Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

«Коркпогун, Мен сага жардам берип жатам»

«Коркпогун, Мен сага жардам берип жатам»

«Коркпогун, Мен сага жардам берип жатам»

ИСА өзүнүн жолдоочуларын: «Толугу менен сыналышыңар үчүн... Ибилис айрымдарыңарды түрмөгө каматат»,— деп эскерткен. Бирок ага чейин: «Башыңа түшө турган кыйынчылыктардан коркпо»,— деген. Шайтан Падышалык жөнүндөгү кабар айтуу ишин токтотуу үчүн дагы деле түрмөгө каматуу аркылуу коркутууга аракет кылгандыктан, кээ бир өкмөттөр Исанын чыныгы жолдоочуларын куугунтукташы мүмкүн (Аян 2:10; 12:17). Андыктан бизге Шайтандын айла-амалдарына каршы турууга даяр болуп, Иса үндөгөндөй, коркпоого эмне жардам берет?

Албетте, көпчүлүгүбүздүн бирде болбосо бирде корккон учурларыбыз болгон. Анткен менен, Ыйык Китепте айтылгандай, Жахаба бизге коркунучка алдырбоого жардам берет. Кантип? Шайтандын жана анын таламдаштарынын айла-амалдарын ачып берүү менен Жахаба бизди каршылыктарга туруштук берүүгө даярдайт (2 Кор. 2:11). Муну айкыныраак түшүнүү үчүн байыркы убакта болуп өткөн бир окуяны карап чыгалы. Ошондой эле «Ибилистин айла-амалдарына каршы тура алышкан» ишенимдүү бир туугандарыбыздын үлгүлөрүнө токтололу (Эф. 6:11—13).

Кудайдан корккон падышанын каардуу башкаруучу менен беттешиши

Б.з.ч. 8-кылымда Ашурдун каардуу падышасы Санхейрип бир катар элди басып алган. Ошондуктан ал өз ишине корстон боло көкүрөгүн каккылап, Жахабанын элине жана анын борбор калаасы Иерусалимге көз арта баштайт. Ал жерде Кудайдан корккон Хиския падыша башкарып турган эле (2 Пад. 18:1—3, 13). Шайтандын чыныгы сыйынууну жер бетинен жоюу үчүн бул жагдайды өз кызыкчылыгына колдонуп, Санхейрипти өзүнүн амалдарын ишке ашырууга түрткөнү күмөнсүз (Башт. 3:15).

Санхейрип Иерусалим шаарынын багынып беришин талап кылуу үчүн ал жакка өзүнүн кишилерин жөнөтөт. Алардын арасында падышанын башкы өкүлү Рапшак да бар эле * (2 Пад. 18:17). Ал жүйүт элинин кайратын качырып, согушсуз эле багындырууну көздөгөн. Рапшак жүйүттөрдүн жүрөгүнүн үшүн алуу үчүн кандай амалдарды колдонгон?

Эркиндигинен ажыратылышса да, ишенимдүү болушкан

Рапшак Хискиянын өкүлдөрүнө мындай деген: «Улуу падыша Ашур падышасы мындай дейт: „Сен деги эмнеге таянып жатасың?.. Сен сынык таякка — Мисирге таянып жатасың. Ага ким таянса, ал анын алаканына кирип, көзөп өтөт“» (2 Пад. 18:19, 21). Рапшактын ырастоосу карандай калп болчу, себеби Хиския Мисир менен шериктеш болгон эмес. Рапшактын сөздөрүнөн көрүнүп тургандай, ал жүйүттөрдү: «Силерге эч ким жардамга келбейт. Силер жападан жалгыз калдыңар»,— деп ишендиргиси келген.

Биздин убакта да таза сыйынууга каршы чыккандар Исанын чыныгы жолдоочуларынын үрөйүн учуруу максатында ушундай ыкманы колдонушат. Ишеними үчүн камакка алынып, бир топ жылга ишенимдештеринен ажыратылган бир эже коркунучка алдырбоого эмне жардам бергенин кийинчерээк мындай деп эскерген: «Тиленүү мага Жахабага жакындоого жардам берди... Кудайдын Ышайа 66:2де кордук көргөндөргө жана жаны кыйналгандарга көз кырын саларын убадалаганын эсимден чыгарган жокмун. Бул мен үчүн дайыма кайраттын жана сооронучтун соолугус булагы болуп келди». Ал эми бир кишилик камерада көп жыл отуруп чыккан бир эркек бир тууган: «Адам Кудай менен ынак мамиледе болсо, кенедей эле төрт чарчы камера да ал үчүн кең ааламдай болорун түшүндүм»,— деген. Ооба, Жахаба менен тыгыз мамиледе болуу бул эки бир тууганга эркиндигинен ажыратылганда жалгыздык менен күрөшүүгө күч-кубат берген (Заб. 9:10, 11). Куугунтуктоочулар түрмөгө камалган Күбөлөрдү үй-бүлөсүнөн, досторунан жана ишенимдештеринен ажырата алышкан. Бирок Күбөлөр аларды Жахабадан эч ким эч качан ажырата албасын билишкен (Рим. 8:35—39).

Андыктан ар бир мүмкүнчүлүктү колдонуп, Жахаба менен болгон мамилебизди бекемдегенибиз кандай гана маанилүү! (Жкп. 4:8). Биз дайыма өзүбүзгө: «Жахаба мен үчүн канчалык реалдуу? Анын сөздөрү менин күнүмдүк жашоомдо чыгарган чоң болобу, кичине болобу — бардык чечимдериме терең таасир этип жатабы?» — деген суроолорду берип турушубуз керек (Лк. 16:10). Эгер Кудай менен болгон мамилебизди бекемдөөгө бүт күчүбүздү жумшап жатсак, коркууга эч кандай себеп жок. Жеремия пайгамбар кайгыга баткан жүйүттөрдүн атынан Кудайга мындай деген: «Теңир, терең ордун ичинен мен Сенин ысымыңды чакырдым... Мен Сени чакырганда, Сен жакын келип: „Коркпо!“ — дедиң» (Жер. ый. 3:55—57).

Шек туудуруудан майнап чыкпайт

Рапшак митаамдык менен шек туудурууга умтулган. Ал мындай деген: «Хиския... Кудайыңардын бийик жерлери менен курмандык жайларын талкалап таштабады беле?.. „Ошол жерге барып, аны кыйрат“,— деп мага Жахаба өзү айткан» (2 Пад. 18:22, 25, «ЖД»). Ошентип, Рапшак Жахабанын эли анын жактыруусунан айрылып калган, ошол себептен Ал өз эли үчүн күрөшпөйт деп ырастаган. Бирок чынында андай болгон эмес. Хиския да, чыныгы сыйынууга кайрылып келген жүйүттөр да Жахабанын ырайымына ээ болушкан (2 Пад. 18:3—7).

Бүгүнкү күндө Кудайдын элин куугунтуктаган кара ниет кишилер жалпылыкты табуу максатында кенедей бир чындыкты айтышы мүмкүн, бирок чынында алар амалкөйлүк менен томуктай чындыкка тоодой калпты аралаштырып, шек туудурууга аракет кылышат. Мисалы, кээде куугунтуктоочулар камакка алынган ишенимдештерибизге өлкөсүндөгү жетекчиликти колго алган бир туугандын ишенимден баш тартканын айтып, алардын да ошенткени оң деп ырасташат. Анткен менен Исанын кыраакы жолдоочулары андай ой жүгүртүүгө алданышпайт.

Экинчи дүйнөлүк согуш учурунда бир эже менен кандай окуя болгонун карап көрөлү. Абакта отурганда, ага жоопкерчиликтүү бир туугандын ишенимден баш тартканы тууралуу кагаз жүзүндөгү билдирүүнү көрсөтүшөт. Тергөөчү ишенимдешибизден ошол Күбөгө ишенер-ишенбесин сураганда, ал: «[Ал] тек гана жеткилеңсиз киши»,— деп жооп берет. Ошондой эле Кудай аны ыйык китептик принциптерге ылайык иш кылган учурда колдонгонун айтып: «Бирок анын билдирүүсү Ыйык Китепке карама-каршы келгендиктен, ал мындан ары менин бир тууганым эмес»,— деп кошумчалайт. Ал ишенимдүү эже акылмандык көрсөтүп, Ыйык Китептеги: «Төрөлөргө, адам баласына таянбагыла, алар жардам бере алышпайт»,— деген кеңешке ылайык иш кылган (Заб. 145:3).

Кудай Сөзү жөнүндө так билимге ээ болуу жана андагы кеңештерди колдонуу туруктуулугубуздан тайдыра турган, амалкөйлүк менен айтылган ырастоолорго алданбоого жардам берет (Эф. 4:13, 14; Эвр. 6:19). Ошондуктан кысым учурунда тунук ой жүгүртө алышыбыз үчүн Ыйык Китепти күнүгө окууга жана өздүк изилдөө өткөрүүгө олуттуу карашыбыз керек (Эвр. 4:12). Ооба, азыр билимибизди тереңдете турган жана ишенимибизди бекемдей турган убак. Көп жыл бою бир кишилик камерада отурган бир тууган мындай деген: «Мен бир туугандарды берилип жаткан рухий тамактын баарына олуттуу маани берүүгө үндөйт элем, анткени биз алардын качан пайдасы тиерин билбейбиз». Чынында эле, Кудай Сөзүн жана кул тобу камсыз кылган адабияттарды кылдат изилдесек, жашоодо оор кыйынчылыктарга туш болгонубузда, ыйык рух үйрөнүп-билгендерибизди эсибизге салат (Жкн. 14:26).

Коркутуудан коргогон калканч

Рапшак жүйүттөрдү коркутуп-үркүтүүгө аракет кылган. Ал: «Менин мырзам Ашур падышасы менен келишим түз: мен сага эки миң ат берем, аларга чабандес таба аласыңбы? Сен менин мырзамдын эң кичине кулдарынын бирин жеңе аласыңбы?» — деген (2 Пад. 18:23, 24). Адамдык көз караш менен караганда, Хиския жана анын эли кубаттуу Ашур аскерине каршы тура алмак эмес.

Бүгүнкү күндө да куугунтуктоочулар, өзгөчө, аларды бийлик башындагылар колдоп турса, абдан күчтүү көрүнүшү мүмкүн. Экинчи дүйнөлүк согуш маалындагы нацисттик куугунтуктоочулар буга мисал боло алат. Алар Кудайдын көптөгөн кызматчыларынын жүрөгүнүн үшүн алууга аракет кылышкан. Көп жыл түрмөгө отуруп чыккан бир тууганыбыз аны кантип коркутушканын эскерет. Бир жолу офицер андан: «Иниңдин атылганын көрдүңбү? Мындан кандай сабак алдың?» — деп сурайт. Ал: «Мен Жахабанын Күбөсүмүн жана Күбөсү бойдон калам»,— деп жооп берет. «Анда эмкиде сен атыласың»,— деп коркутат офицер. Бирок бир тууганыбыз бекем бойдон калгандыктан, офицер аны коркутпай калган. Ага коркуу сезимине алдырбоого эмне жардам берген? «Мен Жахабанын ысмына таяндым»,— деген ал (Накыл 18:10).

Жахабага толук ишеним артуу — Шайтандын бизге рухий жактан зыян келтирүү үчүн колдонгон бардык соккуларынан коргогон чоң калкан (Эф. 6:16). Андыктан Жахабадан ишенимибизди бекемдешин сурап тиленгенибиз маанилүү (Лк. 17:5). Ошондой эле ишенимдүү кул тобунун ишенимибизди бекемдөөгө караштырган чараларынан толук пайда алууга умтулушубуз керек. Кооптуу жагдайга кабылганыбызда Жахабанын кежир элге кабар айтышы керек болгон Жезекиел пайгамбарга берген убадасын эстөө бизди кайраттандырат. Жахаба ага: «Мен алардын жүздөрүнө каршы сенин жүзүңдү катуу кылдым жана алардын чекесине каршы сенин чекеңди катуу кылдым. Мен сенин чекеңди таштан да катуу болгон алмаздай кылдым»,— деген (Жез. 3:8, 9). Эгер зарыл болсо, Жахаба бизге, Жезекиел пайгамбардай болуп, алмаздай катуу болууга жардам берет.

Азгырыктарды четке кагуу

Амалдарынын баары суу кечпей калганда, каршылаштар адамга бир нерсени сунуштап азгыруу менен актыгынан тайдырууга аракет кылышат. Рапшак да ушул ыкманы колдонгон. Ал Иерусалимдегилерге мындай деген: «Ашур падышасы мындай дейт: „Шаарыңардан чыгып, мени менен тынчтык келишимин түзгүлө. Мен келип, силерди өзүңөрдүн жериңердей: нанга, шарапка, жемишке, жүзүмгө, зайтун дарагына жана балга бай жерге алып кет[ем]... Менин айткандарымды кылсаңар, өлбөй тирүү каласыңар“» (2 Пад. 18:31, 32). Жаңы бышкан нан, жаңы шарап курчоого алынган шаардагы элдин көзүнөн учса керек!

Бир жолу эркинен ажыратылган миссионерди чечкиндүүлүгүнөн жаздыруу үчүн ушу сыяктуу ыкма колдонулган. Аны, жакшылап ойлонуп келиши үчүн, алты айга «кооз бакчадагы» «сонун үйгө» жиберебиз дешкен. Бирок ал бир тууган рухий жактан сергек бойдон калып, ыйык китептик принциптерди бузган эмес. Ага эмне жардам берген? Кийинчерээк ал мындай деген: «Мен Падышалыкты реалдуу нерсе катары көрүүгө көнгөм... Кудайдын падышалыгы жөнүндөгү билим менен бекемделгендиктен жана анын бар экенине көзүм жетип, буга эч качан шектенбегендиктен, алар мени ак жолдон тайдыра алышкан жок».

Кудайдын Падышалыгы биз үчүн канчалык реалдуу? Уруу аксакалы Ыбрайым, элчи Пабыл жана Иса үчүн Падышалык реалдуу болгон. Ошондуктан алар оор сыноолорду көтөрүп кете алышкан (Флп. 3:13, 14; Эвр. 11:8—10; 12:2). Падышалыкты жашообузда ар дайым алгачкы орунга койсок жана анын түбөлүктүү баталарын эсибизге бек сактасак, сыноолордон убактылуу арылуу азгырыгын четке кага алабыз (2 Кор. 4:16—18).

Жахаба бизди таштабайт

Рапшак жүйүттөрдү коркутууга канчалык аракет кылбасын, Хиския жана анын бийлиги алдындагы эл Жахабага толугу менен таянышкан (2 Пад. 19:15, 19; Ыш. 37:5—7). Жахаба алардын тилегине жооп берип, өзүнүн периштесин жиберген. Ал бир түндүн ичинде Ашур кошуунунун 185 000 жоокерин тындым кылган. Эртеси Санхейрип маскара болуп, калган-каткан аскери менен борбор шаары Нинебиге качып жөнөгөн (2 Пад. 19:35, 36).

Арийне, Жахаба ага таянгандарды эч качан таштаган эмес. Муну бүгүнкү күндө сыноолордо бекем турган бир туугандарыбыздын үлгүлөрү да тастыктап турат. Андыктан Асмандагы Атабыздын: «Мен сенин Кудай-Теңириңмин. Сени оң колуңдан кармап, сага мындай дейм: „Коркпогун, Мен сага жардам берип жатам“»,— деген убадасына эч качан шектенбейли! (Ыш. 41:13).

[Шилтеме]

^ 6-абз. «Рапшак» деген Ашурдун жогорку даражалуу мамлекет кызматчысынын наамы болгон. Билдирүүдө ал кишинин ысмы айтылган эмес.

[13-беттеги сүрөт]

Жахаба өзүнүн Сөзүндө кызматчыларын 30дан ашуун жолу: «Коркпо»,— деп ынандырган

[12-беттеги сүрөт]

Рапшактын ыкмалары Кудайдын элинин душмандарынын ыкмаларына эмнеси менен окшош?

[15-беттеги сүрөт]

Жахаба менен ынак болуу сыноо учурунда актыгыбызды сактоого жардам берет