилдөө жүргүзүүгө ылайыктуу шарт түз

• Изилдөөнүн маанилүүлүгүн баса белгиле