Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Жахабанын күнү эмнени ачыкка чыгарат?

Жахабанын күнү эмнени ачыкка чыгарат?

Жахабанын күнү эмнени ачыкка чыгарат?

«Жахабанын күнү ууру сыяктуу келет. Ал күнү... жер жана андагы иштер ашкереленет» (2 ПЕТ. 3:10).

1, 2. а) Бул бузулган дүйнө түзүлүшү кантип жок болот? б) Азыр кайсы суроолорду карап чыгабыз?

АЗЫРКЫ бузулган дүйнө түзүлүшү адам баласы Жахабадан көз карандысыз эле ийгиликтүү бийлик жүргүзө алат деген жалган түшүнүккө негизделген (Заб. 2:2, 3). Жалгандыкка негизделген нерсе түбөлүккө тура алабы? Түк да! Ошентсе да биз Шайтандын дүйнөсү өзүнөн өзү жок болот деп күтпөйбүз. Аны өз убагында жана өзү туура көргөн жол менен Кудай жок кылат. Бул ыймансыз дүйнөгө чыгарган өкүмүн ишке ашырганда ал адилеттүүлүгүн да, сүйүүсүн да жеткилең түрдө чагылдырат (Заб. 91:8; Накыл 2:21, 22).

2 «Жахабанын күнү ууру сыяктуу келет,— деп жазган элчи Петир.— Ал күнү асман шуулдаган үн менен жок болот. Асман менен жерди түзгөн нерселер болсо чоктой кызарып кыйратылат, ал эми жер жана андагы иштер ашкереленет» (2 Пет. 3:10). Бул жерде айтылган «асман» менен «жер» эмнени билдирет? Ал эми кыйратыла турган «нерселер» эмнелер? Петир «жер жана андагы иштер ашкереленет» деп эмнени айткысы келген? Бул суроолордун жообун билүү бизге жакын арада боло турган үрөй учурарлык окуяларга даяр болууга жардам берет.

Жок боло турган асман менен жер

3. 2 Петир 3:10до айтылган «асман» эмнени билдирет жана ал кантип жок болот?

3 Ыйык Китепте «асман» деген сөз каймана мааниде колдонулганда көп учурда бийлиги алдындагылардан жогору турган башкаруучуларга карата айтылат (Ыш. 14:13, 14; Аян 21:1, 2). Жок боло турган «асман» кудайсыз коомдун үстүнөн бийлик жүргүзгөн адамдардын башкаруусун билдирет. Алардын «шуулдаган үн» менен жок болушу бир заматта ойрон болорун көрсөтүшү мүмкүн.

4. «Жер» эмнени билдирет жана ал кантип жок кылынат?

4 «Жер» Кудайдан алыстаган адамзат дүйнөсүн билдирет. Кудай Нухтун убагында андай дүйнөнү Топон суу менен жок кылган. «Ал эми азыркы асман менен жер ошол эле сөз боюнча отко, ыймансыз адамдар жок боло турган сот күнүнө сакталып турат» (2 Пет. 3:7). Топон суу кудайсыздардын баарын бир учурда жок кылса, «улуу алаамат» учурунда боло турган кыйроо баскычтардан турат (Аян 7:14). Ал алааматтын биринчи баскычында Кудай бул дүйнөнүн саясий башкаруучуларына «Улуу Бабылды» кыйратууга түрткү берет. Ошентип, ал диний сойкуну жек көрөрүн көрсөтөт (Аян 17:5, 16; 18:8). Анан Армагедон согушунда, улуу алааматтын акыркы баскычында, Жахаба Шайтандын дүйнөсүнүн калган бөлүгүн жер менен жексен кылат (Аян 16:14, 16; 19:19—21).

«Асман менен жерди түзгөн нерселер... кыйратылат»

5. «Нерселерге» эмнелер кирет?

5 Кыйратыла турган «нерселер» эмнени билдирет? Ыйык китептик бир сөздүктө «нерселер» деп берилген сөз «баштапкы принциптерди» же «негизги нерселерди» билдирери айтылат. Сөздүктө жазылгандай, ал сөз «тилдин негизин түзгөн алфавит тамгаларына карата колдонулган». Демек, Петир сөз кылган «нерселер» дүйнөгө мүнөздүү негизги нерселерди: Кудайга жакпаган сапаттарды, көз караштарды, жолдорду, максаттарды билдирет. «Нерселерге» «тил албаган адамдарга таасир этип жаткан» «дүйнөнүн руху» да кирет (1 Кор. 2:12; оку: Эфестиктер 2:1—3). Ал рух же «аба» Шайтандын дүйнөсүнө кеңири тараган. Ал адамдарга ойлогон оюнда, койгон максаттарында, сүйлөгөн сөзүндө жана кылган ишинде «абанын... бийлигин колдонгон башкаруучунун» — текебер, козголоңчул Шайтандын — ой жүгүртүүсүн чагылдырууга түрткү берет.

6. Дүйнөнүн руху кандайча чагылдырылат?

6 Ошондуктан дүйнөнүн рухун жуктуруп алгандар билип-билбей акылы менен жүрөгүн Шайтанга калыптоого жол беришкен. Ошо себептен алар анын ой жүгүртүүсүн, көз карашын чагылдырышат. Мунун кесепетинде алар Кудайдын эркин эске албай, өздөрү каалагандай иш кылышат. Алар ар кандай жагдайларда менменсингендик, өзүмчүлдүк менен иш кылышат, бийликке карата козголоңчул маанай чагылдырышат жана «дене кумары, көз кумарына» жетеленишет (Оку: 1 Жакан 2:15—17) *.

7. Эмне себептен жүрөгүбүздү сакташыбыз керек?

7 Андыктан чөйрөнү, окуу материалдарын, көңүл ачууларды, Интернеттеги веб-сайттарды тандоодо Кудайдын акылмандыгына жетектелип, жүрөгүбүздү сактаганыбыз кандай гана маанилүү! (Накыл 4:23). Элчи Пабыл мындай деп жазган: «Сак болгула, кимдир бирөө Машаяктын окууларына эмес, бул дүйнө карманган жол-жоболорго, адамдык салттарга негизделген философия менен курулай калпты колдонуп, силерди тузакка түшүрүп албасын» (Кол. 2:8). Жахабанын күнү жакындаган сайын, бул кеңешке кармануу аябагандай маанилүү болууда, себеби ал күндүн укмуштуудай ысык «чогу» Шайтандын түзүлүшүндөгү бардык «нерселерди» эритип, алардын отко такыр туруштук бере албай турганын айгинелейт. Бул Малахия 4:1де жазылган төмөнкү сөздөрдү эсибизге салат: «Мештей алоолонгон күн келе жатат. Ошондо бардык текеберлер менен мыйзамсыз иш кылгандар саман сыяктуу болушат, аларды келе жаткан күн өрттөп кетет».

«Жер жана андагы иштер ашкереленет»

8. Жер жана андагы иштер кандайча «ашкереленет»?

8 Петир «жер жана андагы иштер ашкереленет» деп эмнени айткысы келген? «Ашкерелөө» деген сөздү «ачыкка чыгаруу», «бетин ачуу» деп да берсе болот. Петир Жахабанын улуу алаамат учурунда Шайтандын дүйнөсүнүн бетин ачып, анын Ага жана Падышалыгына каршы болгондуктан кыйратылууга тийиш экенин көрсөтөрүн айткысы келген. Ышайа 26:21де ошол күндөр жөнүндө мындай пайгамбарлык жазылган: «Теңир Өз турагынан жердин жашоочуларын мыйзамсыздыгы үчүн жазалаганы чыгып келе жатат, ошондо жер өзү жуткан канды кайра алып чыгат, ошондон кийин өзүнүн өлтүрүлгөндөрүн жашырбайт».

9. а) Эмнени четке кагышыбыз керек жана эмне үчүн? б) Эмнени өрчүтүшүбүз керек жана эмне үчүн?

9 Жахабанын күнүндө дүйнө жана анын каардуу руху калыптаган адамдар өздөрүнүн чыныгы жүзүн көрсөтүшөт, атүгүл бири-бирин кырышат. Чынында эле, бүгүнкү күндө кеңири таралган зордук-зомбулукту камтыган көңүл ачуунун толгон-токой түрлөрү көптөрдүн акылын «ар ким өз жакынына кол көтөрө» турган күнгө даярдап жаткандай (Зах. 14:13). Анда текебердик, зордук-зомбулукту жакшы көрүү сыяктуу Кудай жек көргөн сапаттарды өрчүтүшү мүмкүн болгон фильмдерди, китептерди, видеооюндарды жана башка нерселердин баарын четке какканыбыз кандай маанилүү! (2 Шем. 22:28; Заб. 10:5). Келгиле, Кудайдын ыйык рухунун жемишин өрчүтөлү. Себеби ал сапаттар Жахабанын күнүндөгү каймана маанидеги отко туруштук бере алат (Гал. 5:22, 23).

«Жаңы асман менен жаңы жер»

10, 11. «Жаңы асман» менен «жаңы жер» эмнени билдирет?

10 Оку: 2 Петир 3:13. «Жаңы асман» — Кудайдын асмандагы Падышалыгы. Ал 1914-жылы, «башка элдерге белгиленген убакыт аяктаганда», орнотулган (Лк. 21:24). Ал падышалык өкмөт Машаяк Иса менен анын 144 000 кошо башкаруучусунан турат; кошо башкаруучулардын көбү асмандагы сыйлыгын алган. Аян китебинде ал тандалган адамдар «күйөөсү үчүн жасанган колуктудай даярдалып, асмандан, Кудайдан түшүп келаткан» «ыйык шаар», «Жаңы Иерусалим» катары сүрөттөлөт (Аян 21:1, 2, 22—24). Жердеги Иерусалим байыркы Ысрайыл өкмөтүнүн борбору болгондой эле, Жаңы Иерусалим жана анын «Күйөөсү» жаңы дүйнө түзүлүшүнүн өкмөтүн түзүшөт. Асмандагы ал шаар жерге «түшөт», башкача айтканда, көңүлүн жерге бурат.

11 «Жаңы жер» Кудайдын Падышалыгына даярдуулук менен баш иерин көрсөтө турган жердеги жаңы адамзат коомун билдирет. Кудайдын эли атүгүл азыркы учурда ырахат алып жаткан рухий бейиш ажайып кооз «болочок жерден» сөзсүз түрдө орун алат (Эвр. 2:5). Биз канткенде жаңы дүйнө түзүлүшүнүн мүчөсү боло алабыз?

Жахабанын улуу күнүнө даярдангыла

12. Жахабанын күнү келгенде дүйнө эмне үчүн айран-таң болот?

12 Пабыл да, Петир да Жахабанын күнү «уурудай болуп», тактап айтканда, капысынан, күтүлбөгөн убакта келерин алдын ала айткан (Оку: 1 Тесалоникалыктар 5:1, 2). Атүгүл ал күндү күтүп жаткан Исанын чыныгы жолдоочулары да анын күтүүсүздөн келгенине таң калышат (Мт. 24:44). Бирок дүйнө таң калып эле тим болбойт. Пабыл мындай деп жазган: «Тынчтык жана коопсуздук!» — деп айтып жатышканда, алардын [Жахабадан алыстагандардын] кыйратылуусу кошбойлуу аялдын толгоосу сыяктуу капысынан келет; алар эч качып кутула алышпайт» (1 Тес. 5:3).

13. «Тынчтык жана коопсуздук!» деген жарыяга канткенде алданбайбыз?

13 «Тынчтык жана коопсуздук!» деген жарыя жин-перилер чыгарган дагы бир калп болот. Бирок Жахабанын кызматчылары буга алданбайт. «Ал күн силерге күтүлбөгөн жерден келгидей, силер ууруларга окшоп караңгыда жүргөн жоксуңар. Анткени баарыңар жарыктын жана күндүн уулдарысыңар»,— деп жазган Пабыл (1 Тес. 5:4, 5). Ошондуктан Шайтандын дүйнөсүндөгү караңгылыктан алыс болуп, жарыкта жүрөлү. Петир мындай деген: «Сүйүктүү биртуугандарым, муну алдын ала билгендиктен, мыйзамды тоготпогон ал адамдар силерди өздөрүнүн жаңылыш жолуна азгырып кетпеши үчүн жана туруктуулугуңардан тайбашыңар үчүн сак болгула» (2 Пет. 3:17).

14, 15. а) Жахаба бизге камкордугун кантип көрсөтөт? б) Рухтун жетеги менен жазылган кайсы сөздөрдү жүрөгүбүзгө түйүп алышыбыз керек?

14 Жахаба «сак болушубуз» керектигин эле айтып койгон эмес. Ал боорукердигин, камкордугун көрсөтүп, келечекте боло турган окуяларды «алдын ала билишибиз» үчүн, алар жөнүндө жалпы түшүнүк берип келет.

15 Бирок, өкүнүчтүүсү, айрымдар сергек болууга байланыштуу берилген эскертүүлөргө көп деле маани бербей, атүгүл таптакыр капарына албай калышат. Алар: «Биз мындай эскертүүлөрдү качантан бери эле угуп келатабыз»,— деши мүмкүн. Бирок мындай сөздөрдү айткандар, чынында, ишенимдүү кул тобуна эле эмес, Жахабага жана анын Уулуна шек келтирип жатканын унутпашы керек. Жахаба: «Күт»,— деген (Хаб. 2:3). Иса да: «Сергек болгула, анткени Мырзаңардын кайсы күнү келерин билбейсиңер»,— деп айткан (Мт. 24:42). Андан тышкары, Петир: «Силер жүрүм-туруму ыйык жана Кудайга берилген адамдардан болушуңар керек эмеспи!.. Жахабанын күнүнүн келишин күтүп, аны эсиңерде бек сактагыла»,— деп жазган (2 Пет. 3:11, 12). Ишенимдүү кул жана анын Жетектөөчү Кеңеши ал олуттуу сөздөрдү эч качан капарына албай койбойт!

16. Биз кандай маанай чагылдыруудан качышыбыз керек жана эмне үчүн?

16 Чын-чынында, Кожоюн жакында келбейт деп каардуу кул ойлойт (Мт. 24:48). Ал каардуу кул 2 Петир 3:3, 4-аяттарда айтылган топтун бөлүгүн түзөт. Петир «акыркы күндөрү» тил алчаактык менен Жахабанын күнүн эсинде бек сактагандарды мазактап, «өз каалоолору боюнча иш кыла турган шылдыңчылардын келерин» айткан. Ооба, Падышалыктын кызыкчылыктарына көңүл топтоонун ордуна, алар өздөрү жана өзүмчүл каалоолору жөнүндө көбүрөөк ойлошот. Биз эч качан андай кооптуу маанай чагылдырбайлы жана тил албас болбойлу! Тескерисинче, «Теңирибиздин чыдамдуулугун куткарылуу катары эсептеп», Падышалык жөнүндө кабар айтуу жана шакирт даярдоо ишине толук катыша берели, ошондой эле Жахаба Кудай гана белгилей турган окуялардын убакыт-мөөнөтү жөнүндө өтө көп тынчсыздана бербейли (2 Пет. 3:15; оку: Элчилер 1:6, 7).

Кудайдын куткарарына ишенүү

17. Исанын ишенимдүү жолдоочулары анын Иерусалимден качууга байланыштуу көрсөтмөсүнө кандай жооп кайтарышкан жана эмне үчүн?

17 Рим аскерлери б.з. 66-жылы Жүйүт жерин басып киргенден кийин, Исанын ишенимдүү жолдоочулары анын көрсөтмөсүнө ылайык иш кылып, мүмкүнчүлүк болор замат, Иерусалим шаарынан качып чыгышкан (Лк. 21:20—23). Алар эмне себептен тезинен, чечкиндүү иш-аракет кылышкан? Алардын Исанын эскертүүсүн эсинде бек сактаганы шексиз. Арийне, алар чыгарган чечиминин, Иса алдын ала айткандай, кыйынчылыктар менен коштолорун түшүнүшкөн. Бирок Жахаба өзүнүн ишенимдүү кызматчыларын эч убакта таштабай турганын билишкен (Заб. 54:23).

18. Исанын Лука 21:25—28-аяттардагы сөздөрү келе жаткан улуу алааматка болгон көз карашыңа кандай таасир этет?

18 Биз да Жахабага толугу менен таянышыбыз керек, себеби азыркы түзүлүш адамзат тарыхында болуп көрбөгөн улуу алааматка кабылганда, бизди Жахаба гана куткара алат. Улуу алаамат башталгандан кийин, бирок Кудай дүйнөнүн үстүнөн сот өкүмүн ишке ашырганга чейин белгилүү бир убакыт аралыгында «адамдар жер бетинде боло турган окуяларды күтүп, коркконунан эсинен танышат». Кудайдын душмандары жүрөгү түшүп калтырашса, Жахабанын ишенимдүү кызматчыларын коркунуч баспайт. Тескерисинче, куткарылуусу абдан жакын калганын билгендиктен кубанычка бөлөнүшөт (Оку: Лука 21:25—28).

19. Кийинки макалада эмне талкууланат?

19 Ооба, бул дүйнөдөн жана анын «нерселеринен» алыс болгондорду жүрөк толкуткан келечек күтүп турат! Бирок кийинки макалада түшүндүрүлө тургандай, өмүр алышыбыз үчүн жамандыктан качуу жетишсиз. Биз Жахабага жаккан сапаттарды өрчүтүп, ал туура деп эсептеген иштерди кылышыбыз керек (2 Пет. 3:11).

[Шилтеме]

^ 6-абз. Дүйнөнүн руху дагы кандайча чагылдырылары жөнүндө билүү үчүн «Ыйык Жазманын негизинде талкуулашуу» китебинин 135—139-беттерин карагыла, ор.

Түшүндүрө аласыңарбы?

• Азыркы «асман менен жер» эмнени билдирет?

«Нерселер» эмнени билдирет?

«Жаңы асман менен жаңы жер» эмнени билдирет?

• Эмне үчүн Кудайга толугу менен таянабыз?

[Изилдөө суроолору]

[5-беттеги сүрөт]

Канткенде «жүрөгүңдү сактап», бул дүйнөдөн оолак боло аласың?

[6-беттеги сүрөт]

«Теңирибиздин чыдамдуулугун куткарылуу катары эсептээрибизди» кантип көрсөтөбүз?